п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Жаргылчак

Султан Садыралиев...
"Жаргылчак" деген рубрикабызга буга чейин популярдуу ырларды салып профессионалдардын пикирин угуп келсек, бүгүн биз ырды эмес, ырчынын өзүн салууну туура көрдүк. Максатыбыз ар тармактагы адистердин көз карашын угуп, ал адам тууралуу окурмандарга аздыр-көптүр маалымат берүү. Быcсымылда дегенде эле көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк тапкан ырчы жигит Султан Садыралиевден баштоону туура көрдүк.

Композитордун көзү менен
Рафаель Сарлыков:
- Султан Садыралиевдин ырларынын обону, аткаруучулугу бүгүнкү күнгө гана таандык. А бирок эртеңки күндү да ойлош керек. Ал баланын аракети, шыгы бар болгону менен тажрыйбасы жок. Эми аркы-беркисин эске албаганда жалпысынан обондорун жакшы десем болот.

Акындын көзү менен
Жыпара Арыкова:
- Башка жаш ырчыларга караганда Султандын ырларынын тексттери жакшыраак. Өзгөчө "Он үч жашар баланын арманы" деген дастан түрүндөгү ырды туура тандаган. Маани берип атайын уксам, репертуарындагы кээ бир ырлары суу саптар менен жеңил-желпи жазылыптыр. Эми жаштар ошондой ырларга жакын болуп жатпайбы. Султандын мындан кийинки чыгармачылыгына изденүүнү каалайм жана акындар, авторлор менен иштешсе деген сунушумду айтам.

Клипмейкердин көзү менен
Мырза Айдаралиев :
- Султандын "Жөнөкөй жигит" клибинин идеясы абдан жакшы болгону менен берейин деген ойду толук ачып бере алышкан эмес. "Досума" аттуу ырынын клиби да таң калтыргандай деле эмес, бирок, жакшы болгон. Продюсери окуса таарынаар, бирок, ачыгын айтканда, Султандын клиптерине чыгымды азыраак кетиргенге аракет кылышат. Акчаны аябай клипти тартканда профессионал адамдарга кайрылышса жакшы болмок деп ойлойм.

Аранжировщиктин көзү менен
Ильяз Абдыразаков:
- Султандын ырларынын аранжировкаларына "беш" деген баа коём. "Жаным", "Аячы"деген ырларынын аранжировкалары жакшы болгон. Жакында эле мен да жаңы ырына аранжировка жазып бергем. Өзүмө аябай жакты. Султан кеткенден кийин "каап, аранжировканы бербей эле өзүм ырдасам болмок экен?"деп өкүнүп калдым. Жалпысынан айтканда Султан ырларды тандаган жагынан азамат.

Сахналаштын көзү менен
Съездбек Искеналиев:
- Султан экөөбүздүн мамилебиз чыгармачылыктан сырткары да абдан жакшы. Көргөн жерде саламыбыз түз. Кээде "байке", кээде "дос" деп тамашалап калат. Адам катары баарыбыздын жакшы, жаман сапаттарыбыз бар эмеспи. Бирок адамдын кемчилигин чукуп сорттогонго акым жок. Ошондуктан Султандын кичипейил, боорукер сапатын баалап, ырларынын кайрыктарында камтылган нукура кооз үнүн баалайм.

Достун көзү менен
Урмат Усенов
- Султанды досум катары сыйлайм. Абдан адамгерчиликтүү, кичипейил жана жөнөкөй. Чыгармачылыгын алганда эстрадалык ырларды да, фольклордук ырларды да ийине жеткире ырдайт. Эң таланттуу жигит. Бирок досум терс сапаттардан да кем эмес. Абдан шашма, бирөөгө бат ишенгендиктен, көп өкүнөт. Анан айтылган жерге кечигип келмей адаты бар. Ошондуктан маанилүү жолугушууларга бараарда Султанга убакытты жарым саатка алдыга жылдырып айтам.

Күйөрмандын көзү менен
Замирбек кызы Эркинай
- Мен мурун Султан Садыралиевдин фанаты болчумун. Концерттерине калтырбай барып, ырларынын баарын жаттап, сүрөттөрүн бөлмөмө чаптап алчумун. Сүйлөшкөн кызын сахнага алып чыкканда өзүмдөн-өзүм кызганып, кадимкидей ыйлагам. Айла жок, ичимден бакыт тилеп кала бергем. Бирок кийин кызы менен урушуп кеткенин гезиттерден окуганда сүйүүгө жоопкерчиликсиз мамиле кылаарын билип, сыйлабай калгам. Анын үстүнө бир жолу кыздардан телефонун таап алып чалсам, орой сүйлөп салган. Анда андан бетер ирээнжидим. Азыр деле жакшы көрөм деңизчи, бирок, мурункудай эмес.


Айнура Касымова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
КЕРИМ ТУРАПОВ ӨМҮРҮНДӨ КЫЗДАРГА КАТ ЖАЗГАН ЭМЕС
2-бет
Назми:
"Талант мени 13 жыл жан сакчыдай кайтарып жүрдү"

3-бет
Жөө жүргөндөр жана төрт дөңгөлөктүн үстүнөн түшпөгөндөр
4-бет
Жаргылчак
5-бет
Өлкө башчы АКШнын аскердик аба күчтөрү борборуна баш багат
6-бет
Дасторкон ажары
7-бет
Жыйырма беш чакырымды жөө баскан
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылкы башын тарта албай, жылдыздарга туш келдик
10-бет
Үй-бүлөлүү менен бойдок эркектерди кантип ажыратууга болот?
11-бет
Бактылуу болом дечү эле…
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Кристина орбакайте баласынан айрылуу алдында турат
14-бет
Обон почта










??.??