п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Саясат

Өлкө башчы АКШнын аскердик аба күчтөрү борборуна баш багат
"Манас" аэропортунда жайгашкан АКШнын аскердик аба күчтөр борборуна Курманбек Бакиев 11-сентябрда бармак болду. Келишим түзүлүп, жайдан бери ишке киришкен борбордо америкалыктардын иш алпарганына сегиз жыл толот. 2001-жылы 11-сентябрда АКШда болгон трагедиядан кийин ар бир жылда бул борбордо иш чара өткөрүлөт. Аскер аба күчтөрү борбору түзүлгөндөн бери Кыргызстандын аянтын пайдаланганы үчүн америкалыктар жылына 60 миллион доллар төлөшөт. Мурда бул сумма 17,4 миллион долларды түзчү.

Мурат Жураевдин ордун ким басты?
Парламенттен кеткен экс-депутат Мурат Жураевдин ордуна элдик депутат Айбек Азыранкулов келди. Төш белги менен күбөлүк ага кечээ тапшырылып, жаңы депутат ишке киришти. Мындан ары Айбек Азыранкулов ишке билек түрө киришип, айыл чарбаны өнүктүрүүгө көбүрөөк басым жасоону максат кылып жатат. Өзүнүн да ушул тармактарга иш тажрыйбасы мол экенин кесиптештери баса белгилешти.

Президенттик шайлоодо камалгандардын соту эми 11-сентябрга жылды
23-июлдан бери бирде Балыкчыда, бирде Каракол шаарынын камакканасында жаткан 14 айыпкердин экөө ден соолугуна байланыштуу буга чейин ооруканага чыгарылган.Калган 12 адам 4-сентябрда Каракол тергөө абагынан Балыкчы шаардык сотуна алынып келингени менен бул күнү белгиленген соттук териштирүү болбой калды. Ага айрым жактоочулар менен убактылуу бошотулган айыпкерлердин келбей калганы негиз болду.

Кыргызстанда жыл сайын 440 аял рак оорусуна чалдыгат
Онкология борборунун директору Накен Касиев атайын пресс-конференция уюштуруп, анда жыл сайын 440 аял сүт безинин рак оорусуна чалдыгаарын белгиледи. Анын айтымында рак оорусуна чалдыккандардын 53%ы бул кооптуу илдеттен көз жумат. Бул дартты алдын алууга, дарылоого толук негиз бар. Жаш кыздардын рак оорусунан улам көз жумуп жатканы зээниңди кейитет. Эгер ар бир аял өз тагдырына кайдыгер карабай, убагында маммологдорго кайрылышса жакшы болот эле,-дейт Накен Касиев.

"Европа-Азия" Маданий кызматташтык" кинофестивалы Бишкектен башталат
"Европа-Азия" Маданий кызматташтык" кинофестивалы 25-сентябрдан баштап Бишкектен башталат. Кинопоездин маршруту Кыргызстан, Казакстан, Россияда уланат. Фестивалдын шарты боюнча ар бир өлкөдөн катышкан топ "Европа-Азия" Маданий кызматташтык" деген темада кыска метраждуу тасма тартышы керек. Саякат учурунда ар би топ Бишкек, Каракол, Алматы, Туркистан, Аральск, Оренбург, Самара, Москвага токтолушат. Бул фестивалда Европа өлкөлөрүнөн 15 мамлекет катышат. Фестивалга Россия менен Франция демөөрчүлүк кылышууда.

Бесландагы жардырууда тирүү калган Малик студент болду
Мындан беш жыл мурда Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы №1-мектепти террорчулар тобу басып алып, 1200 адам барымтага алынган. Мына ошол капсалаңда 330 киши, анын ичинде 186 окуучу набыт болгон. Барымтага алынгандардын арасында аталган мектептин 7-классынын окуучусу, кыргыз баласы Малик Калчакеев да бар эле. Террорчулар камап отурганда Малик эки-үч жолу дааратканага чыгып, майкасын суулап келип сулап жаткан адамдарга сордуруптур. Ошондо байкап калган террорчулар "сен кайра-кайра чыга бересиңби?"-деп мылтыктын кундагы менен бир коюптур. Анан биринчи жардыруу болгондо эле чыйрак жигит элге кошулуп эптеп качып чыккан. Азыр 17 жаштагы Малик ата-энеси менен жумушсуздуктан улам Бесланга көчүп барган экен. Быйыл ал Ростов-на-Дону шаарындагы милициялык жогорку окуу жайынын юридикалык факультетине өттү.

Үрүмчү тынчый элек
Ушул күндөрү Үрүмчүнү кытай аскерлери күндүр-түндүр күзөткө алууда. Бирок кырдаал жайына келе элек. Жекшемби күнү жергиликтүү ханзулар соода борборунун имараты алдына жыйналып, митинг өткөргөнгө аракет кылышты. Буга эмне себеп болгону белгисиз. Улам чогулуп, аянтка кылкылдап толуп бараткан элди полиция кууп таратты. Уйгурлар ханзуларга күйгүзмө суюк зат чачып, атүгүл СПИД жуктуруп жатышыптыр деген каңшаарлар азыр калаага жайылып кетти.





Камбар-Ата ГЭСине 20 миллион доллар бөлүндү
Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна 20 миллион доллар бөлүп берүү чечимин кабыл алды. Улуттук банктын уруксаатын алышаары менен бөлүнгөн сумма ГЭСтин курулушуна жумшалат. Дагы акча каражат керектелсе россиялыктардан алына турган 300 миллион доллардан да белгилүү бир сумма бөлүнүшү мүмкүн.

Казакстан менен Россияга эми эт жөнөтүлөбү?
Коңшу өлкөлөр Казакстан менен Россияга сентябрь айынын аягынан баштап кайрадан эт жөнөтүлө башташы мүмкүн. 2006-жылы өлкөбүздө ящур оорусу пайда болгондон бери эки мамлекет Кыргызстандан эт сатып алганды токтотушкан. Бул маселе расмий түрдө эки жылдан бери чечилбей келгени менен легалдуу эмес түрдө эт азыктары бул өлкөлөргө жиберилип жатканы маалым. Жакын арада бул маселе чечилип, коңшу өлкөлөргө атайын келишим менен эт азыктары жөнөтүлө баштаары белгилүү болду.

Депутатты Алтынбек Итибаевдин өлтүргөнүнө туугандары ишенбейт
Ушул жылдын 14-апрелинде Жогорку Кеңештин депутаты Санжарбек Кадыралиев Бишкектеги үйүнүн жанында атылып өлтүрүлгөн. Ал эми 20-апрелде Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев шектүү киши кармалгандыгын маалымдап, кийинчерээк Алтынбек Итибаев айыбын толук мойнуна алгандыгы жарыяланган.
Бирок учурда тергөө абагында кармалып турган соттолуучунун тууган-уруктары Алтынбек Итибаевдин депутатты өлтүргөнүнө ишенбей жатышкандыгын айтып жатышат. Алар президентке отчет иретинде милиция кылмыш ишин 32 жаштагы жигиттин мойнуна мажбурлап илип таштаган деп шектенүүдө.

Жаңы конуштардын биринде адамдын өлүгү табылды
Дордой жаңы конушунда жайгашкан жеке мейманканада кишинин өлүгү табылды. ИИМ билдиргенине караганда маркум катуу таяк жеп көз жумган. Аты-жөнү азырынча тактала элек 45-50 жаштар чамасындагы эркектин сөөгү азыр экспертизага берилди. Бул кылмышка шектүү делинип 1982-жылы туулган А.Э. кармалды. Ал маркум менен уруша кетип мас абалында денесинен тамтык койбой тепкилеп салган. Учурда кылмыш иши козголуп, кылмышкер сурак берүүдө.

Ысык-Атада контробанда табылды
Ысык-Атада ГАЗ-5312 номерлүү жүк ташуучу машинадан 4942 литр күйүүчү май табылды. Машинанын айдоочусу Р. Маджичиновду Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылынан токтотушкан. Айдоочудан күйүүчү майга тиешелүү эч кандай документ табылбагандыктан, ал түшүнүк кат жазды. Р. Маджанчинов күйүүчү майды жолдун жээгинен эле тааныбаган адамдан сатып алганын билдирди. Азыркы тапта тергөө иши жүрүп жатат, айдоочу административдик жаза алышы мүмкүн.

Табияттын табышмактуу сырлары
Бразилиянын Пернамбуко штатында жашаган кара терилүү үй бүлөдө бир эле убакта үч ак терилүү наристе төрөлдү. Баш-аягы бул үй-бүлө беш балалуу болушту. Экөө кадимкидей эле ата-энесин тартып кара терилүү болушса, жаңы төрөлгөн үчөө ата-энесин таң калтырып өздөрүнө карама-каршы түстөргө ээ болушту. Мындай көрүнүш Бразилияда биринчи ирет болуп жаткандыктан, окумуштуулар дароо бул окуяны изилдөөгө алышты.

Уго Чавес Ашхабадда болду
Венесуэланын президенти Уго Чавес 6-сентябрь күнү кечинде Ашхабадга учуп келди. Бул Чавестин Түркмөнстанга болгон биринчи официалдуу сапары. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов экөөнүн сүйлөшүүсүнүн негизги өзөгү энергетика темасы болду. Эскерте кетсек, ушул жылдын 13-сентябрында Орусиянын президенти Дмитрий Медведев да Ашхабадга барууну пландаган. Медведевдин бул сапарынын негизги максаты - жаратылыш газына байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келүү экен.

Дүйнөлүк кризис АКШга курал-жарак сатканга тоскоол болгон жок
Дүйнө жүзүн каптаган кризис АКШга курал-жарак сатканга тоскоол болгон жок. 2008-жылы Вашингтондо 37,8 миллиард долларга курал-жарак сатылса, 2007-жылы 27, 4 миллиард доларга сатылган. Курал-жарак чыгаруу боюнча экинчи орунда Италия турат. Бул өлкө 2008-жылы 3,7 миллиард долларга курал-жарак сатышкан. Эксперттердин ою боюнча кризиске байланыштуу эң биринчи курал-жаракка болгон суроо талап төмөндөшү керек болчу. Бирок, эмнегедир эки өлкөнү бул кыйынчылык айланып өттү дешет алар.

Маалымат интернет булактарынан алынды





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
КЕРИМ ТУРАПОВ ӨМҮРҮНДӨ КЫЗДАРГА КАТ ЖАЗГАН ЭМЕС
2-бет
Назми:
"Талант мени 13 жыл жан сакчыдай кайтарып жүрдү"

3-бет
Жөө жүргөндөр жана төрт дөңгөлөктүн үстүнөн түшпөгөндөр
4-бет
Жаргылчак
5-бет
Өлкө башчы АКШнын аскердик аба күчтөрү борборуна баш багат
6-бет
Дасторкон ажары
7-бет
Жыйырма беш чакырымды жөө баскан
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылкы башын тарта албай, жылдыздарга туш келдик
10-бет
Үй-бүлөлүү менен бойдок эркектерди кантип ажыратууга болот?
11-бет
Бактылуу болом дечү эле…
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Кристина орбакайте баласынан айрылуу алдында турат
14-бет
Обон почта










??.??