п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Атактуулар ааламы

Кристина орбакайте баласынан айрылуу алдында турат
Дүйнө жүзүнө белгилүү примадоннанын кызы Кристина Орбакайтени тааныбаган жан жок болсо керек. Өмүр таржымалы татаал ырчы учурда башынан кыйын күндөрдү кечирип жатат. Кристина Орбакайтенин буга чейинки басып өткөн жолу, өмүр таржымалына көз жүгүртүп чыктык.

Жеке жашоосу
Жогоруда айтып кеткендей Кристина Орбакайтенин жеке жашоосу өтө чийеленип татаалдашкан. Владимир Пресняков менен бала кезинен чогуу ойноп чоңоюп экөөнүн балалык достугу сүйүүгө айланган. Он алты жашка чыкканда Кристина апасына Пресняков менен жашайм деп жар салат. Төбө чачы тик турган примадонна үй-бүлөлүк жыйын өткөрүп анда эки жаштын тагдыры чечилген. Ошентип, экөө жарандык никеде эки жыл жашагандан кийин Никита аттуу уулдуу болушат. Ал кезде Владимир Пресняковдун ыргыткан ташы жогору кулап, гастролдорго тынбай чыгып жүрсө Кристина кичинекей баласы менен үйдө отурчу. Ошондой күндөрдүн биринде Кристина да ырчы болом деп апасынан жардам сурайт. Чыгармачылык жактан Кристина Орбакайтеге көп ийгиликтер жылмайганы менен жеке жашоосу кыйрай баштаган. Анткени, Пресняков Кристинанын ырдап чыгышына караманча каршы болгон. Үйдө уруш талаш күчөгөндөн күчөп отуруп 1996-жылы эки жылдыз эки башка жолго түшүшөт. Ажырашкандан кийин деле Пресняков кайын энеси Алла Пугачева менен жылуу мамиледе калган. Ал эми жубайы менен жолуккан жерден да учурашпай, баласы Никитага байланышкан маселелер болгондо эле сүйлөшөт. Негизи Владимир Пресняков Игорь Сарухонановдун аялы Лена Ленская менен ысык мамиледе жүргөнү да аялын таштоого себеп болгон. Анткени Кристина күйөөсүн Лена менен кармап алган дешет. Учурда Пресняков Лена Ленская менен жашайт.
Андан кийинки экинчи жарандык күйөөсү Чеченстандын тургуну жеке ишкер Руслан Байсаров. Көп өтпөй эле ММКларга Кристина Орбакайтенин боюнда бар деген аңыз кептер тараган. Бул тууралуу ырчы эч кандай комментарий бербегени менен аз убакыттын ичинде эле шибегени капка ката албаган сыяктуу анын айыбы билинген. Руслан Байсаровдон 1998-жылы Дэни аттуу уулдуу болгондон кийин деле экөө никесин мыйзамдаштырышкан эмес. Жашоосу бир нукка түшүп баштаганда Русландын "өнөрлөрү" четинен чыга баштайт. Кристина Орбакайтенин айтуусуна караганда Руслан аны кызганып кол көтөрүп сабайт. Эки башка улуттун өкүлдөрүнүн тил табышуусу кыйындап Кристинаны Русландын туугандары кабыл алышкан эмес экен. Күйөөсүнүн кол көтөргөнү, кайын энесинин мамилеси кошул-ташыл болуп отуруп ырчы жашоодон дагы бир ирет жаңылганын түшүнүп, экинчи күйөөсүнөн да кол үзгөн. Кээ бирөөлөрдүн билдирүүсүнө караганда Руслан Байсаров он тогуз жаштагы моделди сүйүп калып Кристинага "ажырашалы" деген сунушту биринчи киргизген.
Көпкө чейин жеке жашоосуна басым жасабай болгон күчүн чыгармачылыгына жумшап ошол жылдары Кристина Орбакайте бир топ эле ийгиликтерди багындырган. Мындан эки жыл мурун гана Игорь Николаевдин туулган күнүн Майамиде өткөрүшүп, ал жерден Михаил Земцов деген жеке ишкер менен таанышкан. Михаил Земцовдун Майамиде үйү, Америкада клиникасы бар. Россия менен Американын ортосунда өнүккөн махабаттын аягы баш кошуу менен аяктаган. Экөө азыр убактысынын көбүн Америкада өткөрүшүп Россияга анда-санда эле келишет. Белгилей кетчү нерсе, Кристинанын да Америкада үйү бар. Жакын аранын ичинде түгөйлөр биротоло АКШнын жарандары болушат. Азыр ал Земцовдон да балалуу болгусу келет. Алла Пугачева да "ар бир күйөөсүнөн бирден бала төрөмөй менин кызымдын адаты" деп бекеринен айтпаса керек.
Ырчынын кастары менен достору
Авраам Руссо менен дуэт ырдап, чогуу иштешип жүргөнү менен учурда Руссо Кристина Орбакайтенин душманы. Кремлде Алла Пугачева уюштуруп берген концерти аншлаг менен өткөнү көпчүлүккө маалым. Концерт учурунда көрүүчүлөрдүн бири сахнага чуркап чыгып: "Кристина Орбакайте фонограмма менен ырдап жатат" деген жалаа койгон. Кийинчирээк бул көрүнүштү Авраам Руссо уюштурганын билгенден кийин ырчы аны менен бет карашпай калган. Ошондон кийин "Авраам Руссо менин №1-душманым" деп келет.
Жакында эле сүрөтчү Вера Донская-Хилько өзүнүн эмгектерин элге тартуулап презентация уюштурган. Анын сүрөттөрүнүн биринде Кристина Орбакайтенин жылаңачтанып, башында куштардын канаттарынан жасалган таажы кийип отурганын көрүүгө болот. Мындай шылдыңы үчүн ырчы аны сотко берип, сот процесси Кристинанын пайдасына чечилген. Айрым сөздөргө ишене турган болсок сүрөтчү менен ырчынын тээ илгертеден бери тамырлап келе жаткан таарынычтары бар экен.
Ал эми жакын достору тууралуу айта турган болсок, эң биринчи ал апасын эң жакын досум деп эсептейт. Андан тышкары Игорь Николаев жана Максим Галкин менен жылуу мамиледе.
Орбакайте
жасаткан операция
Кристина Орбакайтенин жеке жашоосуна, апасы менен болгон мамилесине байланышкан ушактардын аягы анын сырткы келбетине, жасаткан операцияларына келип такалат. Ырчы пластикалык операцияларга каршы туруп, көп эле достору "мурдуңдун формасын өзгөрт" деген сунуштарды айтып келсе деле кулак түргөн эмес. Экинчи альбомунун презентациясы болуп жатканда (анда экинчи күйөөсү менен жашачу) грим жасоочу бөлмөдөн Руслан Байсаров аны кызганып, экөө уруша кетип күйөөсү анын мурдун сындыра койгон. Ошондон кийин Кристина Орбакайте мурдуна ринопластика жасатат. Операцияны Алла Пугачеванын эски досу хирург Артур Рыбкин жасаган. Жакынкы күндөрдө ырчы төшүнүн көлөмүн биринчиден үчүнчү өлчөмгө чоңойто турган операция жасатат деген имиштер бар.

Талашка түшкөн Дэни
Башка күйөөлөрүнөн айырмаланып Руслан Байсаров ырчыга көп түйшүк тартуулап келет. Үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда ал уулу Дэнини Кристинадан алып кеткен бойдон бербей жатат. Себеби, буга чейин ырчы Руслан Байсаровго баласы Америкадан билим алаарын, убакыттын өтүшү менен ошол өлкөдө жашап калаарын билдирген. Буга Руслан караманча каршы болуп баланы талашканга өтүптүр. Экөө тил табышып акырында Руслан Кристинаны сөзгө келтирип "балам жайкы каникулду мени менен өткөрсүн" деп суранып алып кеткен. Көрсө, Руслан Байсаров аны алдап баласынан ажыратууну чечкен. Дэни жайлата Чечченстанда болуп, азыр атасы менен Москвага келди. Руслан Байсаров аялына телефон чалып мындан ары баланы өзү тарбиялаарын, Америкага эч убакта жибербесин билдирген. Мындайды күтпөгөн ырчы азыр кимге кайрылаарын билбей турган чагы. Кристинанын кайын энеси Касират Байсарова да келинине чалып "Убара болбо, баланы өзүбүз тарбиялайбыз. Соттошсок да Дэнини алып калабыз. Сенин балага берген тарбияң бизге жакпайт" деген экен. Ал эми ырчынын айтуусунда Руслан Байсаров балага татыктуу тарбия бермек тургай бир жылдан бери алимент да төлөй элек. Баланы он эки жашка чыккандан кийин энесинен ажыратып алуу-чечендиктердин салты экенин билдирген. Учурда бул чыр-чатактын айынан Алла Пугачёванын да ден-соолугу бузулуп жатат. Кристина уулу менен акыркы жолу 29-августта телефондон болгону беш гана мүнөт сүйлөшкөн. Азыр ырчы болгон соттун эшигин каккылап калыстык издеп жүргөн чагы. Кандай жол менен болсо да баласын кайтарып алууну максат кылган Кристина Орбакайте буту күйгөн тооктой чуркап, жардам сурап жүрөт.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
КЕРИМ ТУРАПОВ ӨМҮРҮНДӨ КЫЗДАРГА КАТ ЖАЗГАН ЭМЕС
2-бет
Назми:
"Талант мени 13 жыл жан сакчыдай кайтарып жүрдү"

3-бет
Жөө жүргөндөр жана төрт дөңгөлөктүн үстүнөн түшпөгөндөр
4-бет
Жаргылчак
5-бет
Өлкө башчы АКШнын аскердик аба күчтөрү борборуна баш багат
6-бет
Дасторкон ажары
7-бет
Жыйырма беш чакырымды жөө баскан
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылкы башын тарта албай, жылдыздарга туш келдик
10-бет
Үй-бүлөлүү менен бойдок эркектерди кантип ажыратууга болот?
11-бет
Бактылуу болом дечү эле…
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Кристина орбакайте баласынан айрылуу алдында турат
14-бет
Обон почта










??.??