п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Жандүйнө ыйы

"Алтын балыктагы" акылсыз кемпир мен болдумбу?..
Жомок жашоо…
Сүйлөшүп, сүйүшүп жүрүп эле он тогуз жашымда турмушка чыктым. Кайнене-кайнатамдар ага-тууган, жек-жаатына менин төркүнүмдү кошуп чакырып, дүңгүрөгөн үйлөнүү тоюн үйдө өткөзүп беришти. Бизге "Асанбай" кичирайонунан үч бөлмөлүү үй белек кылышты. Тойго чакырылган кайын журтум тараптан телевизор, муздаткыч сыяктуу үйүбүздүн ичи толгудай оокат түштү, акчалай да берип жатышты. Менин өзүмдүн жакшы турушкан таекелерим да бүт эле өз ата-энемдин колуна "конверт" тапшырышып, бизге бактылуу турмуш каалап жатышты. Бир эжем гана бизге идиш-аяк тартуулады. Мунун баарын санап өткөнүмдүн себебин кийин түшүнөөрсүздөр.
Айыл жеринде бирде бар, бирде жок турмушту көрүп өскөн мен үчүн жомоктогудай жашоо башталды. Мени жолдошум медициналык училищадан мединститутка котортуп койду. Сабакка көңүлүм келсе барып, келбесе барбай үйдө жатам. Жумасына бир жолу экөөбүз ээрчишип Көк-Жарда жашашкан кайнатамдардыкына барабыз. Алар жетине алышпай кубанышып, бар тамагын жайнатып бапырап эле калышат. "Гүкү, Гүкүлөгөн" кайненем көзүмдү карап, "Эми бизди неберелүү кылсаң эле болду" деп бассам-турсам айланып-кагылып турат. "Сага көзүмө жакшы көрүнгөнүнөн мобу көйнөктү алып койдум, байпак токутуп койдум" деп ар барган сайын куру кетирбейт. Жалгыз кайынсиңдим да "жеңекелеп", колумдан жула калып оокатты кошо талашып жасашат.
Айлар жылга алмашты. Мен 4-курсту аяктап, сабакка көп барбаганымдан сессиямды бүткөрө албай кыйналдым. Жолдошум болсо "Же апама чай кайнатып берип жатпасаң, же баккан балаң болбосо, кара жаныңа окуй албай эмне кылып жүрөсүң?!" деп уруша кетти. Эң биринчи урушубуз ошондон чыкты. Бирок сүйлөшүп сессиямды бүткөрүп берди. Эмнегедир кийинки учурда майда-чүйдө нерседен улам бат-бат урушуп, таарынышчу болдук. А бирок кайра эле жазылышып, мен андайда эркелеп алтын сөйкө-шакектүү же жаңы көйнөктүү болом. Канча сурасам жолдошум менден акча аянбай ошончо карматат. "Аны алдым, муну алдым" деп акча арттырып чогултуп үйдөгүлөргө акча, тамак-аш салып жиберчүмүн. Кызмын да кыйбайм, мен жегенди алар деле жесе экен деп ойлойм. Каникул сайын үч иним биздикине келишип эки-үч жумалап жүрүп кетишет. Жолдошум базарга алып чыгып акчасын аянбай баштан-аяк кийинтип, жол кирээси, базарлыктары деп дагы колдоруна беш-он миң сом берип жөнөтөт. Айтор, мен жакка жакшы жардамын көрсөтүп келди.

Көгөрбөй калган көшөгө
Бир күнү жакын курбум экөөбүз сүйлөшүп олтурсак ал "Деги күйөөң сонун күйөө! Меники болсо инилеримди кийинтмек тургай өзүмө араң сурантып жатып алып берет" деп калды.
Байкасам эки сөзүнүн бири эле менин күйөөм жөнүндө болуп жатат. Менде кызганыч пайда болуп аны жактырбай уруша кеттим. Кечинде жолдошума айтсам ал да мени күнөөлөп "Үйгө келген кишини болбогон эле жерден уруш чыгарып, кууп жибергениң эмне?! Уят эмеспи" дейт. Экөөбүз да анын айынан кер-мур айтыша түштүк. Эртеси үйгө келип калган кайынсиңдиме болгонун болгондой айтып берсем, "Жеңе, эркекти кызганып жатканыңызды билдирбеңиз да. Эркектерге ал аябай жагып, ого бетер кызганткысы келип калат. Андан көрө жакшынакай тамагыңызды жасап, кийинип-боёнуп жылмайып тосуп алып туруңуз. Азыр деген эки-үчтөн аял алып жашагандар көбөйгөнүн өзүңүз деле билесиз. Жөндөн-жөн уруш чыгарып байкемдин жүрөгүн суутпай жашаңыз. Ал сизди аябай жакшы көрөт" деп мага акыл айтып койду. "Өзүңдүн күйөөң жок туруп эркектин кандай экенин сен кайдан билет элең?! деп ичимден жактырбай калдым. А бирок ошондон кийин үч-төрт күн жакшы мамиле жасайм деле, кайра таз кейпиме түшүп телефонун текшерип, "Бул кимдин номери, тигичи" деп баштайм.
"Гүкү, Гүлүм менин! Мен сени гана сүйөм!" деген күйөөм андай күндөрү "Тажадым, бар кетсең кетчи!" деп кол шилтеп үйдөн чыгып кетип таң атканча келбейт. Бырылдап ыйлап кайра кайынсиңдим Карлыгачка чалам. Ал мени сооротуп "Эч кайда кетпеңиз, байкем жөн эле жини келгенинен ооз учунан айтып койду. Сиз кетсеңиз апамдардын дагы жүрөгү ооруйт. Кечиримдүү болуңуз?!" деген сөздөрүн угуп муюп калам. Ошентип, жарашып-талашып жашап жүрүп удаасы менен эки эркек төрөдүм. Экинчисин төрөп үйгө келгениме үч күн болбой экөөбүз таарыныша кеттик. Анткени, кир жуучу машинага көйнөктөрүн салып салсам, "Жакалары сынып бүт жарактан чыгарыптырсың. Буларды колго жууш керек болчу" деп катуу тийди. "Мен балдардын жалаяктарын жууймбу же сенин көйнөктөрүңдүбү!" деп ал жумушка кеткенде эки баламды алып таежемдикине кетип калдым. Мен төрөгөндө келген апам да кете элек экен. Ага күйөөмдү болушунча сөз кошуп жамандап, жашабайм деп чыктым. Апам да менин тилиме кирип, экөөбүз эртеси үйгө келип, кайненемдерди чакырдык. "Кызым жаңы төрөсө, тыңый элек немени кирди андай жууйсуң, үй чачык деп урушканы эмнеси? Өзү эрте кетип кеч келет экен. Ким менен каякта жүргөнүн ким билсин?! Эмне, кызымдын колу-башына алтын тагып, курсагын тойгузуп атам, унчукпай үйдө жата бер дегениби балаңардын?! Ичиме баткан кызым сыртыма да батат, алып кетем" деп кайненемдердин жалынып-жалбарганына, ыйлаганына карабай "Кызымдын акысы өткөн" деп үйдөгү оокат-жайды бүт жыйнап, жүктөп, эки баламды алып кетип калдык. Мен болсо оюмда "жолдошум кечирим сурап келип алып кетет, баягы таарынычтын бири" деп ойлогом. Мынчалык катуу кетээрибизди билген эмесмин. Андай болбоду. "Мен сени кет деген эмесмин. Өзүң кеттиң-өзүң кел! Же сага эмне оокат-жай, акча эле керек беле?! Ары-бери сүйрөп балдарды эмне кыйнап жатасың, акылы жок!" деп койду күйөөм телефондон. Кайра кантип келем?! Куру намыс кылдым. Өчөшүп балдарды көргөзбөй, бербей койдум. Ошо менен ойлобогон жерден от чыгып ажырашып кеттик. Ал балдарга алимент төлөп калды.

Тузу шор турмушум
Окуумду бүтпөй калдым. Медсестра болуп областтык төрөт үйүндө иштеп жүрүп "Тез жардамдын" шофёру менен таанышып калдым. Көп өтпөй ал мени эки балам бар дегениме карабай алакачып кетти. Мына ошондо түшүндүм, жаштыгыма салып учурунда баркын билбей, апамдын да тилине кирип турмуштан чоң жаңылганымды. Кайненем, эки кайнежем да биз менен чогуу турушат экен. Кылдан кыйкым табышып эч нерсе боло электе эле ажылдап беттен алышат. Жолдошумдун "багам" деген сөзүнө ишенип эки баламды да колума алып алгам. Ал экөөнү малайындай эле жумшашып, байкуш балдарым чүнчүп кетти. Аларга болушуп үйдө күндө уруш-талаш. Үйгө ким келбесин кайненем мени көз көрүнө жамандап, "жүдөгөн, шалпылдаган бирөөнү мага Кудай кууратканда келин кылып берип коюптур. Жанагы эки сескенгиринин бейбаштыгын сураба! Же бир курсактары тойсочу! Мурда бир мүшөк унду бир ай жечү элек. Азыр бүгүн ачсаң эртең жок" деп бир айтып бир койбойт. Биринчи кайненем "Гүкүлөп" турчу эле, эми болсо "Эби-сыны жок түлөгөн тайлактай" деген сөзгө кулагым бышып бүттү. Күйөөм болсо эки күндүн биринде ичип келип жеткен жерден жети, жетпеген жерден эки муштап сабап жүрүп эки кабыргам сынып айыкты. "Турмушуң менен!" деп басып кетейин дейм бир чети намыстанам. Экинчи эрден чыкты деп кеп кылышат да. Экинчиден, кайда барам?! Эки иним үйлөнүп, апам өзү келиндеринин көзүн карап жашап калган. Өткөндө барсам "Өлүп көрүптүрмүнбү дегендей мурда-кийин кыз берип, келин алып көрбөгөн соң учурунда мен деле акылсыздык кылып, сенин бактыңды бекер байлаган экенмин. Кайненең жалдыраганда эле калтырып койсом болмок. Күйөөңдүн да мынчалык көк экенин кайдан билдим?! Өзүңдө да күнөө, белен оокатты эптеп кете албай арызданып келе калып. Мына, атаңдын карындаштары да, бир туугандарым да эмдигиче мени күнөөлөшөт. "Бапыраган сонун куда-сөөк күттүңөр эле. Биринчи кызыңар- биринчи жакшылыгыңар болчу, өзүңөрдөн кетти" дешип. Чын эле сенин тоюңда бизге жакшы эле акча түшпөдүбү. Атаң экөөбүз ошондон "тоюңарга" кошумчабыз" деп кайнатаңдарга бир тыйын берген жокпуз же экөөңө эч нерсе сатып бербедик. Азыр ойлосом уялып да кетем, кыз-күйөөмдүн тоюна кантип куру бардым деп. Ошондо силерден акча аяп кир ойлоп , башында эле Жаратканга жакпаган жаман иш кылсак керек! Өткөндө шаарга барып базардан күйөөңдү көрдүк. Баш ийкеп учурашымыш этти. Жакшынакай жаш келин менен бир кызын ээрчитип алып жүрүптүр. Балдарды сураган да жок. Чоңоюшса, ата керек болсо издеп келээр деп жүрүшөт да. Кайдагы бир немелерге кор кылбай балким кайрып береттирсиң? Баары бир алардын тукуму да. Өз кебетеңди карачы, отузга чыкпай жатып кемпир кейиптенип калдың" деп экөөбүз кучакташып алып ыйладык. Эстеп койгонгобу ошол күнү түшүмө кайненем кириптир. Кадим өңүндөгүсүндөй жадырап-жайнап мени кол булгалап чакырып жатат. Мен болсо бутум тушалып калган немедей баса албайм. Ойгонуп алып өпкөм көөп өксүп көпкө ыйладым. Аябай сагындым ал кишини. Кечирим сурап астына бара албайм. Уятым чыдатпайт. Гезит аркылуу болсо да кечирим сурап бардык эле кайненелер каардуу, тили заардуу боло бербейт дегим келет. Эми кеч түшүндүм, эркелеп эр күтө албаганымды. Көрсө мыкты зайып кечиримдүү, көтөрүмдүү аялдардан чыгат турбайбы. Эки баламды апам айткандай кайра атасына берейин дейм өгөй эне өгөйсүнтпөйбү деп жүрөгүм өйүйт. Эмне кылсам? Кантсе дагы балдарым өз көз алдымда өп-чап турмушта өгөй ата менен өскөнү жакшыбы же бардар жашоодо өз ата- өгөй эне менен жашаганы туурабы?
М. Гүлназ
Аздек Намазбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
ТӨКМӨ АКЫН ЖЕҢИШБЕК ӨМҮРҮНДӨ
АЛМА ЖЕП КӨРГӨН ЭМЕС, МИРЛАН
ЖЕТИГЕНОВ ТАПТАКЫР ЧАЙ ИЧПЕЙТ

2-бет
Айдин Шер:
"Жаанда туруп алып ыйлап жаттым..."

3-бет
ЖАЛАҢ КЫЗДАР ЖАНА МЕН
Үйүңүздөгү бычактарыңыз мокок эмеспи?

4-бет
"Кандай тамак болбосун, баш тарта албайм"
5-бет
Маалымат
6-бет
Саламат плюс
7-бет
КАТ ЖАЗЧЫ МАГА, БИЛДИРИП АМАН БАРЫҢДЫ…
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
"өзүнө эмес, досуна ала качыптыр
11-бет
"Алтын балыктагы" акылсыз кемпир мен болдумбу?..
12-бет
К
ө
з
мончок

13-бет
Дубалга тартылган
сүрөттөр эмнени туюндурат?

14-15-бет
Обон почта










??.??