п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Дасторкон ажары

Кышкы салаттын түрлөрү
Күз мезгилинде айымдардын баары кыштын камын көрүп, ар ким билген салаттардын түрлөрүн жасап киришет. Айымдарга жардам болсун деп биз өзгөчө оригиналдуу салаттардын рецептерин, салат жабуудагы колдонуучу кээ бир пайдалуу кеңештерди сунуштайбыз.


"Күздүн белеги" салаты
Керектелүүчү азыктар:
4 даана таттуу калемпир
1 килограмм помидор
1 килограмм пияз
3 даана сабиз
500 грамм соя
500 грамм өсүмдүк майы
Туз, калемпир
Даярдоо ыкмасы:
Сояны 5-6 саат сууга чылап алып, аны тузу жок сууга бышырып алабыз. Таттуу калемпир менен пиязды шакекче кылып туурап, помидорду тегерек кылып туурап, сабизди тёркадан өткөрөбүз. Даярдалган азыктарды сояга аралаштырып туздап муздак жерге 5-6 саат коюп турабыз. Чылангандан кийин чыккан сууну төгүп салып, үстүнө лавр жалбырагын, калемпир салып дагы 30-40 мүнөт коё турабыз. Даяр болгондон кийин дароо бууланган банкаларга салып капкактар менен жабабыз.

"Соте" салаты
Керектелүүчү азыктар:
3 килограмм помидор
3 килограмм болгар калемпири
3 килограмм баклажан
700 грамм чеснок
1 боо петрушка
1 боо укроп
1 стакан өсүмдүк майы
3 даана Чили калемпири
Туз
Даярдоо жолу:
Баардык азыктарды 1х1 сантиметр көлөмдө чарчы кылып туурап алабыз. 40-60 мүнөт майга кууруп алабыз. Ысык, бууланган банкаларга салып жапкандан кийин капкагын өйдө каратып көмкөрүп коёбуз.

Жашыл
помидорлордон
кышкы салат
Керектелүүчү азыктар:
1 килограмм жашыл помидор
0,5 болгар калемпири
0,5 килограмм сабиз
50 грамм туз
0,5 стакан өсүмдүк майы
50 грамм уксус
70 грамм шекер
Даярдоо жолу:
Помидорлорду бирдей көлөмдө туурап, пиязды, калемпирди тең ортосунан бөлүп жарым шакекче кылып туурайбыз. Сабизди тёркадан өткөрүп алабыз. Баарын мискейге салып аралаштырып туз кошуп, 8 саатка чейин чылап коёбуз. Чыккан суусун төгүп салып туз, кумшекер, уксус, өсүмдүк майын аралаштырып отко 30 мүнөт кайнатабыз. Даяр болгон аралашманы бууланган банкаларга салып, капкак менен жабабыз.

Баклажан менен
помидор салаты
Керектелүүчү азыктар:
3 килограмм баклажан
1,2 килограмм ун
1 стакан өсүмдүк майы
2 килограмм помидор
4 же 5 тишче сарымсак
Туз, кара калемпир
Даярдоо ыкмасы: Баклажандарды аарчып, тегерекче кылып кесебиз. Ун менен тузду аралаштырып ага кесилген баклажандарды оонатып чыгабыз. Помидорлорду жууп бирдей көлөмдө чоң-чоң кылып туурап, туз, калемпир, чеснок кошуп куурабыз. Бууланган банкаларга бир кат баклажан, экинчи кат помидор кылып тизип банка толгондон кийин үстүн капкак менен жабабыз. Банканы кайнак сууга салып 30 мүнөт кайнаткандан соң банкаларды жылуулап ороп коёбуз.

Орусча салат
Керектелүүчү азыктар:
5 даана баклажан
5 даана помидор
5 даана таттуу калемпир
5 тишче сарымсак
5 даана пияз
5 даана алма
Татымына жараша туз
1-1,2 стакан өсүмдүк майы
Даярдоо жолу:
Баклажанды тегерек кылып кесип, майга кууруп алабыз. Помидор, калемпир, алма, пиязды узун-узун кылып туурап баклажандын үстүнө кошуп кууруйбуз. Үстүнө бир стакан май куюп, туз кошуп жай отко бир сааттан кем эмес кайнатабыз. Ысык бойдон бууланган банкаларга салып жаап коёбуз.

Калемпир менен
бал аралашкан салат
Керектелүүчү азыктар:
1,5 килограмм таттуу калемпир
1,5 килограмм помидор
100 грамм уксус
100 грамм бал
15 грамм туз
10 штук кара тоголок калемпир
Даярдоо жолу:
Таттуу болгар калемпирин, эзиле бышкан кызыл помидорлорду жууп, бирдей көлөмдө кылып туурайбыз. Даамын тууралап бал, туз, уксус кошуп чылай турабыз. Суусу чыккандан кийин 10 мүнөт кайнатабыз. Мурда даярдалган банкаларга муздатпай туруп салып, капкак менен жабабыз.

Пайдалуу кеңештер

Салатты банкага жапкандан кийин капкагы жакшы жабылганын текшериш үчүн капкактын үстүн жакшылап сөөмөй менен басып көрүш керек. Эгер сөөмөй менен басылган жер бир нече убактан кийин кайра түзөлө баштаса, анда капкак жакшы жабылган эмес.
Өтө муздак жерде салаттар тоңуп, атылып кетпегени менен даамы бир аз бузулат. Муздак жерде көпкө турган салатты ачып жесеңиз даамы кадимкидей супсак тартып калганын байкайсыз.
Кышкы салаттарга даярдаган азыктарды сыр мискейге кайнатканыңыз туура. Алюминий мискейден калемпирдин, капустанын, кызылчанын даамы бузулат.
Банка кышка жетпей атып кетпеш үчүн аны буулап жатканда оозунан кармабай капталынан майлык менен кармаганыңыз оң. Банканы бууга 10-15 мүнөттөн кем кармабоо керек. Ал эми капкакты 2 мүнөттөн ашык кармабаңыз.
Банканы буулоонун дагы бир жолу духовкага банканы салып, 100 градуска коёбуз. Саатты карап он беш мүнөттөн кийин алып чыгабыз.
Туздаганга бадыраңды даярдаш үчүн эң биринчи көлөмүнө, анан бадыраңдын үзүлгөнүнө канча күн болгонуна басым коюңуз. Эгер бадыраң эки-үч күн мурда үзүлсө аны муздак сууга 3-6 саатка чылай турсаңыз мурдакы калыбына келет.
Бадыраңды туздаарда банканы өтө буулантып жиберсеңиз бадыраң аз эле убакыттын ичинде атып кетиши мүмкүн. Ошондуктан банканы өз убактысынан ашык бууга кармабаңыз.
Салатка кошо турган капустаны тор баштыкка сактаңыз. Үстүнкү жалбырактарын үзүп салууга шашпасаңыз болот. Анткени ал жалбырактар капустанын түп-орду менен соолутуп салбай сактап турат.
Помидор, баклажан, сабиздерди бир күн жакшылап сакташ үчүн топурагын бир сыйра күбүп салып, кургак чүпүрөк менен сүртүп коюңуз. Айрымдар сууга жууп салышат. Мындай жол менен жашылча бат соолуп, даамын жоготот.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
КЕРИМ ТУРАПОВ ӨМҮРҮНДӨ КЫЗДАРГА КАТ ЖАЗГАН ЭМЕС
2-бет
Назми:
"Талант мени 13 жыл жан сакчыдай кайтарып жүрдү"

3-бет
Жөө жүргөндөр жана төрт дөңгөлөктүн үстүнөн түшпөгөндөр
4-бет
Жаргылчак
5-бет
Өлкө башчы АКШнын аскердик аба күчтөрү борборуна баш багат
6-бет
Дасторкон ажары
7-бет
Жыйырма беш чакырымды жөө баскан
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылкы башын тарта албай, жылдыздарга туш келдик
10-бет
Үй-бүлөлүү менен бойдок эркектерди кантип ажыратууга болот?
11-бет
Бактылуу болом дечү эле…
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Кристина орбакайте баласынан айрылуу алдында турат
14-бет
Обон почта










??.??