Сырмаек

Назми:
"Талант мени 13 жыл жан сакчыдай кайтарып жүрдү"
Бул жашоодо өмүрлүк түгөйүн таап, турмуштан өз ордун табуу кандай бакыт. Мына ушундай бакыттын кучагына ырчы кыз Назми ээ болгон. Ал мындан төрт ай мурун токтогулдук Талант атуу мырзага колун сунуп, турмуш жолуна аттанган эле. Назми ымандай сырын ачып төмөнкүлөрдү айтып берди.


- Назми, алгач жолдошуңду, кайын-журтуңду окурмандар менен тааныштырып, сөзүбүздү баштап алсак...
- Жакшы болот. Негизи сиздердин чакырууңуздар боюнча жолдошум дагы келмек болчу. Анын зарыл жумуштары чыгып калгандыгына байланыштуу келе албай калды. Ал үчүн кечирип коюңуздар. Же болбосо, ал менден жакшы маек куруп бермек. Жолдошум Талант 1969-жылы Токтогул районунун Жетиген айылында тулуп-өскөн. Он бир бир тууган. Алты кыз, беш эркек. Бизден улуу бир кайнежем, бир кайнагам бар. Талант үйдүн үчүнчүсү болуп калат. Кесиби боюнча экономист. Кайнатам көп жылдан бери мектеп директору болуп эмгектенет экен. Кайненем болсо үй кожойкеси.
- Талант менен кантип таанышып, бирге түтүн булатып калдың?
- 1996-жылы борборубуздагы "Малика" кафесинен кол алышып таанышып калгам. Мен ал кафеге ырчы болуп жумушка орношуу максатында барып, Талантка жолугуп калгам. Ал учурда мен сахна босогосун аттай элек жаш кыз болчумун. Ошентип мени он үч жылдан бери сыртымдан багып, жан сакчыдай кайтарып жүрүп келди. Кудайдын буйругу экен, 2009-жылдын апрель айында түбөлүккө кол кармаштык. Убакыт-саат ушу жылга туш кылган тура.
- Кызык экен. 13 жыл бою анчалык эмнеге ээрчиттиң? Ушул убакка чейин бой жүрдүбү?
- Чындыгында мен чыгармачылыгымдан такыр колум бошобой жүрдү. Кыскасын айтканда, бардыгы менин карьерма келип такалып турду. Турмушка чыксам эле өзүмдү ырдабай калгандай сезе берчүмүн. Албетте, ошондон бери чыгармачылыгымды туура түшүнүп, оюм менен жүргөн Талантка ыраазымын. Ал "сен үчүн канча жыл десең ошончо жыл күтөм. Болгону менин сунушумду четке какпа" деген. Айткандай сөзүнө турду. Мен дагы анын сунушун жоопсуз калтырган жокмун. Мага ал ар убак жаш кыздардай мамиле жасачу. Кайсы жылы экени эсимде жок. Бир жолу Талант мени дискотека алып барды. Эс алуубуз жакшы өтүп, түнкү 2-3төргө чейин калып калдык. Анан ал "кайнежең менен тааныштырам" деп калбаспы. Ал учурда мен таанышууга таптакыр даяр эмес болчумун. Ал жерден көчө тарапка жөн гана басымыш болуп барып, такси кармап качып кеткем. Ушуну азыркыга чейин айтып тамашалай берет.
- Он үч жыл бою кыз-жигит болуп жүрдүңөрбү?
- Жок. Себеби ал убакта менин жигит менен мамиле түзө турганга бир мүнөт дагы убактым жок болчу. Бардык убакыт-саатымды бир гана чыгармачылыкка арнап койгом. Ошондуктан Талант экөөбүз жөн гана жакшы тааныштардан болуп жүрдүк. Быйыл гана февраль айынан баштап бири-бирибизди кыз-жигит катары кабыл алдык.
- Анан үйлөнүү тууралуу чечимди кандай кабыл алдың?
- Туура эле кабыл алдым. Ойлоп көрсөм мен үчүн да, ал үчүн да артка карай кайта турганга жол жок болчу. Экөөбүздүн тең жашыбыз келип, турмуш эмне экенин түшүнүп калдык дегендей. Анан кайда качмак элек, туурабы? Эң негизгиси Талантка турмушка чыкканыма эч өкүнбөйм. Бактыма тобоо кылам.
- Жолдошуңдун кайсы сапаты арбап алып, сүйүү башыңды айлантты экен?
- Чыдамкайлуулугу, туруктуулугу, мени, чыгармачылыгымды терең түшүнгөнү көңүлүмдү жибитет. Ушунчалык чечкиндүү, анан да абдан романтик. Күнбү, түнбү мага өзгөчөлүү белек тартуулаганды жактырат. Айрыкча мен кандай гүлдүн же атырдын жытын каалап турсам, ошону дароо сезет. Анан ал нерсе ошол күнү мага сөзсүз тартууланат. Айттырбай сезгенине таң калам. Ар жылы ар түрдүү белектер менен көңүлүмдү табат. Кандай буюм тандабасын, табити такыр башкача.
- Өзгөчө берген белеги кайсы болду?
- Акыркы жолу берген белеги эч эсимден кетпейт. Тумар радиосуна Назгүл Насиева конокко барып, Кытайдан алынып келинген айкелди угармандарга аукционго коюп ойнотушкан. Алгачкы баасы 550 сом болгон ошол айкелди жолдошум мага 2000 сомго сатып алып берген. Бул мен үчүн күтүлбөгөн чоң белек болгон.
- А кандай жылуу сөздөр менен эркелетет?
- Ар бир күнгө ылайыктап, ар кандай сөздөрдү таап эркелетет. Бир гана сөз менен чектелбейт дебейинби. Билбейм, кулагыма сиңип калган сөзү жок го.
- Турмуш курганга чейин сыр кылып катып жүргөн, сен билбеген кандай мүнөзү бар экен?
- Таң калганым, анын куудулданып сүйлөгөнүнө такыр маани бербептирмин. Укмуш сөздөрдү таап сүйлөп, күлдүрүп атып бооруңду эзип салат. Кадимки куудулдардан кем калышпайт. Бул сапатын үйлөнгөндөн кийин билдим. Мага бул сапаты абдан жакты.
- Кантсе да Сапар менен дайыма бирге жүрүп калбадыңбы. Андан жолдошуң кызганчу эмес беле?
- Жо-ок, ай. Тескерисинче, Сапар аркылуу мени кайтарчу да. Сапар менен жүргөнүмдө анын көңүлү дайыма ток жүрчү. Экөө дагы жакын достордон болуп калды. Чындыгында, Талант кызганыч эмне экенин билбейт. Ошондуктан биздин сүйүү туруктуу сакталып келди деп ойлойм.
- А Сапар жалгызсырабай жатабы?
- Азыр деле ал көнө элек. "Россияга барабыз, тиякка-биякка барабыз" деп калса "билбейм, Таланттан сураш керек" десем, менин турмушка чыкканымды эстей кетип, кайра "сурабай эле кете берчи" деп коёт.
- Эми ак жоолуктун, көшөгөнүн сүрүн айта кетпейсиңби?
- Албетте, көшөгөнүн өзүнчө сыры бар экен. Кайненем үйгө барганда жоолук салганда кызык окуя болбодубу. Жоолукту ээктен алып салганда эмнегедир мага ыңгайсыз болуп калды. Менин жанымда Сапар, Роза Шакирова, Нурсейиттер олтурушкан. Анан жоолукту оңдогонго туура келип калды. Эч нерсе оюмда жок жоолуктун учун Сапарга карматып, жоолугумду оңдотуп жатпаймынбы. Таң калган кайненем, тегеректеги кемпирлер карап эле калышыптыр. Жолдошум маани деле бербептир. Анткени менин сахнада салынган жоолуктарымды бүт Сапар салып бергенин көрчү да. Мен ага көнүп калгандыктан, көшөгөдөн да жоолугумду кармата коюптурмун.
- Кайын-журтуңа бат эле көнүп кеттиңби?
- Кайын журтум биздин үй-бүлөгө аябай окшош экен. Бүгүнкү күндүн көз карашы менен айтканда "современный" үй-бүлөлөрдөн. Бир кайын сиңдим менден улуу болгондуктан, аны сен деп айта албай абдан кыйналдым. Мурда "эже" дечүмүн да. Ошого көнүп алгандыктан, улам эле "эже" деп алам. Анда ал "эмне болду, сиңдим?" деп күлүп калат. Мурдатан эже-карындаштары менен таанышып алгангабы, эмнегедир бат көнүшүп, өзүмдүн бир туугандарымдай кабыл алдым.
- Салттарын кармап атасың…
- Андай деле салтты катуу кармашпайт экен. Аттарын атабай "сиз" деп кайрылып, тергейт дешет го. Мага андай талап каюшкан жок. Шаарга апам келгенде жоолук салынып жүрсөм "жоолугуңду ысыбай алып эле кой. Шаарда шаардыктардай болуп жүрө бер" деп жоолугумду салынткан жок.
- Мурда айылга турмушка чыгам деп ойлодуң беле?
- Шаарга караганда мага айылдын жашоосу аябай жакты. Тоолорунун кооздугу, абасынын, суусунун тазалыгы өзүнчө эле керемет болду. Жайкысын айылга барып эс алгандан артыгы жок экен. Иши кылып айылдын кооздугуна суктанып атып эле кайра келдим. Таланттын да достору алыстан келишип, бизди аябай жакшы тосуп алышты. Ырчы биздин аяш болуп калды дешип жылуу сөздөрүн айтышты. Анан да кошуналар, үйгө келип-кеткендер башымдан этегиме чейин карашканынан өзүмчө ыңгайсызданып аттым.
- Айылдын жумуштарын ага жараша катыра жасап аттыңбы?
- Мактаныч эмес, өзүм шаардык, бир үйдүн жалгыз кызы болгонум менен турмуш-тиричиликке тың болчумун. Төрт-беш жашымда эле камыр жууруганды үйрөнүп алгам. Анын пайдасы тийип, алгачкы чоң сыноо камыр жууруганымдан башталды окшойт. Камыр жууруп, жайып жатсам нары жактан кайненемдин "ырас эле экен" деген сөзүн кулагым чалып калды. Ошондо сүйүнүп, камыр жайганды үйрөтүп койгон апама ичимден ыраазычылыгымды айтып жибердим.
- Ал эми жолдошуң сен тараптан кандай сыноодон өттү?
- Мен ага турмушка чыгаар алдында ата-энем менен тааныштыргам. Эми кудай буюрса, орозо бүтсө үйлөнүү тоюбуз болот. Ошондон кийин атамдарга кызматын берет деп ойлойм. Ошентсе да байкемдер Таланттан кичүү болсо да алардан тартынып, байкемдерди сыйлап турганы жагат. Эч кандай улуумун дегендей мамиле кылбайт. Ошонусуна ичим жылыйт.




Апасы Бодобаева Тоту:
"Назминин себи 9-классында эле даяр болгон"
- Жалгыз кызыңыз колуңуздан суурулуп, турмушка чыгып жатканда ичиңиз ачышкандыр…
- Эми кызым ичимди ачыштыргандай турмушка эрте кеткен жок да. Өз убактысы менен кетти. Окуусун бүттү, иштеди дегендей. Азыр мен кызыма акыл айтпай эле, кызым мага акыл айтып калган учуру. Назми өз бактысын өзү тапты. Кызымдын ою менен болдум. Анткени анын бардыгын ойлонуштуруп, анан иш баштаган артыкчылыгы бар. Ушул мүнөзү мага аябай жагат. Ошон үчүн жеке жашоосуна эч кийлигишкен жокмун. Быйыл турмушка чыгам деди, каршы болгонум жок. Өзүнө жакса, аны менен түбөлүк жашап кетишине көзү жетсе мен эмне айта алмак элем? Күйөө баламды бир көргөндө эле көңүлүм тынды. Токтоо мүнөз, турмуш башынан өтүп, көп нерсеге көзү жетип калган бала экен. Кызым дагы аркы-беркини түшүнүп калгандыктан, экөөнүн бактылуу жашап кетээрине ишендим. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жакшы күйөө балага жолуктук.
- Кызыңыздын себин камдап атасызбы?
- Назми 9-10-класста окуп баштаганда эле себин камдап баштаган болчумун. Кол иш менен жасалган буюмдары бүт даяр. Негизи эненин жүрөгүнөн чыккан кийиз, шырдак, жууркандар такыр башка эмеспи. Сеп жасаган менимче, түйшүк эмес, кут деп ойлойм. Ошол нерсени жасап жатып, балаңа кандай гана жакшылыктарды тилеп атып жасайсың. Мына ошонун баары кут эмей эмне? Кызыма өзүм эмнени билсем бүт үйрөткөм. Кыргыздын кол өнөрчүлүгүн Назми жакшы эле өздөштүргөн.
- Назми менен Сапар бир туугандай болуп калдык деп жүрүштү эле. Сапардын кызыңыз кеткенден кийин жаман абалда жүргөнүн баамдадыңызбы?
- Чындыгында, экөө бир туугандай эле болуп калышкан. Мен да Сапарды өз баламдай көрөм. Үйгө өз үйүндөй келип-кетип жүрө берет. Концерттерден чыгып үйгө кеч келип калганда Назминин эски пижамасын кийип жатып алса келиним таң кала берчү. Азыр көнүп калды. Сапарга биздин үй-бүлө дагы аябай көнүп калыппыз. Ал деле биздин үйдүн бир мүчөсү.

Рахбар Алымкулова