п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  талант жана тагдыр

Азизбек Нурдил уулу:
"Көзү көргөн кызга үйлөнгүм келет"
Тубаса азиз... Тубаса талант...Ушу эки ооз сөздүн каарманы Азиз Нурдил уулу менен сөз учугун баштадым. Жаш таланттын Австрияга фестивалга катышып келгени туурасында бир нече ай мурун уккан элем. Андан кийин эле биздин Көл калаабызда өткөн балдар фестивалында грамота менен сыйланып, жаш таланттын аты эл арасына жайыла баштаганда ага жолугууну туура көрдүм. Адеп Азиз менен жакындан баарлашканымда анын сөз тапкычтыгы, сезимталдыгы, адамга кандай мамиле жасашты билгени, кадыресе чоң кишилердей сүйлөгөнү мени таң калтырбай койгон жок...


- Азизбек, өзүң, ата-энең, биртуугандарың туурасында айтып берсең?
- Мен 1996-жылы Ат-Башы районунда төрөлгөм. Учурда республикалык азиз жана начар көргөн балдар жатак мектебинде 7-класста окуп жатам. Атам Нурдил жеке фирмада агент болуп иштейт. Апам болсо биздин тамагыбызды тандап жасап берген үй кожейкеси. Үч бир тууганмын. Мен үйдүн улуусумун. Карындашым Какенай 4-класста окуса, иним Нуртилек быйыл 1-класскка жаңы кирди.
- Мектепти кандай окуйсуң?
- Орус тил сабагынан гана чейректерде төрт чыгып калбаса, мактанбайын, калган сабактарым жалаң беш. Негизи мен күчүмдүн жетишинче бардык сабактарды жакшы окуганга аракет кылып турам. Ал эми география, англис тили сабактарына өзгөчө кызыгам. Кудай буюрса, келечекте мыкты котормочу болсом деген жакшы үмүтүм бар.
- А ырчылык талантыңчы? Ырчы болуп эл алдына чыккың келбейби?
- Ишенесизби, эч кандай ырчы болгум келбейт. Ырдоо - бул менин жөн гана хоббим. Капаланганда же зериккенде ырдасам өзүмдү алда канча жеңил сезип калам. Өзүңүз көрүп тургандай мүмкүнчүлүгүм чектелүү. Ошондуктан, менин жашоомо ырчылык жол туура келбейт деп ойлойм. Талаа-түздө жүрүү башкаларга оңой сезилгени менен башынан кечирген адамга кыйын эле экен. Менимче, мага туруктуу жана тынчыраак жумуш керек. Кийин өз жанымды өзүм багып кетүүгө жардамы тийе тургандай кесип тандагым келет. Мен эми кечке эле ата-энемдин көзүн карап жүрө бербейм да. Ансыз деле ата-энемдин мага кылган эмгектери өтө чоң. Андыктан, келечекте аларга жүгүмдү артпай, өз алдымча жашап кетүү мен үчүн чоң жетишкендик. Ошон үчүн азыркы учурдун талабына ылайык англис тилин, компьютерди терең өздөштүрүүгө аракеттенүүдөмүн.
- Австрияга ырдап барып келбедиңби, ушул туурасында айтып берсең?
- Австрияга барып калышыма Сейтек борборунун "Улыбка" ансамблинин жетекчиси Ирина Петровна, өзүм окуган мектепте музыка сабагынан берген агайым Дмитрий Михаилович болду. Анан албетте, мектеп директору Калиман Амановналарга ыраазычылык билдирем. Австрия мага аябай жакты. Ушунчалык маданияттуу, жетишкен өлкө экен. Чынын айтсам көп эле нерселерди айтайын дейм, бирок...
- Капаланып, ата-энеңе нааразы болбойсуңбу?
- Эмнеге нааразы болушум керек? Тескерисинче, апама ыраазымын. Башка балдардан кем кылбай багып, эмчек сүтүн берип бакканына. Өзүмдү эч качан оорулуумун деп чөктүргүм келбейт. Көзүм көрбөгөнү менен бул дүйнөнүн тиричилигин бүт жүрөгүм менен сезип жашайм. Кудайга шүгүр, башка ден соолугум таза. Эң негизгиси, карындашым Какенайга абдан ыраазымын. Ал мени тили чыккан күнүнөн тартып жетеледи. Ар дайым таягымдай жанымда азыркыга чейин калкалап жүрөт. Какенайдын эмгегин эч актай албайм го. Аябай жакшы көрөм. Телевизордо эмне болуп жатса, ошону так өзүндөй кылып сүрөттөп айтып берип, жомок китептерди окуп берип чоң жардам көрсөтөт. Анан иниме көп ишене бербейм. Анткени ал аябай тентек. Бир жолу алдап барып мени чоң аңга түшүрүп жиберген.
- Бул жашоонун тиричилигин жүрөгүм менен сезем деп атасың. Ата-энеңди кандай элестетесиң?
- Атам аябай сулуу, бою узун адам. Апам таарынып калбасын, апам дагы сулуу жан. Экөө тең мен үчүн бипбирдей. Таптакыр көрбөйм деп айта албайм, жарыкты, чоң караандарды анча-мынча көрөм. Анан үйүбүз менен окуган мектебимде эркин эле чуркап жүрө берем. Анткени ал жактарды жаттап калгам.
- Кандай кыялданасың?
- Асмандагы Айга колумду созгум келбейт. Эгер колумдан келе турган иш болсо, анан ойлонуп көрөм. Жөн эле кыялдана берсең алдыга койгон максатың алдыга жылбаса керек. Ал үчүн баарыбызга эмгек керек да. Мен эң негизгиси жакшы окуп ата-энемди уятка калтырбасам, анан иним менен карындашыма үлгү болсом дейм.
- Кийимди ким тандап берет?
- Апам өң-түсүнүн жарашыгын айтып тандап берет. А мен биринчиден синтетика эмес, жалаң пахтадан тигилген кийимдерге басым жасап кийинем. Анан алар кымбатыраак болуп калат. Ага карабастан апамдар алып беришет.
- Келечектеги жубайыңдын кандай болушун каалайсың?
- Көзү көргөн, акылдуу, ак көңүл анан боюн менден өйдө көтөрбөгөн кыз болсо дейм. Эгер мен дагы сокур кызга үйлөнүп алсам жашообуз кандай болот? Сокур сокурду жетелесе аңга барып түшпөйбү, туурабы? Ошондуктан, көзү көргөн кызга жолуксам экен деп тилек кылып келем. Калган сөздү апам менен атамдан сурасаңыз болот.





Апасы Алтынбүбү Койчиева:
"Азизбектин төрөлүшү бизге оор сокку болду"
- Азиз төрөлгөндө эле анын мындай акыбалда экени билиндиби?
- Ооба, доктурлар дароо эле кареги жок болуп төрөлгөнүн айтышты. Алардын койгон диагнозу боюнча Ат-Башыдагы радиациянын түйүлдүккө тескери таасири тийиптир. Ал күндү эстегим да келбейт. Жолдошум экөөбүзгө Азизбектин төрөлүшү абдан оор сокку болду. Көптөн күткөн тун балабыздын ушундай акыбалда жарык дүйнөгө келиши кыйынга турду. "Бул жашоонун тиричилигин көрбөй өтөбү" деп уулумду көрүп алып көп ыйладым. Ал учурдун кандай экенин мен эле сезбесем...Бирок, бала деген башкача экен, Азизимди жүрөгүм менен кабыл алып, ушунчалык жакшы көрүп бактым. Болгон мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче башкалардан кем кылбай багууга аракеттедик. Кичинесинен тартып уулумду урушмак түгүл үнүмдү бийик көтөрүп сүйлөгүм келбейт. Кыскасы, балабызга шарт түзүп берүү үчүн атайын Ат-Башыдан Бишкекке да көчүп келдик.
- Төрөлөөрү мененби?
- Жок, Азизбек 2-классты окуп калганда келдик. 1-класска киргенде өзүмдүн сиңдилеримди Азиз менен бирге койгонбуз. Аларды атайын мектептин жанына батирге чыгарып коюп, акчасын төлөп берип жаттык. Биз дагы шаарга бат-баттан каттап турдук. Эмнегедир уулубузду мектептин жатаканасына жаткырып окуткубуз келбеди. Балабыз ата-эненин мээримин көрүп чоңойсун дедик. Акыры балабыз үчүн айылдагы чоң тамыбызды сатып, Бишкектин чет жакасынан там сатып алып биротоло көчүп келдик. Болбосо айылда жолдошум экөөбүздүн тең туруктуу жумушубуз бар эле. Мен райондун акимчилигинде, жолдошум жеке фирмада кассир, бухгалтер болуп иштеп, отурукташып калганбыз. Бул жерден балабыздын келечегине пайдубал түзүп берип, башкалардан кем кылбай билим алса дегенбиз.
- Азиздин тили канча жашында чыкты?
- Алты айында эле "апа" деп чыккан. Үч жашында кадимкидей орусча, кыргызча ырларды ырдап калган болчу. Кичинесинен эле сезимтал, боорукер, абдан чынчыл болуп чоңойду. Айткан тапшырманы жарым сөздөн түшүнөт. Бир жолу Азиз үчкө чыгып , кызым жаңыдан басып калган. Бир мезгилде эле Азизбек бакырып ыйлап калды "Какенай туалетке түшүп кетпедиби" деп. Чуркап чыксак чындап кызыбыз жок. Чурулдап издеп жүрөбүз. Көрсө, ал нары жактагы короого кирип кетиптир. Азиз анын бутундагы чыйпылдап үн чыккан тапичкесинин үнү ошол тарапка кеткенин сезиптир да.
- Кандай жумуштарга эптүү?
- Кирди аябай таза жууйт. Бир дагы көйнөгүн мага жуудуртпайт. Негизи жумуш жасаганга аябай кызыгат. Аракетчил, колунан келбесе дагы кыймылдап турганды жактырат. Атасына аябай окшош.





Атасы Нурдил Карымшаков:
"Ырчылык жолду балабызга туура көрбөйбүз"
- Негизи Азизбек кичинесинен тартып ырга жакын өстү. Ымыркайында эле ырдап берип койсок кадимкидей уктап калчу. Айрыкча Токтобүбү Черикчиеванын "Карап, карап" деген ырын аябай жакшы көрчү. Ушул ырды ырдасак эле күлүп, колу-буттарын тарбаңдатып калаар эле. Чоңоюп калган кезинде бир ырды бир-эки жолу кайталап ырдап берсек жаттап алчу. Уулубуздун ырчылык талантына апасы экөөбүздүн тең ырдаганыбыз түрткү болсо керек. Апасы жаш кезинде райондо "Жаштык" ансамблинде ырдачу. Мен дагы ар кандай кароо-сынактарга катышып калчумун. Кыскасы, келинчегим экөөбүздүн талантыбыз балабызга өткөн тура. Мактаныч эмес жакшы ырдайт. Үнү бар.
- Эмнеге анан Азизбек ырчы болбойм дейт. Балким, сиздер дагы бул жолдон алыстатып жаткан жоксуздарбы?
- Башында абдан кызыгып, басса-турса сахна жөнүндө айтып калган. Анан Австрияга барып келгенден кийин эле ырчылык боюнча сөз козгобой калды. Гастролдун кыйынчылыгын сезсе керек. Анын үстүнө аны дайыма бирөө жандап жетелеп жүрүш керек да. Ошол жактарын эске алдыбы, айтор, башкача ой жүгүртүп калды. Австрияга кандай барып келгенин бизге жеткиликтүү кылып айтып бере албады. Айтымында, дааратканасында, кол жууган жерлеринде сууну кантип чыгарышты билбей убараланса керек. Ошондуктан биз дагы ырчылык сапар оор экенин айтып, кеп-кеңешибизди бердик. Чындыгында, кичинесинен тартып атак-даңкка жетишип, тээ бийиктикке чыгып алган дагы жаман. Бала кезде ар бир адамдын үнү жакшы болот. Кийин үнү сынып же турмуш шарты келбей ырдабай калса бул да өтө жаман. Бала катуу сынып калбайбы. Ошон үчүн ырчылык жолду балабызга туура көрбөдүк. Андан көрө туруктуу, өзүнө ылайык келген гана кесип тандап берсек дейбиз. Эми таптакыр ырдатпайбыз деп айтпайбыз. Жүрөгү каалаган учурларда ырдап койгонго не жетсин?!

Рахбар Алымкулова







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА БИР
КҮНДӨ БИР КИЛОГРАММ
КУРУТ ЖЕЙБИ?

2-бет
Мирбек АТАБЕКов:
"Мага иттин куйругун жабыштырып койсо деле жараша берет"

3-бет
кимдин жылдызын ким жандырган?
4-бет
Чоң апасын бир уйга банкрот кылган Сыймык
5-бет
Маалымат
6-бет
Азизбек Нурдил уулу:
"Көзү көргөн кызга үйлөнгүм келет"

7-бет
Кош жылдызга окшоп жаналы!
8-бет
Нурзатка жигити машина белек кылды
9-бет
Уланып кеткен чынжырча, сырыңды менден жашырба
10-бет
Акчаны кандай колдоносуз?
11-бет
Үч айлык баламды күйөөм басып калып…
12-бет
окумал
13-бет
"Сүйүү закымы" кинотасмасы
14-15-бет
Обон почта










??.??