п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  телефондогу сырдашуу

Үч айлык баламды күйөөм басып калып…
Адам көңүлүндө эч бирөөгө батынып айта албаган түпөйүл ой жашашы мүмкүн. Бирок, жүрөк өйүп жүргөн ал оюн кимдир бирөөгө айтып, жеңилдеп алгысы келгени менен бетме-бет жолугуу мүшкүл иштей туюлат. Балким, телефондо сүйлөшүү жеңилирээктир…
Андай болсо сизге ушундай мүмкүнчүлүк беребиз. Бизге телефон чалыңыз да, дартыңыздын баарын ортого төгүп, бугуңузду чыгарып алыңыз.

- Мен азыр өзүнчө бир түшүнүксүз туңгуюкка капталып калгандай болдум. Үч айлык уулумдан ажырап, сүйүшүп баш кошкон күйөөм менен ажырашып… Азыр эжем менен жездемдин колундамын. Бирок, мага жашоонун кызыгы түгөндү. Мындан ары кантип жашаарымды билбейм…
- Жашооңуздагы мындай бурулуш кандайча болду?
- Биз Кадыр экөөбүз мындан үч жыл мурун башка кыз-жигиттер сыяктуу сүйүшүп-күйүшүп жүрүп эле үйлөнгөнбүз. Мен сырттан окуп, өз контрагымды өзүм табайын деп тигүү цехине ишке орношуп алдым. Антпесем деле болмок. Анткени биз айылдагы бардар жашаган үй-бүлөлөрдүн катарына кирчүбүз. Ошого карабай бизди ата-энебиз башынан даяр оокатка көндүрбөй, акча кайдан келээрин өзүңөр сезгиле деген принцип менен өстүргөн. Жаш кезимден эмгекке бышып чоңойгон жаным бул жолу да бекер отура алган жокмун. Кадыр болсо мен жаңыдан орношкон цехте көптөн бери үтүкчү болуп иштейт экен. Алгач экөөбүз көп урушчубуз. Бирок бара-бара мамилебиз оңолуп, атүгүл өтө жакын болуп кеттик. Бирок Кадырды сүйүп калам, ага турмушка чыгам деп ошол кезде ойлогон эмес элем...
Жүрөгүм сезгендей эле Кадыр экөөбүздүн баш кошушубузга атам караманча каршы болду. "Аның оштук болсо, анан атасы жок болсо… Алар биздин деңгээлдеги үй-бүлө эмес экен. Эсиң барда этегиңди жап" деп катуу урушуп койду. Ойлонуп көрүп атамдын сөзүн ылайык көрдүм. Ошол боюнча эле айылда калып калууну ойлодум да, кайра: "Кой, Кадырга барып түшүндүрүп айтайын, акылдуу жан эмеспи, түшүнөр" деп кайра шаарга жөнөдүм. Атамдын каршы болгонун Кадырга айттым, бирок, мен ойлогондой болгон жок. Эркек башы менен көзүнөн жашын салаалатып, бутума жыгылып болбойт. Атамдын каарынан коркуп жибибей койсом, "анда өлөм, мага сенсиз жашоонун кереги жок" деп сегизинчи кабаттан боюн таштоого аракет кылганда араң кармап калдык. Бир чети Кадырды аяп, экинчи четинен өзүмдүн да ажырагым келбей тургандыктан кайра эле мамилебизди уланта бердик. Ошондон көп өтпөй эле бир күнү жумушта отурсам эшиктен шашып Кадыр кирип келди да:
- Алтынай, бол тез, кеттик. Мен апам менен сүйлөштүм. Апам сени алып кел деди!-деп шашкалактайт. Мен ата-энемден коркуп кылчактасам, цехтин кожейкеси баш болуп чогуу иштеген кыздар чурулдап жиберди:
- Алтынай, бактыңды колдон учурба. Кадырдай бала таппайсың. Ата-эне өз баласын кантип эле кечирбей койсун? Бактылуу жашап кетсеңер өздөрү эле жибишет...
Кесиптештеримдин бул сөздөрү демиме дем кошуп, тагдырыбызды тобокелге салып Кадыр экөөбүз Ошко жөнөп кеттик.
Чындыгында Кадырлар аябай жупуну жашашат экен. Апасы менен инисинин таянганы, ишенгени эле Кадыр тура. Кайненем сандыгынан бир жупуну жоолугун алып чыгып башыма салып, беш-алты кошунасын чакырып эле эптеп келин келгендин шаанисин кылып койду. Ошентип мен Кадырдын аялы болуп ата-бабам көрбөгөн Оштун бир айылында жашап калдык.
- Ата-энеңизге кабар бердиңизби?
- Чындыгында атамдан аябай корктум. Бирок билдирбей коюуга да болбойт эле. Эки күндөн кийин телефондон "ата, апа, мени кечирип койгула. Ишеничиңерди актай албадым. Кадыр экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз…" деген билдирүү жибердим да, телефонумду өчүрүп салдым. Ошону менен бир айга чейин күйгүзбөй койдум. Бирок андан кийин да алар менен байланышкан жокмун, таарынып калышса керек.
Ошентип ынтымактуу, жакшынакай эле жашап жатканбыз. Кайненем жоош аял. Бирок биздин үйдөгү ырк Кадырдын ичкиликтин даамын таткан күндөн башталды. Айылда эмне, бекерчилик. Күүгүм кирди дегиче топ-топ болуп отуруп алып арак ичип жаткандарды көрөсүң. Кадыр да классташтарынын азгырыгына кирип, жинди суу менен достошо баштады.
- Шаарда жумушуңар деги бар экен, эмнеге кайтып келген жоксуңар?
- Шаарга кайтабыз деген оюбузда бар болчу. Ортодо кайненем ооруп калды, анан мына кетебиз, ана кетебиз деп убакытты созо бердик. Аңгыча менин боюмдагы балага да жети айлык болуп калды. Кадырды кайненемдин сөзү да, менин ыйлаганым да, атүгүл күндөн-күнгө чоңоюп келаткан ичимдеги баласы да токтото алган жок. Ырас, ичкенде айрым эркектерге окшоп сөгүнүп, мага кол көтөрүп, жиндилик деле кылбайт. Үйгө кирээри менен күп кулайт да уйкуга кетет. Ошентсе да барган сайын ичкиликке жакындагандан жакындап баратканы бизди ойго салчу.
Ай-күнүмө жетип, балканактай уул төрөдүм. Уулубуздун атын бизге бакыт алып келсин деп Бактыбек койдук. Кадырга болсо шылтоо табылбай эле калды. "Уулумду майлап жатам" деп арактан такыр эле көзү ачылбай калды. Бир күн соо болсо, экинчи күнү сөзсүз мас.
Ошол каргашалуу күнү да Кадыр кечиге берди. Анын кайда жүргөнүн айттырбай түшүнгөн жаныбыз күтпөй эле кайненем экөөбүз тамагыбызды ичип алдык. Кайненемди төшөгүн салып жаткырдым да, баламды уктатып, өзүм жалаяктарды жууп жаткам. Келечегибиз тууралуу, балам тууралуу, Кадырды бул өнөкөт адаттан кантип арылтуу керек экени жөнүндө ойлонуп отуруп Кыдырдын кантип үйгө кирип кеткенин байкабай калыптырмын. Киримди жууп бүтүп жатайын деп үйгө кирсем… Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Үч айлык алсыз жанды сексен килограммдык оор дене басып жатат. Бакытайымдын кичинекей колдору гана Кадырдын денесинин астынан көрүнүп турат. Ач аюудай чаңырып чуркап жетип Кадырды ары оодарып жибердим. Анда деле эч нерсени билбейт. Жата калып уулумдун жүрөгүн тыңшасам, токтоп калыптыр. Болгон күчүм менен Кадырды уруп жатам, чаңырып жатам… Ошондо гана Кадыр көзүн ачып болгон окуяга түшүнүп, соолуга түштү. Бирок анда баары кеч эле… Үч ай гана жашоо берген наристебиз чымчык болуп учуп кете берди. "Кадыр мас болуп келип баласын басып өлтүрүп койду" деп бирөөгө кантип айтабыз? Чуру-чуу түшкөнүбүздү угуп келген кошуналарга балабыздын эмне болуп чарчап калганын табышмак бойдон калды. Кадырга ошол окуя сабак болуп, ичкенин токтоткону менен менин күйөөмө болгон сезимим биротоло муздады. Баламдын чарчап калышы менен менин да жашоом бүткөндөй болуп оозума наар албай көмкөрөмөн жатканым жаткан. Кадырды болсо көрөйүн деген көзүм жок. Баласынан ажыроо кандай оор экенин меникиндей тагдыр башына келген эне гана сезбесе…
Бир айдын ичинде кадимкидей арыктап, жүдөп, көздөрүмдүн нуру өчүп калгандай болду. Акыры балам учуп кеткен ал үйдө, өз баласын өлтүргөн Кадыр менен жашоо мүмкүн эмес экенин туюп, шаарга баса бердим. Жакын туугандарыбыз да жок болгондуктан, алысыраак эле бир эжемдин үйүнө келип, болгон окуяны айтып бердим. "Ата-энеңе алып барайын" деди эле болбой койдум. Аларга кантип, кайсы бетим менен барам? Ошентип азыр тирүүнүн өлүгү болуп максатсыз эле жашап жүрөм. Эртеңим эмне болоору азырынча белгисиз…
Нуриса Баялиева




"Сүйгөнүм толуксуң деп чанып кетти..."

Көл жээгинен көзүн жаштап, көлдү тиктеп отурган жаш келин менен капысынан таанышып калдым. Аялдык кызыгуум менен акырын сөзгө тартсам, бугун чыгара албай араң эле отурса керек, эч токтолбой башынан өтүп жаткан төмөнкү турмушун баяндап берди.


- Жаштыгыма, сулуулугума бир көргөндө эле арбалып, азгырылды. "Ту-уй, ат-та, аялымды сүйүп-күйүп алдым деп ойлочумун. Көрсө...Сүйүү деген эмне экенин, кандай сезим экенин эми сезип жатат окшойм. Түнкүсүн түшүмө киресиң. Өңүмдө тамак ичип жатсам да, иш үстүндө да ойлогонум сен! Керек болсо акыркы күндөрү аялым менен эзилип-эркелешип жатканда да оюмда сен турасың...сенин элесиң... Көргүм келип куса болуп сагынып, туталанып баштайм. Сүйөм сени, Күнайым! Атың да мен мурда эч бир кыздан жолуктурбаган сейрек сездешчү ат экен. Өзүңө абдан жарашат. Кыйнабайм, ойлонуп көр, макул десең бөпөлөп багып алам" -деп Бишкектен Көлгө тынбай каттап калды. Көлдү бүт кыдыртты. Ар бир жолукканыбызда сөзсүз баалуу белек-бечкеги менен келет. Мен ал кезде өзүн сүйдүмбү же акчасына, ысык мамилесине азгырылдымбы, айтор, үй -бүлөсү бар экенине карабай аны менен жашыруун жашап калдым. Өзүмдөн жыйырма жашка улуу, а бирок жаш көрүнөт. Ата-энем да алгач "аный" дешкени менен мага Чолпон-Атадан үй сатып бергенде унчукпай калышты. Ал тургай апам "эми төрөп бер, болбосо..." деп калды. Жыл айланбай эгиз уул төрөп бердим. Өзүнүн эркек баласы болгондуктан, оюнда кыз күтүп жүргөнүн билчүмүн. Буйрук экен...
- Ыраазымын. Биздин тукумда эгиздер бар болгондуктан, мен да аялым эгиз төрөсө керек дечүмүн. Болгон жок эле. Алтышкам, балдарым үчүн асмандагы Ай менен Күндөн башкасын бүт сура, аткарам,-деп машина алып берди.
Жомоктогудай эле жашап жүрдүм. Үйүмдө баары бар. Балдарыма бала багуучу жалдап берди.
- Сен эмне эле күндөн-күнгө толуп баратасың? Оме-ей, дос балдар "уулдарыңды көрүп барабыз, экинчи аялыңды качанкыга чейин жашырасың?"- деп жүрүшсө. Сени көрүшүп эмне дешет?!-деген бир жолку келгендеги сөзү катуу тийди. Тултуюп сүйлөбөй койдум. "Сүйсө - кандай болсом ошондой кабыл алып сүйсүн. "Арык кезиңде жакшысың, толук болсоң..." деген болмок беле?!"-деп ойлодум. Демейде Бишкектен бешинчи күнү кечинде келип, дем алыш күнү кетчү. Бул жолу эртеси эле кетип калды. Баштагыдай үзүлүп түшүп өпкүлөп, эркелеткен да жок. Балдары менен алышып ойноп, алардын жанына жатып, мени болсо "көрүшкөнчө" деп чекемен муздак өөп коштошту.
Мен болсо жиним менен өчөшүп күндө шоколад,торт, гриль жейм. Кийин да экөөбүз ал тууралуу далай жолу урушуп-талаштык. "Мени сүйбөй калып эле толуп кеткенимди шылтоолоп жатасың. Таштап, башка жаш кызга кеткиң келсе уруш-талашы жок эле кете бер!"-деп мен көгөрдүм. Оюмда мени кыйып кете албайт дээр элем. "Ээй, сүйгөнүм үчүн бир бутум Бишкекте, бир бутум биякта болуп жашап жүрөм го. Мага ушу оңой дейсиңби?! Аз жерден аялым менен ажырашып кете жаздадым. Болгону арыкта, аял катары өзүңдү кара. Баштагыдай татына, таза бол. Суранычым эле ушу го... Аялым да "көрөм, мени алмаштырган ал сулууңду" деп жүрөт. Сени көрсө...Карачы, качан келбейин үй чачык. Балдарды да карасын деп бала багуучу жалдап бердим. Дагы сага эмне керек?!" деп кол шилтеп чыгып кетти бир күнү. Эки жума келбей койду.
Бир күнү дагы эки айлык боюмда бар экенин билдим. Алдырып салайын десем врач дагы, курбу кызым дагы каршы болуп коюшту. Үчүнчүм да эркек төрөлдү. Боюмда бар экенин билгенде анча деле сүйүнүп, баштагыдай бапестеп, бөпөлөгөн жок. Келгени азайды. Ошондо деле ойлонбой үч бала менен кайда кетмек эле деп жүрбөйүмбү. Балдарды го таштаган жок. Ай сайын келип акча, тамак-аш алып берип кетет. А өзүмө...
Мына, менден кол үзүп койгонуна быйыл туура эки жыл болот. Же мыйзам жүзүндө тийген аялы болбосом эмне дей алмак элем? Кеч түшүндүм. Көрсө чын жүрөгүм менен сүйөт экенмин, кыйналдым.
Кээ бир аялдар, анын ичинде мен, эркектин көңүлү сууп, жүрөгү муздап калышына өзүбүз себепкер болот экенбиз. Төрөй салып эле эми кайда кетмек эле, меники да дегендей мамиле жасап, өзүбүздү карабай таштап салат экенбиз. Чын эле жалкоолонуп белен оокат, бекер тамак ичип, үйдү анда-санда бир жыйнап, ал келгенде тамак жасагандан да ээринип кафеден сатып келе калчу болгом. "Аялым тамакты өз колу менен жакшы жасайт" деп кыйытып айтса деле түшүнбөстүккө салып койчумун. Аны менен таанышканымда элүү килограмм болсом, азыр сексенге чейин жеттим. Негизи биздин тукумдун кыздары толук келишет. Ошону деле эске алсам болмок. Кыскасы, "сенин толуктугуңдан уялам" деп жакшы көргөн эркегим мени чанып кетишине өзүмдүн шалаакылыгым да себепкер болду. Өзү спортту аябай жакшы көрөт.Чолпон-Атада 29-августта өтүүчү спорттук мелдешке көрүүчү катары келээрин угуп үйдөн аябай күттүм. Балдарды досуна алдыртып алып, өзү келген жок. Көл жээгине кетишкенинен артынан келгем. Жанында чоңоюп калган эркек бала ээрчиткен жакшынакай, арыкчырай келин жандап жүрөт. Аялы экенин дароо билдим. Күндөшүм катары көрүп, көңүлүм бузулуп, жүрөгүм ооруп чыкты. Ошентсе да акылдуу аял экен деп баа бердим. Өзүн карап, күйөөсүн күтө билгени, кечиримдүүлүгү, көтөрүмдүүлүгү менен мени жеңди да. Азыр мен киммин? Мага чала, өзүмө өзүм кылдым. Күйөөмө куюп койгондой окшош үч баламды багып, байланып кала бердим,- деп шарпылдай жээкке урунган толкундардан көзүн албай, жаак ылдый аккан жашын улам аарчып сүйлөп отурду жаш келин. Турмуштун ушундай булуң-буйткалуу жактары көп болоорун, жаштарга сабак болоор деген ойдо эч өзгөртүүсүз жазып койдук.
Аздек Намазбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА БИР
КҮНДӨ БИР КИЛОГРАММ
КУРУТ ЖЕЙБИ?

2-бет
Мирбек АТАБЕКов:
"Мага иттин куйругун жабыштырып койсо деле жараша берет"

3-бет
кимдин жылдызын ким жандырган?
4-бет
Чоң апасын бир уйга банкрот кылган Сыймык
5-бет
Маалымат
6-бет
Азизбек Нурдил уулу:
"Көзү көргөн кызга үйлөнгүм келет"

7-бет
Кош жылдызга окшоп жаналы!
8-бет
Нурзатка жигити машина белек кылды
9-бет
Уланып кеткен чынжырча, сырыңды менден жашырба
10-бет
Акчаны кандай колдоносуз?
11-бет
Үч айлык баламды күйөөм басып калып…
12-бет
окумал
13-бет
"Сүйүү закымы" кинотасмасы
14-15-бет
Обон почта










??.??