п»ї

  Стоп-кадр

"Сүйүү закымы" кинотасмасы
Кино өнөрүнүн дүйнөгө көзгө атар мергенчинин огундай тез таанылышына арка болгондордун бири-Төлөмүш Океев. Анын "Сүйүү закымы" көркөм тасмасы Франциянын Нанти шаарында өткөрүлгөн Азия, Африка фестивалында атайын байгеге ээ болгон. Көрүнүктүү режиссёр Төлөмүш Океевдин бул киносу акыркы эмгегинин бири болуп калды.

Режиссёр: Төлөмүш Океев.
Сценарийин жазгандар: Тимур Зульфикеров, Төлөмүш Океев.
Оператор: Нуртай Борбиев.
Койгон жери: "Кыргызфильм", "Тажикфильм", "Генемфильм"
(Сирия) киностудиясында биргелешип тартылган.
Чыккан жылы: 1986 ж.
Ролдордо: Алтынбүбү-Асель Эшимбекова, Муфаззал-Хаджидурды Нарлиев, бала-Мани-Фархад Мирзоев, Мани-Фахритдин Мухамаддинов, Зуфунун-Мухамадали Махмадов, дервиш-Досхан Жалжаксынов, Дильбар Умарова,Фируз Аль-Адах, Рания Аль-Халак, Элла Богданова ж.б.

Кыскача мазмуну:
Орто кылымдагы Бухара. Чопо кол өнөрчүлүгүн өздөштүрүп, эл оозуна алынып калган чебер уста Муфаззалдын жашоосу баяндалат. Анын көп аялы болсо да ата кесибин улап мураскер туяк калбаганы жүрөгүн өйүтүп, ого бетер жан-дүйнөсүн кыйнап келет.
Бир күнү күң базардан Алтынбүбү аттуу бийчи кыздын чырай жүзүнө бир көрүп ашык болот да, уул төрөп беришине көзү жетет. "Бир күндө акылдан алган махабатка жолуктум жана көптөн бери эңсеп жүргөн тарыхта аты аңызга айланган өткүр миздүү кылычка эгедер болдум."Ажал менен сүйүү бири-бирин толуктап келет-деп улуу муундар бекеринен айтпаган чыгар"-дейт. Алтынбүбү каршылык көрсөткөндөн улам Кош теректин ортосуна колу-бутун алтын чынжыр менен кишендеп коёт. Ал өзүн капаска салынган куштай элестетип, бирден бир максаты эркиндикке чыгууну көздөйт. Ошондо Муфаззал "Эгерде мага уул төрөп берсең биротоло бошотом"- деп сөз берет. Алтынбүбү уул төрөп берет, бирок антын бузуп "Эми бизди биротоло уулубуз бириктирди"-дейт. Досу Зуфунунга уулдуу болушун сүйүнчүлөп кеткенде, Алтынбүбү туулган жерге болгон сүйүүсү күчтүүлүк кылып, ымыркайга карабастан качып кетет.
Ата жолун жолдоп Мани жаштайынан зирек,өжөр жана укмуштуудай таланттуу уста болот. "Устаттан шакирт өтөт" дегендей Муфаззал уулунун суктанарлык иштерин көрүп бир чети кубанса, бир чети жан-дүйнөсүн арамдык ээлеген зулум адамдарга кабылбаса экен деп зээни кейийт. Ата жүрөгү сезгендей эле Манинин бул ийгиликтери душмандардын ичин күйдүрүп, көпкө узабады. Көралбастар баланын колун арабага тепселетип, чоң нерседен кутулушкандай көңүлдөрү жай алышты. "Өнөрлүү өлбөйт" дегендей, өжөрлүк канында шакардай кайнаган Мани дервиштен уккан тубаса майып жалгыз колдуу Шафкат устанын дарегин алып издеп жөнөйт. 12 жыл ичинде Шавкат уста Маниге жалгыз колу менен кол өнөрчүлүктү, сүрөт тартканды үйрөтөт. Орто кылымда жашаган чебер уста, сүрөтчү Мани ташка тамга баскандай тарыхта аты калган.
Каармандар
азыркы күндө:
Алтынбүбү-Асел Эшимбекова
Асел Эшимбекова Таттыбүбү Турсунбаеванын карачечекей кызы экени баарыбызга маалым. "Сүйүү закымы", "Махабат дастаны" кинотасмаларында башкы ролдо аткарган. Алтынбүбү, Бегимай сыяктуу кайталангыс каармандардан кийин Асел биротоло чыгармачылык чыйыр жолуна чекит койду. "Апам кыргызда кылымда бир жаралчу сулуулугу суктандырган улуу талант экени талашсыз. Бирок өзүнүн жеке жашоосунан тагдыры тайкы болуп калды. Чыныгы сахна жана кино өнөрпозу Таттыбүбүнүн кызы экениме сыймыктанам. Үй-булө же карьера дегенде, мен үй-бүлөмдү, жөн гана жолдошумдун сүйүктүү жары, балдарыма мээримдүү эне жана эң негизгиси аялзаттык бакытты тандадым. Актриса болбосом да, бирок, апамдын "жакшы аял" дегенге татыктуу сапаттарын жазбай тарттым..." -дейт актриса.
Муфаззал - Хаджидурды Нарлиев
Хаджидурды Нарлиев 1945-жылы 20-августта Коджа шаарында туулган. Режиссёр, сценарист, актёр 24 төн ашуун роль жаратыптыр. "Алибаба жана 40 каракчы" , "Бригада", "Офицерлер", "Ермак" жана башка кинотасмалары бизге белгилүү. Түркмөн СССРинин эмгек синирген артисти наамын 1986-жылы алган. Жакында эле "Периштелер" фильмине тартылып бүттү. Ушул учурда үзүрлүү эмгектенип, эл алкышына татып турган маалы.
Манинин бала кези -
Фархад Мирзоев
Баш каарман бала Манини тандаш режиссёрго кыйынчылык туудурбаптыр. Ары жөндөмдүү, ары зээндүү тажик бала Фархад дароо чыгармачылык топтун көзүнө илинди. Актёрлук чеберчилиги менен Манинин образын оңой эле ачып берген экен. Андан кийин Өзбекфильм киностудиясында бир-эки роль жаратып, ошо бойдон актёрдук кесиптен алыстап кетиптир. Атасы тренер, апасы маданият үйүнүн жетекчиси. Фархад ошол эле убактагы балалык кыял менен "40 жашка чыкканда өзүмдүн учагым болот" дечү экен. Азыркы учурда ошол кыялы ишке ашып көрүнүктүү бизнесмен болуу менен бирге эле Тажик Республикасынын парламентинин мүчөсү экендиги жөнүндө маалымат бар.
Зуфунун -
Мухамадали Махмадов
1946-жылы 10-мартта Тажикстанда туулган. Атасы тажик, апасы украин кызы. "Туткун", "Халиф-дервиш", "Султан Бейбарс" жана башка 20дан ашуун кинотасмаларда эстен кеткис актёрлук чеберчилигин көрсөтө алды. Кыргыз режиссёрлор тарткан "Ак илбирстин тукуму"жана "Сүйүү закымы" фильмдеринде ойногонун сыймыктуу түрдө эскерет. Ошондой эле Төлөмүш Океевди СССР боюнча саналуу режиссёрлордун катарына кошот. Терс каармандарды катыра ойногондуктанбы, актер жалаң гана басмачы, наркобарон, кылмышкерлердин образдарын жаратып келет. Анын бирден-бир максаты: "Тажикфильм" киностудиясы да өнүгүп, өз элиме кызмат кылып, өчпөс из калтырсам..." дейт. Учурда "Мосфильм" киностудиясында тартылып жаткан Алексей Тамдын "Жан-дүйнө буйуртмасы" фильмине катышып жатат.





Сиз билесизби?

Кинорежиссёр Төлөмүш Океев Алтынбүбүнүн ролуна ылайыктуу актрисаны Советтер Союзу боюнча издеген. Акыры "Миң бир түн" фильминде Шахерезаданын ролун ойногон актриса Елена Тонцу жалгыз талапкер болчу. Бирок негедир "Соң-Көл чүрөгү" лакап атка калган сахна ажары, таланттуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Асел Эшимбекованын ушул образды жаратышына көзү жеткен.
"Сүйүү закымы" кинотасмасына саундтрек болуп "Туңгуч" театрынын актёру, ырчы Асылбек Өзүбековдун "Кош жылдыз" аттуу обону тандалган.
Башталышы жана аяккы бөлүктөрү Ыссык-Көлдүн жээгинде тартылган. Ал эми орто чениндеги жомоктогудай көрүнүш негизги бөлүк Душанбедеги Кашанги айылы сүрөттөлөт. Алтынбүбү керилген кош теректин түбүндө бийлеген жер дал ошол Кашангинин так ортосу. Муфаззалдын үйү атайы эски мечиттин жанында курулган. Азиянын жолдору, эски Дамасктын ызы-чуу көчөлөрү да бар. Базарларын Сирияда тарткан.





"Кинонун бирден-
бир кемчилиги -
географиялык абалдын туура эмес көрсөтүлгөнү"

- Нуртай агай, биз "Сүйүү закымы" кинотасмасы туралуу окурмандарга баяндап жаттык эле. Ошол кино жаралышына албетте сиздин да бирден-бир эмгегиңиз бар. Кинонун тартылышы жөнүндө айта кетсеңиз.
"Сүйүү закымы" кинотасмасы үч киностудия биргелешип тартылгандыктан, Ысык-Көл, Душанбе, Пальмира, Хива, Дамаск шаарларын кыдырганбыз. Ар кандай кызыктуу окуяларга туш болдук. Сирияда тартып жүргөндө чакан гана чыгармачылык топ менен бардык. Фархаттын англис тилин билиши бизди көп ыңгайсыз учурлардан сактап калды. Климаты чөлдүү жер болгондуктан, сууга чаңкап кыйналдык.
- Мен көрүүчү катары түшүнө албадымбы, айтор, боз үйдүн учуп кетиши, канга боёлгон жемиштер жөнүндө эмнелерди баяндап бере аласыз?
- Көрүүчүлөргө түшүнүксүз болгон бул эпизоддор реалдуулуктан алыстап кеткендиги же режиссёрдун өзүнө гана түшүнүктүү болгон философиялык ой-толгоосу деп ойлойм. Кинотасмада географиялык абал туура эмес көрсөтүлүп калган. Башкача айтканда, окуя Сирияда өнүгүп келатып эле каарман тоону ашып Ысык-Көлгө келип калат. Бул кинонун бирден-бир кемчилиги.
- Манинин образын жараткан Фархад тууралуу баяндап берсеңиз.
- Кастингде биринчи бир өзбек баланы тандаган элек, бирок, чоңойгон кездеги Маниге түспөлдөш болбой калды. Анан бактыга жараша Фархадды таптык. Тилди тез өздөштүргөнгө жөндөмдүү экенин баягы бакка чыгып баратып кыргызча ырдаган жери бар эмеспи, ошондо байкадык. Ошо кезде бир күнүбүз тартылбай үзгүлтүккө учурады. Себеби Мани ботого мингенде ал качырып, жыгылганда катуу тийгенби, айтор, ооруксунуп жүрдү. Биздин чочулаганыбызды айтпа, Мани тартылбай калабы деп. Эртеси күнү бат эле сакайып кетти, чыдамкай, кайраттуу бала экен. Колун арабага тепселеткен жерин Манинин колу батарлык чуңкур казып алдык. Бул жерде да Фархад шамдагайлыгын көрсөтө алды.
- "Алтынбүбүнүн көлдө жылаңач жерин тартпай эле коюшпаптыр. Асел кантип аткарды экен, Таттыбүбүнүн кадыр-баркын түшүрүп. Негизи бул кыргыздын менталитетине жатпайт..." деген макаланы кичинемде бир гезиттен окуп калгам. Чындыгында ошол жери кандайча тартылган?
- Көлгө түшкөн кызды Асел деп ойлошкондор жаңылышат. Төлөмүш Москвадан бир бийчи кызды таап келген. Ошол кыз көлгө түшүп, бийлеп аткарган.

Мына окурман, кезегинде кыргыз керемети деп, кино сүйүүчүлөрдү таң калтырган кинотасмалар жөнүндө өзүңүз күбө болгондой, азыноолак кеп козгодук.


Динара Андарова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА БИР
КҮНДӨ БИР КИЛОГРАММ
КУРУТ ЖЕЙБИ?

2-бет
Мирбек АТАБЕКов:
"Мага иттин куйругун жабыштырып койсо деле жараша берет"

3-бет
кимдин жылдызын ким жандырган?
4-бет
Чоң апасын бир уйга банкрот кылган Сыймык
5-бет
Маалымат
6-бет
Азизбек Нурдил уулу:
"Көзү көргөн кызга үйлөнгүм келет"

7-бет
Кош жылдызга окшоп жаналы!
8-бет
Нурзатка жигити машина белек кылды
9-бет
Уланып кеткен чынжырча, сырыңды менден жашырба
10-бет
Акчаны кандай колдоносуз?
11-бет
Үч айлык баламды күйөөм басып калып…
12-бет
окумал
13-бет
"Сүйүү закымы" кинотасмасы
14-15-бет
Обон почта










??.??