п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  кумир менен баарлашуу

Мирбек АТАБЕКОВ:
"Мага иттин куйругун жабыштырып койсо деле жараша берет"
"Кумир менен баарлашуу" рубрикабыздын бул жолку мейманы жаштардын сүйүктүү ырчысы, көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан кумири Мирбек Атабеков болду.

Миргүл:
- Мирбек, жайкы эс алууң кандай өттү?
- Рахмат. Буюрса, быйыл ойдогудай эс алдым. Көлгө төрт жолу барып келдим. Дагы күзгө чейин жүрө турайын деген ойлор бар болчу, бирок, Бишкекте жумуштар чыгып калгандыктан, келүүгө туура келди.
- Жакында эле эротикалык клип тарттырбадыңбы. Жакындарың кандай кабыл алды? Бул нерсе кыргыздын менталитетине туура келеби?
- Англис тилинде жазылган "You are my destiny" деген ырыма эротикалык клип тарттырдым. Бул ырдын кыргызча мааниси "сен менин багымсың" дегенди түшүндүрөт. Өзүм англис тилинде эркин сүйлөй албагандыктан ырды заказ менен жаздырдым.Кыргызстан демократиялык өлкө эмеспи. Биз өнүгүшүбүз керек, өсүшүбүз керек. Мен ойлойм, күйөрмандарым жакшы эле кабыл алышат болуш керек деп. Ал эми туугандарым тууралуу айта турган болсом, бул жагынан алардын көз карашы түз, жакшы эле кабыл алышты.
- Эл аралык конкурстарга катышайын деген ойлор барбы?
- "Пять звёздго" барайын дегем. Мелис Асаналиевич да "Мирбек, сен эле ылайыктуусуң, даярдан" деген. Бирок бул конкурс быйыл болобу же болбойбу азырынча арсар болуп турат. Мындан башка Америкага, Алматыга, Украинага деле чакыруулар көп болот. Барганга жараша деңгээли жакшы сынактарга катышыш керек деп ойлойм.
- Жаңы машина алды деп уктук. Сыр болбосо канчага алдыңыз?
- (Күлүп) Канат байке айтып салдыбы? Гезиттерге жарыя кылбай эле коёюн дегем. Силерге жолукканы келе жатканда эле алдым. Буга чейин "Ниссан Сефиро" айдап жүрчүмүн. Башка машина алганга мурда деле мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок маани деле берчү эмесмин. Досторум "Мирбек, эми ырчы болгондон кийин жакшыраак эле машина алчы" дешкенинен өз эмгегим менен тапкан 15 миң долларга "Мерседес S 500" үлгүсүндөгү машина алдым.
- Спорт менен машыгасыңбы?
- Эми машыга баштадым. Футбол ойнойм. Дем алганга, толуп кетпегенге спорт жакшы жардам берет. Мени көбү арык дегени менен арыктыгым өзүмө жарашат деп ойлойм. Толук болсом кандай болмокмун, элестете албайм.
Махабат:
- "Кыргызстан обондорунан" эмнеге ырларың жаңырбайт?
- Бул убактылуу көрүнүш. Үч айдан бери "Кыргызстан обондорунан" ырларым кетпей жатат. Бирок бир-эки жуманын аралыгында бул маселе чечилет деп ишенем. Азыр эки тараптан тең бир аз түшүнбөстүктөр болуп кетти. Биз аларды күнөөлүү деп айта албайбыз, алар бизди күнөөлүү дей алышпайт. Кыскасы, эки жактан тең күнөө кетти.
- Клиптеги кыздарды ким тандайт?
- Ал жагын бүт Канат байке бүтүрөт. Менин клипке анча деле фантазиям жете бербейт. Баарынан да ырга көп басым жасайм. Бир эле сөзү, же сабы жакпай калса кайра башынан жазып иштеп чыгам. Бир эле ырды бир нече варианттар менен жа зып чыгып, көңүлүмө жакканын тандап алам. Радиого бергенден кийин деле "ой ата, бул жерин мындай кылсам болмок" деп өкүнө берем.
- Концертте башынан аягына чейин канча ырды жандуу үн менен ырдай аласың?
- Жандуу үн менен бир күн бою деле ырдай берем. Спорт сарайында акустика жаман, "аа" десең ал бир нече секунддан кийин өзүңө угулат. Кадимкидей тумчугуп, көмөкөйүң буулуп кыйналып кетесиң. Тойлордо аппаратуралары сапаттуу болсо жандуу ырдайм. Буюрса жалаң жандуу үн менен ырдай турган концерт берүүнү максат кылып жатам.
Сезим:
- Кара жумушка кандайсыз?
- Андай жумуштар деле башыман өткөн. Үйдө деле кара жумуш жасайм. Кандай болгон күндө да биз адамбыз. Мени Кудай кандай сүйсө, сизди деле ошондой сүйөт. Баарыбызды Кудай бирдей жараткан. Мен ырчымын деп бой көтөргөндөн алысмын.
- "Жылдыз оорусу" менен "тумоолоп" калган учурлар болду беле?
- Мен ата-энеме ушундай катуу тарбияда чоңойтконуна ыраазымын. Мен айылдын турмушун көрүп чоңойгом. Жакшы жашоону да, жаман жашоону да көрдүк. Эртең менен турганда ырчы экенимди унутуп, "мен ырчы болушум керек" деген ой менен турам. Жылдыз оорусу менен ооруй элекмин, ушул карапайымдыгыман жазбаганга дайым аракет кылам.
- Канча жашыңыздан баштап ырдадыңыз эле?
- Менин атам Бообек да ырдачу. Айылдагылар айтып калышат, "атаң аккордеон менен ырдаганда кыздардын шилекейи чууруп калчу" деп. Азыр болсо "сенин ырдаганың баары бир атаңдыкына жетпейт" дешет. Балалык чагымда үйгө конок келгенде ырдап берчүмүн. Кичинекей кезимде ырдап, манас айтып жаткан видеолор бар. Мага ырчылык талант атамдан өткөн, анын мага таштаган белеги десем болот.
- Айылыңызга акыркы жолу качан бардыңыз?
- Шайлоонун алдында барып келдим. Туугандарыма учурашып, орто жерден "Кыз-Бурактын" кыздары менен көрүшүп калып, аларды үйгө чакырып коноктоп чер жазыштык. Аларга "бала чагымда бул жерден суу алчумун, тиги жерден эшек минчүмүн" деп айтып берип жатсам, "сени шаардык бала экен десек, айылдык эле турбайсыңбы" деп таң калышты. Эми буюрса, күзүндө туулган жериме дагы бир барып келем.
- Кээ бир ырчылар продюсерсиз эле чыгып жүрүшпөйбү. Сиздин да продюсериңиз жок болгондо ушундай деңгээлге жете алат белеңиз?
- Менин чыгармачылыгым, талантым Канат байкеге эмес, өзүмө тиешелүү. Ал эми афишаларымдын чыгып жатканы, кийимдерим, причёскам мунун баары продюсердин эмгеги. Менин элдин сүйүктүү ырчысы болгонума Канат байкенин салымы чоң. Эгерде продюсерим болбогондо мен азыркыдай популярдуу боло албайт болчумун, бирок, ушул эле ырларым чыга бермек болуш керек деп ойлойм.
Белек:
- Мирбек байке, мен да сиздей ырчы болгум келет. Сиздин ырларыңызды сүйүп угам. Мен канткенде ырчы боло алам?
- (Белек Мирбектин "Күндөр жаңырат" деген ырын ырдап берди)
- Сенин слухуң жакшы экен, үнүңдү өстүрүшүң керек. Алдыга максат кой. Музыкалык билим ал. Азыр сага эрте, убагы келгенде мен сага колуман келген кеңешимди, жардамымды берем.
- Кайсы дүйнөлүк ырчыны кумир тутасыз?
- Майкл Джексонду, Брен Макнет, Джастин Тимберлейктердин ар бир кыймылы, бийлегени жагат. Майкл Джексондун өлгөнүн биринчи укканда ишенээр-ишенбесимди билбей жаман болдум. Анан ырын угуп отуруп кадимкидей көзүмөн жаш агып ыйладым.
- Мен кийин үйлөнгөндө мага өкүл ата болосузбу?
- Эгер сен жакшы ырдап, мени чындап таң калтырсаң, өкүл ата болууга сөз берем. Экөөбүз сүйлөшүп алалы, сен жакшы ырдап чыгасың, мен сага өкүл ата болом, ээ?
- Кандай тамактарды жакшы көрөсүз?
- Көбүнчө камыр тамактарды жактырам. Колго тийгенин ылгабай жей берем. Дагы бир чоң апам үйрөткөн адатым бар. Дасторконго болобу, жерге болобу тамак түшүп калса, терип жеп коём. Нандын күкүмүн жерге таштабай тазалап жейм. Тамакты такыр кесир кылбайм.
Жанара:
- Акчаны эмнеден аяйсыз жана эмнеден аябайсыз?
- Акчаны кийген кийимимден, тамагыман аябайм. Кимге болбосун сөзсүз акчаны аябай кымбат- баалуу белек алам. "Буга боло берет" деп эптеп арзан белек сатып бериштен качам. Бергенге жараша ошол белекти түбөлүк сактап, эстеп жүрүүсүн каалайм. Бильярдгабы, бассейнгеби, айтор, каякка барып эс алгым келсе, акчаны аябай урунам. Анан эмнегедир бензин куйгандан акчамды аяй берем. Элдин көбү бактарын толтура май куйса,мен болсо машинамдын кызыл белгиси күйүп, өчөйүн деп калганда куям. Дагы бирдик салгандан аяйм. Чөнтөгүмдө миң, эки миң сом турса деле эки жүз сомдон ашык акчага бирдик салбайм.
- Уюлдук телефонуңуз канча сомдук?
- Телефонум бир жарым миң сомдук. Көбү таң калышат. Бирок мен кымбат телефондорго кызыкпайм деле.
- Кайсы ырыңыз менен клипиңиз өзгөчө жагат?
- Клиптерден "Не моя" өзгөчө жагат. Репертуарымдагы бардык ырлардын арасынан "Күндөр жаңырат" аябай жагат. Буга чейин деле бир топ ыр жаздым, мындан кийин деле үч-төрт жаңы ыр жаздым. Бирок эмнегедир мага ушул ыр жүрөгүмө жакын сезилет. "Күндөр жаңырат" деген ырымды бир жылда жазгам.
- Бир ырды жаздырыш үчүн канча жолу ырдайсыз?
- Маанайга жараша болот. Башынан аягына чейин жан дүйнөң менен берилип ырдасаң биринчи эле жолкусунда сонун жазылат.
- Стилистиң барбы?
- Ооба, Замира Молдошева. Канат байке деле кээде стилист болуп кетет. Гастролдорго барганда шуулдатып причёска жасап калмайы бар.
- Каяктан кийинесиң?
- Сахнага кийген кийимдерди чет мамлекеттерден заказ менен алдырам. Күнүмдүк кийчү кийимдерди Орто-Сайда жүрсөм ошол жерден, Дордойдо жүрсөм ал жерден сатып алып кете берем. Жакшы жерим, бир көргөн кийим жакса, дароо алам. Мурда апам байкемди, карындашымды, мени ээрчитип алып кийинткени жөнөчү. Мен бат эле тандап "тиги жакты, бул жакты" деп алып алам, экөө болсо тандап жүрө беришет. Жыйынтыгында мен көбүрөөк акчага кийинип, байкемдерге азыраагы артып калчу. Апам "сага иттин куйругун жабыштырып койсо деле жараша берет" деп күлүп калат.

Анара Дүйшөналиева






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА БИР
КҮНДӨ БИР КИЛОГРАММ
КУРУТ ЖЕЙБИ?

2-бет
Мирбек АТАБЕКов:
"Мага иттин куйругун жабыштырып койсо деле жараша берет"

3-бет
кимдин жылдызын ким жандырган?
4-бет
Чоң апасын бир уйга банкрот кылган Сыймык
5-бет
Маалымат
6-бет
Азизбек Нурдил уулу:
"Көзү көргөн кызга үйлөнгүм келет"

7-бет
Кош жылдызга окшоп жаналы!
8-бет
Нурзатка жигити машина белек кылды
9-бет
Уланып кеткен чынжырча, сырыңды менден жашырба
10-бет
Акчаны кандай колдоносуз?
11-бет
Үч айлык баламды күйөөм басып калып…
12-бет
окумал
13-бет
"Сүйүү закымы" кинотасмасы
14-15-бет
Обон почта










??.??