п»ї

  Обон почта

ОП-83-001. Кутмандуу таңың менен, жашоонун гүлдөй багы менен, сүйүүнүн ысык шамы менен, өмүрдө дайым мени менен бол. Айдин Шер, ар дайым бар бол, аман бол, акылдуу бол. Биз сени жакшы көрөбүз. Перизат, Рахат.
ОП-83-002. Урматтуу "Обон" гезитинин супер смсчилери, окурмандары жана жалпы жамааты, сиздерди Ыйык Рамазан айы менен куттуктайм. Орозоңуздар кабыл болсун. Ишиңиздерге ийгилик. Нурпери.
ОП-83-003. Атам Эрмек, апам Чынара, сиңдим Гулира, инилерим Элгиз, Денисти улуу Рамазан айы менен куттуктайм. Сиздерге бардык жакшылыктарды каалайм. Бар болгула. Нурпери.
ОП-83-004. Аткан таңда көз жаш төгүп ар күнү,/ Жалгыздыкка жар болобу жаздыгым. Айзирек.
ОП-83-005. Мысыгым, ишенген жалгыз аска-зоом менин! Мысык, айтчы жаным, экөөбүз эмнеге көп урушчу болдук? Билем жаным, мени сүйөөрүңдү, жүрөгүңдү мага теңдеп колуңду бир өмүр мага сунганыңды. Баарын сезем.
ОП-83-006. Ырлар жазам карекке көз жаш толтуруп,/ Сырлар жазам түнү жалгыз олтуруп./ Жаздыгымды жууган күндөр дайыма,/ Мөлтүр аккан көз жашым да чогулуп. Фея.
ОП-83-007. Туура айтасың Асема, чынында эле жаштардын ою бузулуп, түштүк-түндүк болуп бөлүнүп-жарылып эле калышпадыбы. Биздин каныбыз бир да, неге муну эске албайсыңар? Өзүңөрдү чыныгы патриотмун деп сезсеңер, анда терең ойлонгула. Бактыгүл92.
ОП-83-008. Супер смсчилер менен таанышам. Азамат.
ОП-83-009. Саламатсызбы Нурмухамед аке, бир кезде мен эң бактылуу жан элем. Себеби сиздей ыймандуу, акылдуу акам бар эле. Эгер окуп калсаңыз мени менен байланышыңыз. Сизди терең урматтап күйөрманыңыз Айзирек.
ОП-83-010. Сүйүктүү ырчым, ди-джейим Чыңгыз Мырзаевге чоң салам. Сизге чыгармачылык ийгилик жана үйбүлөлүк бакыт каалайм. Оштук карындашыңыз.
ОП-83-011. Менин саламым Бегимай92ге жолдонот. Сиңдим, аябай акылдуу кыз экенсиң.
ОП-83-012. Мирбек Атабеков, мен сени чексиз сүйөм. Сен менин түбөлүк сүйүүмсүң. 05512807ХХ.
ОП-83-013. Куланак айылынын тургундарына чо-оң салам. Ормон.
ОП-83-014. Жаным Айпери, мен сени абдан сүйөм. Омар.
ОП-83-015. Салам достор, мен ыймандуу кыздар-балдар менен таанышкым келет. Гүлмайрам .
ОП-83-016. Ардагым, кимге айтам арманымды,/ Жүрөгүмдү сен аралап алганыңды./ Жөн гана мамиледе болуп жүрүп,/ Билбепмин сени сүйүп калганымды. Зуля.
ОП-83-017. Ауди Б4 айдаган Медет, детдомдо чоңойсом да сенден жардам сурап келген эмесмин, досум. Билал.
ОП-83-018. Сүйүү кандай экенин,/ Кандай адам сүйгөнүнө жетерин./ Бактылуулар катарына кошулуп,/ Мен да бир күн сүйгөнүмө жетермин. Сырдуу кыз.
ОП-83-019. Ильяз Абдыразаков, сиз суперсиз! "Азап" аттуу ырыңызды укканда жаным азапка батат, талантыңызга таазим кылам. Ырларыңыздын ар бири жүрөгүмдө. Ырларыңыз, үнүңүз түбөлүктүү, келечегиңиз кең болуп, чыгармачылык ийгиликтерге жетишип жүрө бериңиз. Сизди сыйлаган Зуля.
ОП-83-020. Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл Октябрь айылынын тургуну Кутманга чоң салам жолдойм. Жүзүнөн күлкү кетпей жүрө берсин. Жердеши Үпкүр.
ОП-83-021. Достор, Алланын атын гезитке көп жазбайлы. Гезиттин барар жери кайсы жак экенин өзүңөр жакшы билесиңер да. Билал козу.
ОП-83-022. Айзирек, сөзгө чебер экенсиң "Обонго" смс жазып, чер жазганга не жетсин, ээ?! Фея.
ОП-83-023. Нурмухамед, эмне себеп менен, эмнени билгизип мага смс жаздың? Мен түшүнбөдүм, досум. Билал козу.
ОП-83-024. Урматтуу "айыпталуучу" супер жылдыз Ильяз, сиз Гүлзина аттуу кыздын жүрөгүн ээлеп алып чыкпай жатканыңыз үчүн айыпталасыз. Айыбыңызды жоюу үчүн ал кызды "Кумир менен баарлашуу" рубрикасына чакырууңуз керек. Гүлзина.
ОП-83-025. Жалал-Абад областына караштуу Сымкат айылынын тургуну жездебиз Абдуллаев Залкарбекти, кызы Мединаны сентябрь айындагы удаа келген туулган күндөрү менен куттуктап, ден соолук, узак өмүр, Мединага бактылуу балалык каалайбыз. Алматыдан Гүлзира, Үпөл.
ОП-83-026. Салам Бегимайка. Рахмат жакшы ой-тилектериңе, сага ыраазымын. Урматым менен Бактыгүл92.
ОП-83-027. Тоң районунун Тоң айылындагы 1973-жылкы классташтарыма жана класс жетекчим Закия эжейге салам. Мен силерди сагындым. Бишкектен классташыңар Чынара.
ОП-83-028. Ильяз байке, мен сизди аябай сыйлайм, сиздин "Обонго" келишиңизди чын жүрөктөн күтөм. Мени дагы чакырыңызчы, сураныч. Күйөрманыңыз Айка Насиба.
ОП-83-029. Өмүр бою эстен кетпес жалганчым,/ Элесиңди таштап кетчи, суранам./ Өткөн күндү улам кайра жаңыртып,/ Кээде-кээде түшкө кирип тур анан. Пери92.
ОП-83-030. Ушул күнү кабыл алган укукту,/ Бул биз үчүн кандай дейсиң, укукпу?/ Далай адам өз тилдерин унутуп,/ Эми гана таап алышты учукту. Айзирек.
ОП-83-031. Урматтуу Ильяз Абдыразаков, орозоңуз кабыл болсун. Ыйык Рамазан айында Жараткан тилегиңизди берсин. Урматым менен Аселя.
ОП-83-032. Ангел Асем, мен сени аябай-аябай катуу сүйөм. Совет.
ОП-83-033. Достор, бири-бириңерди мактабай жаңылык жазгыла. Совет.
ОП-83-034. Мирбек Иманбеков, сиз суперсиз! Ишиңизге ийгилик каалайм. Орозоңуз кабыл болсун. Чексиз күйөрманыңыз Кеша.
ОП-83-035. Жакшы көргөн ырчым Ильяз Абдыразаков, сизге ден соолук каалайм. Эч убакта кайгы-капаны сезбей, ар дайым алга умтулуңуз. Менин сиз менен жолуккум, кенен баарлашкым келет. Жолугууну чыдамсыздык менен күткөн күйөрманыңыз Махабат.
ОП-83-036. Ильяз, сага кааларым жүрөгүңө сүйүү, денеңе сактык, мүнөзүңө шаттык, жашооңо бакыт, иштериңе ийгилик, чыгармачылыгыңа ийгилик. Бактылуу бол. Күйөрманың Гүлкайыр.
ОП-83-037. Малика Дина, дайым күлүп-жайнап ырдай бер. Эч качан ооруба. Динара эженин бактына бар бол. Беки.
ОП-83-038. Жалындуу саламымды Атабеков Мирбекке жолдойм.
ОП-83-039. Менин сүйгөнүм Жеңиш, жаным, мени кантип унуттуң? Сүйлөшкөн кызың менден өтүп сулуубу? Мага ошону айтсаң болду, ошондо сени унутуш оңой болот.
ОП-83-040. Не десем да мага туура түшүнбөйсүң,/ Суроо берсең чынын айтсам ишенбейсиң./ Сүйүп эмес, зериккенде пайдаланып,/ Кайра мага "мени деле түшүн" дейсиң./ Бирок сенден жылуу сөз эч укпадым,/ Анда неге мени алдап чуркадың? Айя.
ОП-83-041. Сүйүү күчтүү, башкарууга багынбас,/ Сүйүп калсаң азабынан арылбас. Ильяз, мен сенин ырларыңды ушунчалык сүйөм. Сенден сураныч, мени баарлашууга чакырчы?! Белек албасам да сени менен баарлашып, сүрөткө түшсөм болду.
ОП-83-042. Салам алейкум Ильяз Абдыразаков, сизге кааларым ден соолук. Эч качан өзүңүздүн ден соолугуңузду жоготпошуңузду каалайм. Күйөрманыңыз Нурик.
ОП-83-043. Жашоом да сен бар үчүн таттуу жаным,/ Сүйүүнүн таттым бирок ачуу даамын./ Унчукпай келип кетсең үйүм жакка,/ Ошондо ичимден кайнайт каным. Жаным, менин сүйүүмдү качан сезесиң? Сен деп акылдан адаштым. Айя.
ОП-83-044. Өзгөн районунун Кызыл-Дыйкан айылындагы 89-жылкы классташтарыма салам. Алиса.
ОП-83-045. Салам Бактыгүл92, рахмат баары үчүн. Сенин маанилүү смстериңди калтырбай эле окуйм. Сен да аман жүр. Сени сыйлаган бейтааныш жигит Э.Дима.
ОП-83-046. Досум Ойротбек менен аяшым Малика, силерди жакында боло турган тоюңар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Силерге кааларым эч качан кармашкан колуңар үзүлбөсүн. Ата-энеңерди сыйлап жүргүлө. Астанадан досуң Ома.
ОП-83-047. Кароол айылындагы досторума салам. Алматыдан Бекиш.
ОП-83-048. Беш кол тең эмес, бир эмес,/ Таанышкан сен го, мен эмес./ Таанышып туруп таштап кетпестен,/ Жазып тургун смс. Замана93.
ОП-83-049. Ноокат районунун 80 жылдыгы менен жалпы Ноокат элин куттуктайм.
ОП-83-050. Атама, апама, бир туугандарыма, эркебиз Жохарга салам жолдойм. Нурия.
ОП-83-051. "Обондон" табышкан красавица сиңдилерим Фея, Нурзатка жалындуу салам жолдойм. Сураныч, телефонуңарды өчүрбөгүлөчү?! 07778981ХХ.
ОП-83-052. Жалпы кыргыз калкыма салам. Нурия.
ОП-83-053. Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында жашап жаткан атам Манаска, апам Күкүшкө, Таты, Нуку, Кожошко салам. Алматыдан Бактыгүл.
ОП-83-054. Менин эң жакын досторум Нур Айжан, Нуриза, дарегиңерди билгизбей кайда жүрөсүңөр? Силерди сагындым. Саламым менен Фея.
ОП-83-055. Сүйбө мени сүйбөдү деп таарынбайм,/ Муңга батып капалыкка багынбайм./ Элесиңди сактап өтөм жүрөккө,/ Балким эми сендей жанга кабылбайм.
ОП-83-056. Гуля88 эже, Рамазан айыңыз менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Орозо кармаган болсоңуз, Алла ыраазы болсун. Сиз менен жакындан таанышкым келет. Номериңизди кантип алсам болот? Сизди кантип тапсам болот? Бегимай92.
ОП-83-057. Өсөр Эшматовдун "Жүрөгүм" аттуу ыры мага аябай жакты. Өсөр, сага чыгармачылык ийгилик. Замана93.
ОП-83-058. Жүрөгүм бош тыңшап көр,/ Өзүңө буруп алаарсың./ Сага үйрөнгөн жүрөк,/ Өзүңдү издеп калбасын. Оштон Сауле.
ОП-83-059. Ильяз Абдыразаков, талантың ташкындап, дайра болуп аксын. Кыргыздын атын дүйнөгө тааныткан патриот жигиттерден бол. Билал козу.
ОП-83-060. Жалпы кыргызстандыктарга чоң салам айтам. Кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Элиме токчулук, тынччылык, бейкутчулук каалайм. Алтынай92.
ОП-83-061. Ильяз Абдыразаков, сизге өмүрдүн гүлү болгон ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалайм. Ар убак ата-энеңиздин жанында күлүп-жайнап жүрө бериңиз. Мени жолугушууга чакырыңызчы, суранам. М...
ОП-83-062. Алтындай болгон курбуларым Эма Гузел, Татыгүл, мага байланышкыла. Сагындым го силерди. Самара.
ОП-83-063. 1992-жылкы Сымбат аттуу жигитти издейм. Ал азыр Россияда болушу мүмкүн. Билгендер болсо +77770940760 номерине кабар берип коюңуздар.
ОП-83-064. Кумир туткан ырчым таластык кыз деп ырдаган, сүйүүнүн кереметине малынган, кара көздөргө суктанган сүйүктүү ырчым Мирбек Иманбековго салам жолдойм. Замана93.
ОП-83-065. Супер смсчилер, баарыңарга чоң салам. Жан Ябин.
ОП-83-066. ОшМУнун Тарых-Юридикалык факультетинин 2ТА групассына чоң салам. Наргиза, Чолпонай, Кулпунайга өзгөчө салам жолдойм. +77013814003 номерине смс жазгыла. Алматыдан группалашыңар Шабданова Алтынай.
ОП-83-067. Тагдырым тайкы экен сезбегенмин,/ Таарындым айтканыңа кеч дегениң./ Сүйгөнмүн, сүйдүргөнсүң жүрөгүмдү,/ Эми кеч артка кайрып болбостур эч. Фея.
ОП-83-068. Гүлбурак, мен сени сүйөм. Чымкенттин "Самал" базарында иштегендерге салам. Сырдуу жигит.
ОП-83-069 . Леди Гуличка, оозуңа карап ышкыр, мурдуңа карап бышкыр. Жанусь Роза.
ОП-83-070. Актан жана Айка, жаткан жайыңар жайлуу, топурагыңар торко болсун. Аркы дүйнөдө ар дайым бирге болуп, бактылуу болгула. Силердин элесиңер жүрөгүбүздө ар дайым жашайт. Байкеңер Акыл, жеңеңер Айжу.
ОП-83-071. Жаңы-Арыктын бардык 92лерине супер салам. 11ди жакшы бүткүлө, достор. Алматыдан классташыңар Ислан.
ОП-83-072. Леди Гуличка, "Обонго" эң көп смс жазган Казакстанда иштеген оштуктар" депсиң. Сенин ишиң эмне? +770266192ХХ.
ОП-83-073. Леди Гуличка, сен атыңды алмаштыр, удмурт тилинен которгондо "тыртык", "бырыш" дегенди билдирет. +770266192ХХ.
ОП-83-074. Отуз-Адыр айылынын тургундарына сагынычтуу салам жолдойм. Гүлнур89.
ОП-83-075. Айдин Шер, сага чыгармачылык ийгилик каалайм. Ата-энеңди сыйлаган жигит бол. Ар дайым бар бол, брат. Кенжебек.
ОП-83-076. Ильяз иним, сенин талантыңды абдан баалайм. Азаматсың, жаш болсоң да көптөгөн ийгиликтерге жетиштиң. Ильяз, менин жазган ырларым бар, кааласаң байланышып окуп көрсөң болот. Чыгармачылыгыңа ийгилик, өзүңө ден соолук каалайм. Динара.
ОП-83-077. Залкарбек кызы Медина сентябрь айында төрт жашка толуп отурат. Менина, дүйнөдөгү акылдуу, сулуу, өмүрлүү кыз бол, бал тилиңден айланайын шириним! Эжең Гүлзира.
ОП-83-078. Ильяз, сага чыгармачылык ийгилик каалайм. Мэка.
ОП-83-079. Долондогу баатыр энең жакшы, Леди Гуличка. Деги атың эле бир укмуш. "Казак кызы" десе эле жүрөгү таза эмес болобу? Сен деле "Леди" дейсиң го. Мен Амангүлдү да жактабайм. Урушпагыла эле дейм. Азыр демократия. Биздин учурда андай эмес эле, Кудайга шүгүр дегиле, айланайындар. Божурап жатып бирдигимди да түгөттүм. Сала тургандар барбы? Долондогу энеңер.
ОП-83-080. Саламатсыңбы кызым Амангүл, смсиңди окуп жүрөгүм жылыды. Өткөндө айткан сынымды туура кабыл алыптырсың. Эми элдешсеңер эле болду. Сөз бересиңерби? Долондон баатыр энеңер.
ОП-83-081. Жашоомдо сен табылгыс белек болдуң,/ Жүрөктүн бир бөлүгүн ээлеп койдун./ Арманга, азапка салып коюп,/ Жүрөгүмдү бириндетип тилип койдуң.
ОП-83-082. Супер смсчи досум Амангүлгө чоң салам. Ар дайым бар бол, бактылуу бол. Тараздан Жанна.
ОП-83-083. Менин өзгөчө саламым супер смсчи досум Фея жана супер смсчи Билал байкеге жолдонот. Эч качан оорубагыла. Кимде-ким Рамазан айында Орозо кармаган болсо, орозолору кабыл болсун. 07721408ХХ.
ОП-83-084. Сүйгөнүм Эркинбекке салам жолдойм. Айланчыктап бир орунга тура албай,/ Ойлор сызат бийиктеги тумандай./ Көп кыйналбай куюн болсом не болмок?/ Сени алып учат элем уялбай. Ангелина.
ОП-83-085. Т.Адыранов атындагы мектебинин 9-"а" классындагы досум Гүлзинатка салам жолдойм. Эртерээк сакайп кет деп Жаным.
ОП-83-086. Жийдегүл, мен сени жакшы көрөм. Анткени сен менин эң жакын курбумсуң. Жаным.
ОП-83-087. Мирбек Атабеков, сенин "Эң мыкты эл ырчысы" болушуңа ишенем. Мирайида.
ОП-83-088. Салам "Обондун" супер смсчилери, силер менен өзүнчө кантип таанышсак болот? Жаным, Эля.
ОП-83-089. Ош шаарындагы Нышанов атындагы №50 мектептин 10-"б" гимназия классына жана сүйүктүү эжекем Назгүл Эсенбаевнага сагынычтуу салам жолдойм. Чымкент шаарынан Гүлбурак.
ОП-83-090 . Жапалак айылынын Качыбек көчөсүндө жашап жаткан сүйгөн кызым Айсулууга чоң салам. Смадияр.
ОП-83-091. Залкар+Гүлназик, Жакып+Динара, бешик бооңор бек болсун! Бактылуу болгула! Бектурсун.
ОП-83-092. Эрик, окууларың кандай? Ангелина.
О П-83-093 . Урматтуу "акындар", ыр жазган колуңардан келбесе жөн эле койгулачы?! Мырзабек.
ОП-83-094. Жапалактын Орке айылында жашаган таята-таенебизге, тагаларыбыз Жыргал, Шумкарга, таежелерибиз Жумагүл, Лунарага салам жолдойбуз. Чымкенттен Мырзайым, Гүлбурак.
ОП-83-095. Бишкек шаарында иштеп жаткан эжелерим Мунара, Айкага салам жолдойм.
ОП-83-096. Папандын Кызыл-Туу айылында жашаган жалпы Сыдыковдорго жана досторума салам жолдойм. Силерди аябай сагынып, Чымкенттен Гүлбурак.
ОП-83-097 . Базар-Коргон районуна карашуу Сейитказы айылында жашап жактан атам Жумабай, апам Бүбүканга чоң салам жолдойм. Ошондой эле өзгөчө саламым Кызыл Октябрь айылынын тургуну Кутман 88ге жолдонот. Уркуя91.
ОП-83-098. Кызганыч пайда болду санаа тартып,/ Башкага ыраа көрбөй күйүп-жанып./ Жөн гана жактыруу деп ойлоп жүрүп,/ Жүрөм азыр жүрөгүмөн сүйүп калып. Жаным.
ОП-83-099. Дүйнөдө эмне жаман? Сүйгөн жаман,/ Махабат отуна күйгөн жаман./ Экөө тең бирин-бири сүйүп туруп,/ Айрылышып эки жакта жүргөн жаман. Жаным.
ОП-83-100. Ош шаарында жашаган Айпериге салам жолдойм. Арлен менен Рухшананы жакшы кара. Замана93.
ОП-83-101. Бардык смсчилерге чоң салам. Баарыңарга бакыт каалайм. Аткан таң менен бирге жакшылыктар жылоолосун. Эч бирдигиңер түгөнбөсүн. Супер смсчи Феянын досу, жаңы смсчи Жаным.
ОП-83-102. Алматыда жашаган кыргыздарга салам жолдойм. Соодаңар жүрүшсүн, орозоңор кабыл болсун. Исак.
ОП-83-103. Чымкенттеги "Самал" базарында иштеген Ферузага салам. Ар дайым аман бол, ишиңе ийгилик. Алматыдан ISAKSO.
ОП-83-104. "Ала-Тоо" базарында иштеп жаткан досум Айбарчын, кармаган орозоң кабыл болсун. Сага чексиз, өчпөс бакыт каалайм. Ишиңе ийгилик! Гүлзина.
ОП-83-105. Алматыдагы кыргыз боордошторду Ыйык Рамазан айы менен куттуктайм. Орозоңуздар кабыл болсун. Соодаңарга болсо береке! "Ала-Тоодон" Гүлзина.
ОП-83-106. Т.Адыранов мектебинин 9-"а" классындагы бардык досторума, классташтарыма чоң салам. Өзгөчө Керимбекке, Элмирага, Жаңылга, Элнуркага. Мен силерди жакшы көрөм. Фея.
ОП-83-107. Жалал-Абад шаарындагы Алдаш акеге салам жолдойм.
ОП-83-108. Ильяз, сизге ден соолук каалайм. Сиздей таланттуу жигитти дүйнөгө алып келген апаңызга рахмат Биз сиз менен сыймыктанабыз. 07702163ХХ.
ОП-83-109. Салам достор! Мен силерди абдан сагындым. Байланыша элегибизге канча болду? Мени унуткан жоксуңарбы? Окууңар кандай болуп жатат? Гузел.
ОП-83-110. Жүрөк боздойт, боздойт неге кайрадан,/ Ызгаар суук, түн түшкөнсүйт айланам./ Кыял жетет, колум жетпейт кантейин,/ Кусалыктын чынжырына байланам. Эмне болду? Түшүндүрүп айтыңызчы, Назар ага?! Кайсы күнөөм үчүн? Кыналып кеттим. +770147465ХХ.
ОП-83-111. Сүйүктүү кумирим, таланттуу ырчы, мыкты аранжировщик Ильяз Абдыразаков, сизди "Обондун" төрүнөн качан көрөм деп чыдамсыздык менен күтүп жүргөн элем. Күтүүсүз түшкөн кардай болдуңуз го. Оюмдун баарын ээлеп алып мага күнү-түнү уйку бербей жатасыз. Кантип сизге жолугуп, баарлаша алам? Балким "Обондун" төрүндө жолугушуу бизге насип эткендир?.. Сизди урматтап Сасиона.
ОП-83-112. Ильяз байке, кармап жаткан орозоңуз кабыл болсун. Сизди баккан ата-энеңиз бар болсун. Жакында боло турган концертиңиз элдин купулуна толгон концерт болсун. Окурмандарга айтмакчымын: Ильяз байкенин концертине барган да арманда, барбаган да арманда болот. "Обондун" окурманы, Ильяздын күйөрманы Майрам.
ОП-83-113. Меришка, мен сага 100 пайыз кошулам. Албетте Атабековго добушумду дароо эле бергенмин жана биринчилерден болушуна ишенем. Көлдөн Асел.
ОП-83-114. Ильяз байке, жашоонун балдай доорун сүрүңүз. Ар дайым ден соолукта жүрүңүз. 05528933ХХ.
ОП-83-115. Ильяз байке, мени чакырыңызчы, сиздин "Азап" деген ырыңыз менен ооруп жатам. Сиз менен жолугушууну чыдамсыздык менен күткөн Айпери.
ОП-83-116. Адамда болот бир жүрөк,/ Ал жүрөк түбөлүккө бирди сүйөт./ Эгерде ал жүрөктө кырсык болсо,/ Ал жүрөк экинчисин кантип сүйөт? Жази.
ОП-83-117. Кандайсың Ильязчик, сага кезигип, прическаңды оңдогум келет. Рахатка.
ОП-83-118. Кандайсыз Алмаз байке? Сиздин номериңизди жоготуп алдым. 0555132232 номерине чалып коюңузчу?! Күтөм. Кудача кыз Касиет.
ОП-83-119. Сүйүү ырларын эле даңазалай бербей патриоттук сезимди козгогон ырлардан бир шиңгил жазыңыздарчы, мен патриотмун дегендер барбы? Кушу Сынчы.
ОП-83-120. Кыздар, сүйүүңөрдү ар кимге арнай бересиңерби? Кыз кылыгы менен дейт. Кичине кылыктанып, ыймандуу болушуңарды каалайм. Душман сүйдүрүп айтат, тууган күйдүрүп айтат дейт. Мага таарынбагыла. Кушу Сынчы.
ОП-83-121. Саламатсызбы урматтуу мукам үндүү, чырай жүздүү, менин сүйүктүү ырчым И.Абдыразаков. Сырдашып сырларыбыз бирге болсо,/ Сый-урмат ортобузда жоголбосо./ Жан-дүйнөң өсө берсин, соолубасын,/ Сахнада өтө берсин өмүр жолуң. Эркингүл.
ОП-83-122. Урматтуу Ильяз байке, жакында боло турган концертиңиз супер аншлаг менен өтүшүн каалайм. Сизге кааларым чың ден соолук, узун өмүр, чыгармачылык ийгилик. Асмандагы жылдыздардай болуп ар дайым жанып жүрө бериңиз. Сахнанын көркүн ачкан жалгыз сизсиз! Сизди бир көрсөм арманым болбос эле. Ар бир ырыңызды толкундануу менен уккан күйөрманыңыз.
ОП-83-123. Бүткүл кыргыз элим, кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Ыйык Рамазан айында ар бирибиздин жүрөгүбүздү ыйман, аруулук, боорукерлик уяласын. Зуля.
ОП-83-124. Салам Космирбек! Мени таштап кетпечи, суранам. Чечен кыз.
ОП-83-125. Жапалак айылынын Мээркан көчөсүндө жашап жаткан сүйгөн кызым Таңсулууга чоң салам жолдойм. Капкара көздөрүң бардык балдарды суктантат. Ореке айылынан Смадияр.
ОП-83-126. Супер смсчилер, мен да силердин катарыңарды толуктагым келет. Кандай дейсиңер? Айпери.
ОП-83-127. Ильязга: Билбейм неге сага мынча жакынмын,/ Жүрөк сырын келбейт сенден жашыргым./ Жан дүйнөмдү бийлеп алды тымызын,/ Жада калса тамгалары атыңдын.
ОП-83-128. Мага "кыргыз тилин үйрөтөм" деген кыргыз жигити, качан үйрөтөсүз? Алмагүл.
ОП-83-129. Сиңдим Замана, сени менен таанышканыма аябай кубанычтамын. Тахмина, Дамира жана тараздык Жанна, силер суперсиңер! Амангүл.
ОП-83-130. Урматтуу Мирлан Адишов, ар санында салам жазбайсың деп мага таарынасың. Таарынба, менден сага өзгөчө салам! Кыргыздын сендей жигиттери аман болсун. Эч качан ооруба. Амангүл.
ОП-83-131. Леди Гуличка, 5 миң досуңан толк барбы? Билип кой, эки жаңы досуңан бир эски досуң артык. Молодец! Досторуң көбөйө берсин. Ошол 200 деген санга үч нөл кошуп жазганды унутупсуң да. Баарына шүгүр, бар бол. Амангүл.
ОП-83-132. Алтын атам, туулган күнүңүз куттуу болсун. Ойлонуп акыл айткан,/ Ойлонтуп ойго тарткан,/ Ойнотуп бөпөлөп бизди баккан,/ Болсо экен балдарым бактылуу деп,/ Кудайдан миң ирет тилеп жаткан. Алматыдан кызыңыз Айжамал, күйөө балаңыз Ислам, небереңиз Аймээрим.
ОП-83-133. Урматтуу Ильяз Абдыразаков, орозоңуз кабыл болсун. Сизге чың ден соолук, суудай узун өмүр, кетпес күлкү, чексиз ыйман, чыгармачылыгыңызга ийгилик, сүттөй таза ак сүйүүнү каалайм. Таза жүрөгүңүз, ак көңүл мүнөзүңүз, булбулдай тунук үнүңүз эч качан өзгөрбөсүн. Алматыдан Ару95.
ОП-83-135. Кээ бир жигит сулуу көрсө сүйөмүн дейт,/ Сени менен түбөлүккө жүрөмүн дейт.
ОП-83-136. Асмандагы жылдыз жүзүнөн жанган, жүрөгүнөн ыр жазып ырдаган менин сүйүктүү ырчым Ильяз, сизге чың ден соолук, тунук махабат каалайм. Ата-энеңиздин бактына бар болуп, тилеген тилегиңизге, ойлогон максатыңызга жетиңиз. Чыгармачылык ийгилик каалайм. Күйөрманыңыз Турдукан.
ОП-83-137. Ильяз байке, алдыда сиз көрүүчү нечен жылдар,/ Ачылган түркүн-түркүн гүлдөй болсун./ Жашоонун балдай доорун сүрүңүз,/ Ар дайым ден соолукта жүрүңүз.
ОП-83-138. Ильяз Абдыразаковго: Келечекте бактылуу бол, артта калба,/ Дүйнөдө келечегиң болсун таза./ Турмуштун таттуу-таттуу балын татып,/ Ар дайым алга умтулуп узак жаша.
ОП-83-139. Ильяз Абдыразаков, мен сизге "феномен-укмуш" деген баа берер элем. Анткени сиздин ар бир ырыңыз, аранжировкаңыз өзгөчө. Талантыңыз ташкындап, кылган ишиңиздин үзүрүн көрүңүз. 05528933ХХ.
ОП-83-140. Сүйүктүү ырчым Чыңгыз Мырзаевге чоң салам жолдойм. Кыргызстанда сиздей таланттуу, акылдуу адамгерчиликтүү инсандар көбөйө берсин. Сиз кандай гана жакшы инсансыз! Бул дүйнөдө жалаң гана жакшылыктардын үстүндө күлүп-жайнап жүрө бериңиз. Сизди дайым сыйлап, урматтаган күйөрманыңыз.
ОП-83-141. Досторум Б.Али, Нуржан, Жаным, Анара, Мираида90, Жазгүл жана башка бардык смсчилерге салам жолдойм. Жашооңорду ийгилик жана кубаныч коштоп жүрсүн. Зуля.
ОП-83-142. Алтыным менин Назгүл эже, сизди аябай жакшы көрөмүн да. Назгүл Насиева теледен чыкты дегенде телевизордун жанынан чыкпаймын, жаныңыздан көргөндөй сүйүнөм. Мен сизди өзүмө кумир тутам. Келечекте мен да сиздей чыгармачыл инсан болгум келет. Урматым менен күйөрманыңыз.
ОП-83-143. Ильяз Ошко келсең мага звонок кылчы?! Сөзсүз. Сени күтүп Аймончок.
ОП-83-144. Ош шаарындагы Бирлешкен айылындагы 90-жылкы Мунара, сага чексиз ийгилик! Анара.
ОП-83-145. Ош шаарындагы Мады айылындагы Гүлнара, мен сени сүйөм. Тилек.
ОП-83-146. Ильяз байке, сиз менен баарлашкым келет. Оштон күйөрманыңыз.
ОП-83-147. Сүйүүдөн жабыркаган кыз-жигиттер менен достошом. 0700120292.
ОП-83-148. Назгүл Насиева эжебизге чоң салам. Кыргыз элинде сиздей инсандар көбөйө берсин. Сизди жакшы көрөм жана сыйлайм. Арзыгүл.
ОП-83-149. Дүйнөдөгү теңдешсиз байлыгым болгон апакем Сонунбү, атакем Рустамга салам жолдойм. Алтындарым, кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Апаке, тезирээк келиңизчи?! Зуля.
ОП-83-150. Ардактуу инилерим Адилет, Мадумарга бактылуу балалык каалайм. Ади, мектепте көп шоктонбой, мугалимдин сөзүн ук, макулбу, мамалагым? Силерди жакшы көрөм. Зуля.
ОП-83-151. Жарык болгун, гүлдөй дайым гүлдөгүн,/ Бекем болгун, алсыз дешип күлбөсүн./ Ыймандуу бол, калп сүйлөбө, унутпа,/ Жалганчынын иши эч качан жүрбөсүн. Зуля.
ОП-83-152. Бишкекте окуп жаткан дос кыздарым Бегимай, Бекинайга чоң салам. Мен силерди жакшы көрөм жана сыйлайм. Оштогу досуңар Арзыгүл.
ОП-83-153. Көргүм келип сагынып, ойлоп жүрөм,/ Сени эстеп кээде ыйлап, кээде күлөм./ Сүйсөм да ашыктыгым айта албаймын,/ Себеби менден жашсың, аны билем./ Ай, ушул бир гана жаш өкүнүчтүү,/ Жүрөгүм сен ден согот өтө күчтүү./ Сүйүүбү же жөнөкөй көрүнүшпү,/ Аттиң ай, биле албадым өңбү, түшпү.
ОП-83-154. Мухаммед Юсуфтан котормо: Сууда өскөн райхан гүлүм,/ Сага гана айтам сүйүүм./ Райхан, сага үйлөнөмүн,/ Жыпар жытка толот үйүм./ Майрамдайбыз ойдогудай,/ Аккан суунун боюнда./ Өзүң келин болосуң,/ Мухаммеддин тоюнда. Таир.
ОП-83-155. Өзүңсүз далай тарттым азап,/ Эл ичинде жүрө албай жайнап./ Өтсө да өмүр жылып,/ Калбады жашоодо кызыкчылык. Канжар.
ОП-83-156. Ильяз байке, сизге бере турган бир суроом бар: учурда мен Оштомун, мен "Обон" гезитине чалып сиз менен сүйлөшсөм болобу? Сизден суранам, жок дебең. Оштон Анара.
ОП-83-157. Казак кызы Амангүл эже, сизди жамандап жазган смстерге маани бербеңиз. Биз сиз менен сыймыктанабыз. Сизди сыйлаган Замана93.
ОП-83-158. Баткендик ырчы Мирлан Давлетовду чакыргылачы, "Обонго" барып бир маек куруп келейин. Билал козу.
ОП-83-159. Урматтуу бийликтегилер, чоң талант ээлери Р.Разыков жана А.Иманкуловдорго көңүл буруп, жакшы наамдардан берип койсоңуздар.+792610543ХХ.
ОП-83-160. "Обон", силерди супер деп айткандан эч тажабайм. Окурманыңар Майрам.
ОП-83-161. Менин сүйүктүү, сулуу, таланттуу кумирим Ильязга салам жолдойм. Ильяз, сизге Кудай өмүр, бакыт берсин. Алматыдан Махбурат.
ОП-83-162. Айпери, бешик бооң бек болсун. Балаңдын өмүрү узун болсун. Аида.
ОП-83-163. Менин сүйгөнүм Тараз шаарында жүргөнүн билем, башка дайын жок. Менин ага айтаарым: жолуккандан бери жүрөгүмдүн соккану өзгөргөнүн сездиң бекен? Сенин тырмагыңа да эч ким тең келбейт. Мага сенсиз жашоонун кереги жок, сени эч кимге алмаштырбайм. Оштук 85-жылкы Жеңиш, мага телефон чалып койчу, суранам. Луиза.
ОП-83-164. Менин асыл атакем мененүйдүн эң кенжеси, менин эркетай иним Ыйманбектин удаа келген туулган күндөрү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Атама чың ден соолук, кажыбас кайрат, түгөнбөс дөөлөт жана узун-узун өмүр каалайм. А помпоско бактылуу балалык, кең келечек, эл сыймыгына арзыган кыргыздын чыгаан уулдарынан болуп жетилишин каалайм. Мен силерди жакшы көрүп, сыйлайм. Бактыгүл92.
ОП-83-165. Мени 15-сентябрь туулган күнүм менен куттуктап койгулачы?! Дина.
ОП-83-166. "Болашак" базарында иштеген акем Бакытты, жеңем Элнураны темир тулпарлуу болушу менен куттуктайм. Машинаңар жалаң жакшылыктарга кызмат кылсын. "Самал" базарынан Гүлбурак.
ОП-83-167. Альбина, мен сени чексиз сүйөм, жаным! Кузя.
ОП-83-168. Жашоону жакшы жашагын, жакшы жаңылык жаратып, жакшыларга жанашып, Жаратканга жалынып, жарыңдын жанында жарыктай жанып, жылдыздай жанып жаркырап, жайнап жашагын. Алга, кыргызым! Ралия.
ОП-83-169. Урматтуу Дима, сөз эмес бекен?! Фея.
ОП-83-170. ОП-82-002, абдан сөзгө чебер экенсиз. Фея.
ОП-83-171 . Казак кызы Амангүл, сизге дүйдөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Фея.
ОП-83-172. Салам Эркин КБШ, сиздин бир кездеги маякчыларга арнап жазган
ОП-83-173. Ильяз байке, менин сизге кааларым ойлогон максатыңызга жетиңиз. Кыргызстандын эң мыкты ырчысы болуп жүрө бериңиз. Жакында боло турган концертиңиз жакшы өтсүн. Жердешиңиз Кызыл-Кыядан Нурсултан.
ОП-83-174. Сүйүү достон эч качан бүтпөгөн,/ Адам болбойт өз сүйүүсүн күтпөгөн./ Сүйүү ыйык, сезимдерди өрттөгөн,/ Инсан болбойт эч бир жанды сүйбөгөн. Ралия.
ОП-83-175. Нарындан Учкун айылына салам. 92лер супер! Жылдыз (Женя).
ОП-83-176. Саламатсызбы Ильяз. Менин балам 4 жашта. Эсине киргенден бери сизди кумир тутат. Ырларыңызды жатка билет. Кийимдерин да сиздикине окшотуп кийет. Жаңы ырларыңыз чыгып калса төбөсү көккө жетет. Сүйлөшүп койсоңуз төбөсү көккө жетээр эле. Аты Ханболот.
ОП-83-177. "Обондун" супер смсчилери менен таанышам. Азамат.
ОП-83-178. Талас шаарынын Алымбекова көчөсүнүн тургуну Жунусбеков Нуркан жана анын уул-кыздары, урук туугандары, мен силерге жетпей жатам. Кызыңар Жунусбекова Зарина Нуркановна Бишкекте эмне менен алек болгонун билгиңер келеби? Анара.
ОП-83-179. Амангуля, жиниме аябай тийип жатасың. Сенин смстериң гезитте жайнап кетти.
ОП-83-180. Амангүл дося, узакка жоголуп кетпе, сага жарашпайт. Ишиңе ийгилик, аяш менен бактылуу бол. Конжык.
ОП-83-181. Ильяз, сен Ошко гастролго кетерде үйгө инимди жеткирип келип кетиптирсиң. Үйдө болбой калганыма аябай өкүндүм. Мени чакырчы. 07008560ХХ.
ОП-83-182. Урматтуу Ильяз, эмне деген таланттуу адамсың! Ар дайыма элиңе кызмат кылуудан чарчаба. Сени сыйлаган күйөрманың.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
ТӨКМӨ АКЫН ЖЕҢИШБЕК ӨМҮРҮНДӨ
АЛМА ЖЕП КӨРГӨН ЭМЕС, МИРЛАН
ЖЕТИГЕНОВ ТАПТАКЫР ЧАЙ ИЧПЕЙТ

2-бет
Айдин Шер:
"Жаанда туруп алып ыйлап жаттым..."

3-бет
ЖАЛАҢ КЫЗДАР ЖАНА МЕН
Үйүңүздөгү бычактарыңыз мокок эмеспи?

4-бет
"Кандай тамак болбосун, баш тарта албайм"
5-бет
Маалымат
6-бет
Саламат плюс
7-бет
КАТ ЖАЗЧЫ МАГА, БИЛДИРИП АМАН БАРЫҢДЫ…
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
"өзүнө эмес, досуна ала качыптыр
11-бет
"Алтын балыктагы" акылсыз кемпир мен болдумбу?..
12-бет
К
ө
з
мончок

13-бет
Дубалга тартылган
сүрөттөр эмнени туюндурат?

14-15-бет
Обон почта










??.??