п»ї

  Саресеп

Жөө жүргөндөр жана төрт дөңгөлөктүн үстүнөн түшпөгөндөр
Заман талабы менен учурда ар бир экинчи адамдын машина айдап жүргөнүнө күбөбүз. Изилдеп көрсөк, азыркы жаш жылдыздардын машина айдабаганы дээрлик жок экен. Тескерисинче, элге эмгеги сиңген аттуу-баштуу жылдыздарыбыздын көпчүлүгү коомдук транспорттордо жүрүшөт.


Коомдук унаага түшөсүзбү?
Турусбек Жумалиев:
- Машина айдагандан аябай көңүлүм калып калган. Себеби жаш кезимде машина айдай коём деп бир кырсыкка учурагам. Ошондон кийин рулга эч олтурбайм. Зарыл жумуштарым чыгып калганда гана баламдын машинасына түшкөнгө туура келет. Же болбосо мен жөө жүргөндү аябай жактырам. Ар дайым эл менен жакындан сүйлөшүп, коомчулукта жүрүү мен үчүн бакыт. Парк аралап сейилдеп басканымда кадимкидей эс алып калам. Ошондуктан, спорттук стилде кийинип алып атайын жөө жүрө берем. Маршруткага түшүүнүн эмне уяты бар? Эл баскан жерди биз деле басып, эл жеген тамакты биз деле жеп жүрөбүз. Орустун улуу жазуучусу Чехов "коомчулукта жашап жатып, кооомчулуктан качуу наадандык" деп бекер айткан эмес. Андыктан, коомчулуктан өзүңдү өйдө сезип, өзүңдү алып качуу туура эмес.


Бактыбек Мамытов:
- Ушул мезгилге чейин машинанын рулуна олтуруп көрө элекмин. Эмнегедир айдагандан аябай корком. Бала кезимден техникага кызыкпадым. Ошондуктан ар дайым атайын коомчулукка арналган маршрутка, чоң автобустарда жүрөм. Эл тааныйт деп четтеп, өзүмдү элден алыстатканды жактырбайм. Биздин элден эмнебиз артык эле. Машинанын жоктугу зарыл жумуштарым чыгып, ага муктаж болуп калганымда билинет да, "эмнеге жаш кезимде үйрөнүп албадым" деп кыжаалаттанып кетем. Эми жашым өтүп калды, айдаганды үйрөнө албай деле калдым. Көнүп калган маршруткада жүрө берем.


Каныкей Эралиева:
- Эмнегедир жаш кезимден техникага кызыкпадым. Машина айдоо оюма да келген эмес. Биз эми табиятыбыздан ушундай жаралдык да. Жылдыз болуп жанып турган кезибизде деле эл менен аралашып, бой көтөрүүнү билбей жөнөкөйлүккө тарбияланганбыз. Биздин учур башкача турбайбы. Мына ошол калыбыбыздан жазган жокпуз. Машина алып же башка мүлккө кызыккандын ордуна чыгармачылыкка кызыгуубуз күчтүү эле. Азыр мен кандай гана транспорттук каттамдар болбосун тандабай түшө берем. Тааныгандар учурашса учурашып коём. Кандай унаада жүрүүнүн мен үчүн айырмасы жок.


Анарбек Ибраев:
- Шаарыбыздагы болгон транспорттук каттамдарга ыңгайына жараша түшө берем. Автобус, троллейбуска түшкөндөн эмнеге намыстанам? Алар коомчулукка арналгандан кийин мен деле ага түшүшүм керек да, туурабы? Өзүмдүн деле жеке машинам бар, аны зарыл жумушум чыкканда гана айдайм. Болбосо көпчүлүк учурда автобустарга түшөм. Анткени шаардын кыймылынан машина айдагандан кооптоно берем.


Мирбек Атабеков:
- Үч жылдан бери маршруткага түшө элекмин. Анткени жеке машинам бар. Чынын айтсам эгер менде машина жок болсо, маршруткада жүрө бермекмин. Адам баласы кандай кырдаал болбосун баарына көнөт. Ошондуктан учурда дайыма машинада жүргөндүктөн, аябай көнүп алдым. Машинасыз бир дагы жумушум бүтпөйт. Кээде машинамды оңдоочу жайларга тапшырганымда такси менен жүрөм.


Айгерим Расул кызы:
- 16 жашка чыкканымда атам менен апам "Опел" маркасындагы темир тулпар тартуу кылышкан. Айдаганды атам үйрөткөндө коркконуман такыр үйрөнө албай койгом. Кийин эле өзүм жалгыз үч күндүн ичинде үйрөнүп алгам. Ошондон бери маршруткага эч түшө элекмин. Мектепте окуп жүргөн кезимде деле дайыма атам алып келип, алып кетип жүрчү. Негизи эл арасында эркин эле жүрө бергим келет. Бирок кээ бир адамдардын бирин-бири түртүшүп, колдору менен көрсөтүп, ар кандай сөздөрдү сүйлөй бергендери жакпайт. Ошондуктан кишилер көп жүргөн жерден өзүмдү алыстата берем. Коомдук унааларга да түшпөгөнүм ошондон.


Бакыт Байсариев:
- 2004-жылы биринчи жолу темир тулпарлуу болгом. Азыркы машинам онунчусу. Андыктан, коомдук транспортко көп түшпөйм. Кээде гана зарыл жумуштарым чыкканда машинам бузулуп, келинчегимдин машинасы бошобой калса, айла жок маршруткага түшкөнгө туура келет. Ал учурда айрымдар башыңан этегиңе чейин карашып, ыңгайсыз абалга туш кылышат.


Фарида Карбосова:
- Коомдук траспортко 2006-жылдан бери бир да жолу түшө элекмин. Элге таанылып калгандан кийин маршруткага түшүп калсаң "Тигини кара, тыгылышып маршруткага түшкөнүн. Акчасы жок го байкуштун" деп тимеле байкуш кылып коюшат. Ошон үчүн түшкүм келбейт. Эгер машинам бузулуп калса, анда такси менен жүргөнгө туура келет. Бул менин өзүмдү өйдө көтөргөнүм эмес, болгону карапайым элдин бизди башкача ойлоп алганы. Чынында, биз деле алардай жанбыз да. Акча кээде болуп калат, кээде болбой калат дегендей…

Рахбар Алымкулова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
КЕРИМ ТУРАПОВ ӨМҮРҮНДӨ КЫЗДАРГА КАТ ЖАЗГАН ЭМЕС
2-бет
Назми:
"Талант мени 13 жыл жан сакчыдай кайтарып жүрдү"

3-бет
Жөө жүргөндөр жана төрт дөңгөлөктүн үстүнөн түшпөгөндөр
4-бет
Жаргылчак
5-бет
Өлкө башчы АКШнын аскердик аба күчтөрү борборуна баш багат
6-бет
Дасторкон ажары
7-бет
Жыйырма беш чакырымды жөө баскан
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылкы башын тарта албай, жылдыздарга туш келдик
10-бет
Үй-бүлөлүү менен бойдок эркектерди кантип ажыратууга болот?
11-бет
Бактылуу болом дечү эле…
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Кристина орбакайте баласынан айрылуу алдында турат
14-бет
Обон почта










??.??