п»ї
 Таанышуу жарыясы


  классташ

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси, Кыргыз Улуттук консерваториясынын профессору, Улуттук Филармониянын директору Керим Тураповдун балалыгына кылчайып, мектеп курагындагы кездерине саякат жасап көрдүк. Анын жакын досу, классташы "Кыргыз Туусу" гезитинин директорунун орун басары Аскар Насирдинов классташы тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

Жыйырма беш чакырымды жөө баскан
Керим Турапов
Жыйырма беш чакырымды жөө басканда
- Керим экөөбүз тогузунчу класска чейин Кызыл-Сууда чогуу окудук. Кийин шартка байланыштуу мен Жаңы-Арык айылында, Керим болсо Ош шаарындагы интернатта окуп жүрдү. Ошентип жазгы каникулга тарадык. Ал кезде байма-бай каттаган азыркыдай унаалар жок, чоң жүк ташыган машиналар менен араң жетчүбүз. Садырбай деген айылга унаа тосуп келип, ал жерден Кызыл-Сууну көздөй дагы жол тособуз. Садырбайдан биздин айылга бир күндө бир эле жолу машина кетет, бузулуп калган күнү ал да жок. Ошол жерге эртең менен келсем, Керимден башка эч ким жок. Ал да Оштон чыгып, үйүнө кетип жатыптыр. Экөөбүз көпкө чейин машина күттүк. Унаа жок. Биздин айылга жетпей Мыялы деген айыл бар, карасак бир жүк ташыган унаа келатат. Жок дегенде Мыялыга чейин жетип алалы, андан ары трактор менен болсо да жетип алаарбыз деп отурдук. Түш ооп калганда Мыялыга да жеттик. Март айларында суук эле болот эмеспи, үшүп кеткенибизди көргөн ошол айылда жашаган Алымкан деген аксакал үйүнө киргизип чай берди. Кеч кирип баратканын билген кыраакы абышка "жатып алгыла, кеч кирип кетсе коркосуңар, жол алыс, жете албайсыңар" деп жакшы эле айтты. Макул болбой экөөбүз чыгып кете бердик. Ошондо Мыялыдан Кызыл-Сууга чейин 25 километр аралыкты басыш керек. Ошентип жолго чыктык, караңгы кирип бара жатат. Азыр ойлоп көрсөм ошондо би-ир топ нерселерди тынбай сүйлөшүп барганбыз. Эсимде калган тема - чоңойгондо ким ким болот. Кыскасы келечектеги пландарыбызды кенен талкуулаганбыз. Керим ошондо эле музыкалык окуу жайга барам дечү. Анан түн ортосунда белди ашып, эл таттуу уйкуда жатканда Керимдин үйүнө кирип барганбыз. Азыр окуучулук күндөрдү эстесем эле ошол жөө басканым эсиме дароо түшөт.

Сапия эженин алдында Керим шоона эшпей калат
- "Аккан арыктан суу агат" дегендей, Керимдер үй-бүлөсү менен ырга жөндөмдүү. Керимдин атасы Ырысалы аба элүүнчү жылдары согуштан кайтып келгенде менин таятам совхоздо раис болуп иштечү экен. Анан таятам Ырысалы аба баш болгон айылдын бир топ активдерин чогултуп, "эс алып келебиз" деп Кызыл-Суудан Ошко жөнөшчү. Ошондо Ырысалы аба ырдап барып ырдап келчү дешет. Андан сырткары жамакчы да болчу. Керим болсо мектепте окуп жүргөндө ырдачу деле эмес. Өзүнөн үч жаш улуу Сапия деген эжеси бар, азыр небере жытын жыттап отурган чагы. Ал ырдаса Керим анын жанында шоона эшпей калат. Үнү ушунчалык бийик. Биз бала кезде Сапия эжелер чабандардын короолорун кыдырып спектакль коюшчу. "Баланчанын короосунда концерт коюшат экен" дегенди уксак чубалып барчу элек. Керим болсо андай концерттерге активдүү деле катышпай, Сапия эженин көлөкөсүндө жүрүп чоңойду.

Керимдин балалыгы Канатта
Негизи Керим табиятынан уяң, жоош, бир калыпта жүргөн адам. Окуучулук кезде класстын активи болгуң келип, алдыга умтулган балдар болот го. Бизде андай деле максат болгон эмес, мыкты окуганбыз деп мактана албайм, орто окудук. Керим болсо көп сүйлөбөй күлүп коюп жүрө берчү. Жооштугунан аны жулмалап тийишкен учурлар деле болду. Азыр деле отуруштарда биз бажактап сүйлөп, каткырып анекдот айтып калсак, ал унчукпай күлүп, анда-санда бир сүйлөп коюп отура берет.
Ушунча болуп мектепте окуп жүргөндө кыздарга кат жазганын көргөн жокмун. Өзүнөн да "деги мектепте кыздарга кат жазчу белең?" деп сурасам калп-чынын ким билсин, "жазган эмесмин, мен бир гана Салияны туу тутуп жашайм" дейт. Чындап эле Керим кыялкеч, бир мүнөз болгондуктан, мектептен өзгөчөлөнгөн деле жок. Азыр уулу Канатты карап отуруп Керимди ашпай-жазбай ушул баласы тартыптыр деп ойлойм. "Керим жаш кезинде кандай болду экен" деп кызыккандар болсо уулу Канатты көрсө болот. Жакында эле шайлоо алдында уулун үйлөнттү. Керимдин балалыгы, жаштыгы Канатта. Баскан-турганы, сүйлөгөнү, күлгөнү баары Керимге окшош. Классташым оңой менен бирөөнүн көңүлүн оорутпаган неме. "Филармонияга жетекчи болгондон бери эле кичине кыйкырып, урушчу болдум" деп өзү айтып калат.

"Туулган жер" - Кызыл-Суунун гимни
Азыр Керим менен айылдаштары сыймыктанышат. "Туулган жер" деген ырын биздин айылдын гимни деп коёбуз. Ал ырды жазганда туулган жерине куса болуп жүргөн кези экен. Ырдын текстин жазгандан кийин бизге алып келип сындатып, андан кийин гана ырдап чыкты. Отпускага чыкканда чогуу айылга барып калсак мени "Аскар, кандайсың, ден-соолуктарың кандай?" дешип ал-ахыбалымды сурап тим болушат. Ал эми Керим барса колу-бутунан алышып бүт айыл басып калат. Учурашабыз деп келген элдердин аягы кечинде араң тыйылса керек. Кызыл-Суу бир эле өрөөн болгону менен уруу-уруу болуп бир топ адам жашайт. Жыл сайын айылга барганда аксакалдардын батасын алайын деп кадимкидей камынып, атайын боз үй тиктирип мал союп элди конок кылат. Ушул нерсени ал салтка айландырды. Анан айылдагылар кызып алгандан кийин ырдап бер деп кыйнашат.

Керимди колдогон патриот
1998-жылы кыргыз журтуна башы көрүнүп таанылып калган жигиттер Аскар Салымбеков, Султан Раев дагы бир топ атка минээрлер Керимдин туулган жерин көрөбүз дешиптир. Аларды Кызыл-Сууга чакырып коноктоп жатканда Аскар Салымбеков минтип айтканы бар: "Ушундай ажайып кооз жаратылыштын койнунда чоңоюп Керим ырчы болбой калса чоң күнөө болмок. Мен ушундай таланттарды колдоп, чыгармачылыгына дем болсун деп бүгүнтөн баштап суммасы он миң доллардан турган фонд уюштурайын дедим. Фонддун биринчи ээси Керим Турапов болот" деди. Азыр ал фонд кандай иш алып барат билбейм. Ошондо борборго келгенде Аскар Салымбеков Керимдин колуна он миң долларды тапшырган. Ал акчаны Керим чыгармачылыгына кенен жумшады.

Он жылдан кийин жолуктук
Мектепти аяктагандан кийин мен үч жылдай айылда совхоздо жумушчу болуп иштеп, окууга тапшырбай калдым. Керим Оштогу музыкалык училищеге тапшырып, аны аяктай электе армияга кетти. Мен ал кезде Бишкекке келип окууга тапшыргам. Керим борборго келип искусство институтуна тапшыргандан кийин жолуктук. Анда экөөбүз тең үй-бүлө күтүп кыйналып турган кезибиз. Ошол кезде мен орус кемпирдин батиринде турчумун, Керим болсо жатаканада жашап, эки кичинекей баласын багам деп бир эле учурда окуп, беш-алты жерде иштеп жаткан болчу. Мектепти аяктагандан кийин он жылга жакын жолукпаптырбыз. Азыр болсо кошуна жашайбыз. Бат-баттан чалышып, жолугуп турабыз. "Эмне көрүнбөй калдың, дайының барбы?" деп жемелеп калат бир аз күн кабарлашпай калсак.Той-топурларда чогулабыз. Негизи Керим жакын дос катары, сырдаш дос катары, жөн эле адам катары мени аябай канааттандырат. Анын көйгөйү болсо мага айтат, меники болсо ага айтам. Ошентип кеңешип кандай маселе болсо да чогуу чечебиз. Классташымдын жетишкен ийгиликтерине кубанып, аны менен сыймыктанам.

Анара Дүйшөналиева






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
КЕРИМ ТУРАПОВ ӨМҮРҮНДӨ КЫЗДАРГА КАТ ЖАЗГАН ЭМЕС
2-бет
Назми:
"Талант мени 13 жыл жан сакчыдай кайтарып жүрдү"

3-бет
Жөө жүргөндөр жана төрт дөңгөлөктүн үстүнөн түшпөгөндөр
4-бет
Жаргылчак
5-бет
Өлкө башчы АКШнын аскердик аба күчтөрү борборуна баш багат
6-бет
Дасторкон ажары
7-бет
Жыйырма беш чакырымды жөө баскан
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылкы башын тарта албай, жылдыздарга туш келдик
10-бет
Үй-бүлөлүү менен бойдок эркектерди кантип ажыратууга болот?
11-бет
Бактылуу болом дечү эле…
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Кристина орбакайте баласынан айрылуу алдында турат
14-бет
Обон почта










??.??