Шоу-дүйнө

"Обон" шоу-таймс

Нурзатка жигити машина белек кылды
Өзгөчө үнү менен башкалардан айырмаланган Нурзат Садыковага август айындагы туулган күнү менен куттуктап кең пейил жигити ак түстөгү "Мерседес 180" үлгүсүндөгү темир тулпарды тартуу кылды. Буга чейин бир да жолу рулга олтурбаган айым жүрөгү жарыла сүйүнүп, машинасын тындырбастан чимирилте айдап, үйрөнүп жүргөн чагы.


"Жыйырманчы жаз" ыр тандайт
"Жыйырманчы жаз" көркөм тасмасы күркүрөгөн күз айларынын биринде киносүйүүчүлөргө тартууланат. Режиссёр Алим Токторовдун айтымына караганда, фильмдин үн жаздыруу дубляждары аяктап, кастингден өткөн саундтректерди тандоо башталат. Махабат, жаз, жамгыр темасында жазылган ырлардын авторлору кинонун режиссёруна кайрылып, учурда ырларга тандоо жүрүүдө.


Мирлан жер там издейт
Ырчы Мирлан Жетигенов 1993-жылдан бери Аламедин-1 кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде бешинчи кабатта жашап келген. "Ушунча жылдан бери этажда жашап, кадимкидей жер үйдү сагындым. Жер үйдө кыйкырып ырдасаң да, конок чакырсаң да сени менен эч кимдин иши жок" деп ырчы учурда бассейини бар, чоң жер там издеп жүргөн кези.


"Айтыштын" жеңүүчүсү аныкталды
Ар жыл сайын эгемендүүлүк күнүнө карата президентибиз ак таңдайлардын "Айтыш" фестивалына байге коюп келет. Бул жылы да төкмө акындардын жарышы 28-29-августта Ош шаарынын драма театрында болуп өттү. Акындардан озуп Гран-приге коюлган
200 миң сомду Аалы Туткучев, 1-орун 100 миң сомду Азамат Болгонбаев, 2-орун 70 миң сомду Жеңишбек Токтобеков жана
3-орун 50 миң сомду Элмирбек Иманалиев жеңип алды. Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыктар да тапшырылды. Сыйлыктарды Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу, Маданият жана маалымат министри Султан Раев, "Айтыш" коомунун президенти Садык Шернияз тапшырды. Мындан кийин "Айтыш" Кыргызстандын бардык дубандарында өтүп турмакчы.


Эрлан ата-энесинен аккордеон белекке алды
Майкл Джексон менен бир күндө төрөлүп, аны кумир туткан ырчы Эрлан Андашев 29-август туулган күнүндө ата-энесинен аккордеон белекке алды. Жандуу үнү менен ырдаганды жактырган Эрланга бул күтүүсүз белек болду. "Аккордеон сатып алууга алты айдан бери аракет кылып, акча чогултуп жүргөм. Анан минтип көктөн издегеним жерден табылбадыбы?!"-дейт ырчы. Балким мырза аккордеонун колунан түшүрбөй жүрүп, кыргыздын Майкл Джексону болуп кетсе кана?..


Кездемеге сүйүүсүн билдирген күйөрман
Убакыт өткөн сайын күйөрмандардын ырчыларга арнаган белектери оригиналдуу болуп баратат окшобойбу. Мындай өзгөчө белекке Айгерим Расул кызы "Салам Кыргызстан" аттуу концерт убагында туш болду. Тактап айтканда, белгисиз бирөөлөр ак түстөгү капрон кездемеге жазылган 1метр катты белек кылышкан. Катта Айгеримге арналган жылуу сөздөр, сүйүү темасындагы ырлар жазылган экен. Бул туурасында ырчы: "Кездемеге оңой менен сыя жукпай турганы байкалып турат. Кантип жазып чыкты экен?" деп башы катып, алигиче таң калууда.


Бактияр жердештеринен бата алат
"Биз" тобунун жетекчиси Бактияр Токторов кыздарын мектепке даярдап, санаасы тынгандан кийин туулуп өскөн айылы Лейлекти көздөй бет алды. Эгемендүүлүк майрамына карата уюшулган лейлектиктердин концертине өзүнүн жаңы ырларын жана "Лейлек, Лейлек" деп Лейлекти даңазалап ырдаган ырын тартуулап, жердештеринен бата алып келет экен. Аны менен бирге өзгөчө сценарийди чагылдырган оригиналдуу клип тартуунун алдында турат.