п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон почта

ОП-82-001. О жараткан кудуреттүү Кудайым,/ таңдан туруп сени даңктап турайын./ Сен жараткан жарыкчылык жашоодо,/ Ыраазымын кудуреттүү Кудайым. Жусупбек.
ОП-82-002. Сүйүү керемет, сүйүү бакыт, сүйүү жашоодогу унтулгус сезим дешет илгертен эле. Сүйүүгө кабылган адамга кереметтүү мүнөттөрдү тартуулаган чындык, а сүйүүдөн көңүл калуу - өмүрдөн кечүү, жарыкчылык жашоонун кызыгынан алыстап, бүт өмүрүн кайгы менен өткөрүү деп айтаар элем. Ооба, сен сүйгөн адам өзүн сүйгөндөй сүйүп, шурудай тизилип өтө берчү өмүрүңдү шаңга бөлөп турса, анда бакыт куш башыңа конгону. Сени сендей сүйбөй, кадырыңа жетпей акактай таза сүйүүңө түкүрүп коюп, жашооңдун ар бир мүнөтүн кайгы менен азапка салып санаа менен өткөрсө, анда сүйүүнүн эмне кереги бар?
ОП-82-003. Өзгөн шаарындагы Курманжан датка мектебинин 11-"а" классынын супер кыздарына салам. Досуңар Эля.
ОП-82-004. Урматтуу Айдин Шер, сизге чың ден соолук, суудай узун өмүр, кетпес күлкү, чексиз ыйман, чыгармачылыгыңызга ийгилик, түгөнгүс байлык, сүттөй таза ак сүйүүнү каалайм. Бактылуу болуңуз. Таза жүрөгүңүз, ак көңүл мүнөзүңүз, булбулдай тунук үнүңүз эч качан өзгөрбөсүн. Ата-энеңизди сыйлай, барктай билиңиз. Күйөрманыңыз Жыпара.
ОП-82-005. Сыргак, келе жаткан туулган күнүң менен куттуктайм. Өмүрдө эң бактылуу бол. Адеми кыз.
ОП-82-006. Айдин,сизди өтө баалайм, сиз менен жолугуп, сүрөткө түшүүнү самайм. Жыпара.
ОП-82-007. Айдин десе эт-жүрөгүм жарылат,/ Жүзүң жанып жүрөгүмө нур чачат./ Алмаштыргыс махабатым туптунук,/ Көлөкөм деп бүт ааламга жар салат. 07777474ХХ.
ОП-82-008. Анарбекке салам. Чоң рахмат сага, Анарбек! Мен сени дос катары сыйлайм. Бар бол. Айжу.
ОП-82-009. Айдин Шер, сиз менен баарлашуу менин эң башкы кыялым. Менин мындай кыялымды четке какпашыңызга ишенем. Карындашыңыз.
ОП-82-010. Жаным, алтыным Акыл, өтүп кеткен майрамыңыз менен! Мен сиздерди Рамазан айы менен куттуктайм. Ишиңиздерге ийгилик. Дайыма элдин алкоосуна татыктуу болуп жүрө бериңиздер. Москвадан Алтын.
ОП-82-011. Айди, жалоотуруп мени жалгыз калтырбай,/ Жок дебечи, мен болоюн жаныңда./ Өзүң болуп жан-дүйнөмдүн азыгы,/ Эки саат болчу менин жанымда. Мени чакырчы, please! Ваby.
ОП-82-012. Менин жашым 21де. 16 жашымда турмушка чыккам. Балам ошол жылы эле бир айлыгында каза болуп калган. Андан кийинкилери түшүп, аборт жасаткам. Мага кеңеш бере турган врач же кыргызчылык жолу менен көрө тургандар болсо 0772828092 номерине смс жазууларын суранам.
ОП-82-013. Аза, сен баарыбир менин жүрөгүмдө жашап каласың. Аны унутпа. Эркең.
ОП-82-014. Даниэль, сиз менин жанымдын жарымысыз, жашоомдун жарыгысыз. Алина.
ОП-82-015. Айдин Шер, жүрөктө сенин элесиң,/ "Обонго" качан келесиң?/ Сагынсам күтүп, зарыгып,/ Туйбаган кандай немесиң? Мени чакырууну унутпаңыз. Жанусь Роза.
ОП-82-016. Энени ыйык дешет баалагандар,/ Энеге тең келүүчү кандай жан бар./ Ак сүтүн, ак эмгегин актай албай,/ Жүрөбүз биз эмнеге элди аралай. Токтогул районунун Кызыл-Ураан айылынын тургуну апам Искендерова Апалга чоң салам. Апа, эч качан оорубай, биздин маңдайыбызда жалаң жакшылыктарыбызга күбө болуп жүрө бериңиз. Кызыңыз Альбина.
ОП-82-017. Саламым Атырауда иштеген менин сүйүктүү жан досум Нургүлгө жолдонот. Сени жанымдан артык көрөм. Атыраудан Айко.
ОП-82-018. Айдин Шер, сага Астанадан салам жолдойм. Азыр мен смс жазып отуруп сенин сүрөтүңө карап ыйладым. Сени бир көрсөм арманым болбос эле. Эмнеси болсо да сүрөттөгүдөй күлүп жүр демекчимин. Сени менен коштошпоймун, сени көрөр күн алыс эместир. Мага номериңди бер. Сени терең урматтап Астанадан Айгерим.
ОП-82-019. Сауле эже, мен чындыгында билбепмин, мени кечириң. Сиз мага абдан жактыңыз. Дос эмес, эми менин бир тууган эжемсиз. Солнышко93.
ОП-82-020. Сүйбө мейли, сүйбөдү деп таарынбайм,/ Муңга батып капалыкка багынбайм./ Элесиңди сактап өтөм жүрөккө,/ Балким эми сендей жанга кабылбайм. Сен сыяктуу жигитти сүйдүргөн,/ Тагдырыма мен эч качан таарынбайм. Нурзат90.
ОП-82-021. Урматтуу агалар, эжелер, эмнеге акыркы күндөрү ушактан колубуз бошобой калды? Орозодо бири-бирибизди жамандагандан көрө жүрөгүбүздөн чыккан аруу, таза сөздөрүбүздү жазбайлыбы?! Ушул нерсе Кудайга деле жакпаса керек. Ар ким өз каалаганын жаза берсин. Сиздерге жүрөгүңүздөргө ыйман, жашоонун булагы болгон чың ден соолук каалайм. Айзирек.
ОП-82-022. "Айсулуу" кафесин иштеткен Бакыт байкеге жана алтындай болгон жубайы Гүлзат эжеге, алардын уулу Байзакка салам жолдойм. Силерге кааларым ден соолук, узун өмүр, иштериңерге ийгилик. Музыкалык жамааттын атынан Зарина жана Жолдош.
ОП-82-023. Айзирекке: Уктасаң түш көр, эртеси эсиңде калсын. Садага, эч ойлонбо, али сен жашсың. Ата-энеңдин маңдайында жүрүшү - сенин бактың. Нурмухамед.
ОП-82-024. Атырауда жашаган кыргыздарга салам жолдойм. Соодаңар болсун, орозоңор кабыл болсун. Атыраудан Айпери.
ОП-82-025. Альбина94, Омарды биз дагы сагындык. Караколдон Аселя.
ОП-82-026. "Болашактын" 7-катарында иштеген досторум Света менен Минурага салам жолдойм. Жүзүңөрдөн күлкү кетпей, ар дайым бар болгула. Айка.
ОП-82-027. Ангел Асем досума сагынычтуу салам. Солнышко.
ОП-82-028. Токтогул районундагы Кызыл-Ураан айылынын тургундарына жана бир туугандарыма сагынычтуу салам. Жусупова Назгүл.
ОП-82-029. Менин саламым Өзгөн шаарында жашап жана окуп жаткан классташтарым Салтанат, Гулира, Наргиза, Айпери, Назик, Айгерим, Фахиридин, Азамат, Замир, Улук, Максат, Манас, Кылыч, Данияр, Нурсултан, Айгерим, Жоомарт ошондой эле Бегимай Бегимге өзгөчө салам жолдойм. Солнышко.
ОП-82-050. Кимде-ким өзүн дайыма жөнөкөй алып жүрсө, ал пендеге Аллахым андан да бийик, жогору аброй берем деген. Жөнөкөйлүк - эң асыл сапат. Ангел Асем.
ОП-82-051. Сиңдим Рыскүлдүн кармаган орозосу кабыл болсун. Бардык мусулмандарды орозо айы менен куттуктайм. Катя.
ОП-82-052. Жанар, ишиңе ийгилик, ден соолук каалайм. Эч качан оорубай, менин жанымда болчу?! Катя.
ОП-82-053. Сүйүктүү ырчыларым Гүлнур Сатылгановага, Мирбек Атабековго, Ильяз Абдыразаковго ысык салам. Булар суперлер. Катя.
ОП-82-054. Менин саламым жигитим Жанарбекке жолдонот. Жанар, мен сени жакшы көрөм. Жаның Катя.
ОП-82-055. Cупер смсчилер, келгиле, таанышабыз. Адилет, Макусяга чоң салам. 05578724ХХ.
ОП-82-056. Эх, чиркин, кызды неге жаратты экен,/ Эмне үчүн бул дүйнөгө таратты экен./ Азабын тартып алып ата-энеси,/ Бирөөгө сатмак үчүн багат экен. Айзирек.
ОП-82-057. Салам Леди Гуличка. Сенин канча деген смсиңди окудум, эмнеге эле ар ким менен кайым айтыша бергенсиң? Сен антсең өзүңдү эле элге жаман көрсөтүп аласың. Эгерде Амангүл экөөңөрдүн ортоңордо келишпестик болсо, аны өз ара эле телефон аркылуу чечишип алсаңар болот го, гезит бетине жарыя болбой. Гуля88.
ОП-82-058. Айдин Шер, кыялымды орундатчы,/ Суранамын өзүңдөн./ Көргүм келет, өпкүм келет,/ Сенин сулуу жүзүңдөн.Чын жүрөгүмдөн Нурайымка.
ОП-82-059. Таңкы жел сылап өтсө саамайымдан,/ Ал сенин мага болгон демиң деймин./ Көздү уялтса асмандагы күндүн нуру,/ Сеземин мага деген көз карашты./ Угулса аккан суунун шылдыр үнү,/ Ал сенин тунук шыңгыр күлкүң деймин./ Жаркырап нуру түшсө түндө айдын,/ Ал мен үчүн күйгүзгөн шам чырагың./ Көзүмдөн куюлса мөлтүр жаштар,/ Ал мендеги сага болгон кубанычтар. Гуля88.
ОП-82-060. Ноокат районунда иштеген досум Бурулга салам жолдойм. Сауле.
ОП-82-061. Сүйүүсүз адам жүрөгү мүрөк, мүрөктө сүйүүгө орун жок түнөк. Акылкүрөңчач.
ОП-82-062. Сүйүүсүз жашоо - бул тозок, бирок, сыртыңдан эмес, ичиңден күйөсүң. Акылкүрөңчач.
ОП-82-063. Бак аралап эртелеп,/ Гүлдөр тердим дестелеп./ Мас болуп гүл жытына,/ Ырлар жаздым тереңдеп. Канжар.
ОП-82-064. Кара-Кулжа районундагы Кара-Кочкор айылында жашап жаткан апакебиз Асанова Асирага сагынычтуу салам жолдоо менен бирге ар бир аткан таңдын нуру сизди жакшылыктарга жетелесин демекчибиз. Апаке, аман болуп эч качан оорубаңыз. Таңдын атканын, күндүн батканын көрүп, жүзүңүздөн күлкүнүн нуру төгүлүп жүрө бериңиз. Бетиңизден өөп неберелериңиз Бегимай, Бекинай.
ОП-82-065. Сырдашып сырларыбыз бирге болсун,/ Сый-урмат ортобузда жок болбосун./ Максаттан үмүт үзбөй жашап дайым,/ Жашообуз жандай берсин эч соолбосун./ Кайгырбайм, айтканыңа кулак салам,/ Достуктун улуулугун урмат кылам./ Унутпайм жардам берген ар мүнөттү, жан досум мен өзүңө рахмат айтам. Сауле.
ОП-82-066. Өзгөн районундагы Курманжан датка мектебинин 10-"б" классынын окуучулары Нури, Айнуш, Айзи, Аза, Умида, Гули, Бакуля, Барно, Жылдыз, Олжобай, Манас, Ибиш, Даут, Бектур Жана башка классташтарыма жалындуу ысык салам жолдойм. Окууңарга ийгилик. Досуңар Замана93.
ОП-82-067. Бишкек шаарында окуп жаткан досум Айдана, кандайсың? Окуулар жакшыбы? Өзгөнгө качан келесиң? Биз сени сагындык, тезирээк кел. Досуң Замана93.
ОП-82-068. Мека, салам. Кандайсың? Аксана92.
ОП-82-069. Оштун Мамажан айылынын тургундары атам Султан, апам Санабарга чоң салам. Айнура.
ОП-82-070. "Обондун" жалпы кызматкерлерине жана супер смсчилерине салам жолдойм. Мека.
ОП-82-071. Айсулуу, жаным, мен сени сүйөм. Жүрөгүм, бүт жан-дүйнөм сеники. Сен үчүн баарына даярмын. Билал козу.
ОП-82-072. Сыргак, келе жаткан 13-сентябрь туулган күнүң менен куттуктап досуң Таир.
ОП-82-073. Ойго салды табышмактуу карааның,/ Оттой күйүп сени гана самаймын./ Жалгыздыкка эми көнүп калганда,/ Көп караба, кайра сүйүп каламын. Зуля.
ОП-82-074. Менин саламым алыскы Кара-Кулжа районуна жолдонот. Айылым, таза абаңды, чаң жыттанган көчөңдү, шаркырап аккан сууңду сагындым! Гуля88.
ОП-82-075. Айгүл, бар бол! Сенин ырларың бизге жагат. Сиңдиңиз Кундуз.
ОП-82-076. Тыныбек байке, мектепке мугалим болуп киришиңиз менен! Кундуз.
ОП-82-077. Шералылык 92-жылкы тириктер, барсыңарбы? Бар болсоңор смс жазгыла. Ысык саламым менен экс-классташыңар Самара.
ОП-82-078. Ата-энем Абыл менен Чынарага салам жолдойм. Ар дайым бар болгула. Гүлнара.
ОП-82-079. Өзгөчө смсчилер, сиздерден суранам, бирөөнүн атын жамынып алып смс жазышыңарды токтотуңуздар. Кушу Сынчы.
ОП-82-080. Салам Жанусь Роза, смсчилердин жолугушуусуна баралбай калдым, кечир. Таарынбачы?! Хан-Шай, сагындым, кабарлашчы?! Мен номеримди жоготуп алгам. Азыр 0707555353 номериндемин. Айгөлөк.
ОП-82-081. Сагынып саламымды айтайынчы, биз сүйгөн "Обон" гезитин толтуруп. Хан-Шай, Абда, Гүлшан, Жака, Жазгүл, Айдеми, Айка, Айдана Анту, Гуля88, Жанусь Роза, дайым мени эстеп турган жылуу сөзгө бай сиңдилерим Ангел Асем, Айзирекке чо-оң салам айтам. Орозо кармагандардын орозосу кабыл болсун. Айгөлөк.
ОП-82-082. Тина, талантың болсо сага Кудай жардам берет. Анка.
ОП-82-083. Эх, жашоо, мынчалык сен татаалсың. Ар бир адамга берилген узун жолдо эмнелерди гана көрбөйсүң. Жолуңдун баары эле назик гүлдөй, терең көлдөй болсочу?! Уккум келет торгойлордун назик сайраганын. Баарын унуткум келет бир көз ирмем менен. Колумду узун жайып учкум келет алыстарга жеткирбей. Эх, бирок бул менин беш мүнөттүн ичиндеги кыялдарым. Айгөлөк.
ОП-82-084. Кара-Кулжа районундагы Кара-Кочкор айылынын тургундарына салам жолдойм. Ошондой эле Исмаилов атындагы орто мектебинин мугалимдерине сагынычтуу салам жолдойм. Ар дайым бизге окшогон бүтүрүүчүлөрдү уядан учуруп жүрө бериңиздер. Сиздерге чо-оң рахмат айтуу менен бирге баш ийип таазим кылам. Ал эми быйылкы жаңы бүтүрүүчү класстарга ийгилик каалайм. Бегимай.
ОП-82-085. Айдинчик, билесиңби, мен сени сыртыңдан көп эле көрөм, а бирок менин кыялым сени менен бетме-бет отуруп сырдашып, асыл достордон болуу. Күйөрманың.
ОП-82-086. "Миң кыял FM" радиосунун шайыр ди-джейи Акыл, мен сени эч кимге бербейм. Мен сени баарыбир сүйөм. Эмне үчүн түшүнбөйсүң? Жок дегенде телефонуңду күйгүзүп, мага жооп берип койчу?! Сени сүйгөн Жылдыз.
ОП-82-087. Кандайсыңар "Обондун" супер смсчилери, ушундай сонун жайдын кечинде силердин көңүл жылыткан смсиңерди чыдамсыздык менен күткөн Ошто Сауле бар экенин унутпагыла. Сауле.
ОП-82-088. "Миң кыял FM" радиосунун коңур үндүү ди-джейи Акылга арналат: Сүйдүм сенин карагаттай көзүңдү,/ Сүйдүм сенин балдай ширин сөзүңдү./ Сүйдүм сенин жагымдуу үнүңдү,/ Сүйдүм сенин ачык мүнөз күлкүңдү. Жылдыз.
ОП-82-089. Кыргыз элимди кадырлуу орозо майрамы менен куттуктайм. Туткан орозоңорду Алла Таалам кабыл кылсын. Тилеген ой-максаттарыңарга жеткиле. Замана93.
ОП-82-090. 07772093ХХ абоненти, рахмат. Сизге да ийгилик. Мени менен байланышыңызчы. Номерим 0777303464. Смсиңизди чыдамсыздык менен күтөм. Алдын-ала рахмат. Урматым менен Замана93.
ОП-82-091. Супер смсчи Айзирекке бир тонна салам жолдойм. Калемиң курчуй берсин. Кыргыздын сыймыктуу кыздарынан болуп жүрө бер. Замана93.
ОП-82-092. Жаным Таалай, жашоомдун бир гана жарыгы сенсиң. Сени сагындым. Алтының.
ОП-82-093. Достор, ушакты токтотолу. Ушак - бул өлүм менен барабар. Ушак айткандан эч пайда чыкпайт. Бири-бирибизди сыйлайлы, достор. Замана93.
ОП-82-094. Насиева Назгүл эже, талантыңызга баарыбыз таң калабыз. Элдин алдыңкы инсандарынан болуп, ар дайым алга карай кадам таштаңыз. Сиздин күчтүүлүгүңүз, эрктүүлүгүңүз, тайманбастыгыңыз мага өзгөчө жагат. Чыгармачылыгыңызга ийгилик каалайм. Мекуля.
ОП-82-095. Продюсер Назгүл Насиевага: Мактоо сизге жарашат,/ Кары-жаш дебей баары сизди баалашат./ Көптөгөн фанаттарыңыз,/ Сиз менен баарлашсам деп самашат. Күйөрманыңыз.
ОП-82-096. Назгүл Насиева, бул дүйнөдө сиздей адамдар көп болушун каалайт элем. Сиз чыныгы кыргыздын кызысыз. Ошон үчүн сиз менен сыймыктанабыз. Күйөрманыңыз Мекуля.
ОП-82-097. Токтогул районундагы ИСИТО колледжинин студенттерине чоң салам. Ошондой эле юрфак 1 группасынын студенттерине өзгөчө салам. Токтогулдук Мирлан.
ОП-82-098. Леди Гуличка, сени жакындан таанысам аяшың болот экенмин. Айсулууну чексиз сүйөм, анан жүрөгүмдө ыйман бар, Кудайга шүгүр. Амангүл менен "Обондон" сырткары урушчу, гезитти булгабай. Билал козу.
ОП-82-099. Өзгөн районунун Кызыл-Дыйкан айылынын тургундары, орозоңуздар кабыл болсун. Равшанбек90.
ОП-82-100. "Обондун" супер сулуу, эң акылдуу, өтө эле ыймандуу, татынакай, балдай таттуусу ким экенин билесиңерби? Бул албетте жалпыбыздын кенжетай эркебиз, кымбаттуу, сүйүктүү, ардактуу асылыбыз, атына заты жарашкан кичинекейибиз Айзирек да, туурабы, достор? Зирешка, берекем, аман бол. Аллахтын сүйүктүү пендесисиң. Сени чексиз сүйгөн жана ызаттап сыйлаган эжешаң Ангел Асем.
ОП-82-101. Мирбек Атабековдун күйөрмандары, келгиле, Мирбекти жана "Стар денс" бий тобун колдоп, добуш берели. Меришка.
ОП-82-102. ИСИТО колледжинин 21-группасына ысык салам. Меришка.
ОП-82-103. Окуучулук доор жакшы дейсиздерби же студенттик доорбу? Гули94.
ОП-82-104. Мени кечир, Ислам. Мен ошентип жок болуп кетпесем экөөбүз тең кыйналмакпыз. Мен сени сүйбөйт болчумун. Бетиңе айта албадым. Гули94.
ОП-82-105. Талант - капка салган шибегедей, ачылбаган булактай экен. Бирде болбосо бирде оргуштап тээп чыгат. Эң кыскасы, черте турган музалар көп болгон үчүн алар кийинки смстерге калды. 05512500ХХ.
ОП-82-106. Салам "Обон"! Мен бир купуя сырдын башын кылтыйткым келди. Ар бир адамда талант болгон сыңары менин шыгымды силер менен бөлүшкүм келди. Ооз менен тишти манжалар менен чертип, бир нече музаларды чыгара аларымды мурда эле билип, бирок, маани бербей жүргөм. Ишенсеңер, өмүрүмдө кармабаган ооз комузду черте алаарыма да көзүм жетти. Талант болгон соң аны катып эмне?! 05512500ХХ.
ОП-82-107. "Обондун" бир кездеги супер смсчилери, пейили кенен, жан-дүйнөсү сүттөй таза, Жаратканды улуктап, жаштарга акыл айткан жагымдуу смстердин ээлери Абдаш Али, Э.Дима, Катя, Гүлшан жана Нурмухамед, кандайсыңар? Деги жоголуп, кай жакта жүрөсүңөр? Сиздерди аябай сагындым. Бактыгүл92.
ОП-82-108. Долондогу Батыр эне, кандайсыз? Мен Амангүлдүн кай жерин көрө албай жатам? Мага ар дайым эскертип "казак кызы" деп жазганы жакпады. Бизге баары бир эмеспи, кай жактан болсо. Негизгиси жүрөгү таза болсо болду да. Леди Гуличка.
ОП-82-109. 8-катарда иштеген Чийталаанын супер күйөө баласы Замирге салам жолдойбуз. Жазка менен бактылуу бол, уулуңардын урматын, кыздуу болуп кызматын көргүлө. Ар дайым үлгүлүү үй-бүлө болуп жүрө бергиле. "Обонду" үзбөй оку. Алматыдан Акылкарачач.
ОП-82-110. Жеңеке, туулган күнүң куттуу болсун,/ Үйүңүздө ар дайым бакыт болсун./ Суранаарым жеңеке, муңайбачы,/ Биз барганда күлүп-жайнап кабыл алчы./ Бактылуу болуң сүйүп тийген акем менен,/ Бул жашоодо кымбат го эне деген./ Балдарыңыз ойносун төрүңүздө,/ Чын жүрөктөн кабыл алчы белек менден. +770261070ХХ.
ОП-82-111. Саламатсызбы Долондук Баатыр эне, сизди биринчиден Рамазан айы менен куттуктайм. Бекем ден соолук жана бакыт каалайм. Казак кызыңарды кечирип коюң, менин эч кимге жамандыгым болгон эмес. Орозодо эч ким менен айтышкым жок. Казак кызы Амангүл.
ОП-82-112. Амангүл, ошол суроону өзүңө бергим келет. Кыларга ишиң жокпу? 200 таанышың болсо баарына салам жолдодуң. Мен да 5 миң таанышымдын баарына салам жолдосом окшойт, ээ? Эми жагымдуу билдирүү жазалы. Леди Гуличка.
ОП-82-113. Урматтуу Э.Дима, сиз абдан ыймандуу жан элеңиз, эмнеге жоголуп кеттиңиз? Сиздин билдирүүлөрүңүздөн кадимкидей ырахат алчумун. Кай жерде жүрсөңүз да Аман болуңуз. Сизди сагынып, катуу сыйлаган Бактыгүл92.
ОП-82-114. Айзада, кыргызымдын бактылуу, таалайлуу кыздарынан бол. Фея.
ОП-82-115. Саламым "Обондон" тапкан байкем Мухитке жолдонот. Аман болуңуз. Урматым менен Фея.
ОП-82-116. Ош шаарынын Мады айылында жашаган чоң эне, чоң атама салам жолдойм. Бар болуп, эч качан оорубагыла. Атыраудан небереңер Айпери.
ОП-82-117. "Дордойдо" иштеген Азиз менен Бекиге салам. Азиз, мени кечир. Тагдырыбыз бир болсо кошуларбыз. Атыраудан Айпери.
ОП-82-118. Өзгөн районуна караштуу Алтын-Булак айылынын жашоочуларына салам. Ыйык Рамазан айыңыздар кут болсун! Сиздерди куттуктап Чоро.
ОП-82-119. Алматыдагы кыргыздарга салам. Орозоңор кабыл болсун. Жолуңардан адашпагыла. Мадина.
ОП-82-120. Ар нерсеге туруктуу бол,/ Ар дайым турмушуңда ачылсын жол./ Канчалык кут консо да башыңа,/ Көтөрүлбөй, менменсинбей жөнөкөй бол. 07780770ХХ.
ОП-82-121. Чалынып бул күндөрдөн чарчап турсаң,/ Аккуу болуп мени карай күндө учсаң./ Кысмакмын кучагыман чыкпас кылып,/ Мени самап, мени гана сүйүп турсаң. 05509308ХХ.
ОП-82-122. Мирба, мен сиздин фанаткаңызмын. Мени менен жолугуңузчу?! Айсулуу.
ОП-82-123. Эркетайым Таалайды сагындым. Дайыма сенин күч-кубатың болом. Сенин кунигиң Марал.
ОП-82-124. Лейлектик туугандар, баарыңарга ысык салам. Кудайым берген өмүрүңөр узун болсун. Жашоодо жакшылык үстүндө гана жүргүлө. Райхон90.
ОП-82-125. Асыл+Конжык=сүйүү. Ошондой болсо, мен бактылуу болом. Досяңар Амангүл.
ОП-82-126. Бейтааныш бир бийкеч көрүнөт,/ Жүзүнөн ай нуру төгүлөт./ Асмандан Айды алчы деп,/ Жүрөгүм менден өтүнөт./ Ал жанды батырып көзүмө,/ Суктанып коёмун сөзүнө./ Көөнүмдө бир кенч бар катылган,/ Ачкычы анын бир өзүмдө. Таир.
ОП-82-127. Өзгөн районунун Кароол айылында жашаган Альберт, ойноп сүйлөсөң да ойлонуп сүйлөсөң жакшы болмок, сүйлөйт десе эле сүйлөй бербей. Кудайым берген сөздөр көп го. Эгер катуу тийсе кечирип кой, чоң жигит. Сынды туура кабыл ал. Замана93.
ОП-82-128. Достор, сүйүү эмнеден башталат? Урматым менен Замана93.
ОП-82-129. Бир элес жүрөгүмдө калып кетти,/ Ал элес карегимди жарып кетти./ Ал жигит мени өзүнө байлады да,/ Кайдадыр жаштыгымды алып кетти. Айзирек.
ОП-82-130. Саломалейкум момун кыргыз калкым жана окурмандар менен бирге супер смсчилер? Кайрылып кайрадан мен келдим,/ Адашып алыстарга мен кетипмин./ Кайрылууга жардам берген Жанусь Роза,/ Чын жүрөктөн мен сизге рахмат айтам./ Кошулуп мен силерге келген кезде,/ Араңардан мага орун бергиле./ Улуу ыйык Рамазан айында мен,/ Ыймандуулук каалайм кыргыз элиме! Эркин КБш.
ОП-82-131. Жалгызым, сага эмне болду? Неге мындай кылып жатасың? Мен сени сүйөм го. Чоборуң.
ОП-82-132. Келгиле, достор, бири-бирибизге акыл айтпай, өзүбүздү жөнгө салып алалы. Айтайын дегеним, бир нерсени өзүбүз аткарбай туруп башкаларга ошол нерсени буйруганыбыз чоң күнөө экен. Өз пейилибизди оңдоп, жакшы амалдарды аткарып, Аллах буйруган нерселердин баарын жасасак, биз чыныгы мусулман экенибизди тастыктаган болот элек. Бактыгүл92.
ОП-82-133. Москвадагы Ниязга салам. Рахмат, кыргызчаны эми үйрөнүп жатам, ошон үчүн грамматика жагынан көп ката жиберем, кечирип койгула, а? Казак кызы Амангүл.
ОП-82-134. Кандай гана бактылуу жанмын! Мага болгон сүйүүңүздөн, кылган камкордугуңуздан, чексиз мээримиңизден, аяр мамилеңизге магдырап башым айланат. Неге сиз өзгөчө асыл жансыз? Сиз мени кандай жакшы көрүп, сагынсаңыз, мен да сизди дал ошондой көрөм. Ичимден канчалык сүйүп турсам да аны сизге эч качан айта албайм, бирок, сездире алам. Жалгыз тилегим - сиздин амандыгыңыз. Сиздин назик периңиз Бактыгүл92.
ОП-82-135. Жалал-Абаддагы атакем Абдыкеримге, агаларым Сталга, Нургазыга чоң салам жолдойм. Менин ардактууларым, силерди аябай жакшы көрөм, сагындым. Москвадан кызыңар Исраилова Рахат.
ОП-82-136. Билал козуга: Адамдыгым айтылып калсын десең, армандуунун көз жашын аарчып өткүн. Ариеттин кызыл чогу жансын десең, арамдыктын миң башын жанчып өткүн. Нурмухамед.
ОП-82-137. Амангүлгө: Токточу, эй замандаш, ойлон терең,/ Дүйнөгө устун болуп калмак белең./ Көр оокат тирилиги бүтмөк беле,/ Тиктечи, көз ирмемге сүйүү берем. Нурмухамед.
ОП-82-138. Алматыдагы "Болашак" базарынын 8-катарында иштеген досубуз Диманын 31-август өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктайбыз. Досубузга узун өмүр, чың ден соолук каалайбыз. Достору Нурик, Такен, Чоконтай жана башкалар.
ОП-82-139. Кыздар, кыргызды сыйлап кыргызча гезитти калтырбай окуп, өзүн кыргыз сезген кызга эмне эле асылып жатасыңар? Ар бир адам өзүн-өзү башкарса жакшы болмок. Албетте, бул кыздардын баарына тиешелүү эмес. Замана93.
ОП-82-140. Урматтуу Бактыгүл92, кандайсың? Рамазан айың менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Орозо кармаган болсоң, Алла ыраазы болсун. Гезитке номериңди калтырчы, сенден кеңеш сурайын дедим эле. Бегимай92.
ОП-82-141. Малика Дина, ыйык Рамазан айың менен чын жүрөктөн куттуктайм. Дүйнөдөгү бардык жакшы нерселерди каалайм. Сени сыйлаган Оштон Беки.
ОП-82-142. Дүйнөдө кыргызымдын кыздарына жеткен эч ким жок деп ойлойм. Беки.
ОП-82-143. Таалай, сага азап бердим көп жолу, күнөөмдү кечир миң жолу. Менин арзуу кылган бактым сен экенсиң, билбей калыпмын. Сезимдерим, арзуум, жалгыз сен экенсиң. Баарын кеч түшүнгөнүм үчүн мени кечир. Алтының Марал.
ОП-82-144. Таалай, сени сүйөмүн, ааламда бүт дүйнөмдү сага арнайм. Келишиңди күтүп жүрөм. Шириниң Марал.
ОП-82-145. Мирбек Иманбеков, Аллах сиздей ырчыны кыргыз элине жаратканына чексиз рахмат айтам. Чыгармачылыгыңыз дагы да өркүндөй беришин Алладан суранам. Сизди сыйлап, урматтаган күйөрманыңыз Кеша.
ОП-82-146. Жапалак айылындагы атама, апама, досторум Залкар, Бексултан, Жакыпбек, Санжарбектерге чоң салам. Беки.
ОП-82-147. Эне тилсиз эл болбойт,/ Эл сүйбөгөн жер болбойт./ Эне тилин сыйлаган,/ Эч нерседен кем болбойт демекчи, тилсиз жашоону элестетиш кыйын. Эне сүтү сыяктуу эле эне тили да ыйык. Кантсе да тилибизди сактаганга аракет жасайлы, тилибизди дүйнөгө даңктайлы. Замана93.
ОП-82-148. Леди Гуличка, сага айтаарым, мени карай турган жигит көп, кудайга шүгүр. Мен казакча ыр саптарды кыргызчага которуп жазып жүрөм. Почтадан эми окуйсуң. Амангүл.
ОП-82-149. Дыйкан базарында соода кылган досторум Наргүлгө, Бурханга жана "Дордой" базарында иштеген эжелериме иштерине ийгилик каалайм. Бар болгула. 07008866ХХ.
ОП-82-150. Мен кыргыз ырларын сүйүп угам. Султан, Мирбек Атабеков, Ильяз, Бактыгүл, Айдин Шер, Кундуз, силер суперсиңер. Амангүл.
ОП-82-151. Жаңы таанышкан досторум Асыл, Конжык, Сүйүн, Мурас, Бека, Дамира, Тахмина, Маска Зора, Асылбекке салам. Смс жазгыла. Амангүл.
ОП-82-152. Капар, келе жаткан туулган күнүң кут болсун. Сага кааларым биринчиден, ден соолук, экинчиден, ак жоолук, үчүнчүдөн, Аллахтан өзүмө эмне тилек кылсам, ошонун баарын сага каалайм. Сен менин издесе табылгыс досумсуң. Астанадан Г…
ОП-82-153. Менин алтышка курбум Нурзат90, 9-сентябрь туулган күнүң менен. Жануся, сага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Ата-энеңди, бир туугандарыңды сыйлаган ыймандуу кыздардан бол. Орозоң кабыл болсун. Сени жакшы көргөн курбуң Жанусь Роза.
ОП-82-154. Шергаазы, сураныч сизден, мени тынч коюң. Менин сүйгөн жигитим бар. Сиз да сүйгөн адамыңызды жолуктуруп, бактылуу болуң. Мага таарынбаң. Жүрөгүм бир гана адамды каалайт. Урматым менен казак кызы Амангүл.
ОП-82-155. Менин сүйүктүү досум Азамат, сени 13-сентябрь туулган күнүң менен куттуктайм. Аза, сага узак өмүр, балкыган бакыт, кең келечек, тунук сүйүү жана жаштыктын жыргал күндөрүн каалайм. Жараткан сенин тилегиңди берсин, сулуу жана шайыр жигит.
ОП-82-156. Спасибо тем, кто меня любит, вы делаете меня лучше. Спасибо тем, кто меня ненавидит, вы делаете меня сильнее. Спасибо тем, кому вообще все равно, вы нужны для массовки. Амангүл.
ОП-82-157. Мага ким кыргыз грамматикасын үйрөтөт? Жардам бергилечи?! Казак кызы Амангүл.
ОП-82-158. Атырау калаасында иштеп жаткан досум Русланды 15-сентябрь туулган күнү менен куттуктайм. Жони.
ОП-82-159. Супер смсчи Замана, сураныч, менин номериме смс жаз. +77016256321. Амангүл.
ОП-82-160. Ветнамдарга сатуусу болуп иштеген Тагаева Дилбара Байышовнага салам жолдойм. "Обонду" үзбөй сатып алып турчу, сураныч. Раха.
ОП-82-161. Менин саламым сүйүктүүм, жаным Саматка жолдонот. Шириним, мен сизди өмүр бою сүйөм. Алматыдан Алтыныңыз.
ОП-82-162. Бир күнү "Обондун" өчөшкөн смсчилерин топтоп алып раз на разга түшүрүш керек экен. Аят, Э.Дима.
ОП-82-163. Билип жүр, кыздардын да убалы бар,/ Түбөлүк кумарланып жүрө албайсың./ Сага да жазалоонун убагы бар,/ Анда кеч сен да мендей зар ыйлайсың./ Сени көрсөм, учурашсам көңүл ток,/ Сезбейсиң же көрүшүүдөн пайда жок./ Жолукканда сени деп жүрөк согот,/ Сагынсам да айта албаймын айла жок. Айя87.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
КЕРИМ ТУРАПОВ ӨМҮРҮНДӨ КЫЗДАРГА КАТ ЖАЗГАН ЭМЕС
2-бет
Назми:
"Талант мени 13 жыл жан сакчыдай кайтарып жүрдү"

3-бет
Жөө жүргөндөр жана төрт дөңгөлөктүн үстүнөн түшпөгөндөр
4-бет
Жаргылчак
5-бет
Өлкө башчы АКШнын аскердик аба күчтөрү борборуна баш багат
6-бет
Дасторкон ажары
7-бет
Жыйырма беш чакырымды жөө баскан
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылкы башын тарта албай, жылдыздарга туш келдик
10-бет
Үй-бүлөлүү менен бойдок эркектерди кантип ажыратууга болот?
11-бет
Бактылуу болом дечү эле…
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Кристина орбакайте баласынан айрылуу алдында турат
14-бет
Обон почта










??.??