п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон почта

ОП-81-001. Урматтуу Мегаком компаниясынын кызматкерлери, Чоң-Алайга мегаком кызматын качан орнотосуңар? Силердин кызматыңарды Чоң-Алай эли чыдамсыздык менен күтөт. 07723461ХХ.
ОП-81-002. Саламым Айдин Шерге жолдонот. Ден соолугуң чың болсун, ишиң илгери болуп, ата-энеңдин, бир туугандарыңдын маңдайында бактылуу адам бол. Наргиза.
ОП-81-003. Астаналык Муратка, "Дордой" базарындагы Конжыкка салам. Амангүл.
ОП-81-004. Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылындагы №7-мектептин жалпы окуучуларына, мугалимдерине өзгөчө быйылкы 10-"б" классына чоң салам жолдойм. Мугалимдеримдин иштерине ийгиликтерди, классташтарыма окууларында жетишкендиктерди каалайм. Зуля.
ОП-81-005. Алматынын "Болашак" базарында иштеген акам Бакытка, жеңем Элнурага, баласы Байелге, кызы Аделинага сагынычтуу салам жолдойм. Иштерине ийгилик каалап Чымкенттин "Самал" базарынан Гүлбурак.
ОП-81-006. Урматтуу "Обон" гезитинин ээлери, сиздерди улуу Рамазан айы менен куттуктайм. Сиздерге бардык жакшылыктарды каалайм. Айбек.
ОП-81-007. Бишкектеги карындаштарым Диана, Шайыргүл, Тазагүл, Анара, Айзада, Айназикке чоң салам. Россиядан Дайыр, Гүлзада.
ОП-81-008. Жаным Эмил, баары жакшы болот, көп ойлонбо, мейлиби? Гүлзина.
ОП-81-009. "Обондун" көркүн ачкан досторума, окурмандарга, смсчилерге сагынычтуу саламымды жолдойм. Өнөрүңөр өркүндөп, ишиңер илгерилеп, калемиңер курчуй берсин. Туткан орозоңор кабыл болсун. Урматым менен Жанусь Роза.
ОП-81-010. Сүйүктүү ырчыларым Ильяз Абдыразаков, Гүлнур Сатылганова, Бактыгүл Бадыева, Мирбек Атабеков, мени менен байланышып койгулачы, сураныч?! Звоногуңарды чыдамсыздык менен күткөн Жанусь Роза.
ОП-81-011. Айдин Шер, сени менен байланышканыма кубанычтамын. "Кумир менен баарлашууга" мени чакырасыңбы? Жанусь Роза.
ОП-81-012. Жаным Акыл, кайрат кылыңыз. Кайра Актанчик бул дүйнөгө кайрылып келбейт. Актан, бизди таштап о дүйнөгө кете бердиң, жаткан жериң жайлуу болсун! Айжан.
ОП-81-013. Кандайсың, Айдин Шер? Чыгармачылыгыңа ийгилик! Классташың Б.Элмира.
ОП-81-014. Диля жаным, мага телефон чал, сагындым. Эрик.
ОП-81-015. Амангүл, казак болсоң кыргыз газетага кыргызча ыр саптарды кайдан алып жазып жүрөсүң? Жигиттер карабай койдубу? Почтадан номериң кетпей калыптыр го? Леди Гуличка.
ОП-81-016. Салам Айдин! Мен бул ыр саптарын сага арнагым келет: Гүл түбүндө турбас элем, гүлдүн жыты болбосо./ Мен смс жазбайт элем, сендей ырчы болбосо. 05556106ХХ.
ОП-81-017. Досторум Жаңылай, Гүлүмкан, Гүлназ, Мираидага чоң салам. Шералы З.
ОП-81-018. "Обонго" эң көп смс жазган Казакстанда иштеген оштуктар. Бар болгула! Леди Гуличка.
ОП-81-019. Назгүл Насиева эжени чакырбайсыңбы? Дина.
ОП-81-020. Ильяз Абдыразаковго ысык салам жолдойм. Ильязчик, "Азап" аттуу ырың мага абдан жагат. Өзүң дагы жакшы ырдайсың. Сен суперсиң! Бирок жашоодо мындай азаптуу сүйүүгө эч качан жолукпа. Ар дайым аман бол. Чыныгы түбөлүктүү сүйүү каалайм. Сени жакшы көргөн жөнөкөй күйөрманың Айжу.
ОП-81-021. Айдин, сенин кыргыз экениңди укканда аябай сүйүнгөм. Сен супер звездасың! 05556106ХХ.
ОП-81-022. Салам Нарын! Орозоңуздар кабыл болсун! Жаратканыбыз бизден жакшылыгын аябасын деп момун мусулман Максат.
ОП-81-023. Жаным, мен сизди гана сүйөм, сизге жолукканыма Кудайыма терең ыраазымын. Ушул сүйүүмдү Кудайым түбөлүккө бек кылсын. Жаным, Көлгө качан барып келелик? Эркетайыңыз Айжу.
ОП-81-024. Айдин, жүрөк чиркин бирди сүйөт,/ Түбөлүккө сен деп жүрөт./ Мендеги жалгыз жүрөк,/ Өмүр бою сени сүйөт. Айдин, сага кааларым чың ден соолук, бакыт-таалай. Күйөрманың Дина.
ОП-81-025. Жалалабаттык 1981-жылкы Жоомарт аттуу жигитти издейм. Ал мындан 3 жыл мурда Новосибирск шаарында мойкада иштеп жүрүп, оштук 1983-жылкы Кундуз аттуу кызга үйлөнгөн. Ошону менен байланыша албай калдым. Жалалабаттык боордошторумдан суранам жана ишенем, эгер тааныган-билгендер болсо 87770898883 номерине чалып коюңуздар. Жоомарт, сенин звоногуңду чыдамсыздык менен күтөм. Купуш.
ОП-81-026. "Обондун" бардык смсчилерине салам. Ден-соолукта болгула. Дина.
ОП-81-027. Жалалабаттагы "Адилет" базарында иштеген Сауле сулууга салам жолдойм. Саулюша, келе жаткан майрамың менен! Сени сагынып Россиядан А…
ОП-81-028. Салам Айдин Шер, кирип келген Рамазан айыңыз менен! Өмүрүңүз суудай узун, келечегиңиз кең болсун. Сүйгөнүңүзгө жетип бул дүйнөдө арманы жок өтүңүз. Чын жүрөгүм менен Наргиза.
ОП-81-029. Саламым жаңыдан студент болгону жаткан дос-курбуларыма жолдонот. Алар Бактыгүл, Нуриза, Айжамал, Алима, Айгерим, Динара, Зайырбек жана башкалар. Силерди урматтап Алтынай92.
ОП-81-030. Урматтуу укам Болотбек, Асылкан келиним экөөңдү үйлөнүшүңөр менен куттуктайбыз. Москвадагы эжең Гүлсүн, жездең Эргеш, жээндериң Омор, Айсалкын, Айпери, Самарбек.
ОП-81-031. Ассалом алейкум момун мусулман элим! Кирип келген ыйык Рамазан айыңар менен куттуктайм.
ОП-81-032. Кыргызстан, Эгемендүүлүк майрамың менен! Мен сени сүйөм, менин Кыргызстаным! Өсө бер, мекеним! Айдем-Мэри.
ОП-81-034. Ооба, достор, биз ырчыларды сүйө беребиз, эгерде алар бизди сүйбөсө, күйө беребиз. Келгиле, достор, биз аларга капа болуп, таарынбайлы. Себеби алар Айда турушат. А биз аларга канча аракет кылсак да жете албайбыз. Айдин Шер, сага эгерде жете албасам, капа болбойм. Бишкектен Аселя93.
ОП-81-035. Айдин Шер, неге мынча жакшынакайсың? Адамда жаралат жалгыз жүрөк,/ Ал жүрөк бирди тандап, бирди сүйөт./ Ошондой жалгыз жүрөк менде да бар,/ Ал жүрөк сени тандап, сени сүйөт. Айдин, сага кааларым чың ден соолук, узун өмүр, бакыбат жашоо, тунук сүйүү, арчадай жаштык. Кетмендик Наргиз.
ОП-81-036. "Обон" гезитинин жалпы жамаатына жана супер смсчилерине салам жолдойм. Орозоңуздар кабыл болсун! Нурзат90.
ОП-81-037. Урмат, Неля, Бактыгүл, силер суперсиңер! Гүласел.
ОП-81-038. Жаным, мени кантип таштап кеттиң? Жүрөгүмдүн сен деп сокконун, сен деп сыздаганын сездиң бекен? Сенин ушунчалык ички дүйнөңдүн тазалыгын баалайм. Мен сени сүйөм, мага сенден башка эч кимдин кереги жок, сенсиз мага бул жашоо кызыксыз. Сүйүүнүн көзү көр деген сөзгө эми гана ишендим. Ким эмне десе ошо десин, мен сага үйлөнөм. Себеби сени сүйөм. Кубат86.
ОП-81-039. Саламатсызбы Мирбек Атабеков, сиздин ырларыңыз мага абдан жагат. Өмүр бою үнүңүз өчпөй, күйөрмандарыңызды ушундай жагымдуу ырларыңыз менен кубанта бериңиз. Кыргыз элине ушундай таланттуу адамды белек кылган апакеңизге ыраазымын. Апаңыздын өмүрү узун болуп, жүзүнөн күлкү кетпесин. Убактыңыз болсо сиз менен жолуккум келет. Мен да ырдайм, бирок, шоу-бизнесте жардам берген адамым жок. Айсулуу.
ОП-81-040. Жаркоргон айылына салам. Зарина Иманбек кызы.
ОП-81-041. Айдин Шер, сенин жагымдуу көздөрүңдү жакындан көргүм келет, жүрөгүмдөгү сезимимди айткым келет. Сага сүйүү жана ден соолук каалайм. Чопа.
ОП-81-042. Айдин, сиздин жылдыздуу жүзүңүз мени суктантат. Атыңыз эң оригиналдуу. Тина.
ОП-81-043. Жаркоргон айылындагы Орозовдорго салам. Зарина.
ОП-81-044. Айдин Шер, сизге узун өмүр, бакыт-таалай, чың ден соолук, тунук, таза сүйүү каалайм. Ар дайым жүзүңүздөн күлкү кетпесин. Кыргыз элимдин сүйүктүү ырчысы болуп жүрө бериңиз. Алина.
ОП-81-045. Жалпы кыргыз элимди орозо айт майрамы менен куттуктайм. Орозолору кабыл болсун. Улан.
ОП-81-046. Баткен областына караштуу Таян айылындагы 1988-жылкы классташтарыма салам жолдойм. Байланышка чыккыла. Улан.
ОП-81-047. Ноокен айылынын тургуну Абибова Айнура эжени 24-август туулган күнү менен куттуктайм. 07775224ХХ.
ОП-81-048. Урматтуу момун мусулмандар, сиздерге жакшы кеңеш: Аллахтын парз эткен Рамазан айында орозо кармап жатсаңыздар арам сөздөн, жаман амалдан тыйылыңыздар. Себеби Аллах мындайды сүйбөйт жана кечирбейт. Өзүн чыныгы мусулманмын деп билгендерге Аллах жар болсун! Жан Ябин.
ОП-81-049. Алматылык Амангүл, сиз казаксыз, андан күмөнүбүз жок. Айтаарым, сынды туура кабыл алыңыз. Ачууланбай, сабыр кылыңыз. Досторуңуз көп экен, ал жакшы, бирок, аларга кайра-кайра салам жолдогонуңуз бир аз жагымсызыраак. Жашыңыз деле чоң болсо керек, ошондуктан сөз байлыгыңызды көркөмдөп, дагы да болсо кыргыз тилинин грамматикасын тереңдете бериңиз. Кандай да болсо бизди сыйлаңыз, муну менен сиз казак жүзүн ача аласыз. Жүрөгүңүзгө ыйман! Жан Ябин.
ОП-81-050. Жаратканым, менин бактыма кайгым менен кубанычыма тең ортоктош болор, кайда жүрсөм жанымда аздектеп, карегим менен тең айланчу менин асыл жаным Исламчикти жолуктуруп койгонуңа шүгүр. Мага жасаган аяр мамилеңе ичим жылыйт. Жүрөгүмдүн ар бир кагуусу сен деп согот. Жан Ябин.
ОП-81-051. "Обондун" жалпы жамаатына жана супер смсчилери Айзирек, Билал козу, Ангел Асем, Канжар, Бегимай92, Бактыгүл92, сиздерди аябай сыйлайм. Аман болгула. Жан Ябин.
ОП-81-052. Менин сүйүктүү ырчыларымдын бири Айдин Шер, саламатсызбы? Мен сиз менен жолугуп, баарлашкым келет. Дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды, чыгармачылыгыңызга ийгилик каалайм. Алла Таалам ар дайым сизди колдосун. Сизди терең урматтап күйөрманыңыз Жазира.
ОП-81-053. Биздин Омар Жанышев супер! Биз анын күйөрмандары: Мисс Саид Ангел, Жанусь Роза, Акпейил, Вася, мен жана башка бардыгыбыз аны эч качан унутпайбыз. Омарчик өчпөс-кетпес, унутулгус талантка ээ инсан. Омар, Америкада жакшы оку, ээ? Ал жакта да абройлуу адам болуп жүрүшүңө ишенебиз. Омардын чыгармачылыгын баалаган сүйүктүү эжешкаларым Айсауле менен Айназикке да салам жолдойм. Биз дайым Омар менен. Ангел Асем.
ОП-81-054. Менин саламым ардактуу апакеме жолдонот. Апаке, оорубаңыз. Тина.
ОП-81-055. Урматтуу "Обон" гезити, Омар жөнүндө көп-көп жазып тургулачы?! Караколдон Асел.



ОП-81-056. Айдин байке, ырларыңызды баалайм, себеби, абдан маанилүү. 07773101ХХ.
ОП-81-057. Дайыр, мен сени сагындым, сен аны сезбейсиңби? 05515335ХХ.
ОП-81-058. Султанчик, сен суперсиң! Ырдап жатып кылыктанганың аябай жагат! Гуля.
ОП-81-059. Отуз-Адыр айылындагы кошунам Коляга чоң салам. Гулиза91.
ОП-81-060. Өмүр сүйүүдөн жалтанбайт, сүйүү адамга байкалбайт. Аны жүрөк гана билет. Бирок, эч качан айта албайт. Гүлзина.
ОП-81-061. Отурам түн ортосу болгон убак,/ Маңдайымда жанып турган шам чырак./ Ал чырактан көзүмдү эч бир албайм,/ Жазамын бул ырларды силерге арнап. Гүлзина.
ОП-81-062. Ак сүйүү мазары, алданып сен башка адамга,/ Таштап кеттиң мени бул азапка./ Көздү тегеректеп жаш куланат,/ Кайгым күчөп күндөн-күнгө уланып./ Кусалык туюлат жүрөктүн түбүндө кысталып. Тим@.
ОП-81-063. 16-20 жашка чейинки оштук балдар-кыздар менен таанышам. Нурайка.
ОП-81-064. Айжан+Жома+Урмат+Рахат=бир туугандар. 07771166ХХ.
ОП-81-065. Айгулька эже, мезгил шарын айлантып, сүйүү арманына алдантып, сулуулукка арбалтып, жандүйнөнү жайкалтып, супер ырларды жаратып жүрүңүзчү?! 07739158ХХ.
ОП-81-066. Токтогулдун 90-жылкы кыздары Айзада, Толкун, Меризага салам. Асел.
ОП-81-067. Жаным, менин сүйүүм ыйласам көздөрүмдүн жашын төгүп,/ Сени ойлоп жаштыгымды муңга салып,/ Жашка толуп сени гана карагансыйт,/ Азаптуу күндөр өтүп бараткансыйт. Атантай.
ОП-81-068. Мен саламымды бардык токсондорго жолдойм. Классташтар, каяктасыңар? Силерди аябай сагындым. Чырайгүл.
ОП-81-069. Мен Омарчикти сагындым. Дагы ким сагынды? Альбина94.
ОП-81-070. Омашка АКШда эмне кылып жаты экен? Мен аны эч качан унутпайм. Альба.
ОП-81-071. Айдинчик, жашоолор кандай? Красавчиксиң, ээ? Машинаң кут болсун! Сонун жарашат экен өзүңө. Жолуккандан кийин үйгө чогуу кетебиз, ээ? Машинаңа саласыңбы? Дианка.
ОП-81-072. Мурун 0773058213 номеринде жүргөн Жазираны издейм. Окуп калсаң дарегиңди редакцияга кабарла. Кушу Сынчы.
ОП-81-073. Менин саламым кыргызымдын кымча белдүү, кара каштуу акылкарачачтарына жолдонот.
ОП-81-074. Керилген узун бою бар,/ Керемет мукам үнү бар./ Сүйүктүү Жана сүймөнчүк,/ Айдин Шер атуу ырчы бар. Айдин, жеке концертиң качан болот? Сагынттырдың го? Кетмендик Наргиз.
ОП-81-075. Сени жек көрөм, Медка, бирок, айрылганыбызга канча болсо да унута албай келем. Экөөбүздүн жамгырлуу күндө жетелешип көл боюнда жүргөн кездерди эстесем, жүрөгүм эзилип кетет. Сени унута албайм, кечир, бетиңе айта албайм. Сени сүйгөнүмдү сөз менен жеткире албайм. Конфеткаң.
ОП-81-076 . Билал козу, айткан ушакчы эмес, айтып барган ушакчы. Сен чыныгы ушакчы турбайсыңбы?! Намысың барбы деги? Ыйманга кел. Леди Г.
ОП-81-077. Менин саламым 10-поликлиникада 7-палатадагы Жаркынайга, Алтынай эжеге Жана Калемкаш эжеге жолдонот. 07781895ХХ.
ОП-81-078. Менин эч кимге алмашкыс досум Нур Айжан, кандайсың? Кармаган орозоң кабыл болсун! Алтыным, 1-сентябрь билим күнүң менен да куттуктайм. Ата-энеңдин, аяшымдын жана биздин бактыбызга алтын башың аман болсун. Досуң Жазгулина.
ОП-81-079 . Сүйүү гүлүн чачсам тересиңби?/ Сен аны чын жүрөктөн сүйөсүңбү?/ Эгерде жүрөгүмдү берсем сага,/ Сен ага дак түшүрбөй жүрөсүңбү? Айзирек.
ОП-81-080. "Обондун" смсчилери Айзирек, Макуся, Назгүл, Айдана Анту, Мекку, Тина, Тима, Фея, Ангел Асем, Жанусь Роза, Адеми, баарыңар ден соолукта болгула. Дина.
ОП-81-081. Жашаймын жалгыз гана үмүт менен,/ Үмүтүм сени дайым күтүп келем./ Байкасаң сезимдерим башкаралбай,/ Жүрөгүмдү бир өзүңө ачып бергем. Жибек, бул сен үчүн. Мачо.
ОП-81-082. Түнү бою уктай албай түйшөлөм,/ Жаман сезип жанчылгандай бүт денем./ Иштегеним "Канатбектин СТОсу",/ СТОсу эмес, дөңгөлөктү жамоочу./ Түшкө кирип кайдагы бир кемерлер,/ "Без" дөңгөлөк сызат-учат хаммерлер./ Биз иштейбиз братишкам экөөлөп,/ Жаман-жуман дөңгөлөктү тепкилеп. Санжар, 0551250085 номерине чалчы?! Уру.
ОП-81-083. "Обон", сиздерди чет жакта жүргөн мекендештериңиздер сүйүп окуйт. Азаматсыздар! Ишиңиздерге ийгилик! Астанадан Гулиза.
ОП-81-084. Жигиттер, жигит деген атка татыктуу болгулачы! Көпөлөкчө ар кызга сезимиңерди арнап баркыңарды кетирбей. +770223640ХХ.
ОП-81-085. Мен жашоодо биринчи жолу сүйүүгө кабылдым. 2008-жылдын 11-октябрынан бери кыйналып жашап келем. Жүрөгүмдүн буйругуна баш ийип, сүйүүнүн кулу болуп жашагандан тажадым. Айла жок, кантем?.. +770223640ХХ.
ОП-81-086. Эх, чиркин! Адам каалагандай эмес, Алла каалагандай болот тура. Тагдыр экен, кантейин эми жаным, жүрөгүм каалабаса да эрксизден сизге кош айттым. Бирок сизди унута албай кыйналып келем. Кайдан чыккан каралдым элеңиз, сезимимди ойготуп, жүрөгүмө тынчтык бербей, жүз ойлонтуп, жүз толгонткон? Менден алыста, Алматыда жүрөсүз, бирок, жүрөгүңүз мага жакын. Мени ойлоп, сагынып да жаткандырсыз?.. Аны кантип жаш жүрөгүм сезбей койсун? Сизди эч кимге теңей албайм. Жаным, батыраак келиңизчи?! Эгерде бул жашоодо бар эле болсоңуз, канча жыл өтсө да баары бир күтөм. Себеби сизди өтө катуу сүйөм. Бактыгүл92.
ОП-81-087. Э.Дима, жаным, сенден Том и Жерри айлансын. Жаның Гүлзина.
ОП-81-088. Сүйүү, сүйүү дейт экен, сүйүү Амангүлдү жейт экен. Амангүл, азыраак сүй, хоп?! Эдил.
ОП-81-089. Исмаил, салам! Мен сени абдан сүйөм. Жаның.
ОП-81-090. Сулуу, жылдыздуу, акылдуу жана таланттуу менин кумирим, сүйгөн ырчыма салам жолдойм. Мен аны жанымдан да артык көрөм. Анын аты Даниэль. Алина.
ОП-81-091. Алтындай болгон асыл сиңдим Айзирек, күмүштөй кымбат болгон курбум Ангел Асем Жана талыкпас эмгекчил досум Ислан, туткан орозоңор, окуган намазыңар кабыл болсун. Жашоодон жамандык көрбөй, Жараткандын колдоосунда жүргүлө. Силерди абдан жакшы көрүп, сыйлаган Бактыгүл92.
ОП-81-092. Айдин Шер, сизге жашоодо 12 ай бою оорубай, 53 жума жакшылык, 365 күн түгөнгүс бакыт, 8760 саат ийгилик, 525миң 600 мүнөт сүйүү каалайм. Н…к.
ОП-81-093. Айдин Шер, дагы да болсо чыгармачылыгың өркүндөй берсин. Талантыңа таазим. Замана93.
ОП-81-094. Москва шаарында иштеп жаткан менин сүйүктүү эжем Нагима, кандайсыз? Ден соолугуңуз жакшыбы? Качан келесиз Өзгөнгө? Сизди аябай сагындым. Тезирээк келиң. Сиңдиңиз Замана93.
ОП-81-095. Айдин Шер, менин сүйүүм сага: чоң, жарык, ысык, назик, терең, бекем, түбөлүк, туруктуу, өспөс. Оштон Айпери94.
ОП-81-096. Маңдайда бир жаш кыз жашачу,/ Арзуулар бар эле оюмда./ Ал мени "ага" деп атачу,/ Мен аны дечүмүн "кошуна". Жанынан өтсөм мен ар качан,/ Кайрылып тиктечү жал карап./ А бирок жат, бөлөк, башкадан,/ Жүзүнү жашырчу далдалап… Таир.
ОП-81-097. Урматтуу партия башчылары Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, мен сиздер менен сыймыктанам. Ошондой эле бардык партияларды жоюп, "Ак жолго" чакырат элем. Жусупбек.
ОП-81-098. "Барыс" базарында иштеп жаткан досторум Улан жана Илимге салам жолдойм. Достугуңар түбөлүккө бекем болсун. Силерге ийгилик каалайм. Гули.
ОП-81-099. Саламатсызбы Айдин Шер! Сизге бул жашоодо болгон жакшылыктардын баарын каалайм. Сүйүүгө ишенесизби? Сүйүүнү күчтүү дешет, алы барбы?/ Сүйүүнү таттуу дешет, даамы барбы?/ Эгер адам сүйгөнүнө жетпей калса,/ Айтчы, Айдин, айыктыраар дары барбы? Урматым менен Макуся.
ОП-81-100. Менин саламым сүйүктүү ырчым Айдин Шерге жолдонот. Бар бол, бул дүйнөдө дайыма күлүп-жайнап жүрө бер. 05521080ХХ.
ОП-81-101. Жалындуу ысык саламым Айдин Шерге жолдонот. Келе жаткан 31-август майрамы менен куттуктайм. Айдин, ар дайым ден соолугуң чың болуп, асманың ачык болсун! Ишиң илгерилей берсин! Күйөрманың Айка90.
ОП-81-102. Сүйөмүн деп айткым келет, айта албайм,/ Махабатым, сырларымды ача албайм./ Неликтен деп сурап калсаң эгерде,/ Кыз намысым буга жолду коё албайт. Зуля.
ОП-81-103. Айдин, жандуу үн менен качан жеке концертиңди бересиң? Айнура.
ОП-81-104. Айдин Шер, "Көлөкөм" аттуу ырыңа вальс бийлегим келет. Жолугуп, экөөбүз вальс бийлейличи, суранам! Жаркынай.
ОП-81-105. Айдин байке супер ырчыга айланды,/ Баш-оту менен чыгармачылыкка байланды./ Супер смс жазган кыздардан,/ Смстерди тандай албай кыйналды деп Жаркынай.
ОП-81-106. Эх, арман күн, кимде келип, Ким кетпеген жарыкка,/ Ар кимиси ар түрлөнгөн табышмактуу тагдыр да./ Эй, адамзат, күнөө кылбай ойлонуп иш кылалы,/ Ойлонолу, ойгонолу, сыноо дүйнө учурда. Зуля.
ОП-81-107. Менин саламым мамам Шакенге, папам Анаркулга, сиңдим Аидага, иним Айдарга жолдонот. Ошондо эле таежелерим Зина, Күлүм, бөлөлөрүм Мээрим, Авас, Нургиза, Алибек, Наргиза, таякелерим Турус, Тунгуч, Мыкы, кыздары Айзада, Алия, Айжан, Асия, Нургүлгө салам жолдойм. 0700241326.
ОП-81-108. Айдин Шер, ата-энеңдин жана бир туугандарыңдын, досторуңдун арасында ар дайым бар бол. Айка90.
ОП-81-109. Айдин Шер, сиздин ата-энеңизди көрсөм ачык эле айтмакмын, мени келин кылып алыңыздарчы деп. Сизди ушунчалык жакшы көрөм. Бир көрүүгө зар күйөрман Бейби.
ОП-81-110. Кыргыз элимдин 31-август майрамы менен куттуктайм. Ар бир үй-бүлөгө узак өмүр, чексиз бакыт каалайм. Ар дайым аман болуңуздар. Айзирек.
ОП-81-111. "Бекжан" базарында иштеген Гүлмирага салам. 07772093ХХ.
ОП-81-112. Көңүлдөн айдап капаны,/ Көздөдүм бакыт ааламын./ Кучагым толо гүл алып,/ Карындаш сага барамын./ Азиза, мени кечир?! Б.Али.
ОП-81-113. Кызым Таттыгүлдүн ден соолугу чың болуп, жаңы окуу жылы ийгиликтүү болсун. Алматыдан апасы Бактыгүл.
ОП-81-114. Саламым Новониколаевка мектебиндеги 9-"д" классына Жана класс жетекчим Назгүл Медербековна эжейге жолдонот. Нурпери.
ОП-81-115. Новониколаевкада жашап жаткан жалпы 1994-жылкыларга чоң салам. Бактылуу болгула. Нурпери.
ОП-81-116. Алтыным менин Азиза, мен сени орустар аракты, кыргыздар кымызды сүйгөндөн да катуу сүйөм. Ошондуктан сенден кол үзө албай келем. Б.Али.
ОП-81-117. Эстебейм деп канча ирет кайталап,/ Ошончо ирет көңүл сизге арбалат./ Өчүрөм деп айткан менен сүйүүнү,/ Өчпөйт экен жүрөктөгү махабат./ Угуп калсам үнүңүздү көңүл ток,/ Эстеп калсам түндө менде уйку жок./ Мени сизге тааныштырган телефон,/ Бул сезимге эч кимдин айыбы жок. Нурзат 90.
ОП-81-118. Шергаазы, сураныч, мени эми жайыма койсоңуз. Сиздик болбойм эч качан! Амангүл.
ОП-81-119. Алматыда иштеген досторум жана мени менен иштегендер Малика эже, Улук акага иштерине ийгилик каалайм. Бар болгула. Жазгүл.
ОП-81-120. Сүйүктүү сиңдилерим Айзирек, Жанусь Роза, Ангел Асем, досум Билал козуга салам жолдойм. Амангүл.
ОП-81-121 . Бишкек шаарындагы менин эрке иним Азаматка салам жолдойм. Ишине ийгилик каалаган эжеси Амангүл.
ОП-81-122. Урматтуу "Обондун" окурмандары, жалпы кыргыз калкым, орозоңор кабыл болсун! Делбира.
ОП-81-123. Саламым Кенжегүл, Зина, Азимгүл, Саяра, Элнара, Жазка, Эва, Аселяга жолдонот. Жүрөгүм бирөө, бирок, бары батат. Мага байланыш. Амангүл.
ОП-81-124. Урматтуу Леди Гуличка, сенин башка кылаарга ишиң жокпу? Амангүл.
ОП-81-125. "Болашактын" 0-катарындагы Санжар, тамекини азыраак чек, өпкө да керек. +770266166ХХ.
ОП-81-126. Кылычтан калган так бүтөт, сүйүүдөн калган так бүтпөйт. Акылкүрөңчач.
ОП-81-127. "Сүйөм" деген сөздү айтуудан мурун анын маанисин билген оң. Акылкүрөңчач.
ОП-81-128. Сынактын жыйынтыгы: Супер активдүү смсчилер Нурзат90 - 22 жолу, Мухит - 10 жолу, ошондой эле абоненттер 0778311830 - 16, 0554101116 - 17, 0775588975 - 11 жолудан "с" тамгасын колдонушкан. Эң оригиналдуу билдирүүнүн ээси Таир 30 жолу "с" тамгасын жазгандыгы үчүн сынактын жеңүчүсү деп таптым. Жеңишиң кут болсун! Белек Гуля88ден сенин сары сулуу соткаңа 88 бирдик! Сынакка катышкан Жана катышпагандарга терең ыраазычылык билдирем! Гуля88 .
ОП-81-129. "Бекжан" базарында иштеген Жазгүлгө, Калыска салам. Өзгөн.
ОП-81-130. Кыргыз жигит Азиз, сенин смсиңди окуп аябай сүйүндүм. Албетте кыргыз кыздары кымбат, ай чырайлуу! Казакстанда жүрүп кыргыз кыздарын унутпаганың үчүн рахмат! Мисс Саинт Ангел.
ОП-81-131. Өзгөн шаарындагы Кыргызтелекомдун жалпы жамаатына ысык салам. Жайна.
ОП-81-132. Токтогул районунун Ничке-Сай айылынын тургундары жалпы Дайрабаев, Бардыбаев, Мамырасулов, Калдыбаевдерге чоң салам жолдойм. Багыш уруусу ар дайым бар болсун. Токтогулдук Калдыбаев Мирлан.
ОП-81-133. Токтогул районунун Ничке-Сай айылынын Шабданов мектебин 2008-жылы бүтүргөн классташтарым Эрлан, Ашымбек, Тынчтык, Айбек, Молой, Алмаз, Аскар, Гүлнази, Аида, Гүлнур, Чолпон, Айзада, силерге кааларым чың ден соолук, бакыт-таалай. Токтогулдук Калдыбаев Мирлан.
ОП-81-134. Сиз КРнын сүйүү кодексинин жүрөк статьясынын махабат бөлүгүнүн 345-пунктуна ылайык күнөөлүү деп табылдыңыз. Өмүрүңүздүн калган бөлүгүн менин жүрөк камерамда өткөрүшкө ыраазысызбы? Гуля.
ОП-81-135. "Обондун" смсчилеринин арасында багыш уруусунан бар болсо мага байланышкыла. Бир тууган катары достошолу. Токтогулдук Калдыбаев Мирлан.
ОП-81-136. "Обондун" смсчилери, баарыңарды 31-август Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм. Нияз.
ОП-81-137. Казак кызы Амангүлгө салам жолдойм. Азамат, кыргызчаны таза билет экенсиң. Москвадан Нияз.
ОП-81-138. Жылдыз Асел, экөөңдү удаа келген туулган күнүңөр менен куттуктайм. Бактылуу болгула! Адылбек кызы Жылдыз.
О П-81-139. "Бекжан" базарында иштеген Шайлообекке ысык салам. 07772093ХХ.
ОП-81-140. Салам Сема! Самарбек, кандайсыз? Дайыныңыз билинбей кетти го… Самара.
ОП-81-141. Менин "Обон" гезитинин жалпы жамаатына, окурмандарына Жана смсчилерине салам жолдойм. Мен сиздерге кошулууну каалайм. Бишкектен Аселя93.
ОП-81-142 . Ренат, барсыңбы? Эмне дайының чыкпай калды? Махабат.
ОП-81-143. Оштогу 93-жылкы Айпериге чоң салам. Шералыдан Зайко.
ОП-81-144. Айдин, алыстык арабызды бөлүп турат,/ Жүрөгүм сен гана деп согуп турат./ Түнкүсүн Айды карайм, жылдыз санайм,/ Себеби алар сени көрүп турат. Динара.
ОП-81-145. Досторум Боку, Закы, Елгизге салам. Беки.
ОП-81-146. Малика Динага салам жолдойм. Мен аны менен таанышкым келет. Оштон Бектур.
ОП-81-147. Айдин Шер, мени кечир, өзүм жигит болсом да сени жакшы көрөм. Белек.
ОП-81-148. Менин жандай көргөн жан досторум Өзгөн районунда жашаган Олжобайга, Ленин жолдон Жанарага салам жолдойм. Эч качан оорубагыла. Мен силердей досторум бар экенине сыймыктанам. Замана93.
ОП-81-149. Табышактуу карааныңа кагыламын,/ Көрбөй калсам сүрөтүңө жалынамын./ Сагындырбай келип турчу күнүгө,/ Ашык болдум мен бир эрке өзүңө./ Сүйөм сени, күтөм сени ар дайым,/ Аз көрбөсөм дароо сени самаймын./ Сезимимди айтууну каалаймын,/ Күчүм жетпейт, кандай айла табамын? Зуля.
ОП-81-150. Кубаныч Сатаев, азыр 21-кылым болгону менен биз кыргызбыз да! Биздин өзүбүздүн баа жеткис бардык улуттардан өзгөчө менталитетибиз бар, бактылуу болунуз!+770295513ХХ.
ОП-81-151. Базар-Коргон районунун 1-май айылынын тургуну сүйгөнүм Аидага,кайын энеме,Урматка,балдызым Апалга чоң салам деп Токтогулдук Мирлан. +996777856951
ОП-81-152. Базар-Коргон районундагы Кеңеш айылында жашаган сүйүктүү эжем Рахманова Наргиза, сизди аябай жакшы көрөм. Келечектеги жездем А. менен бактылуу түгөйлөрдөн болгула. Бири-бириңерге болгон сүйүүңөр өчпөсүн! Зуля.
ОП-81-153. Салам алейкум Таир мырза, жеңишиң кут болсун! Саргайып күткөн сары соткаңа 88 бирдикти күтө бер. Сынакка катышкандыгың үчүн ыраазычылык билдирем. Мындан ары да калемиң курчуй берсин. Гуля88.
ОП-81-154. Өзгөн шаарында жашаган Абдыжапар кызы Гулизаны 28-август туулган күнү менен куттуктайм.
ОП-81-155. Эне сага кандай мактоо жарашат,/ Эне сенден Ким сыймыкты талашат./ Баалабастар тебелеп, тепсеп сени,/ Баалагандар муну тоодой баалашат. Апа, бар болуңуз. Кызыңыз Искендерова Альбина.
ОП-81-156. Токтогул районундагы Кызыл-Ураан айылындагы Бекназар орто мектебинин жалпы мугалимдерине жана 92-жылкыларга чоң салам. Бар болгула, ишиңерге ийгилик. Альбина.
ОП-81-157. Орозо кармоо кандай сонун, ээ? Орозону чыдамсыздык менен күткөндөрдүн саны канча. Алла Таалам ар бир пендеге орозо кармоону буйрук кылган. Мени өкүндүргөнү, азыркы учурда кармаганынан кармабаганы көп. Орозо - бул жан-дүйнөнү тазалап, ден соолукту чыңдап, жаңы жашоого умтултат. Кээ бири орозону арыктоо үчүн тутса, кээ бири өз жаны үчүн, кылган күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн кармайт. Замана93.
ОП-81-158. Замана, ишиңе ийгилик. Менин сырдашкан адамым бол. 07772093ХХ.
ОП-81-159. Ильяз Абдыразаковго чыгармачылык ийгилик каалайм. Күйөрманың.
ОП-81-160. Биздин саламыбыз учурда Москва шаарында жүргөн атакебиз Рустам Жана апакебиз Сонунбүбүгө жолдонот. Ардактууларым, силерди аябай сагындык. Жаратканым силерге ден соолукту күздөй, жакшылыгын үзбөй берсин. Биздин багыбызга бар болгула. Силерди жакшы көрөбүз. Зуля, Макс, Ади.
ОП-81-161. Кара-Суу шаарындагы Ленин атындагы орто мектебинин 11-"а" классына салам. 07727021ХХ.
ОП-81-162. Максат, мен сени түбөлүккө сүйөм, жаным! Гүлнура92.
ОП-81-163. Гуля88, сиздин смстериңизди окуп, "5" деген баа коёр элем. Сиз менен жакындан таанышкым келип жатат. Мисс Сайнт Ангел.
ОП-81-164. Сүйүктүү, кумир туткан ырчым айдай сулуу Бактыгүл Бадыевага салам жолдойм. Мага жооп берип койгулачы, Бактыгүл менен кантип байланышсам болот? Уля.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА БИР
КҮНДӨ БИР КИЛОГРАММ
КУРУТ ЖЕЙБИ?

2-бет
Мирбек АТАБЕКов:
"Мага иттин куйругун жабыштырып койсо деле жараша берет"

3-бет
кимдин жылдызын ким жандырган?
4-бет
Чоң апасын бир уйга банкрот кылган Сыймык
5-бет
Маалымат
6-бет
Азизбек Нурдил уулу:
"Көзү көргөн кызга үйлөнгүм келет"

7-бет
Кош жылдызга окшоп жаналы!
8-бет
Нурзатка жигити машина белек кылды
9-бет
Уланып кеткен чынжырча, сырыңды менден жашырба
10-бет
Акчаны кандай колдоносуз?
11-бет
Үч айлык баламды күйөөм басып калып…
12-бет
окумал
13-бет
"Сүйүү закымы" кинотасмасы
14-15-бет
Обон почта










??.??