п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Күнсүрөт

Дубалга тартылган
сүрөттөр эмнени туюндурат?
Өлкөбүздүн ар кайсы бурчунда ар түрдүү сүрөттөрдү көзүбүз чалат. Айрымдары маани бербегени менен көпчүлүгү ал сүрөттөрдөн көзүн ала албай кызыгып карашаары анык. Бир чети түшүнүксүз, бир чети өзүнчө бир маанини камтыган сүрөттөр "граффити" деп аталат. Бүгүн биз окурмандарга граффити тууралуу кеңири маалымат беребиз.

Граффити кантип пайда болгон?
Граффити деген сөз грек тилинен которгондо - "жазуу" дегенди түшүндүрөт. Ал эми италиялыктардын тилинен которгондо "тамдын бооруна чиймеленген жазуулар" деген түшүнүктү берет. Чет элдик изилдөөчүлөр заманбап граффитинин пайда болушун 1960-жылдарга байланыштырышат. Манхэттенден чыккан Деметриус деген грек улутундагы өспүрүм кат ташып иштеген. Өзү Нью-Йоркто 183-көчөдө жашагандыктан, шаардын кайсыл бурчунда жүрсө ошол жерге ТАКИ 183 деген жазууларды калтырганды адатка айландырган. Ушул эле убактарда Россияда Москванын архитектуралык институтунда окуган студенттер граффити тартканга өтүшкөн. Ошентип Деметриустан жуккан "оору" дүйнө жүзүнө тарап, граффити тарткан өспүрүмдөр "райтерлер" деп аталышкан.
Нью-Йорктун милициялары райтерлер менен күрөшүп, жашы жете элек балдарга боёк сатууга тыюу сала баштаган. Бирок шаардын борбордук жерлеринде тарткандары басаңдаганы менен райтерлер көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришине, жер төлөлөргө тартып башташат. Улам актаган дубалдарды кооздогон райтерлерди камакка алышып, акчалай айып төлөтүшкөнгө өтүшкөн. Ушундан соң граффитини тарткандардын саны бир аз да болсо азайган.

Формалары менен стилдери
Граффитинин бири-бирине окшобогон үч формасы бар. Алар бири-биринен татаалдыгы, оригиналдуулугу, көлөмү менен айырмаланышат.
Тэги- граффитинин эң жөнөкөй түрү. Тэги жөн эле райтердин атын жазууга колдонулат. Кээ бир райтерлер аттарын табышмактатып жазып же жөн эле атына үндөшкөн символду тартып коюшу мүмкүн.
Фроу-апс- атайын боёктор куюлган баллондор менен дубалдын, поездердин бооруна тартыла турган сүрөттөр. Фроу-апста адатта эки эле түс колдонулат. Биринчи түс менен сүрөттүн сыртын жоон кылып тартышса, экинчиси менен тартылган сүрөттүн ичин толтурушат.
Писес- чоң көлөмдөгү сүрөттөрдүн жарым-жартылай тартылган формасы. Писес граффитинин эң кыйын түрү. Мындай форма менен көбүнчө топ-топ болуп жүргөн райтерлер иштешет. Эки топко бөлүнгөн райтерлер сүрөттү тең жарымга бөлүп алышып, эки баштан тартып киришет. Жыйынтыгында эки райтердин колунан чыккан шедевр бир маанини туюндурушу керек. Граффитинин мындай түрүн тарткан райтерлерди профессионал деп аташат.
Бомбинг - эгерде граффити менен алектенгени жатсаңыз, ушул стилден баштаңыз. Бомбингде шрифттер жөнөкөй жана түз эле формада болот. Бул стилге жаңы киришкен райтердин негизги максаты-баллонду туура кармаганды жана боёкту түз чачканды үйрөнүү.
Стайлинг-бул түрү стиль деген сөздөн келип чыккан. Стайлинг эң биринчи жолу Америкада пайда болгон. Автоунааларда тартылган табышмактуу сүрөттөр, жазуулар стайлинг стилинде тартылат. Белгилей кетчү нерсе, стайлинг эң кымбат стиль.
Райтинг- клубдарда, кийимдерге, спорт залдарга тартыла турган сүрөттөр. Мультфильмдерден алынган каармандар же эпизоддордун сүрөтүн дубалдардын бооруна мыкты райтерлер гана тарта алат. Себеби, биринчиден райтинг эң татаал стиль, экинчиден эң көп боёктун түрлөрү райтингде эле кездешет.
Райтерлердин бөлүнүшү
Вандализм- борборлорго, көрүнүктүү жерлерге атайын сүрөт тарткан райтерлердин түрү. Булар шаардын борборун көп булгашып, жашыруун, түн катып граффити тартышат. Атайын түн катып граффити тартуу - булардын хоббиси.
Пиарчылар- кайсы бир компаниянын же фирманын өкүлү болушу мүмкүн. Өзү иштеген компаниянын логотибин граффити кылып тартып кетишет. Же болбосо ошол эле логотипти башкача бир формада тартып, өзүн пиар кылган райтерлердин түрү.
Эски райончулар - кишилер көп каттабаган эски райондорго гриффити тарткан райтерлер да жок эмес. Булар сүрөттү анча чоң эмес көлөмдөрдө тартышат. Боёктордун арзаныраак түрүн көп колдонушат. Эски райондорду байырлаган райтерлер көбүнчө жогорку окуу жайдын студенттери болушу мүмкүн.
Кээде айрым агенстволор райтерлерди жалдашып,каалаган сүрөтүн тарттырган учурлар көп кездешет. Мындай кырдаалда райтердин эрки чектелип агенство кандай сүрөт кааласа, ошону тартууга аргасыз болот. Райтерлердин арасында эң негизги мыйзам бар: "Кайсы дубалга, кандай сүрөт тартылбасын ал сүрөт көчөнүн стилинде болушу керек." Ири суммага сүрөт тартып бермекчи болгон райтерлер өз мыйзамын бузганга аргасыз болушат. Көпчүлүк учурда райтерлер мындай заказдан баш тартышат. Эгер заказ алышса ошол сумманын кайсы бир бөлүгүнө канча боёк келсе ошончосун сатып алып атайын түзүлгөн райтерлердин топторуна таратып берет.

Райтерлердин таймашы
Көчөдөгү дубалдарда тартылган жакшынакай сүрөттүн үстү акиташ менен акталып же сүрөттүн үстүнө түрдүү жазуулар жазылса анда райтерлердин арасында согуш болуп жатканын билүүгө болот. Ар кандай топко бөлүнгөн райтерлер кимиси кыйын экенин кайсы стилди мыкты тартаарын бири-бирине далилдеп, эрегишкенге өтүшөт. Качан гана өлкө башчылары райтерлерге каршы чара колдоноордо райтерлердин башы биригип, ынтымакка келишет. Бул да болсо алардын мыйзамдарынын бири экенин белгилей кетүү керек.
Ар бир мамлекет райтерлерге карата түрдүү жаза колдонот. Мисалы, Россияда граффити үчүн райтер үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал эми Америкада 500 доллар акчалай айып төлөп, үч күн убактылуу кармоочу жайга отурат. Пермде болсо атайын райтерлер үчүн граффити тарта турган жай бөлүп беришкен. Дээрлик бардык өлкөдө райтерлер түн катып, жашырынып граффити тартышат. Дүйнө жүзүнө кеңири таанылган райтерлер Атом менен Кан Два. Атом Австралиянын далай көчөлөрүн кооздоп элдин эсинде калса, Кан Два Берлиндеги болгон дубалдарды граффити менен толтурган. Райтерлердин арасында кээ бир мыйзамдарды ушул эки адам ойлоп табышкан жана ал мыйзамдар азыркы күнгө чейин өзгөрүүсүз бойдон калып келет.





Граффити Кыргызстанда
Граффити деген түшүнүк Кыргызстанга биринчи жолу 1997-жылы келип 2002-жылга чейин популярдуу болгон. Граффитиге кызыгып, кайсы бир убактарда дубалга сүрөт тартуу менен алектенген жаштардын бири Кайратты кепке тартып маалымат ала алдык.


- Кайрат, граффити сиздин түшүнүгүңүздө эмне?
- Мен ойлойм граффитини да искуствонун бир тармагына киргизсе болот деп. Граффити тартууга да өзүнчө жөндөм, талант керек. Дубалга тартылган сүрөт граффитчиктин жан дүйнөсүндөгү аба ырай десек да болчудай. Үйгө отуруп алып кагазга сүрөт тарткан башка нерсе, турган жериңде бир нерсени ойлонуп туруп аны фантазияң менен дубалга түшүргөн башка нерсе. Бирок бул убактылуу эле кызыкчылык. Мисалы жаштар бир мезгилдерде рокко, попко кандай кызыгышса, граффити деле ошондойлордун катарына кирет. Граффити жаштардын ички дүйнөсүнүн модернизациясы.
- Бир сүрөттү тартканга канча эмгек, каражат керек?
- Эгеч метрлик аянтка сүрөт тартабыз дейли ээ. Такшалган профессионал граффитчиктер үч саатка жакын убакытта тартып бүтүшөт. Ал эми каражат тууралуу айта турган болсом, азыр бир баллончик боёк 250 сомдон жогору. Анан сүрөт тартканда бир эле түс колдонбойсуң да. Жок дегенде эле төрт-беш түрлүү боёк керек. Ошентип бир сүрөттү миңден ашык сомго тартканга болот. Азыр бир чети жаштардын граффитиге болгон кызыгуусу тарап, боёктор да кымбаттап, Кыргызстанда дубалга сүрөт тарткандар аз.
- Граффитчиктердин максаты эмне?
- Эч кандай деле максат жок. Анткени граффитчик сүрөт тартып жатканда өзүнүн эмгегин эртеси күнү эле алып салышаарын мыкты билет. Художник сүрөт тартып жатканда эч нерсени максат кылбай эле жан-дүйнөсүндө эмне болуп жатса ошону кагазга түшүрөт эмеспи. Граффитчиктики деле ошол, болгону ал кагазга эмес, дубалга түшүрөт.
- Өзүңүз канча жыл граффитиге кызыктыңыз?
- Мен өзүм сүрөтчүмүн. Граффити деген түшүнүк бизге келгенде мен да балдарга кошулуп тартып калдым. Менин да өзүнчө стилим бар болчу. Мындай караганда адамдын аты, башыңды кыйшайтып эки жагынан карасаң кандайдыр бир маанилүү сүрөт камтылып турчу. Азыр болсо борбордогу клубдардын биринде иштейм. Граффити менен алектенбей калдым. Ошол тарткан сүрөттөрдү кийин карап алып кадимкидей ырахат аласың.
- Милицияларга кармалып айып төлөгөн учурлар болду беле?
- Биз көбүнчө этаж тамдардын подъезддерине кирип тартчубуз. Албетте борбордун көрүнүктүү жерлерине тартсаң айып төлөйсүң. Казакстанда үч сутка кармашат. Биздин милициялар жакшы, 200 сом берсең коё беришет.

Анара Дүйшөналиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
ТӨКМӨ АКЫН ЖЕҢИШБЕК ӨМҮРҮНДӨ
АЛМА ЖЕП КӨРГӨН ЭМЕС, МИРЛАН
ЖЕТИГЕНОВ ТАПТАКЫР ЧАЙ ИЧПЕЙТ

2-бет
Айдин Шер:
"Жаанда туруп алып ыйлап жаттым..."

3-бет
ЖАЛАҢ КЫЗДАР ЖАНА МЕН
Үйүңүздөгү бычактарыңыз мокок эмеспи?

4-бет
"Кандай тамак болбосун, баш тарта албайм"
5-бет
Маалымат
6-бет
Саламат плюс
7-бет
КАТ ЖАЗЧЫ МАГА, БИЛДИРИП АМАН БАРЫҢДЫ…
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
"өзүнө эмес, досуна ала качыптыр
11-бет
"Алтын балыктагы" акылсыз кемпир мен болдумбу?..
12-бет
К
ө
з
мончок

13-бет
Дубалга тартылган
сүрөттөр эмнени туюндурат?

14-15-бет
Обон почта










??.??