п»ї

  Шоу-дүйнө

"Обон" шоу-таймс
Азаматтан жаңы аппаратура белек
Жаш ырчыларды колдон-буттан алып колдоп келаткан "Kg" шоу-бизнес борборунун жетекчиси Азамат Курманалиев Нарын шаарынын мэриясына 12 миң долларлык жаңы музыкалык аппаратура тапшырды. "Бир ирээт Нарын шаарына барганымда Нарын драма театрынын 500 адам баткан залында концерт болуп, элдин теңинен көбү сыртта калган эле. Аппаратуранын жоктугунан борбордук аянтчага да концерт бералбай келишкен экен. "Өзүмдүн балалыгым өткөн Нарын шаарынын элине белек катары музыкалык аппаратура тапшырдым. Бул белекти шаардын мэрине жөн гана тапшырып койбостон, атайын Бишкек шаарынан жаш эстрада ырчыларын чакырып, төрт сааттык концерт тартууладык",- дейт Азамат мырза. Албетте эли-жерин сүйгөн Азаматтай патриот жигиттер көп боло берсин демекчибиз.


Киносүйүүчүлөр кубанат
Киносүйүүчүлөр көптөн бери "Кылмыш-1" кинотасмасынын уландысын күтүп жатышкан эле. Режиссёр Келсинбек Атабеков күйөрмандарын кубантып тасманын уландысын тартып бүтөйүн деп калды. Экинчи бөлүктүн сценарийин режиссёр менен бирге тасманын продюсери Гүлнура Асанова иштеп чыккан. Тасмада азыркы замандын терс көрүнүштөрү, кубаныч-кайгысы жана кримдүйнө да чагылдырылат.


Азиза бизнесмен болобу?
"Өнөрүң болсо өргө чап" дегендей, ырчы Азиза өзүн дикторлук жактан сынап, беш айдан бери ЭлТР коомдук телеканалында жаңылыктар бөлүмүндө иштеп жаткан эле. Эми минтип өз каалоосу менен жетекчиликке арыз жазып, жаңылыктарды окубай турганын билдирген. Ырчынын эфирди ташташына бир жагынан эмгек маянасынын аздыгы, экинчи жагынан жеке бизнес ачып жатканы себеп болгон. "Азыр бизнести жаңыдан баштап жаткандыктан, кандай бизнес экенин айтпай турайын. Негизгиси, эл үчүн эң керектүү иш баштап жатам" деп бир сырдын башын кылтыйтты ырчы.


Гүланда терс каармандын ролун жаратты
Ырчы Гүланда "Сүйүүдөгү көз жаш. Эгиздер тагдыры" кинотасмасында өзүнүн талантын сынап көрдү. Тасмадагы башкы каарман эгиз кыздар Айпери, Нурперинин досу болуп, биринчи жолу терс каармандын образын жаратты. "Киного тартылам деп кылданчумун. Бирок терс каармандын образын жаратам деп ойлогон да эмесмин"дейт ырчы. Жашоодо эмес, кинодо терс каарман болгон Гүланданын талантын 10-сентябрда тарых музейинен көрө алат экенбиз.


Асел дарыланып жатат
Көпчүлүктүн сүйүктүү ырчысы, искусство институтунун кадырлуу деканы Асел Турдалиева жай мезгилинде киного тартылып, абитуриенттерди кабыл алып, окуу жайдын түйшүгү менен жүрүп жайкы эс алуусун тыңгылыктуу өткөрө алган эмес. Иш дегенде ашын жерге таштаган эжекебиз үч жылдан бери ден соолугуна ойдогудай көңүл бурбай келген экен. Эми баш-аягын жыйып, Ысык-Ата курортунда он күндүк жолдомо менен дарыланып жатат. Биринчи байлык ден соолук дегендей, Асел айымга бекем ден соолук, күч-кубат кааламакчыбыз.


Кубанычтан жаңы клип
Жай мезгилин жакшы жыйынтыктаган ырчы Кубаныч Сатаев жаңы үй, жаңы стиль, жаңы ырлар жана жаңы клип менен күркүрөгөн күз айын тосуп алды. Башкача айтканда үйүн толук бойдон евроремонттон өткөрүп, "Кара көз" аттуу атасынын ырына жаңы аранжировка жаздырып, цирк дүйнөсүн чагылдырган клип тарттырып бүттү. Сценарийде кара көз сулууну сүйгөн жигит клоун болуп, кызды өзүнө багындырып алат. Эске салсак, мындай өзгөчө сюжеттүү клип буга чейин кыргыз шоу-бизнесинде кезиккен эмес.


  Клип таржымалы

Бекчоро
"Ай чырай" өзгөчө фантазиялуу клип
Ырчы Бекчоронун аткаруусундагы "Ай чырай" аттуу ырдын мүнөзү батыш ырларына үндөшкөн. Ырдын сөзү Бекчоронуку, ал эми аранжировкасы Ильяз Абдыразаковдуку. Клиптин идеясы режиссёр жана продюсери Семетей Мырзакановго таандык. "Жалгыз дарак токой болбойт" дегендей, бул клипти тартууда арт дизайнер Анарбай уулу Эрнияздын, оператор Куштар Осмоналиевдин, "Береке", "Бломикс" бий топторунун, чач тарачтын жана Казакстандан чакыруу менен келген эки бийчи кыздын эмгектери зор болгон. Үч күн бою күн менен түндү билбей иштеген чыгармачыл топ жыйынтыгында кыргыз шоу бизнесиндеги өзгөчө жана эң кымбат клипти жаратышкан.
Клиптеги "Бекчоро" деген жазууну дизайнер эки айда жасап бүтсө, Бекчоро бий үйрөнүш үчүн эки ай сабакка барган. Жашоодо ак менен кара бирге жүрөт эмеспи. Бул клипти көрүп, "мунун кандай тарбиясы бар?" деп ойлогонубуз менен ар бир нерседен өзүбүз жакшы жыйынтык чыгарсак болот. Шоу бизнесте ырчылар арасында атаандашуу күчтүү болгондуктан, чыгармачыл топ фантазиянын өзгөчө болушун талап кылышкан. "Ар бир клиптин сыры болуш керек. Бул клипти көргөндө кыздардын алтын жалатылган денеси, Бекчоронун африкалыктарча жасалган чачы, бий кыймылдары сөзсүз көрүүчүнүн көңүлүн бурат деп ойлойбуз"дейт продюсер.

Алтын жалатылган кыздар
Фондо көрсөтүлгөн алтын түстөгү кыздардын сүрөтүн чагылдырыш үчүн аябай убара болушкан. Атайын алтындын краскаларын сатып келип, алтын узор темирлерди кестирип жасашкан эмгектери окшошпой, аягында жөнөкөй баннерге чыгарган сүрөт жарап калган. Ал эми Бекчоро олтуруп алып кызды карап ырдаган жерин түнкү саат бирден таңкы саат бешке чейин тартышкан экен. Кызыгы кыздардын жана Бекчоронун денесине сүрөт тартып жатканда казак кыз химикат, чаңдан аллергия болуп чүчкүрүп-бышкырып, ал жерге чыдай албай койгон. Клипке Бекчоро жети түрлүү көз айнек колдонсо, төрт жолу кийимин алмаштырган. Ошентип бир топ убакытты, талыкпаган эмгекти, клипке корогон нервти эске албаганда Бекчоро кыргыз шоу дүйнөсүндө сенсациялуу жана өзгөчө фантазиялуу клиптин ээси болду.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
КЕРИМ ТУРАПОВ ӨМҮРҮНДӨ КЫЗДАРГА КАТ ЖАЗГАН ЭМЕС
2-бет
Назми:
"Талант мени 13 жыл жан сакчыдай кайтарып жүрдү"

3-бет
Жөө жүргөндөр жана төрт дөңгөлөктүн үстүнөн түшпөгөндөр
4-бет
Жаргылчак
5-бет
Өлкө башчы АКШнын аскердик аба күчтөрү борборуна баш багат
6-бет
Дасторкон ажары
7-бет
Жыйырма беш чакырымды жөө баскан
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
жылкы башын тарта албай, жылдыздарга туш келдик
10-бет
Үй-бүлөлүү менен бойдок эркектерди кантип ажыратууга болот?
11-бет
Бактылуу болом дечү эле…
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Кристина орбакайте баласынан айрылуу алдында турат
14-бет
Обон почта










??.??