Билгениң оң

Үй-бүлөлүү менен бойдок эркектерди кантип ажыратууга болот?
Мырзалар менен таанышканда бийкечтер биринчи сырткы келбетине, анан колундагы нике шакегинин бар же жок экенине көз жүгүртүшөт. Бирок жаңы таанышкан адамыңыздын үй-бүлөлүү же бойдок экенин ажыратып билүү үчүн бул эки нерсе жетишсиз. Андыктан төмөнкү макалага көз жүгүртүңүз.


Бойдок эркектерге карганда үй-бүлөлүү эркектер алда канча сөзгө чечен келишет. Алдыңызда отурган мырзаны сынап ар кайсы жагынан чыгып түрдүү суроо берсеңиз болот. Бойдок жигиттер кандай болгон күндө да дүйнө таанымы баарыбир бир чекитке келип такалат. Статистика боюнча үй-бүлөлүү эркектердин сөз байлыгы бойдокторго караганда үч эсе көп болот.

Үй-бүлөлүү эркектер сырткы келбетине дайыма кылдат мамиле жасашат. Бойдоктор канчалык өзүн караганы менен сырткы келбетинен сөзсүз майда бир кемчилик табууга болот. Мисалы, бут кийими костюмуна айкалышпай калат же болбосо көйнөгүнүн көрүнүктүү эле жеринде топчусу жок болобу, айтор, кылдат көз жүгүртүп көрсөңүз сөзсүз бир нерсеси чыгат. Бойдок эркектер аялдын көзүнө дароо илинчү майда-барат көрүнүштөргө маани беришпейт.

Уюлдук телефонуна бирөө-жарым чалып калса, отурган жерде байланыш жакшы эмес экенин шылтоолоп четке чыкса да шектенүүгө жөн бар. Ал сизге чөнтөк телефонун карматкысы келбесе, демек, сизден жашыра турган сырлары болушу мүмкүн.

Бойдокторго караганда үй-бүлөлүү эркектер таанышкан айымын эртерээк төшөккө сүйрөгөнгө аракет кылышат. Аялынан көрбөгөн мамилени сизден издеши күтүлөт. Алданбай аны убактылуу болсо да алыскы аралыкта кармай туруңуз.

Үйбүлөлүү эркектер киши көп жерден качып ээн жайларда отурганды каалашат. Муну ал "сүйлөшкөнгө эч ким тоскоол болбош үчүн" деп түшүндүрүшү мүмкүн. Таанышканыңарга аз убакыт болсо да сиздин үйүңүзгө конокко барганды эңсеп калат.

Болбой эле үйүңүзгө келип дааратканага кирсе, унитазды сөзсүз жаап коюшат. Ваннага түшсө чачыраган сууну сүрүп, артынан тазалаганды милдет катары кабыл алышат. Анткени аялдары майда нерселерден өйдө кулагына кумдай куюп үйрөтүшү мүмкүн.

Сүйүктүүңүз сизге кандай белектерди берээрин эске алыңыз. Дайыма гүл береби же белектерди түрлөп бергенди жактырабы? Анткени бойдок эркек өзүнүн акчалуу экенин кандай жол менен болбосун көрсөтө алат. Үй-бүлөсү барлар бир же эки жолу гүл белек кылуу менен чектелиши мүмкүн. Себеби үй-бүлөлүк бюджетте акча-тыйындын эсеп-чоту аялынын колунда болоору айтпаса да белгилүү.

Сыноо үчүн ага белекке атайын кийимдерден же ачкычка тага турган жүрөкчөлөрдөн сатып берип көрүңүз. Кастарлап берген белегиңизди жанынан чыгарбай, берген кийимиңизди үстүнөн түшүрбөй кийип жүрсө, бойдок деп ишене бериңиз. Эгер белектер дайынсыз жакка жоголсо баары түшүнүктүү...Үй-бүлөсү бар мырза сиз алып берген кийимди кантип үйүнө алып бармак эле? Бир-эки жолу аялын алдап "сатып алдым" деши мүмкүн, бирок, өмүр бою антип калп айта албайт.

Сүйүктүүңүз кайсы жерде иштеп, канча айлык табаарын, кайсыл аймакта жашап, үй телефонунун номери канча экенин сизге айтып так маалымат берди беле? Таанышканыңарга үч айдын жүзү болсо да жигитиңиз болбогон майда көрүнүштөрдү табышмакка айландырса, анда бир мандем бар.

Аялы бар эркек бойдокко караганда турмушта аздыр-көптүр тажрыйба топтоп, адамдарды уга билгенди үйрөнгөн. Жигитиңизди текшерип ар кайсы темада сүйлөшүп көрүңүз. Учурда кандай чач жасалга модада экенин, бийик таканын ден соолукка канчалык зыян экенин же болбосо аялдар төрөттөн кийин кандай өзгөрөөрүн кызыгып сиз менен бирге талкуулай баштаганын байкасаңыз, жакшылап ойлонуп көрүңүз.

Майрам күндөрү бир жакка барып келели деген сунуш киргизиңиз. Үнү өзгөрүлөбү же эмоцияга алдырабы дароо байкап көрүңүз. Болбогон куру шылтоону айтып жумушунун көптүгүн бетине кармаса, шектенүүгө жөнүңүз бар.

Кандай жол менен болбосун уюлдук телефонун алып, сиздин атыңыз кантип сакталганын, сиз жиберген SMSтер сакталуубу же өчүрүлгөнбү ошого көңүл буруңуз. Анткени сиздин чын дилиңиз менен жазган сүйүү каттарыңызды сактабаса, ага олуттуу себеп бар.