п»ї

  Маалымат

Саясат
Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнө 18 жыл
Кыргызстан 1991-жылы 31-августта эгемендүү мамлекет статусун алган эле. Эгемендүүлүгүбүздүн 18 жылдыгына карата Улуттук Филорманияда өлкө башчысынын катышуусу менен салтанаттуу жыйын өттү. Бул күндүн урматына "Ала-Тоо" аянтында кыргыз эстрада жылдыздары катышкан эки концерт болуп, Жогорку Кеңештин аянтында азык-түлүктөрдүн жарманкеси уюшулду. "Ак Кула" ат майданында ат чабыш сыяктуу түрдүү оюндар көрсөтүлдү. Курманбек Бакиевди Эгемендүүлүк майрамы менен Украинанын президенти Виктор Ющенко, Белорусиянын өлкө башчысы Александр Лукашенко, Польшанын президенти Лех Качински, Индиянын мамлекет башчысы Пратибха Патил, АКШнын президенти Барак Обамалар куттукташты.

Мурат Жураев мандатын тапшырды
СДПКнын мүчөсү Жогорку Кеңештин депутаты Мурат Жураев депутаттык мандатын тапшырып, партиядан да чыгаарын билдирди. Ал мындай кадамын партиянын жетекчисинин кээ бир кылган иштерин колдобостугу менен түшүндүрдү. Мурат Жураев мандаты менен кошо иш кабинетин да бошотуп бергенин өзү ММКларга маалымдады.

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулдан келишти
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алуудан кийин жумуш ордуларына чыгышты. Сессиянын салтанаттуу ачылышында өлкө башчысы Курманбек Бакиев катышып, өлкөнү башкарууга түзүлгөн реформанын пландары тууралуу айтып берди. Депутаттар мындан кийин деле ар бир төртүнчү, бешинчи күндөрү жыйын өткөрүп, калган күндөрү кадимкидей эле иштешет.

Игорь Чудинов жолдо жүрүүнүн эрежелери тууралуу сабак киргизүүнү сунуштады
Өлкөнүн премьер-министри Игорь Чудинов окуу жылы башталганына байланыштуу мектептерде жол жүрүүнүн эрежелерин окута турган атайын сабак киргизүүнү сунуштады. Ал эми Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Билим берүү министри Абдылда Мусаевден ушундай сабактарды киргизүүнү пландаганын сурады. М.Конгантиевдин суроосуна А. Мусаев азыр ал маселе каралып жатканын, бирок, ансыз деле азыр мектептерде чече турган маселе жетиштүү экенин билдирди. Абдылда Мусаев билдиргендей, буга чейинки жылдардан бери мектептерге байланышкан маселелер дале чечилбеген бойдон калып келет. Ошентсе да жалпы жонунан 2009-2010-окуу жылына өлкөдөгү бардык мектептер даяр.





Спорт
Германияда өтө турган биатлонго кыргызстандыктар да катышат
21-сентябрдан 27-сентябрга чейин өтө турган Германияда өтө турган жайкы биатлонго Кыргызстандан да спортчулар барышат. Бул Чемпионатка катышууга жалпы жонунан отуз мамлекет билдирме ташташкан. АКШ, Россия, Щвейцария, Польша, Казахстан, Латвия, Корея жана башка бир катар өлкөлөр бар. Отуз өлкөнүн ичинен үч жүз жыйырма спортсмен катышат.

Кыргызстандыктар дефолимпиалык оюндарДА БИЗДИКИЛЕР ДА БАР
Дефолимпиалык оюндар деген- кулагы начар уккан адамдардын спорттук таймашуусу. Эң биринчи жолу мындай оюн 1924-жылы Парижде өткөн. Быйыл бул оюндар Тайванда 5-сентябрдан 15-сентябрга чейин өтөт. Тайвандын аба-ырайы, жашоо-шарты менен эртерээк таанышып, таймаштарга катышууга Кыргызстандын курама командасы аттанды. Дефолимпиалык оюндарга Кыргызстандан Арам Акопия, Асыл Жолубаев, Данияр Максат уулу, Кубанычбек Назарбай уулу, Үмүт Бектемировалар катышып, өлкөнүн намысын коргойт.

"Бишкек-Динамо" баскетбол боюнча жеңишке жетишти
Баскетбол клубунун командасы "Бишкек-Динамо" баскетбол боюнча өспүрүмдөр арасында өткөн эл аралык турнеде биринчи орунга ээ болушту. Экинчи орунга ташкенттиктер, үчүнчүгө россиялык баскетболчулар ээ болушту. Байгеге ээ болгондор медалдар менен, грамоталар менен сыйланышты.

Көк бөрүдө президенттин Кубогун ким алды?
"Ак Кула" ат майданында өткөн Көк бөрү оюнунда Бишкектин "Бөрүлү" командасы менен Таластын командасы мелдешке чыгып, 7:1 менен бишкектиктер жеңди. Президенттин Кубогуна жана бир миллион сомго "Бөрүлү" командасы ээ болду. Оюн көргөнү Курманбек Бакиев, Игорь Чудинов, Нур уулу Досбол, Данияр Усенов жана башкалар келди. Таластан келген команда Данияр Усеновдун колунан күмүш медаль жана 500 миң сом байге алышты. Оюнга жалпы жонунан тогуз команда катышышкан.



Коом
Баетов-Макмал жолундагы көпүрө курулуп бүттү
Нарын облусунун Баетов-Макмал жолунун 24-километриндеги Жамандаван суусунан өтө турган көпүрө курулуп бүттү. Нарын облусунун губернатору билдиргенине караганда, көпүрө Жеңиш, Көнөрчөк, Жергетал, Коштөбө айылдарын бириктирип, Тогуз-Торо, Ак-Талаа райондорунун тургундарынын жол жүрүүсүн алда канча жеңилдетет. Көпүрө үстүбүздөгү жылдын май айында курулуп баштаган. Анын узундугу 12 метрди түзүп, жалпы жонунан 23 миллион 699 сом акча кеткен.

Ошто Жогорку Аскер окуу жайы ачылды
30-август күнү Ошто аскер окуу жайы ачылды. Ал окуу жайга Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усөнбековдун ысымы ыйгарылды. Ачылыш аземинде 150 курсант ант беришти. Биринчи курска жаңы келген курсанттарды окуу жайдын шарты, талабы менен училищенин башчысы Абибилла Кудайбердиев тааныштырып чыкты. Окуу жайдын башчысы өз сөзүндө эки кабат имаратты оңдо-түзөө иштерине 11,8 миллион сом кеткенин белгилеп өттү.


Экономика
Кыргызстандын чыгымы 2010-жылы канчага көбөйөт?
Өлкө башчыларынын божомолу боюнча 2010-жылы казынанын кирешеси 46,6 миллиард сомго азайышы мүмкүн. Ал эми 2011-жылы болсо мамлекеттик бюджеттин кирешеси 11 миллион сомго азайып, 2112-жылы 48 миллиард сомго чыгым келет. Кыргыз Республикасынын Финансы министри Марат Султановдун айтымында 2010-жылы пенсиянын 20% мамлекеттик бюджеттин эсебинен берилип, аскер кызматкерлерине, мугалимдерге, медиктерге кошумча стаж алууга кошумча каражат сарпталып, жылдагыдан көбүрөөк акча элдин жашоосун жакшыртууга жумшалат.

Чоң-Алай районунда алтын казып алуучу комбинат курулду
Чоң-Алай районунун Кабык айылында "Интер-бизнес" кыргыз-кытай ишканасы тарабынан курулган алтын казып алуучу комбинат аягына чыкты. 2009-жылдын жаз айларында курулуш иштери башталып сентябрь айында бүтүрүүгө пландалган комбинатка азыр техникаларды орнотуп жатышат. Комбинатты курууга 8 миллион сом жумшалды.


Крим
Адамдын өмүрүнө кол салгандар кармалды
26-август күнү түнкү саат он экилерде "Туңгуч" жаңы конушунда жайгашкан вагондордун бирине төшүнөн жарадар болгон ААК "Тазалыктын" кызматкери келген. ИИМдин кызматкерлери бул ишти эртеси эле изилдөөгө алып 1971-жылкы И,Э.ни кармады. Ушул эле түнү Кемин районунуда 1989-жылкы Н.Э. кармалды. Анткени ал 1988-жылкы Керимкулов менен уруша кетип төшкө, моюнга бычак менен сайган. Азыр эки кылмышкер тең кармалып сурак берип жатышат. Ал эми жарадар болгондор жергиликтүү бейтапканаларда дарыланышууда.

Уурулукка шектүү адам кармалды
Панфилов районунун Чалдовар айылынын тургуну Уркунбаева М. 15-июнда арызы менен милицияга кайрылган. Эки күн өтпөй Панфилов айлынын тургуну М.Тумашева жылкысы жоголгонун милицияга билдирген. Эки айдан кийин гана бул уурулуктун бети ачылып, кылмышка шектүү делип ушул эле райондо жашаган Ю.Н. кармалды. Учурда ал сурак берип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эки күндүн ичинде 261 кылмыш
Республика боюнча 29-30- август күндөрү эле 261 кылмыш катталып, бети ачылган. Кылынган кылмыштын көбү Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айлында, Аламүдүн районунда болгон. Мындай рекорд өлкөдө биринчи жолу катталды. Буга чейин мынчалык көп сандагы кылмыш болгон эмес.

Мыйзамсыз мылтык менен элдин тынчын алган эргул
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айлынын Дзержинский көчөсүндө жашаган Жолдошбек Тажибаев кармалды. 1972-жылы туулган Ж.Тажибаев түнкү саат бирлерде көчөнү аралап мылтык менен ойду келди аткылап, жергиликтүү элдин тынчын алган. Отуз огу менен октолгон мылтыктын эч кандай документтери жок экени аныкталды. Аны Жолдошбек Тажибаев жөн эле колдон сатып алган. Азыр тергөө иштери жүрүп мылтык кимге тиешелүү экени такталууда. Ушул эле учурда Панфилов районунда жашаган 33-жаштагы Т.М. 1963-жылы чыгарылган мылтык менен кармалган. Милиция кызматкерлеринин изилдөөсүндө мындай мылтык өлкөдө жок. Сыягы Т.М. аны чет мамлекеттен алып келсе керек дешет ИИМдин кызматкерлери.





Дүйнө дүбүрт
Москва менен Пекин бир пикирге келишти
Черкизов базарынын жабылышы менен Москва менен Пекин мамлекеттеринин ортосунда пикир келишпестиктер чыккан эле. Эки өлкө тил табышып, кытайлыктар Черкизовдо 15 миң контейнердин ичинде калган товарларынын 95% кайтарып алышты. Мурда Россиялыктар калган товарлардын баары кайтарып берилбей өрттөлөт дешкен болчу. Азыр алар бул сөзүн кайра жокко чыгарышты. 45 миң адамды жумушсуз калтырган Черкизов базарынын ызы-чуусунун аягы эми араң кичинеден басылып келе жатат.

Орто Азиалык "Чек ара-2009" операциясы башталат
Россия, Кыргызстан, Кахзакстан, Тажикстан, Өзбекстан биргелешип "Чек ара - 2009" операциясын өткөрүшөт. Операция эки этаптан өтөт: биринчиси 10-сентябрдан 15-сентябрга чейин тажик-афган, өзбек-афган, кыргыз-тажик, өзбек-тажик, кыргыз-өзбек чек араларында өтөт. Ал эми экинчи этап 16-сентябрдан 20-сентябрга чейин кыргыз-казак, өзбек-казак, россия-казак чек араларында өтөт. Операциянын максаты, кантробанданы, баңгизатты, курал-жарак ташууну, жарандардын мыйзамсыз чек аралардан өтүүсүн жок кылуу.

Россия менен Грузиянын согушу деңизде уланабы?
Россиялыктардын кемелери Грузиянын деңиздеринде пайда болушу кайрадан пикир келишпестиктерге алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу грузиялык эксперт Ираклий Сесиашвили билдирген. Грузиялыктар азыр Россиянын барган кадамдарына жөн эле байкоо жүргүзүшүүдө. Россия эл аралык нормалардан чыкпайбыз деген сөзүнө турбаса грузиялыктар чек арасына киргени үчүн чара колдонууга аргасыз болушат.

Мас абалында рулга отургандар өлүм жазасына тартылат
Ушундай жыйынтыкка биринчи кытайлыктар келишти. Жакында эле Кытайда топтолуп турган элди мас абалында бир айдоочу койдуруп, ал жерден дароо беш адам жан берген. Мындан улам Кытайда жакынкы арада бул мыйзам кабыл алынып күчүнө кирет. Пекинде мас болуп алып машина айдагандардын саны бул жаңылыкты уккандан кийин бир аз да болсо кыскарган. Ушул айдын аягында эле мас айдоочулар менен милиция кызматкерлери мушташып 17 милиция, 6 өрт өчүргүч жабыр тартып 16 айдоочу камакка алынышкан.

А. Сабырова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА БИР
КҮНДӨ БИР КИЛОГРАММ
КУРУТ ЖЕЙБИ?

2-бет
Мирбек АТАБЕКов:
"Мага иттин куйругун жабыштырып койсо деле жараша берет"

3-бет
кимдин жылдызын ким жандырган?
4-бет
Чоң апасын бир уйга банкрот кылган Сыймык
5-бет
Маалымат
6-бет
Азизбек Нурдил уулу:
"Көзү көргөн кызга үйлөнгүм келет"

7-бет
Кош жылдызга окшоп жаналы!
8-бет
Нурзатка жигити машина белек кылды
9-бет
Уланып кеткен чынжырча, сырыңды менден жашырба
10-бет
Акчаны кандай колдоносуз?
11-бет
Үч айлык баламды күйөөм басып калып…
12-бет
окумал
13-бет
"Сүйүү закымы" кинотасмасы
14-15-бет
Обон почта










??.??