п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Психологдон кеңеш:

"өзүнө эмес, досуна ала качыптыр
Шаардагы ЖОЖдордун бирин аяктап, терең билим алууга умтулуп аспирантураны да бүттүм. Анан өзүм аяктаган окуу жайда мугалим болуп иштеп жаткам. Бир күнү троллейбустан келбеттүү бир жигитке жолугуп калдым. Менден көзүн албай көпкө тигилип карай берди. Акыры жаныма келип таанышкан соң бир көргөндө эле жактырып калганын айтып, мындан ары дос болууну сунуштады. Буга мен бир чети аябай таң калдым. Себеби ай чырай курбуларымдын жанында эң жөнөкөйү, жупуну кийингени жана сулуу эмеси эле мен элем. Жигитке ичимден анчалык ишене бербесем да сунушуна макул болдум. Жылдызбек экөөбүз күн сайын жолугабыз, аркы-беркини сүйлөшүп кафеге барабыз, паркка басабыз. Бирок экөөбүз таанышкан эки ай аралыгында ортодо бир да жолу сүйүү жөнүндө сөз болгон жок. Күтүлбөгөн жерден бир күнү мени Жылдызбек ала качып кетти. Кеп-сөзү жок эле ала качып кеткенине бир чети таң калсам, бир чети "жашым отузга келип калса..." деп эч кандай каршылык көрсөткөн жокмун. Бирок кептин баары башкада экен. Мени Жылдызбек өзүнө эмес, досуна ала качыптыр. Муну качан гана никебизди кыярда билип, мен үчүн аалам аңтарылгандай боло түштү. Болгон окуяга бир ишенип, бир ишенбей башым айланып жатып нике кыйылып бүткөнүн да билбей калыпмын. Мени алдап күйөө кылып берген жигит деле бир караганда жакшынакай эле көрүнөт. Бирок кой оозунан чөп албаган жанда жок жоош. Мунун кыз менен сүйлөшө албаcтыгын билген тууган-уруктары атайын уюштурушуптур. Тагдырыма моюн сунуп отурушун отуруп калдым, бирок, үйлөнгөнүбүзгө бир ай болду, али аял-күйөөдөй болуп жашай элекпиз. Тагыраак айтканда, мен али кыз бойдонмун. Күйөөм мага жакындамак тургай кечинде атайын күтүп отуруп, мен жатып алгандан кийин келип жатат. Ушунчалык уяң, жоош, олдоксон, кыскасы, менин кыялымдагы жолдошумдун таптакыр карама-каршысы. Ата-энем жаша дейт. Кантип жашайм? Балким чын эле жашообуз уланып кетеби?.. Баса, Жылдызбекти болсо ошол бойдон көргөн жокмун, сураштырсам, ал борбордо жашап, иштейт экен. Атүгүл үйбүлөлүү да экен.
Гүлгүнай, Бишкек шаары


Байлыкка карап турмуш курдум, бирок, аялзаттык бакытты таппай келем
Мен мектепте жакшы окубасам да классыбыздагы кыздардын эң сулуусу экенимди жашырбайм. Ошондуктанбы, класстын үлгүлүү баласы Капар мага кайдыгер мамиле кылбастан, сабактарыма жардамдашып, үй тапшырмаларын чогуу аткарар элек. Бир күнү ал мага мени жактырып калганын айтканда, негедир жүрөгүм элеп-желеп болуп, не дээримди билбей толкунданып ыйлап жибердим. Арадан күндөр өттү, өзүм жолукканда айталбастан ага болгон сезимимди кат аркылуу билдирдим. Ошол күндөн тартып кыз-жигит болуп жүрө баштадык.
Ошентип окуу жылы аяктап ар кимибиз келечеккке байсалдуу кадам таштап, жогорку окуу жайларга тапшырдык. Шаарда жүргөндө да Капар экөөбүздүн сүйүүбүздүн жалыны өчкөн жок. Билинбей 4-курс да болуп калдык. Практикабыз баштылап, мен шаарыбыздагы ири ишканалардын бирине бөлүндүм. Бейкапар өз практикамды өтөп жүргөндө бир күнү жетекчибиз кабинетине чакыртып калды. Кирер замат негедир күндөгүдөн башкача сыпайы сүйлөп орундукту көрсөтүп кеңири отуруп сүйлөшүүнү сунуштады. Жүрөгүм бир нерсени туйгандай уйгу-туйгу. "Зарина, практиканы жакшы өздөштүрүп жатасың, бирок, жеке жашооң тууралуу билгим келип турат. Эгер кем-карчың болсо тартынбастан айта бер, мени өз байкеңдей көрсөң эле болду. Колумдан келген жардамымды сендей каракөз карындаштан аябасмын"-деп мыйыгынан күлүп койду. Мен Байзак байкенин бул жоругуна түшүнбөй селейип туруп калдым.
Бир күнү жумушка кечигип кирип барсам, маңдайымда Байзак байке туруптур. Өңүм купкуу болуп калганын байкаганбы, айтор, көрүп алып чоочуп кетти да: "Зарина, сага эмне болду?"-деп ээгимден көтөрсө эрээркеп ыйлап жибергенимди өзүм да байкабай калыпмын. Жашымды аарчып апамдын ооруп жатканын, бейтапканага жаткырыш керек экенин түшүндүрдүм. Ошол күндөн тартып Байзак байке мага материалдык жактан жардам бере баштады. Көп өтпөй апам да ооруканадан айыгып чыкты. Жетекчим экөөбүздүн мамилебиз бара-бара жакындашып отурду. Эми ойлосом, Байзак байке өзүнүн камкордугу менен мени өзүнө имерип алды окшойт. Каалаган тамагымды, каалаган кийимимди сатып берет. Аз убакыттын ичинде жетишип калган мындай жашоомо манчыркап Капарды да унутуптурмун. Анын эркек башы менен көзүнөн жашын чууртуп акыркы сааттарга чейин артымдан ээрчип жүргөнүнө карабай Байзак байкенин "үйлөнөлү" деген сунушуна өзүмдөн 19 жашка улуу болгонуна карабай макул болдум.
Азыр жашообуз сырттан караган адамга жакшы, бардыгы жетиштүү. Байзак аялы менен ажырашып, экөөбүз мыйзамдуу жол менен баш кошконбуз. Бирок бир гана чыныгы сүйүүдөн өксүп келем. Байзак жумуштарын шылтоолоп эрте кетип кеч келет. Келгенде да "чарчадым" деп дароо эле уйкуга кетет. Азыр мени ойлондуруп жаткан нерсе - төшөк маселеси. Тактап айтканда, мен каалайм, бирок айта албайм. Ал болсо жашы улуу болгон үчүнбү, мени төшөктө канааттандыра албайт.
Зарина. Бишкек




Ишенаалы Арабаев атындагы КМУнун экономикалык билим берүү факультети колледжинде "Модельдештирүү жана дизайн" кафедрасынын башчысы, тажрыйбалуу психолог Токтомамбетова Асылкан Токтомамбетовна кеңеш берет:

жообу

Мен бул кызга айтаар элем: Эрди бар кылган да, көр кылган да аял киши. Бала ырас жоош болгондон кийин аны жакшынакай жолдош кылып, ал баланы турмуштун даңгыр жолуна эмне үчүн салса болбойт? Ал бала ушул күнгө чейин Гүлгүнайга кол да тийгизбстен аяп келсе, адамдык сапаты бар экени көрүнүп турат. Ата-энеси жаша деп айтса, демек, аларга да ал бала жагат. Ал эми Жылдызбектен өч ала албайт. Эгерде Гүлгүнай андан өч алгысы келсе, жолдошу менен бактылуу жашап, Жылдызбекти конокко чакыргыдай болушу абзел. "Жылдызбек, мен сага ишенип жүрдүм эле. Бирок ошол ишеничимди актай албадың, сен жаңылышпапсың. Көрдүңбү, азыр кандай бактылуу жашап жатам. Көрсө досуңа жакшылык кылып, менин да бактымды ачыпсың"-деп өзүн уяткарыш керек .
Мен ал кызга берер дагы бир жакшы кеңешим: "Гүлгүнай, эч качан өзүңдү башкаларга салыштырмалуу төмөн койбогун! Эгер сен 18-25 жашта болсоң, мүмкүн башкача кеңеш айтмакмын, ырас 30 жашка чыккандан кийин бул жашоодо кыз отурган ордун табышы керек!


Азыркы учурда кыргыз кыздардын көпчүлүгү колунда бар бай, эркектердин экинчи, үчүнчү, төртүнчү жадагалса бешинчиси болуп турмуш куруп алгандарын жашообузда кезиктирип эле жүрөбүз. Мен мында биринчи кезекте кыздардын өзүн күнөөлөйм. Ошол кыздарды ойку-кайкы кылып тарбиялаган ата-энесин күнөөлөйм. Жаштар үчүн жана алардын келечегин ойлонбой жаткан мамлекетти күнөөлөйм. Мындай проблема калктын 62% дан ашыгы начар, орточо жашагандын кесепетинен келип чыгууда. Негизи жумушсуздуктун айынан болуп жатат. Эки, үч аял алып жыргап жаткан эркектер өздөрүнүн кызы менен тең кыздарга үйлөөнүдөн уялбайт бекен?
Мен Заринага айтар элем: "Он гүлүңдөн бир гүлүң ачыла элек назик жансың. Кандай болуп турмушка чыксаң, ошондой болуп ажырашууга болот. Кыргызда жакшы сөз бар: "Байдын койнунда калтырап жатканча, кулдун койнунда куунап жат"-деген. Ансыңары өзүңдү өмүр бою жалгыздыктын туткунуна салбайм десең, эртерээк көзүңдү ачып, өз бактыңды изде. Али да кеч эмес...





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
ТӨКМӨ АКЫН ЖЕҢИШБЕК ӨМҮРҮНДӨ
АЛМА ЖЕП КӨРГӨН ЭМЕС, МИРЛАН
ЖЕТИГЕНОВ ТАПТАКЫР ЧАЙ ИЧПЕЙТ

2-бет
Айдин Шер:
"Жаанда туруп алып ыйлап жаттым..."

3-бет
ЖАЛАҢ КЫЗДАР ЖАНА МЕН
Үйүңүздөгү бычактарыңыз мокок эмеспи?

4-бет
"Кандай тамак болбосун, баш тарта албайм"
5-бет
Маалымат
6-бет
Саламат плюс
7-бет
КАТ ЖАЗЧЫ МАГА, БИЛДИРИП АМАН БАРЫҢДЫ…
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
"өзүнө эмес, досуна ала качыптыр
11-бет
"Алтын балыктагы" акылсыз кемпир мен болдумбу?..
12-бет
К
ө
з
мончок

13-бет
Дубалга тартылган
сүрөттөр эмнени туюндурат?

14-15-бет
Обон почта










??.??