п»ї

ЖАЛАҢ КЫЗДАР ЖАНА МЕН
Үйүңүздөгү бычактарыңыз мокок эмеспи?
Дүйшөн Байтөбөтов, актёр:
- Менин бычактарым дайыма курч. Үй ичиндеги аял-эркекке тиешелүү жумуштардын көбүн өзүм тейлейм. Жеңеңдин колу бошобойт. Улуттук театрдын студиясында зам директор эмеспи. Анан, жалгыз кишини карап олтура бергенде болбойт да. Турмуш майда-чоң деп бөлүнбөйт. Чоң-кичиненин баары турмуш. Жөнөкөй пендеге түшкөн оокат падышанын да башында бар. Базардан азык-түлүк алып келиш менин мойнумда. Май түгөндүбү, картошка барбы, булар да менин колумдан өтөт. Жана сен телефон чалганда базардан келаткам. Орозо кармагандарга ооз ачтырып, куран окутуп коеюн деп бир койду союп, куйкалатып койдум. Кыскасы, жумушума, радиого, үй тиричилигине да жетишип жүрөм, кудайга шүгүр.




Сиз айымдарга көп болушуп, мырзаларды жек көрөсүзбү?
Замира Акбагышева, Аялдар Конгрессинин президенти:
- Жо-ок! Мен мырзаларды жек көрбөйм. Кудайга шүгүр, жолдошум бар, эки уулум бар. Ал эми атам бул өмүрдөгү эң ыйык көргөн адамым болчу. Элүү жашында, эрте каза тапты. Мектептин директору эле. Менин ийгиликтерди жаратуумда атамдын тарбиясы, акыл-насааты түздөн-түз себепкер. Анан мен кантип мырзаларды жек көрөм?! Аялды да, эркекти да Кудай жараткан. Экөө тең бирдей укукка ээ. Туура, Аялдар Конгресси айымдардын кызыкчылыгын коргойт. Үйбүлө энеден башталат эмеспи. Демек, биз үйбүлөгө адилеттүү, жакшы шарт түзүүгө аракет кылабыз. Ал эми үйдө кыз бала да, эркек бала да тарбияланат да, туурабы?


Мусулманчылыкты тутунасызбы?
Динара Молдошева, ЖКнын депутаты:
- Мен айылда өскөн кызмын. Баткен районундагы Айдаркен айылынан болом. Атам-апам экөө тең биз кичинекей кезибизде эле орозо кармачу. Азыр да тутуп жатышат. Мен да орозо кармаганга кызыгам, бирок, баягы жумуштун аңгемесинен улам мүмкүнчүлүк болбой калат. Ал эми кадыр түндү үйбүлөм менен жыл сайын тособуз. Мусулманчылыктагы жети токоч жасоо, жыт чыгаруу, куран окууга терең маани берем. Ар төртүнчү күн сайын жакын адамдарыбызга атап аш басып, куран окуйбуз. Жыт чыгаруунун өзүнүн ыйыктыгы бар. Арбактарды ойлонуу аркылуу аларга ыраазычылык билдиребиз. Арча түтөткөнгө да өзгөчө көңүл буруп, үйүмдү ар жумада арчалап турам. Айылдын келини болгондуктан кайыныма барып калганда абысыным менен самоордон чай куйушуп, аз убакытка болсо да кызмат өтөп келем.


Кол өнөрчүлүктүн кайсы түрүнө жакынсыз?
Алтынай Нарбаева, ырчы:
- Мен бүтүн буюмга өзүм каалагандай оңдоо киргизгенди жакшы көрөм. Кийимдерди сатып алган соң, келбетиме жарашыктуу кылып узартып, кыскартып алам. Жаңы туфлим кийгенге ыңгайсыздык жаратса, ага дагы боо тагып же кыркчусун кыркып, оңдоп-түзөп жиберем. Үйдөгү жаңы пардалар жакпай калса өз табитиме ылайык кылып тигип алмайынча тынч албайм. Кичинекей кезибизде мектептеги өздүк көркөм чыгармачылык ийримине катышчубуз да. Ошондо ар кандай барпиректери бар кооз көйнөктөрдү тигип кийчүбүз. Кээде апаларыбыздын пардаларын алып кетип, белибизге байлап бийлеп чыкчубуз.


Сайма сая аласызбы?
Шайыр Касымалиева, актриса:
Сайма сайып көргөн эмесмин, бирок, кийим токуганды төртүнчү класста окуп жүргөнүмдө үйрөнгөм. Алтынчы классымда өзүмө сонун , кыпкызыл көйнөк токуп алгам. Андан кийин да өз колумдан чыккан жакшынакай кофта-юбкаларды нечен жолу кийдим. Кийинчерээк көзүм ооруганынан токтотуп койгон болчумун. Кол өнөрүн сагына түшкөмбү, эки жыл мурун он күндүн ичинде өзүмө арнап этеги тилик, узун аппак чапан түйүп бүттүм . Ага "Хит-параддын" алып баруучусу Нурзат Токтосунова ашык болуп: "Эже, мага белекке бериңизчи. Шайыр эжемдин өз колунан алдым эле деп жакшы ырым кылып жүрөйүн"- дегенинен макул болуп кийгизип жибергем.


Аялзатын шөкөттөй турган буюмдарга кызыгасызбы?
Шарипа Садыбакасова, ЖКнын депутаты:
- Ар бир айым жашоодогу, коомдогу ээлеген ордуна, жаш курагына ылайык жүрөт эмеспи. Албетте, өзүмдүн сырткы турпатыма, кийинүү стилиме өзгөчө көңүл бөлөм. Бирок, жаш кезимден эле табигый болууну, орусча айтканда "естественный" жүргөндү жактырам. Ошондуктан жеңил боёном. Бирөөлөрдүн чынжырча, шакек, шуру-мончок тагынып алганын көрсөм "Ии, жакшынакай экен,"-деп коём, өзүм кызыкпайм. Жанталашып сатып ала коёюн дебейм.

Жалгыздык аялды күчтүү кылабы?
Назира Мамбетова, актриса:
- Тагдыр ар адамдын бешенесине ар кандай жазылат тура. Күйөөсү менен жашап жатып бактылуу, күчтүү болгон аялдар деле бар. Бирок, жалгыз бой аялзаты эч кимге ишенбей, жашоосу үчүн өзү жүгүрүп, кам көрүп тың болот да. Негизи, эркек-аял дебей бакытты бирөөдөн күтпөш керек. Бакытты ар ким өзү үчүн эмгек менен жасап алат. Эмгекчил, күчтүү адам таалайлуу. "Кудай таалам, "бул жашап кетет" дегенсип тың аялдарды жалгыз кылып коёт го" деп тамашалап калам кээде.


Кышкы салаттардын жайын канттиңиз?
Саламат Садыкова, ырчы:
- Үй тиричилигинен сырткары да чыгармачыл аялдардын түйшүгү аз эмес. Ар кандай жолугушууларга, тойго барууга даярданыш үчүн эле канчалаган күчүңдү жоготосуң. Элдин адамы болгондон кийин, турпатыңдан да мүчүлүштүк кетирбей жүргөнгө аракет кыласың. Мен калп эле ооз көптүрүп тигинче-мынча жасадым дебейм. Быйыл кышкы салаттарды убактымдын эң эле аздыгына байланыштуу жасаган жокмун. Өзүмө жаккан салаттарды акысына сатып алам го деп ойлоп турам.

Афина Бакирова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
ТӨКМӨ АКЫН ЖЕҢИШБЕК ӨМҮРҮНДӨ
АЛМА ЖЕП КӨРГӨН ЭМЕС, МИРЛАН
ЖЕТИГЕНОВ ТАПТАКЫР ЧАЙ ИЧПЕЙТ

2-бет
Айдин Шер:
"Жаанда туруп алып ыйлап жаттым..."

3-бет
ЖАЛАҢ КЫЗДАР ЖАНА МЕН
Үйүңүздөгү бычактарыңыз мокок эмеспи?

4-бет
"Кандай тамак болбосун, баш тарта албайм"
5-бет
Маалымат
6-бет
Саламат плюс
7-бет
КАТ ЖАЗЧЫ МАГА, БИЛДИРИП АМАН БАРЫҢДЫ…
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
"өзүнө эмес, досуна ала качыптыр
11-бет
"Алтын балыктагы" акылсыз кемпир мен болдумбу?..
12-бет
К
ө
з
мончок

13-бет
Дубалга тартылган
сүрөттөр эмнени туюндурат?

14-15-бет
Обон почта










??.??