п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

К
ө
з
мончок
Аздек Намазбекова
Түрмөнүн уйкусуз түндөрү
Кандай гана көңүл ирээнжиткен жагымсыз жытты өзүбүз менен кошо ала киргенибизди айтып болбойт! Анткени, ным , көк менен кошо тамекинин түтүнүнө ышталып, канчалаган аялдардын ачуу тери аралашкан кир камеранын жыты кийимибизге жедеп сиңип бүткөн эле. Ансыз деле аты үрөй учурган түрмөнүн босогосун аттагандан бери коркуп, коопсунуп, бул жердеги аялдар кандай болду экен, эч кимиси тийишип ийбесе экен деп элеңдеп турган жаныма бул кыздын бизден жийиркенгенсий, мурдун чүйрүп койгону кошул-ташыл болуп, өзүмдү өтө ыңгайсыз сездим. Кара тору, тегерек жүздүү сулуучумак кыз экөөбүздүн каректерибиз чагылыша түшкөндө көзүмдү ала качканча шаштым.
- О-ме-ей, сиңдим, биз деле билип турабыз атыр жыттанбай атканыбызды. Өзүң деле билсең керек каяктан, кандай шартта олтуруп келатканыбызды. Же сени эмне түз эле үйүңдөн түрмөгө киргизип коюшту беле?! Кой… Ансыз деле өзүбүз араң турганда… - Дарыянын ачуусу келе түшкөнгө көздөрүн бакырайтып, бат-бат ирмегилеп, мурдунун эки таноосу кыпчыла түшүп, үнү өктөм чыкты.
- Жо-ок, мен жөн эле… Эртерээк элден мурда жуунуп алышсын деп эле… - жаш кыз мукактана түштү. Эки аттап эшикке жетип "кормушканы" такылдатып калды. Сырттан адамдын баскан дабышы менен ачкычтын шалдыраган үнү угулду.
Көп күттүрбөй Дарыяны жуунуга алып чыгып кетишти. Мен ал ортодо тигил кыз көрсөткөн оң жактагы эки кабат темир керебеттин чекесине коомай олтурдум.
- Ушул орун бош. Астына тигил эже, үстүнө өзүңөр жайгаша берсеңер болот,- деди кыз. Унчукпай "и-и" деп уктум. Керебеттин үстү боз, жүнү катуу одеяло менен жабылган экен. "Жок дегенде тигил жактагыдай темирдин үстүнө жалаңкат жатпай, ырас муну төшөнүп жатат экенбиз" деп ойлой кетип, кайра көзүм башка керебеттерде уктап жатышкандардын төшөнчүлөрүнө урунду. "Бул жерден беришкенби, же?" дедим ичимден. Кыз болсо мени менен иши жоктой жерге олтура калып жайылып жаткан кагаздарын чогултуп кирди. Кат жазып жаткан окшойт. Ошол маалда төрдөгү терезенин түбүндө үшүп жаткансып бүрүшүп алып, дубал тиктеп жаткан аял акырын кыймылдай:
- Бегим, эмне "этап" келдиби? - деп үн салды. Үнүнө, дене келбетине караганда орто жашап калган аялдай.
- Ооба, бизге экөөнү жабышты. Сиздин кыз келбептир, сурадым. Балким кийинки "этап" менен келээр же чыгып кеткендир?
- "Малява" да жок бекен!
- Силер кат алып келген жоксуңарбы?- мага тигилди тигил кыз.
Башымды чайкадым.
- Балким башка "хатага" жабылгандарда бардыр, анан сурап көрөм. Болсо, өздөрү деле "түртүп" жиберишет да.
- А-а… деген аял унчукпай калып, кайра бир аздан кийин,- чай коюп бер,- деп кошумчалап койду.
Өңү-түсүбүздү көрө элек эле аял бизге кам көрүп жатканына ичимден ыраазы болуп, "коркпой деле койсоң болот окшойт?" деп өзүмдү жубатымыш этип олтурдум. Ошондо деле жүрөгүм түпөйүл тартып, эмнегедир көңүлүм тынчыбай турду. Эки жакты айланта карасам, бир бөлмө чакан камеранын ичинде ашыкча деле эч нерсе жок экен. Керебеттер, ар биринин тушунда эски жыгач тумбочкалар турат. Эшиктин сол жак тарабында бийик стол, анча-мынча идиш-аяктар жана электроплитканын үстүндө кичинекей кара көмөч казан. Бул жерден каалоочулар өздөрү тамак жасап ичишээринен кабарым бар эле. Бирок камера ичинде кантип деп элестете албай жүргөм. Көрсө бул жактыкы кенен, таза турбайбы. Оң жак капшытта суу кран, оозу ак гүлдүү материал менен тосулган ажаткана. Мен ушинтип камера менен таанышып, уктап жаткандарды уурдана карап олтурганда темир эшик шарак-шарак эте ачылып, формачан аялдын коштоосунда Дарыя кирип келди. Жүзү кызарып, кыска чачтарынын учунан суу тамчылап, өңү нурданган Дарыянын ажары ачыла түшүптүр. Көңүлү да көтөрүлүп калгандай.
- Жуунуп алып өзүмдү киши катары сезип, жыргап эле калбадымбы. Мына сага самын, алкынды болуп калды, бирок жетсе керек?- деп мага колундагы баштыгын берип жатканда тигил кыз ордунан тура калып:
- Самын жок болсо мен берейин,- деп төрдөгү тумбочкадан жаңы самын, шампунь алып мага сунуп калды.
- Жок, рахмат кереги жок. Бул эле жетет,- дедим шашкалактай.
- Алып эле жакшы жуунуп кел. Үйдөн киши келгенде кайра берип коёбуз,-деген Дарыя шарт алып колума карматып койду.
Коридорго чыкканымда кайра камеранын сыртынан бекитип жаткан "дубачка" (мына, мен деле угуп калганым боюнча түрмөнүн тили менен сүйлөп баштадым) мени баштан аяк сыдыра тиктеп алып:
- Сен да бирдин айындай чоюлбай тез-тез жуун, жыйырма мүнөт убакыт,-деп коридордун төр жагында жайгашкан жуунучу бөлмөгө киргизип койду. Кичинекей эки бөлмөлүү жуунучу жер экен. Терезеси бийик, тордолуу. Эки жагымды айланта карап, сууну агызып көрүп, мен ушул мүнөттү кандай күткөнүмдү сездим! Мени жек көрө… сынай… кызыга… мээрим төгө… кайдыгер… теше тиктеген бөлөк-бөтөн көздөр жок, өзүм менен өзүм болгон, эч нерсеге алмашкыс баалуу жыйырма мүнөт! Төбөмдөн ылдый шаркырап аккан жаңга жагымдуу, жылуу суунун астында туруп жуунуп да, ыйлап да жаттым. Сырткы турпатым эле эмес жан дүйнөм да тазарып калсынчы дедимби, жаак ылдый куюлган көз жашым суунун мөлтүр таза тамчыларына аралашып, денем ылдый агып кетип жатты.
***
Мен келгенче бизге матрац, жаздык, астыңкы шейшеп жана одеяло берип кетишиптир. Дарыянын үстүнө төшөнчү ордумду жыйнаштырып, чачымды кургатып анын жанына олтуруп калдым. Ал болсо көзүн ачып-жумуп ойлонуп жатат. Жаш кыз плитканын жанында бирдеме кууруп, нан туурап өзүнчө алек. Аңгыча уктап жаткандардын экөөсү жарыша тура келди. Таң калып эле жалдырап тиктеп калып, кайра өзүм уяла түштүм. Анымды сезгендей тигил экөө да учурашкансып баштарын ийкей, ооздорун кыбыратып жылмайып коюшту. Бири-биринен айырмалап алгыс окшош эгиздер Апал менен Үпөл экен. Тамак бышып, жерге кичинекей жылтырак тасмал жайып картошка кошуп куурулган кесме, түрмөнүн кара наны, кумшекери жок карандай чай менен бешөөбүз олтуруп тамактанып, тааныштык.
- Ким?.. Турбайбы?-Дарыя төрдөгү уктап жаткан аялды көрсөтүп ээк жаңсады эле Апал башын чайкап:
- Күлкан эже түндө "этап" менен Казакстандан келген. Эс алып алсын. Анын үстүнө бул жерде уктап жаткан адамдын уйкусун бузбай, аябай чоң маани беришет экен. Жөнү жок эле ойготуп, тынчын ала беришпейт. Тамак калтырып коёбуз, турганда ичет,-деди үнүн акырын чыгарып.
- А-а…-деп калдык.
Жаш кыздын аты Бегимжан экен. Мага ачык-айрым мүнөзү, сөз арасында шаңк этип күлүп койгону жакты. Жан-алы калбай:
- Ичсеңер, жесеңер,-деп олтуруп, унутуп койгонун эстегендей ордунан тура калып жаздыгынын астынан үч шоколад алып чыгып бөлүп калды.
- И-ии, муну дагы Азамат "түртүп" жибериптирби? Байкуш бала аябай "сүйүп" жатса керек. Тимеле жазган каты беш-алты барактан, күнүнө эмне жазып анчаны толтурат билбейм? Тааныштырганын мен тааныштырсам, анан мага тымпыйып окутпай өзүң эле каткырып күлүп жыргап окуп каласың. Деги жооп жазып коюп атасыңбы? Өткөндө сотко кошо чыкканда "эже, жаныңыздагы сулуу кыз менен тааныштырбайсызбы? Кат жазышып туралы, макул болсо?" дегенинен, тааныштыргам. Мына күндө Бегимге кат жазып, шоколад, алма "түртүп" жатат. Кумшекер түгөнүп калганда жакшы эле болду таттуу менен чай ичип. Эми көңүлүн калтырбай жакшы сөздөрүңдү аянбай жазып, жакшылап тааныш болуп ал. Жакшы жердин баласы деп жатам. Менин кошунам болот. Эки мас кишини койдуртуп алып "олтурат" байкуш бала. Кырсык да… Чыгымын бүт мойнуна алып кыргызчылык менен бүтүрөлү десе тигил тарап болбой соттотуп жатышат. Эми аларды да түшүнсө болот эки бирдей кишисинен айрылып жатышса… Аялын да төркүнү алып кетип калыптыр "аны он жыл түрмөдөн чыкканча күтүп жаштыгың өтөбү?!" дешип. Көңүлү чөгүп, биротоло бузулуп кетпесе экен деп ойлоп коём. Ичпеген-чекпеген зыңкыйган сонун жигит эле. Ата-энеси да жакшы турган немелер, бат-бат келип жатышат да. Ошон үчүн күндө Бегимди таттуу менен багып жатпайбы,-деп бизге түшүндүрө сүйлөп, Бегимжанга жылмайып алды.
- Эми жазышып жатам эрмектеп. Бирок мен да аны он жыл күтөйүнбү? Ай-ий, мен отузга чыкканда араң бошойт турбайбы?-деп Бегим чындап чочугансыды эле Апал жактырбагандай:
- Он жыл берсе ошончо олтурмак беле?! Шаардык сотко жазышып, ата-энеси, адвокаты чуркап жүрүшөт. Сен кайдан билесиң, балким жылын кыскартып же "колония поселениеге" чыгып кетээр? Убакыт деген ары-бери караганча эле өтүп кетет. Жалпак мурдуңду чүйрүбөй эле койсоң, "он жыл" деп оозуңду толтура айтпай. Сага канча берип коюшат, ким билет. Өзүңдүн статьяң менен чекеңен сылап сот залынан эле чыгарып ийишет дегени турасыңбы?-деди эле Бегим кызарып-татарып, таарынгандай:
- Койдум, койдум! Тимеле кошунаңызга катуу жан тартып ийдиңиз го? Жазгандарынан адамгерчиликтүү, түшүнүктүү адам экенин мен деле байкадым. Бирок мурда көрүп-билбеген кишиге эле бул жерде жатып тааныша калып үмүт тартуулап, план кура берген жеңил ойлуулук го?Эми көңүлүн көтөрүп, өзүнүн жазганына жараша жакшы эле жооп жазып жатам,-деди.
- Ой чоң эне-е!-дегенде баарыбыз күлүп калдык.
Түрмөдө олтургандар бири-бирине жазышып, кат аркылуу сүйлөшүп турушаарын ошондо угуп алып таң калдым. Жуунуп, курсагым тойгонго шалдырап уйкум келип баштады. "Тезирээк бошонуп кетели" деген жакшы тилектер менен бата кылган соң идиш-аяк жууп-жыйнашып коюп жатып калдым. Канча уктаганым белгисиз, уйкум канып өзүмдү аябай жакшы сезип ойгондум. Түн кирип калган экен.
Ар кайсы тараптан бири-бирин "Ой-бой!" деп кыйкырышып сүйлөшкөн үндөр угулуп турду. Дагы бирөө "оорубагыла" деп кимдир бирөөгө кыйкырып жатты. Күндүз кулак-мурун кескендей тынч жаткан түрмө жанданып, түнкүсүн жашайт тура.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
ТӨКМӨ АКЫН ЖЕҢИШБЕК ӨМҮРҮНДӨ
АЛМА ЖЕП КӨРГӨН ЭМЕС, МИРЛАН
ЖЕТИГЕНОВ ТАПТАКЫР ЧАЙ ИЧПЕЙТ

2-бет
Айдин Шер:
"Жаанда туруп алып ыйлап жаттым..."

3-бет
ЖАЛАҢ КЫЗДАР ЖАНА МЕН
Үйүңүздөгү бычактарыңыз мокок эмеспи?

4-бет
"Кандай тамак болбосун, баш тарта албайм"
5-бет
Маалымат
6-бет
Саламат плюс
7-бет
КАТ ЖАЗЧЫ МАГА, БИЛДИРИП АМАН БАРЫҢДЫ…
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
"өзүнө эмес, досуна ала качыптыр
11-бет
"Алтын балыктагы" акылсыз кемпир мен болдумбу?..
12-бет
К
ө
з
мончок

13-бет
Дубалга тартылган
сүрөттөр эмнени туюндурат?

14-15-бет
Обон почта










??.??