п»ї
 Таанышуу жарыясы


  үй-бүлөм - менин байлыгым

Чоң апасын бир уйга банкрот кылган Сыймык
"Үйбүлөм - менин байлыгым" рубрикасына белгилүү обончу, аткаруучу Сыймык Бейшекеевдин ата-энеси Токтогул ата менен Фанара апаны, улуу байкеси Бакытты, келинчеги Аселди, эжеси Мейил жана келинчеги Нурзаданы кепке тарттык.


Сыймыктын апасы Фанара:
"Сыймык чоң энесинин сары арстаны болчу"
- Фанара апа, Сыймык байке боюңузда барда эмнеге талгак болдуңуз эле?
- Сыймык боюмда барда кыштын күнү болчу. Алмага талгак болгом. Анан шаардан кайнатам мага алма ташып берип жүрдү. Сыймыктын атын чоң энеси улуу балабыз Бакыт жаңы төрөлгөндө эле "Эми эркек төрөсөң атын Сыймык коём" деп бала түйүлө электе эле коюп койгон. Чоң энеси Сыймыкты бардык балдардан жакшы көрөр эле. Эч кимге тийгизбей калкалап "Сары арстаным" деп эркелетчү. Кичинекей кезинде Сыймык көп сыркоолоп калды. Ошондуктан көзүн карап чоңойтту.
- Сыймык байкенин мүнөзү кандай эле?
- Кичинекейинде ылдам, шогураак жүргөн бала болчу. Турсункуловдун "Элмира, Гүлмира" деген ырын жаттап алып, кошунанын кыздарына "Элмира, эртең барам мен сага, Гүлмира, күндө келем мен сага" деп тийишип ырдап, алардын ата-энелерин чычалатчу. Жамактатып бир нерселерди айтып, абдан тамашакөй болуп чоңойду.
- Сөзүңүздү укпай, айлаңызды кетирген күндөрү болду беле?
- Сыймык анда 9-класс болсо керек эле. Менин кош бойлуу кезим. "Апа, жарым сааттын ичинде келип калам" деп классташ баласыныкына кетип, ошол бойдон жок. Чай кайнатып, тамак жасайын десем үйдө бир кашык суу калбаптыр. Күтө берип, акыры классташ баласынын үйүнө барсам, ал жакта өздөрүнчө отуруш кылып жатышыптыр. Кирип барсам эле классташтарынын баары мени көрүп туш-тушка качышты. Баламды алдыма салып кууп келип, "экинчи барбайм" дедиртип сабап койгом. Өзүм негизи баланын эрке болгонун жаман көрөм. Анан балдарды катуу эле кармачумун. Чалчаңдатып эркелетпей, зыңкыйтып алып жүргөндү жакшы көрчүмүн.
Атасы Токтогул:
"Сыймык ырчы эмес,
хулиган болмок"
- Токтогул ата, Сыймык байке төрөлгөн күндү эстеп көрсөңүз?
- Сыймык 1974-жылы күркүрөгөн күздө, 9-сентябрда төрөлгөн. Келинчегимди машине менен өзүм төрөт үйүнө алып барып, Сыймык төрөлгөнчө күтүп тургам. Аман-эсен төрөгөнүн уккандан кийин тууган-урук, кошуна-колоңго сүйүнчүлөп, жентек бузуп жыргаганбыз.
- Бала кезинен бери эле ырга жакын беле?
- Орустардын "Время" көрсөтүүнүн музыкасы чыкканда каяктан болсо да жөрмөлөп келип, эки колун титиретип, музыка бүткөнчө кыймылдабай экрандын алдында турчу. Кенедей болсо да көрсөтүүнүн музыкасын жаттап алганын карабайсыңбы.
Сыймыктын ырчылык өнөрүнө жолтоо болгон жокпуз. Ал чоңоюп калганда өзүнө жер алып берип койгом. Эки жылдык студиясын бүтүп келгенден кийин ал жердеги чөптү чаап бүтүп, "мен шаарга кетем, айыл-чарба иши менин колумдан келбейт экен" деп калды. Мен Сыймыкты айылда эле музыка мугалими болуп иштесе дечүмүн. "Шаарга кетсең сага бере турган акчам жок" десем, "Акчанын мага кереги жок, жол кире берсеңер эле болду" деди. Айткандай эле бизден бир тыйын сурабай өзүнүн аракети менен чыгып кетти.
- Балаңызга колуңуз тийчү беле?
- Бир күнү Жигули машинемди эңкейишке коюп коюп, үйгө кирип кетсем, кайран балам аны жылдырып жиберген экен, алдынан тосуп, түртүп жатып араң токтотконбуз. Ушул сыяктуу шоктук кылганда менден шапалак жечү. Апасы тартипти катуу кармабаса, балким, Сыймык ырчы эмес эле хулиган болуп кетет беле, ким билет?.. Өзү ошентип чоңойгон бала эми минтип машинеден машине тандап болбой калбадыбы.
Жеңеси Асел:
"Самоордун чайын ичем деп атайын айылга келет"
- Кайниңиз менен бат эле тил табышып кеттиңизби?
- Мен жаңы келин болуп келгенде Сыймык студент болчу. Үйлөнүү тоюбузда Элмирбек досу экөө комуз менен ырдап, дастан айткандары эсимде. Кайним өзгөчө мага жакын болуп, мен ооруп калган кезде курортко алып барып, жардам берет. Абысыным экөө тең адамгерчиликтүү, жөнөкөй адамдар. Жеңе деп сыйлап турушат. Токтогулга келгенде " Самоордун чайын ичейин деп атайын шаардан келдим. Чайыңарды бересиңерби же башкасын да бересиңерби? Же кайра чай ичпей эле кете берейинби?" деп тамашалап, күлдүрүп калат.
Эжеси Мейил:
"Мени коркутуп коржик алдырып жечү"
- Иниңиз менен байланышкан кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз?
- Сыймык бир тууган байкемдин баласы болот. Ал биздин үйдө чоңоюп калды. Абдан шок болгону менен ак көңүл бала эле. Айтканды аткарбай менден көп тил укту. Бир күнү огородду сугарып, отомой болдук. Сыймык болсо мага жардам бербей коюп, мен аны уруп койсом таарынып кетип калды. Кечке чейин издеп таппай койдум. Кечинде үйгө келгенде "Сыймык, менин урганымды атамдарга айтпачы?" десем, ошону биротоло кармап алды. Мектепте да "коржик алып бербесеңиз, баягы урганыңызды апама айтам" деп коржик алдырып жечү.
Жубайы Нурзада:
"8-Мартта тамак жасап бергенди жактырат"
- Жолдошуңуздун балдарга болгон мамилеси кандай?
- Балдарга мага караганда жакын. Эркелетип, катуу кармачу жерден катуу да кармайт. Балдарым да мага караганда атасына жакын. Көчөдөн чогуу келгенде мага эмес, атасына чуркашат. Анан дагы баары тең кебетеси жагынан атасына окшош. Улуу балабыз Азамат 9-класс болду. Кыял-жоругу атасынын көчүрмөсү. Кичүү балабыз Кадыр 1жаш 3 ай болуп калды. Атасынын колунан түшпөйт.
- Байкенин казан-аякка аралашмай адаты жокпу?
- (Күлүп) Андайы жок. Бир жылда бир жолу, 8-Мартта гана ашканага аралашат. Эсимде, биз анда Көк-Жарда квартирада жашачубуз, Азамат эки жашка чыгып калган. Сыймык эртең менен эрте туруп, мен ойгонгончо баламды кийинтип, курсагын тойгузуп коюптур. Анан сосиска кууруп, үч стаканга кола куюп Азамат экөө менин ойгонушумду күтүп отурушуптур. Азыркыга чейин 8-Март майрамы сайын өз колу менен тамак жасап бергенди жакшы көрөт.
Сыймык:
"Үйдөгүлөрдү бир
уйга банкрот кылгам"
- Бала кезде шоктук кылган учуруңуздан эстеп берсеңиз?
- Ал кезде малдарыбыздын баарын жайлоого чыгарып, саап ичкенге бир уюбузду алып калганбыз. Жай мезгили болчу. Уйду жайганы барып, оюнга алаксып кетиптирмин. Уй бедеге кетип калыптыр. Бир маалда курсагы чандайып чыкты. Жүрөгүм шуу дей түштү. Эмчегине сүт толгондо ого бетер чандайып жарылайын деп калды. Үйгө келсем чоң апам жалгыз экен. Чоң апам тамдын башына чыккандан абдан коркот эле. Аны жакшы билген мен акырын тамдын башына чыгып кеттим. Уйду көрүп алып "жакшы карабайсыңбы? Тамдын башынан түш эле түш!"-деп мени тилдеп жатат. Мен болсо ачуусу тараганча түшпөй олтура бердим. Ошентип, үйдөгүлөрдү бир уйга банкрот кылгам.





Байкеси Бакыт:
"Түнкүсүн үйгө терезеден кирчү"
- Экөөңөрдүн ортоңордогу талашыңар эмне эле?
- Сыймык экөөбүз катар өсүп калгангабы, теңтуштардай болуп чоңойдук. Көбүнчөсү үйдөгү жумуштардын айынан урушчубуз. Анткени жумуш кылаарда Сыймык жеңил жагына туруп алат же болбосо бир нерсени шылтоолоп кетип калмайы бар болчу. Анан анча-мынча колум тийип калды.
- Ата-энеңерге билдирбей жашыруун иш кылчу белеңер?
- Ата-энебизге билдирбей чогуу иш бүтүргөн учурлар көп эле болгон. Сыймык балдары менен бир жакка кетип, атам тапшырган иштерди мен жалгыз бүтүрүп, экөөбүз жасадык деп айтып койчумун. Бир жолу уктап жатсам, терезе жак кылдырап жатат. Үйгө уурулар кирип келатат го деп акырын терезеге басып бардым да, "ары көздөй тумшукка урсамбы же бери көздөй тартып алсамбы?" деп ойлонуп, "эй, ким бул?" деп терезени ачсам, көзүн жалдыратып Сыймык турат. Көрсө, терезени оңойлотуп ачып койчу экен да, балдары менен түн ортосуна чейин көчөдө жүрүп, терезеден кирип жүрүптүр.
- Сыймык байкени сыртынан карагандар "бой көтөрмө" дешет. Ушул чынбы?
- Тескерисинче, адамгерчиликтүү, тууганчыл, боорукер, аракетчил адам. Чынында Сыймыкта бой көтөрүү деген нерсе болгон жок. Белгилүү ырчы болуп калганда деле айылга келгенде дос-туугандардын көңүлүн алып комуз чертип, жөнөкөйлүгүнөн жазчу эмес. Комуз демекчи, бир жолу 10-классында атты минип кетип, ошол бойдон жок. "Арык" деген аталыштагы кыштоо бар. Ошол тарапта жоон өрүктөр болоор эле. Анан кол араа менен өзү жалгыз өрүк бакты кыйып келиптир. Алып келген өрүгүн Жоодар деген таякебизге комуз чаптырткан. Комузу колуна тийгенден кийин башка ишти биротоло таштады. Иш кылып жатып эле эстегенсип, кир колу менен комузун чертип кирет да, комуздун булганган жерин айнек менен кырып тазалап, өзүнөн өзү убара тарта берчү. "Антип кирдетип, ал жерин айнек менен кырбай эле колуңду жууп, анан чертпейсиңби?" деп шылдыңдачумун.


Айнура Касымова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА БИР
КҮНДӨ БИР КИЛОГРАММ
КУРУТ ЖЕЙБИ?

2-бет
Мирбек АТАБЕКов:
"Мага иттин куйругун жабыштырып койсо деле жараша берет"

3-бет
кимдин жылдызын ким жандырган?
4-бет
Чоң апасын бир уйга банкрот кылган Сыймык
5-бет
Маалымат
6-бет
Азизбек Нурдил уулу:
"Көзү көргөн кызга үйлөнгүм келет"

7-бет
Кош жылдызга окшоп жаналы!
8-бет
Нурзатка жигити машина белек кылды
9-бет
Уланып кеткен чынжырча, сырыңды менден жашырба
10-бет
Акчаны кандай колдоносуз?
11-бет
Үч айлык баламды күйөөм басып калып…
12-бет
окумал
13-бет
"Сүйүү закымы" кинотасмасы
14-15-бет
Обон почта










??.??