п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Жандүйнө ыйы

Бактылуу болом дечү эле…
- Алло, ооба, мен Тумардын апасы болом. Ыя?! Кайра кайталачы? Жүрөгүнөн?! Кандайча ооруканада, кайсы ооруканада?!-улгайып, чачын буурул басып, жүзүнө карылыктын бырыштары каршы- терши чиймеленген аялдын телефондун трубкасын кармаган колу калтырап, сүйлөй албай туттугуп туруп калды.
- Ыя, Айша, ал ким экен, эмне дымың чыкпай калды?-деп ашканадан жайбаракат чыга келген кошунасы аялдын түрүн көрүп катуу чочуду. Калдастап шашып кайра артына кайрылып суу алып чыгып жүзүнө сээп, "иччи" дегендей чыныны оозуна алып барды. Көздөрү аңтарылып, өң-алеттен кетип, нес тийген немедей олтуруп калган аял сууга эрдин тийгизе, "өх!" деп оор үшкүрүнүп алып:
- Мен билге-ем ! Акыры түбүнө жетээрин билгем! Айткам жакшы эле, укпай койбодубу! Карабайсыңбы, жүрөгүнөн приступ кармап тез жардам менен ооруканага жеткирилди деп жумушунан чалып жатышат. Каапырдын көзү жаман, адамды теше тиктейт, бул кебетеси менен сени жыргатпайт, күйөө болуп жарытпайт дегем! Ойносоң ойноп, жүрсөң жүр,бирок тийбей эле кой десем , "сүйөм" деп болбой койбодубу. Шордуу кызым ай, мына эми жаштайынан…. Отуздан эми өтсө каяктан жүрүп жүрөк оорулуу болот?! Жанагы эри эле кылды!..
- Койсоңчу, зымга тарткандай керилген жакшынакай күйөө балаң бар го? Көрүп -билип эле жүрбөймүнбү. Ашыкча эле бирөөнүн күнөөсүн көтөрө берген деле болбойт,- демиш болду кошунасы. -Балким жумушунан бир нерсе болуп кыйналган чыгаар?
- Жо-ок, сыртынан зымпыйганы менен ичинде эмне жатканын сен кайдан билмек элең?! Тигине, Айка туулган күнүн Көлдөн курбулары менен өткөрүп келейин деп чырылдаса да болбой , жибербей коюшпадыбы. Өзүбүз менен барып эс алдың ошол жетишет, туулган күндү үйдөн эле белгиле дешип. Өгөй аталык кылды да, өз болсо ошентет беле? Кой, кыздарынын алдында шагын сындырбайын дебейт беле?!.Тапкан шылтоолору жаш кызды жалгыз жиберген болмок беле деп коюшту. Кызым да күйөөсүнүн сөзүн сүйлөп "Апа, сиз Айканы өтө эле ашыкча эркелетип, тарбиялап жатасыз" деп калыптыр болчу. Күйөөсүнө эмне, кызымдын тапкан акчасын жалгыз кызынан аяп, таап айткан акылын карабайсыңбы?
Ал тургай үй алышты да күйөөсүнө каттатып койду. "Мага эле каттатсаңчы, кийин да алда кандай болуп кетет" десем көгөрүп, көнгөн жок. "Жакшы ой менен жаңы жашоо баштап жатам. Суранам, кийлигишпеңизчи? Үйдү ага жазып берсем, үйдүн ээси катары өзүн жакшы сезип ортодогу ишеним артат, турмушубуз бекем болот" деген эле жүрөгү ак кызым.
И-иий, күйгүзөт да, күйгүзөт. Үй ээси дегендей эркек болсо аялынын акчасын аңдып, күч күйөө болуп жашайт беле?!
- Эмне, иштебейби?
- Ой , иштейт эле аты бар. Бир жерде кароолчулардын башчысы имиш. Кароолчу кайсы кыйраткан акчаны тапсын?! Деги кайсы бирин айтайын? Кой Какиш, мен кеттим, салаттарды эми өзүң жаап , бүтүрүп кет.Ачкыч тигине, Айка же балам келсе берип коёрсун? - Акырын ордунан туруп кийинип, сыртка чыга жөнөдү. Энелик жүрөгү менен кызына кечигип бара жатканын сезип- туйгансып алып учуп, ашыгып жатты…
ххх
- Ооруканадан үзүлүптүр. Апасы күйөө баласын күнөөлөп жатат. Азыр бара көрөлүчү …- деген тергөөчү практикант кесиптешине жолду катар билген-уккан маалыматын божурап айтып келди.
Үч бөлмөлүү, жакшынакай жасалгаланган үйдө күтүп алган күйөөнүн түрүнөн чындап эле кейип, аза күтүп турганын көрүүгө болот эле.Көздөрү кызарып, асты шишимик тартып, сакал муруту өсүп, чачтары уйпаланган.
- Боюндагы балаңар эркек экенин билдиңер беле?-деди тергөөчү күйөөнү сынай тиктеп.
- Жок, сага сюрприз болсун деп айтпай койгон. УЗИге кечээ жакында эле түшүп, доктуруна да көрүнүп келген болчу. Анткени, кийинки күндөрү жүрөк тушум сайгылашып , демим кысылып кетчү болду дегенинен "тез көрүн" дегем. "Баары эле жакшы. Ичип жүргөн дарыларыңды үзбөй иче бер" дешти деп келген.
- Кайсыл дарылар, бүт берсеңиз, алып кетиш керек?
- Көбүнчөсү эле боюнда барлар ичүүчү витаминдер, чөптөр эле.Кечээ кайненемдер келип кийим, буюмдарын алып кетишкен болчу. Ал кишиден сурасаңыз ?
ххх
- Тигине алып келген боюнча бурчта турат, ачып ирээттегенге жүрөгүм да дааган жок. Даарылары ошол баштыктын ичинде болуш керек,- деди жүрөк тушун мыкчый кармап , кара жоолук салынып, кайгыга чөккөн апасы. - Мен айтып жатам го жанагы күйөөсүн эле сурагыла, камагыла. Үй ага жазылган. Кызымдын каткан-куткан акчасы, алтын-палтынын да ошол билет. Өзүнөн беш жаш улуу, колун байлаган кызы бар келин менен жашап эмне кылсын?! Келесоо беле, жок кылып тынайын деди да, бештен белгилүү болуп турбайбы.
ххх
- Кандай, Тумар, ден-соолук, иштериң жакшыбы? Айка кандай, жолугушпайлыбы?-деген мурунку күйөөсүнүн үнүн угуп ишенээр ишенбесин билбей селейип калды. "Телефон номеримди каяктан, кимден алды болду бекен?" деген ой кетти. Жети жыл мурун кызы 1-класска киргенде "башка аялды жакшы көрүп калдым, эркек балам да бар" деген күйөөсү кийимдерин чогултуп алып дарек-дайыны жок кеткен.Канчалык күйүп түтөгөнүнө карабай намыстанып издеп да барбады. Апасы какшап "алимент кыйдырып ал " дегенине да көнбөдү. Себине келген кийим тиккен машинеси менен ар кимдин көйнөгүн тигип, кызын бакты. Жашап турган квартирасынан да кетип ,апасынын бир бөлмөлүү үйүндө иниси болуп, төрт баш киши жашап турушту. Жылдар өтүп менчик кийим тиккен цех ачты, бутуна турду дегендей. Азыркы күйөөсү Эсентурга эки жыл мурун жолуккан. Канча каршы болуп какканына карабай көлөкөдөй ээрчип жүрүп акыры багынтып алган эркектин жүрөгүнө башын жөлөй:
- Эсен, ишенейин ээ? Эркек аттуудан жүрөгүм муздап, эми койнума эч кимди киргизбейм деп жүрчү элем. Беш жашка да кичүүсүң?! -деп келе жатканда алаканы менен оозун жаба калган Эсентур :
- Ушул беш жаш дегениңди экинчи укпайын! Сүйүп калдым.Өмүр бою сага жөлөк болуп, сүйүп жүрүп өтөйүн!- деген карылуу кучагына кысып, чачтарынан искей, алкымынан аймалай өпкүлөп.
Турмушундагы ушул урунттуу учурлар көз алдынан чууруп өттү.
- Алло? ! Тумар, эмне унчукпай калдың? Күткөн жок белең? Күтүүсүз түшкөн кардай болдум го ээ? Чыга кал, жумушуңдун жанындагы кафеде олтурам. Кызымды сагындым, көргүм келет. Ал азыр кайда?- деген үндөн ичиркене трубканы шарт коюп салды да, "мени алып кетчи" деп күйөөсүнө чалды сыр бербей.
Эки күн өтпөй Эсентур жумушка кетээри менен эшигинин коңгуроосу кагылды. "Бир нерсесин унутуп койгон го" деген ойдо каалганы шашкалактай ача салып катып калды. Кайра жабууга үлгүргөн жок.
- Эмне качасың, же күйөө сөрөйүң кызганабы? Сүйлөшүп коёюнбу? Ыя?- деген эркек качыра кирип түз эле ашканага өттү.-Сенин тамагыңды аябай сагындым. Кана, эмнең бар, алып келчи.
- Эми эмне келдиң?! Сага эмне керек? Айканын атасы бар, кызым сени тааныбайт, көргүсү да келбейт. Бизди жайыбызга жөн кой,-деп катуу айтты Тумар.
- Ошондой де! Ойлонуп көрөйүнчү? Андай болсо-о менин айткан шартыма көн, экинчи жолуңдан кезикпейм деп эркекче сөз берем. Антпесе, Айканын атасы мен экеним жалганбы?!
- Жок, кызымдын тынч жашоосуна бүлүк салып, баланы ойго салба, ансыз деле өспүрүм курагы оор өтүп, мүнөзүн түшүнүп болбойт же таенеси үйрүлүп түшүп ашыкча эркелетип жатабы, билбейм? Эми орто жолдон сен чыксаң?.. Эмне десең берейин?- деп жалдырап жиберди эле эркек ыраазы болгондой:
- Баяле ошентпейсиңби… Мм.. беш миң доллар, жо-ок мен аталык укугумду ошончо арзанга баалаймынбы?! Он беш миң бер, экинчи мени көрбөйсүң.
- Акмак! Менин анча акчам жок . Азыр чыгып кет! -Тумар титиреп кетти.
- Мейли, өзүң бил, сенин колуңда жүргөн кызыбыз эми менин колумда өссүн. - Мыйыгынан жылмайып, табалагандай , тапкан акылына маашыр болгондой олтурду.
- Жок! Андай болбойт! Айттым го менде азыр анча акча жок. Анан да сен менден дагы акча сурабай турганыңа ким кепил боло алат?! Эмнеге, эмнеге мынча ташбоор, кайрымсыз адам болуп калгансың?!
- Эч ким кепил боло албайт, ишенсең ишен, ишенбесең бүгүн Айканы мектебинен алып кетем. Соттошсом да алам. Же, кайра кайрылып келсем кабыл аласыңбы? Бир кезде сүйгөн элең го?- деп дагы бир топ сөздөрдү айтып, эки жума убакыт белгилеп кандай келсе ошондой жок болду.
Тумардын тынч жаткан жан дүйнөсүнө дүрбөлөң түштү. Канча жолу Эсентурга айтайын деп оозун камдап, өзүн даярдап, кайра айныды. Экөө бири-бирине өчөгүшүп бир кырсык болуп кетпесин дейт. Мурунку күйөөсү эки күндүн биринде "акча, акча" деп телефон чалып, сураганынын беш миңин алган соң бир аз тынчып калгансыды. Он күн өтпөй кайра үйүндө пайда болду. "Күтө тур, цехимди сатып жатам" деп ачыгын айтты. Ошондой күндөрдүн биринде ашканада ээн жайкын отуруп, муздаткычтан каалаган тамагын алып ичип, көзүн кылгырта олтуруп кетүүчү эркектин көзүнө Тумар ичип жүрүүчү дары-дармектер урунду. Оюна арам ой кылт этип "менден башка эркектен бала төрөбөсүн" деген ич таарлык менен кийинки келгенинде Тумардын ичип жүргөн витаминин алмаштырып, ордуна боюна болтурбай туруучу дары салып кеткенин келин билген жок. Ошол учурда Тумар кош бойлуу экенин эркек кайдан билсин?! Ою ордунда болбогон неме башка дарылары менен кошо күнүнө үч маал ичип жүрө берди. Акыркы күндөрү өзүн алсыз сезип , акырында курбусу менен кеңешпесе болбой турганына көзү жетти. "Милицияга билдир, Эсентурга айт" деп чыкты курбусу. "Мен чууну каалабайм, ошентсем эле ал мени жөн коёт дейсиңби? Бир күнү Айканы уурдап кетсе эмне болот?! " деп көңүлү чөгүп кайтты.Жумушуна келип жүрөгү болуп жаткан окуяларды көтөрө албай, ичиндеги өсүп жаткан баласына, өзүнө, бойго болтурбай туруучу дары да терс таасирин тийгизип жыгылып калды. Тез жардам тез алып келгени менен ак халатчандардын жардамы тийген жок. Чарчаган жүрөк кагуусун эбак токтоткон эле.
ххх
Экспертизанын жыйынтыгы менен, даарылардын арасындагы бир витамини башка болуп табылды. Бул иштин түйүнүн кай жактан таап чечээрин билбей күнөө күйөөсү тарапка ооп жатканда апасы алып кеткен буюм тайымдардын ичинен күндөлүгү табылды. Бүт жазыптыр. Акыркы эки ай ичиндеги муң сырын ак баракка айтыптыр.
ххх
- Мага айтпайт беле, мен билсем гана?!- деген Эсентур жанын коёрго жер таппай,турган оордунда тегеренип кетти. - Мен аны жердин жети катар түбүнө кирип кетсе да табам!. Тумар үчүн, төрөлбөй калган уулум үчүн ал мага жооп берет! Издөөгө бердик дештиби, алар тапканга чейин өз колум менен !..- деген Эсентур үйүнүн ачкычын кайненесине таштап, көзүнө жаш ала коштошту.
Аздек Намазбекова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
КЕРИМ ТУРАПОВ ӨМҮРҮНДӨ КЫЗДАРГА КАТ ЖАЗГАН ЭМЕС
2-бет
Назми:
"Талант мени 13 жыл жан сакчыдай кайтарып жүрдү"

3-бет
Жөө жүргөндөр жана төрт дөңгөлөктүн үстүнөн түшпөгөндөр
4-бет
Жаргылчак
5-бет
Өлкө башчы АКШнын аскердик аба күчтөрү борборуна баш багат
6-бет
Дасторкон ажары
7-бет
Жыйырма беш чакырымды жөө баскан
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылкы башын тарта албай, жылдыздарга туш келдик
10-бет
Үй-бүлөлүү менен бойдок эркектерди кантип ажыратууга болот?
11-бет
Бактылуу болом дечү эле…
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Кристина орбакайте баласынан айрылуу алдында турат
14-бет
Обон почта










??.??