Саресеп

кимдин жылдызын ким жандырган?
Чындыгында ар бир чыгармачыл адамга эң алгач жол көрсөтүп, жардам бергенге кең пейил бирөө болот эмеспи. Анын сыңарындай, белгилүү ырчыларга учурунда кимдин жардамы тийгенин айрымдарынан сурамжылап, тийиштүү маалыматтарды алдык.

Керим Турапов
Апасынын жапкан ысык нанын сагынып, тамшанып ырдаган Керим агабыз сахнага жөн эле жерден келип калган эме-ес. Ал деле башкалар сыяктуу ат көтөргүс оор түйшүктөрдү башынан өткөргөн экен. Ырчыга атактуу дирижёр ыраматылык Асанкан Жумакматовдун жардамы көп тийген. Керим аганы ал биринчи жолу чоң сахнанын босогосун аттатып, чыгармачылыгына жетиштүү кеп-кеңештерин берген. Устаты жаш ырчыга талбаган эмгек биринчи максатта экенин айтып, абдан катуу талап койгон. Анын: "Аз уктап, көп эмгектен. Кайда жүрбө чыгармачылыгыңдын үстүндө ойлон. Акылыңа ар убак баш ий. Мына ошондо гана сен адам болосуң. Менин сага берген кеңешим ушул" деген сөздөрү али да жүрөк түпкүрүндө. Ошол учурларда устатынын берген талаптарына жооп кылып, далай түндөрдү уйкусуз атырган. Анын сөздөрүн, көз карашын эстегенде жүрөгү кадимкидей сыгыла түшчү. Ошондон тартып кайда жүрбөсүн чыгармачылыгын алдыга коюп келди. Албетте, мына ушундай кырдаалдарды жеңип келип, акыры бакыйып Филармонияныны башында олтурат да...


Ибрагим Жунусов
Костюм-шым кийип, галстук тагынып үстөл үстүнөн эл көйгөйүн чечкен депутат, сахнадан кооз кийим кийип алып ырдаган ырчы Ибрагим Жунусовду кимдин арты менен ырчы болду деген суроо ар бир адамдын оюнда бардыр. Чындыгында, анын чыгармачылыгынын түптөлүшүнө баа жеткис салым кошкон Рыспай Абдыкадыров. Ибрагим агабыз андан төрт жыл бою аккордеон үйрөнүп, үйүндө жатып окуган. Эки талант бири-бирин эч качан устат-шакирт деп кабыл албастан, ата-баладай мамиледе болгонун белгилейт. Рыспай агабыз Ибрагим Жунусовдун эл менен сүйлөшкөнүнөн тартып кийген кийими, сахнадагы баскан-турганына чейин бүт көзөмөлдөп келген. Ырчы: "Чындыгында мени адам кылган, ушул эрезеге жеткирген Рыспай Абдыкадыров. Ал мени чыгармачылыктын кичинекей туткунунан чоң туткунуна өзү түшүргөн. Мага жасаган эмгеги ат көтөргүс. Бу киши болбосо мен Ибрагим Жунусов болмок эмесмин", - деп кесе айтып өттү.


Гүлнур Сатылганова
Албетте, Гүлнур Сатылганова азыркы жетишкен ийгиликтерине өзүнүн талбаган эмгеги, тырышчаактыгы, өжөрлүгү менен элдин жүрөгүндө калды. Бирок, "жалгыз дарак токой болбойт" демекчи, анын чыгармачылыгынын өсүп-өнүгүшүнө Эрик Кадырбаев, Кыялбек Урманбетов, Эркин Мээрканов өңдүү талант ээлеринин түздөн-түз салымы бар. Ырларынын сөзүн жазып, аранжировка жасашып дегендей... Деги койчу, түмөн түйшүк. Андыктан, көшөгө артындагы аты аталгандарга Гүлнур эжекебиз ыраазычылыгын билдирди.


Динара Акулова
Кубулжуган үнү менен кыргыз элинин көңүл борборунан орун алган Динара айым кичине кезинен тартып ырчы эжекеси Гүлмайрам Момушеваны кумир тутуп чоңойгон. Анын ырларын жантыгынан жата калып угуп, телевизордон көргөндө көздөрү тимеле ирмелбей калчу экен. Түн бир оокумга чейин жылдыздарга жалынып, "Гүлмайрам эжедей ырчы болсом экен" деп кол жайып тилек тилеп олтурчу тура. Кудайдын буйругу экен эми минтип жылдызы жанган чоң ырчы болду. Ал: "Менин ырчы болушума чоң түрткү берген Гүлмайрам Момушева болду. Эжеге абдан таасирленип чоңойдум. Балким, эже болбосо ырдап чыкпайт белем, ким билет. Анан да ырчы болуп калыптанышыма жардам көрсөткөн Улукмырза Полотов агайга ыраазычылык билдирем. Бу кишиден билбегенимди билдим, аз да болсо тажрыйба топтодум. Ачыгын айтканда, ушу эки адамды чыгармачылыгыма өз салымдарын кошту деп так айта алам" дейт мыйыгынан жылмая.


Кубик Калыков
Кубик Калыковду куудулдардын алпы болгон Рахман Разыков демине-дем, күчүнө-күч берип сахнага биринчилерден болуп жетелеп келиптир. Базар-Коргондон ага сахна жаатындагы бир топ оош-кыйыштарды үйрөтүп коюп, Рахман Бишкекке жол тартаарда ордуна Кубикти калтырган экен. Кийин Кубик ал жердеги "Асман" ансамблин жетектеп турган кезде Бек Борбиев, Расул Маматкулов, Гүлнара Кахарова, Мерген Турган өңдүү ырчылар ал жакка гастролдоп барып калышат. Жазылган фонограммалары сапатсыз болгондуктан улам өчүп калып бир топ кыйналышат. Ошондо Кубик аларга бас-гитарада ойноп берип, ырчылар жандуу үн менен ырдашкан экен. Ошондо Бек менен таанышып калып, Рахман Разыков Бишкекке келүүгө сунуш киргизиптир.


Айчүрөк Иманалиева
Түркүн-түстүү көйнөктөрдү түрдөп кийген, сахнанын түйшүктүү жолун жүрөгү менен туйган Айчүрөк эжекебиз бир да адамга жүгүн артпастан, чыгармачылыктагы болгон жүктү өз жон-териси менен тарткан. Сахнага кандай чыгышты, кантип ырдашты бул жаатында эмгектенген бир да адамдан кеңеш алган эмес. Болгону ырчынын ата-энеси, таятасы ага музыкалык жактан билим алууга шарт түзүп берген. Бул туурасында: "Мактаныч эмес, ырчы болушума өзүмө-өзүм чоң жардам көрсөттүм. Эч кимден чыгармачылык жактан жардам алган жокмун. Бардык кырдаалды өз күчүм менен жеңдим" дейт көңүлү толо жооп кайтарып.


Майрамбек Осмонов
Сөздүн гүлүн терип тандап сүйлөгөн тамада, жүрөктү козгоп ырдаган ырчы, капырай... анан кайра эле даават айтып ажы боло калган Майрамбек Осмоновго жетиш кыйын эмеспи? Бирок, антейин десең бу универсалдуу талант ээси деле табиятынан сөзгө чебер тапан, пародист, ырчы болуп төрөлбөптүр да. Ага сахнанын чыйыр жолун көзгө сайып көрсөтүп берген Асанкалый Керимбаев болуптур. Ал 1992-жылы 27-декабрда биринчи жолу сахнага алып чыгып, "Ак кеме" деген ыры менен тушоосун кесип, Майрамбек Осмонов аттуу жаңы ысымды эл алдына чыгарган экен. Азыр эми ырчы "Мен устатымдын эмгегин актадымбы-актабадымбы, ырчы боло алдымбы, боло албадымбы ага эл тараза. Менимче, эстүү агасынан эстүү иниси тарбияланды" дейт Майрамбек Осмонов.


Борончу Кудайбергенов
"Сакадай бою сары алтын" Борончу Кудайбергеновду көргөндө эле дароо колундагы өзүнөн чо-оң алтын шакеги көзгө урунат. Көрсө, мындай баалуу шакек тагынуу үчүн, ошондой эле машина, там алуу үчүн көп кыйынчылыкты башынан өткөргөн экен. Адеп чыгармачылыгына жол сала баштаганда Чубак Сатаев менен таанышып калып, "куудулчиктин" багы ачылыптыр. Бактыга жараша, Чубак Сатаев тобундагы Каныбек деген ырчы баласы менен нааразылашып кетип, ал топтон чыгып кеткенде ордуна Борончуну алыптыр. Борончу топто шылдырак чертип ырдап, концерттерди ар кайсы айылдарга уюштуруп, билет сатып, кыскасы, Чубактын оң колу болууга жетишиптир. Ал ошондогу кайсы бир күндөрүн эске салып өттү. "Туура, мен Чубак Сатаев менен чыгып, эл алдына таанылдым, Чубак досумдун аркасы менен ушул деңгээлге жеттим десем ашыкча болбос. Досум менен жүрүп сахнанын жакшы-жаман жагын көрдүм. Жаман жагы, гастролдордо токмок жегеним болду. Караколдун бир айылында концерт коюп жатканбыз. Адаттагыдай мен билет текшерип ооз тосуп тургам. Элдин жарымы кирип калган. Бир мезгилде эки атчан оозго чейин бастырып келип, мен байкушту эки ийинимден так көтөрүп чапкан боюнча кетишти. Айылдын ары жагына алып барып, ит ыргыткандай ыргытып коюп кетип калышпаспы. Мен тыбырчылаган боюнча кала бердим. Келсем, ачык калган эшиктен элдин баары кирип кетиптир. Дагы бир жолу кассада билет сатып жатканымда ал айылдын чоң муштуму келип, көзөнөктөн бир колу менен жакадан алып, терезени сүздүрүп сабап салган. Бети-башым канжалап кала бергем. Бирок азыр бул күндөрдү эстесем кадимкидей ырахат алам" дейт.


Рахбар Алымкулова