п»ї

  кумир менен баарлашуу

Айдин Шер:
"Жаанда туруп алып ыйлап жаттым..."
"Кумир менен баарлашуу" рубрикабыздын бүгүнкү мейманы жаш ырчы Айдин Шер чыгармачылыгын баалаган күйөрмандары менен чер жазышып сүйлөшүп, белектерин тапшырып жагымдуу маанай тартуулады.

Бегайым:
- Болгон атыңыз эле Айдин Шерби?
- Жок, бул менин псевдонимим. Башындагы "Ай" деген сөз менин атымдан башталат, "дин" болсо Динара эженин атынын башкы үч тамгасы, ошондо Айдин болуп калат. Чечмелениши ушундай. Толук атымды айтпай эле коёюн. Сахнага жаңыдан чыга баштаганымда менин атыма уйкаш ырчылардан төртөө эле, мен бешинчиси болмокмун. Бегимай Эсенгулованын атына да уйкаш аттардан үчөө эмеспи. Концерттерге чыкканда алмашып кетип башыңды айландырышат. Мен да ушундай кырдаалга туш болбоюн деп псевдоним менен чыгууну туура көрдүм.
- Ырчылыкты кантип тандап алдыңыз?
- "Поющий город" телеберүүсүнө катышып, биринчи турдан өтүп кеткем. Ошондон кийин эле досторум "сен ырдай алат турбайсыңбы, ырдабайсыңбы?" дешсе, тууган-туушкандарым "башка ырчылардан кемсиңби? Ырда" дешкенинен эжем мага продюсер болуп бермей болду. Экөөбүз албетте иштеше албай койдук. "Хит-парадга" катышып көрөйүн деп чечтим, ошентип Динара эжеге туш болгом.
- Сабактарыңызга жетишип жатасызбы же жөн эле акча менен бүтүрүп коёсузбу?
- Чынын айтсам декандар менен тааныш болгондуктан жеңилдиктер болот, бирок жеңилдик бар деп эле чалчаңдап жүрүп албайм. Колумдан келишинче сабактарга толук катышканга аракет кылам. Кээде университеттин алдына чейин келип сабакка кирбей балдар менен жүрө берген күндөр болот. Сабактарды башында "развод" кылчумун, азыр болсо мугалимдер менен жакшы мамиледе болгондуктан, жөн эле бүтүрөм. Кээде колледждин, университеттин атынан ырдайсың деген жерлерине барып ырдап берип коём.
- Бир жолу телефонуңузга 4600 бирдик түшкөнүн айткан элеңиз?
- Ошол кезде телефонумда 23 эле бирдик калган болчу. Бирөө менен сүйлөшүп жатсам ал да түгөнүп калды. Эшикке чыгып бирдик салгандан ээринип үйдө отурам. Күн ысык. Жөн эле телефонумду баскылап отуруп бирдигимди текшерейин десем 4625 бирдик түшүптүр. Ишенбей кайра-кайра текшердим. Апама айтсам ишенбейт, эжеме чалдым, анан досума чалдым. Ошентип жыргал жашоо башталды. Досум чалып алайынчы дегенинен берип койсом, Америкага досуна чалып жарым саат сүйлөшүптүр. Иши кылып ошондо бассам да, турсам да, жатсам да телефон кулагымдан түшпөй калган. Баарылап жатып үч күндүн ичинде 4600 бирдикти түбүнө түшүрдүк. Андан кийин деле бирөөлөр чалабы десем эч ким дайынын билдирген жок.
- Аябай шайыр жүрөт окшойсуз?
- Менин досторум, чөйрөм ошондой шайыр. Тамашакөймүн. "Бравого" чыкканда Эрмек экөөбүз каткырып күлүп, тамашалап сүйлөшүп койгонбуз. Ошондон кийин "сайынып алган го", "чегет окшойт" деген сөздөр шамалдай тараптыр. Эми күлчү жерден күлүп, мостойчу жерден мостоюп коймоюм бар. Өзүңдү шайыр алып жүрсөң элдер башкача кабыл алышат экен. Ошондуктан азыр кичине "серьёзный" болгонду үйрөнүп жатам.
- Кайсы тилдерде сүйлөй аласыз?
- Англис тилине жокмун. Наргиза эжем беш-алты тил билет. Баары эле "эжеңден үйрөнбөйсүңбү?" дей беришет. Канча аракет кылсам деле анын билими мага жукпай койду.
- Машинаны өз эмгегиңиз менен алдыңызбы?
- Тең жарымы меники, жарымы туугандарымдыкы. "Ушул маршурткалап жүрбөсүнчү" деп алып беришкен. Машина менен жүргөнүмө төрт-беш ай болуп калды.
- Ырчылардан ким менен көп кеңешесиз?
- Кайрат Примбердиев мени сахнага жетелеп чыккан десем жаңылышпайм. Өзү ырдап чыгам деп даярдап койгон "Күнөөлөбө" деген ырын мага берген. Ошондуктанбы, Кайрат Примбердиев менен көп кеңешем. Башка ырчылар менен деле жакшы мамиледемин.
- Элдер кол чаппай койгондо кандай абалда болосуз?
- Биринчи жолу сахнага чыкканда Таласка гастролго барганбыз. Анда мени эч ким таанбайт. Чачымду лактап тургузгам. Ырым болсо айыл жергесине эмес, түнкү клубдарга ылайыкталган ыр болчу. Элдер бутумдун башынан чачыма чейин сынап карап чыгышты да, эч кимиси кол чапкан жок. Динара эжеге келип "экинчи сахнага чыкпайм, эч ким кол чаппайт экен" деп ыйлактаганым эсимде.
- Гезиттерге жазылган smsтерди окуйсузбу?
- Кайсы гезиттен экени эсимде жок, бир жолу жакшы сөздөр менен менин дарегиме жазылган smsти окуп калдым. Ошондон кийин гезиттердин артындагы smsтерди аңдып калгам. Мага жазылганы болсо окуп сүйүнүп калам. Чынын айтсам эки айдан бери китеп-гезит окуй элекмин.
Гулзада:
- Үйдөн кара жумуш жасайсызбы?
- Жер тамда жашагандыктан, түйшүк көп эле. Байкемдер менен кыш куйганда кирпиктерим боппоз болуп калат. Бирок көбүнчө үйдөгү жумуштарды жасайм.
- Адамды бир көрүп сүйүп калуу мүмкүнбү?
- Ооба, мен андай нерсеге ишенем. Анткени өзүмдүн башымдан өткөн. Тогузунчу классты бүткөндө Финансы техникумуна тапшырайын деп бардым. Сыртта балдар менен турсам чачы капкара, белине чейин келген бир кыз кирип кетти. Балдар "карачы, карачы" дегендеринен кылчайып карап келбетин чала эле көрүп калдым. Экзаменге киргенде өзүмчө толкунданып, эси-дартымдын баары ошол кызда болуп жатат. Анын үстүнө математиканы жакшы билчү эмесмин, бирөөлөрдөн көчүрүп алам деген максат менен киргем. Айланамды карасам баары мендей окшойт, бири-бирин карап отурушат. Кимден көчүрөөрүмдү билбей тесттерди ойду келди тоголоктой салып чыгып кеттим. Чыгаарым менен бүт техникумду кыдырып баягы кызды издеп жүрөм. Экинчи этаждан жакшы көрүнөбү деп балкондо бир топко турдум. Бирок ал кызды ошол күнү көрө алган жокмун. Кечинде апам үйгө өзүнчө эле кубанып келди. Көрсө эски таанышына жолугуп калыптыр. Эртеси апам "жүрү, кечээки эски таанышымдыкына барып эшик-төрүн көрүп келели, жанагы сен менен чогуу өскөн Мунира деген кызы эсиңдеби?"- дейт. Кыйылып жатып араң бардым. Барсак Мунира үйүндө жок экен. Сиңдилери менен сүрөт көрүп отурсам сүрөттө баягы финтехтеги кыз жүрөт. Кичинекей кезибизде бала бакчага чогуу барып, биринчи класста чогуу окуган Мунира тогуз жылдын ичинде аябай өзгөрүптүр. Аны бир көрүп сүйүп калгам. Үч жыл кыз-жигит болуп жүрдүк.
- Анан ал сүйүүңүз эмне болду?
- Анын атасы уйгур болчу. Мунира Россияга окуганы кеткенде бияктан ага уйгур улутундагы жигит сөйкө салдырып койгон. Муниранын атасы мени өзүнө чакырып алып: "Балам, сен жакшысың, бирок сага азыр эрте. Өз оокатыңды кыл. Келечегиң алдыда,өзүң ырчы болсоң... "- деп койду. Жакшы эле каршылык көрсөттүм, тилегим ишке ашкан жок. Ушул жылы алтынчы июнда экөөнүн үйлөнүү тою болду. "Вефанын" жанында жаанга туруп алып ыйлап жатам... Көргөндөр келесоо деп ойлошту окшойт. "Көлөкөм" деген ырды Мунирага арнап жазгам. Тактап айтсам, Кундуз Качкыналиевага тагдырымды айтып берсем ушундай маанайдагы ырды жазып берген.
- Азыр байланышып турасызбы?
- Күйөөсү мен тууралуу билбейт. Бирок "Көлөкөм" деген ырымды жактырып телефонуна көчүрүп алыптыр. Анан Мунира чалганда күйөөсүнүн телефонунан менин ырым жаңырат. Ойлоп көрсөм кызыктай эле абал экен. Азыр байланышпайбыз деле. Болгону көңүлүмдө эле эстеп жүрөм.
Нурайым:
- Үй-бүлөңүз тууралуу айтып бербейсизби?
- Үй-бүлөдө биз төрт бир тууганбыз. Мурда гезиттерге интервью бергенде "эки бир тууганмын, эжем анан мен" дей берчүмүн. Себеби эки улуу агамдын бирөөсү таенемдин колунда, экинчиси чоң аталарымдын колунда чоңоюшту. Кийин байкемдер таарынышканда "төрт бир тууганмын" дей турган болдум. Улуу байкем өзүнчө жашайт, аялы, балдары бар. Экинчи байкем быйыл үйлөнөм деп турат, жалгыз эжем да ушул күздө турмушка чыкканга камынып жатат. Апам телевидениеде иштечү, азыр болсо үйдө. Атам Ысык-Көлдөгү Гидропартиянын жетекчиси болуп иштеп жатат. Өзүм Кара-Балтада төрөлүп, Бишкекте чоңойгом. Учурда Ала-Тоо жаңы конушунда жашайм.
- Хоббиңиз эмне?
- Албетте ырдоо. Кичинекей кезимде үстөлгө пианионун клавищаларын фломастер менен тартып койчумун. Анан мен "пианино" чертип, эжем ырдачу. Шыпыргыны болсо гитара кылып чертип ойночумун. Ырдаганды, бийлегенди жакшы көрөм. Өзүм дагы кафеде иштегендиктен, дайыма кыймылда жүрөм.
- Сүйлөшкөн кызыңыз барбы?
- Мындан үч-төрт жума мурда бар болчу. Азыр жок. Иштейин деп чечтим. Кечки алтыдан он бирге чейин иштейм. Ошондуктан кызың менен жолугушканга мүмкүнчүлүк түзүлбөйт. Анын үстүнө ар кайсы жактарга гастролдоп кетесиң. Ушундан улам кызым экөөбүздүн ортобузда кичине ызы-чуу чыгып кетти. Эми убактымдын баарын чыгармачылыкка эле жумшайын деп чечтим.

Анара Дүйшөналиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
ТӨКМӨ АКЫН ЖЕҢИШБЕК ӨМҮРҮНДӨ
АЛМА ЖЕП КӨРГӨН ЭМЕС, МИРЛАН
ЖЕТИГЕНОВ ТАПТАКЫР ЧАЙ ИЧПЕЙТ

2-бет
Айдин Шер:
"Жаанда туруп алып ыйлап жаттым..."

3-бет
ЖАЛАҢ КЫЗДАР ЖАНА МЕН
Үйүңүздөгү бычактарыңыз мокок эмеспи?

4-бет
"Кандай тамак болбосун, баш тарта албайм"
5-бет
Маалымат
6-бет
Саламат плюс
7-бет
КАТ ЖАЗЧЫ МАГА, БИЛДИРИП АМАН БАРЫҢДЫ…
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
"өзүнө эмес, досуна ала качыптыр
11-бет
"Алтын балыктагы" акылсыз кемпир мен болдумбу?..
12-бет
К
ө
з
мончок

13-бет
Дубалга тартылган
сүрөттөр эмнени туюндурат?

14-15-бет
Обон почта










??.??