сахна дүйнөсү

Кош жылдызга окшоп жаналы!
28-август күнү Улуттук Филармониянын чоң залында "Кош жылдыз" теледолбоорунун 1-туру болуп өттү. Кыргызстандын оор жүгүн көтөрүп жүргөн белгилүү жетекчи, саясатчы, тележурналисттер кыргыздын маданиятына өз салымдарын кошкон ырчыларыбыз менен дуэт түзүшүп, элге көңүлдүү маанай тартуулашты. Өмүрүндө бир да жолу ырдабаган саясатчы, жетекчилерди ырдаткан долбоор көпчүлүктүн көңүл борборунда болгон эле. Конкурстун кара кылды как жарган калыстар тобунун курамында Керим Турапов, Жамал Сейдакматова, Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков, Съездбек Искеналиевдер болушту. Бирок жаш эстрада ырчылары Мирбек менен Съездбекти эмне себептен калыстар тобунун курамына кошуп коюшкандарына залда олтурган эл да, катышып жаткан жуптар да таң калбай койгон жок. Балким профессионал ырчыларды сындаганга эки жаш ырчы татыктуу болгон чыгаар... Эмнеси болсо да конкурс жогорку деңгээлде өтүп, жыйынтыгында катышуучулар төмөндөгүдөй упайларга ээ болушту:


- Долбоорго катышып кандай кызык таптыңыз?
Турусбек: - Достор менен чогулуп калганда билген ырымды ырдап калчумун. Эл алдына биринчи чыгып ырдашым. Чындап эле азыр кызыгына кирип алдык. Даярданып, форма издегендин өзү кызык экен. Канчалык көп ырдаган сайын ошончолук ырдын маанисин түшүнөт экенсиң.


- Опера ырчысы менен эстрада ырчысынын айырмасы чоңбу?
Болот: - Айырмасы абдан чоң. Опера ырчылары көбүнчө микрофон менен ырдай алышпайт. Анткени алардын үнүн көрсөтүш керек. Эстрадада көп жылдан бери ырдай элек элем. Жаш кезимди эстеп алдым.


- УТРКны башкарган кыйын бекен же ырчы болгонбу?
Мелис: - Келинчегимдин төрөтүнө катышкандан кийин аялзатына болгон мамилем түп-тамырынан бери өзгөрүп, жубайымды жүз эселеп сүйүп калгам. Ал эми бул долбоорго катышып ырчылардын төрөтүн көрдүм да, азап экенин билдим. Профессионал күчтүү ырчы болгонго караганда Улуттук каналдын жетекчиси болгон оңойураак экен.


- Чолпон айым менен ырдаганда сүрдөгөн жоксузбу?
Сыймык: - Кандай десем? Ар бир концерттин алдында сүрдөө, толкундануу сөзсүз түрдө болот. Чолпон эже профессионал ырчы болбогону менен кесиби боюнча элдин алдында улуу адам. Эже менен дуэт ырдагандан эмес, элдин алдында эжени уят кылып койбосом экен деп көбүрөөк ошол нерседен сүрдөдүм.
- Бул долбоорго кандай максат менен катыштыңыз?
Чолпон: - Мен буга чейин кыргыз элинин элдик чыгармаларын укчумун. Долбоорго болсо Сыймыкты колдоп келдим. Ушул баланын көңүлү уланып, чыгармачылыгы бийиктеп, мындан ары дагы жакшы ырларды жаратсын деп Сыймыкка стимул берүү максатында катышып жатам.


- Долбоорго кантип кабылып калдыңыз?
Бегалы: - Мен бала кезимден бери ырдаган эмесмин. Жөн гана кыңылдап койчумун. ЖКга келгенде бир-эки жолу депутаттардын арасында "Он сегиз жаш" деген ырдын эки куплетин ырдап койсом, мени ырчы деп сөз таратып жиберишип, долбоорго туш болуп калдым. Артистердин жумушу жеңил деп ойлочумун. Абдан оор жумуш экен. Атайын эксперимент катары "мага окшогон ырга, күүгө шыгы жокторду ырдата алышат бекен?" деп сынап катышкам. Булар ырдата алышат экен.


-Буга чейин ырдачу белеңиз?
Турат: - Орусча, англисче ырдап калчумун. Бүгүн биринчи жолу кыргызча ырдап жатам. Гүлнара "Турат, мындай ырда, тигиндей ырда" деп менин шефим болду. Эми жумушумду таштап ырга кетем... Ай, албетте тамаша, тамашалап койдум.


- Манеж менен сахна окшош эле болсо керек?
Кадырбек: - Цирктен жасаган күлкүлүү оюндар сахнадан өтпөйт экен. Манежде айланып, алды-аркаң көрүнүп, оюн көрсөткөн жеңилирээк. Бизден сахнага кетип калгандар "кыйын экен" деп кайра манежге келишет.


- Кыргызча канча ыр билесиз?
Галина: - Мен кыргыздын гимнин кошкондо кыргызча 11 ырды толук билем. Мага бул долбоор аябай жакты. Атаандаштарыбыздын баары күчтүү экен. Эң негизгиси жеңиш эмес, Алтынбек менен ырдап чыкканымдын өзү ырахат.


- Орус улутундагы айым менен кыргызча ырдаган кыйын болгон жокпу?
Алтынбек: - Галина Александровнанын кыргыз тилине кайдыгер карабай, кыргызча так сүйлөгөнү мени кубандырды. Башында мен дагы "орус айым менен ырдаганда кыргыздын ө,ү, ң тамгаларын айттыра албай кыйналам го"деп ойлодум эле. Мен ойлогондой болгон жок, бир-эки ырдаганда эле шар ырдап кеттик.


- Райкан агай менен ырдаганыңызга өкүнгөн жоксузбу?
Үмүт: - Кыргызстандын көрүнүктүү өкүлү менен ырдаганыма сыймыктанам. Агайдын мыкты үнү бар экен. Өзгөчөлүгү - ушундай куракта сахнага чыгып ырдагандын өзү чоң эрдик болуш керек.


Эфирдин сүрү күчтүү бекен же залда олтурган элдин сүрүбү?
Гүлжан: - Түз эфир менен элдин сүрүнүн айырмасы деле жок. Бул жерде деле түз эфирде иштегендей байланыш болду. Ар бир эфирдин алдында толкунданып, сүрдөйм. Буга чейин бир да жолу сахнага ырдап чыккан эмесмин. Ошондуктан элдин сүрү да оңой болгон жок.


- Агай менен иштөө кыйын болгон жокпу?
Гүлзат: - Жамин агай абдан аракетчил экен. Башында берилип ырдай албай жатты эле, концертке жакын калганда окшоштуруп кадимкидей ырдап кетти. Анчалык деле кыйынчылык болгон жок.


- "Кол чабуу оңой, ырдаш кыйын" деп коюшат го. Ырдаган оңой бекен?
Эрнис: - Ырга шыктуу, слуху бар деп коёт го. Ошондой жигиттердин биримин. Бирок буга чейин сахнада ырдап көргөн эмесмин. Назелдин жардамы менен сахнага кантип чыгышты, ырдаганды үйрөндүм. Таптакыр кыйын дегенден алысмын, үйрөнсө ырдаган деле оңой эле экен. Эми калыстар тобу жыга чаппаса, буйрукту көрөбүз да.


- Долбоордон кийин ырчыларга кандай колдоо көрсөтөйүн деп жатасыз?
Бакыт: - Долбоорго катышканыма өкүнгөн жокмун. Азыр депутат кесиптештерим да концертти көрүп, залда олтурушат. Жумушка чыкканда маданият боюнча мыйзам каралса, мен сөзсүз түрдө колдойм. Анткени ырчылардын жашоосу, турмушу менен таанышып, өз көзүм менен күбө болдум.


- Микрофон кармаганыңызга эмне түрткү болду?
Досаалы: - Жан-дүйнөң кыйналып турганда ырдаганга не жетсин? Мурда ырдап калчумун, бирок кыргыздын примадоннасы менен ырдоо өзгөчө сыймык экен.


Айнура Касымова