п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Маалымат

Балыкчыда камакта жаткандарга оппозиция өкүлдөрү жолугуп келишти
Балыкчыда бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакта отургандарга Атамбаев баш болгон оппозиция өкүлдөрү барып жолукту. Атамбаев жана ЖКдагы социал-демократтар фракциясынын мүчөлөрү Балыкчыда эки айдан бери камакта отургандардын ал-ахыбалдарын сурап, аларды бошотуу жана сотто коргоо үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдиришти. Камактагы 12 адамдын ичиндеги жалгыз келин, 25 жашар Жаркын Асанова башы айланып, өзүн жаман сезип турганын айтты. Балыкчы жаңжалы боюнча айыпталгандардын кызыкчылыгын сотто БЭКтин штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров коргоого алууда.

Оппозиция бир партияга биригеби?
Президенттик шайлоодон кийин көтөрүлгөн БЭКти бир партияга айландыруу демилгесин ишке ашыруу аракеттерин баштоо чечими кыймылдын 9-сентябрындагы отурумунда кабыл алынган. Ушул эле жыйында СДПКнын лидери Алмаз Атамбаев кыймылга төрага болуп шайланган. Коомчулукта БЭКке төраганын шайланышы менен БЭКтин катары тазаланып, позициясы мындан да күчтөнөт, олуттуу өзгөрүүлөргө жол ачылат деген ишенимде болушууда.

Оштогу 250 кичиавтобустардын маршруту өзгөрдү
14-сентябрдан баштап Ош шаарындагы 250 кичиавтобустун маршруттары өзгөрдү. Ош шаарынын мэриясынын билдиргенине караганда, маршруттардын өзгөрүшүнө Кытай элинен келген жаңы 18 автобус түрткү болду. Ал эми вице-мэр Мухиддин Мамасадыковдун айтканына караганда жаңы келген автобустардын саны баш-аягы 52ге жетти. Анын көбү Оштун борбордук көчөлөрүндө гана жүрүп, кичиавтобустар башка майда көчөлөрдү айланып өткөнгө аргасыз болушат. Кичи автобустардын айдоочуларына атайын жыйналыш өткөрүлүп, иштин чоо-жайын түшүндүрдүк. Алар түшүнүү менен кабыл алышты,-дейт вице-мэр.

Бишкектеги төрөт үйүндө каза болгондордун себеби аныкталат
16-17-сентябрда өлкөдө Саламаттык сактоо министрлигинде жыйын өтөт. Ал жыйында Бишкек шаарындагы № 4-төрөт үйүндө июль, август айында каза болгон төрт аялдын эмне себептен көз жумганы аныкталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Мамбетов Касымбек билдирди. №4-төрөт үйүндө каза болгон төрт аялдын сөөгүн экспертизадан өткөрүшүп, анын жыйынтыгын жыйында чыгарышат.

Меккеге баруучулардын саны күн санап өсүүдө
Быйылкы жылы Меккеге барып зыярат кылгысы келгендер үчүн Кыргызстанга 4500 орун бөлүнгөн. Анын ичинен 1200 адам Ош облусунан, 1200 адам Жалал-Абад облусунан, 435 адам Баткен облусунан, 400 адам Ош шаарынын өзүнөн барат. Ош облусунун казысы Сүйүн ажы Калыковдун билдиргенине караганда, ажылыкка баргысы келгендер 2400 доллар акча төлөгөнгө туура келет. Ал эми документтерди каттоого алыш үчүн 1500 сом төлөшөт.

Жумушсуздук карапайым элди желкеден алууда
Бүгүнкү күндө жумушсуз жүргөн элдин саны расмий билдирүүгө караганда 140 миң адамга жеткен. Миграция боюнча Жогорку Кеңештин комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулованын бул көйгөйдү талкууга алды. ЖКнын депутаты Гулнара Дербишеванын айтымында, жумушсуз жүргөндөргө социалдык жумуш орундарды түзүп, жаңы программа менен иштеш керек. Бул аз да болсо жумушсуз жүргөндөргө стимул болуп, алардын кызыгуусун арттырат.

Орозо айтка байланыштуу 21-сентябрь дем алыш күн болот
Кыргызстанда Орозо айтка байланыштуу 21-сентябрь дем алыш күнү деп белгиленди. Бул боюнча өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстандын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Орозо айт майрам күнү болуп эсептелинет. Бул жылдагы Орозо айт жекшембиге туура келип калгандыктан, дем алыш эртеси дүйшөмбү күнкүгө жылдырылат.

Кыргызстанда карылар күнүнө даярдык башталды
Өлкөдө 15-сентябрдан баштап бир ай бою карыларга кам көрүү башталат. Мамлекетибиздин тургундары ушул убакыттын ичинде кары-картаңдарга өзгөчө боорукер, мээримдүү мамиле жасаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жеке ишкерлер, чоң фирмалардын жетекчилери майыптарга, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине, карылар үйүнө материалдык жардам беришет. Бир айдын ичинде кары-картаңдар бекер медициналык кызматтан пайдаланып, врачтардан каалагандай консультация ала алышат. Маданий жайларга бекер кирип көңүл ачууга да мүмкүнчүлүк түзүлүшү мүмкүн. Мамлекет жетекчилеринен мобилдик операторлорго карыларды алыскы туугандары менен бекер сүйлөштүргөнгө мүмкүнчүлүк түзүп бергиле деген сунуш түштү.

Азиялык банк Кыргызстанга 30 миллион даллар бөлүп берет
Ысык-Көлдөгү инфраструктураны жакшыртууга Азиялык банк Кыргызстанга 30 миллион доллар бөлүп берет. Экономика жана каржы министринин орун басары Динара Шайдиева бул маалыматты маалымат агенттиктерине билдирген. Анын айтымында, ишке кирген долбоор Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарынан башталат. Ушул өрөөндөрдө пансионаттардын, санитардык жайлардын абалы өтө эле начар. Жергиликтүү калктын санынан төрт эсе көп чет элдик туристтер сууну, панисионаттарды кыйла эле булгашат. Аталган проект 2014-аяктайт.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 128 келишим түзүлгөн
Баш-аягы эки өлкөнүн ортосунда 128 келишим түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын
Тышкы иштер министринин орун басары Руслан Казакбаевдин айтымында түзүлгөн келишимдердин 90ну эле ишке ашып, 24 келишим кошумча талкууну талап кылып, 31и түзүлгөндөн бери ишке ашкан эмес. Бүгүнкү күндө жарандардын чек арадан өтүшү, Ысык-Көлдөгү жер тилкелерин ижарага берүү, айыл чарбаны жакшыртуу, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн келишимдер алдыңкы орунга жылды.

Улуттук Госпиталда Кытай элинин урология бөлүмү ачылат
Улуттук Госпиталда Кытайдын жаңы окуу бөлүмү курулат. Бул сунуш 2004-жылы эле ишке киришкен. Жогорку Кеңеш расмий түрдө келишимди макулдашкандан кийин кытайлык адистер келип курулуш иштерин баштамай болушту. Кытайлыктар имараттын курулушун гана мойнуна албастан, ичиндеги бүт техникалык жабдыктарды өздөрү алышат. Бул долбоорго жалпы жонунан 50 миллион юань сарпталат.

уурулардын айынан бир айыл жарыгы жок калды
Чүй облусунун Панфилов районунда уурулар трансформатор (ТП-325) уурдашып, бүткүл бир айылды жарыгы жок калтырышты. Уурулардын келтирген чыгымы 120 миң сомду түзүп, азыр тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми жарыгы жок калган элдер чогулуп айыл өкмөтүнө нааразычылыктарын билдиришти. Учурда уурдалган трансформатордун ордуна жаңысын орнотууну ойлонуп жатышат.

Кыргызстандын милициясы Грузиянын "мыйзамдагы уурусун" кармады
Кыргызстандын милициясы "Манас" аэропортунан грузиндердин "закондогу уурусун" кармашты. Андро Тапурияны аэропорттун кире беришинен 3-сентябрь күнү эле кармашкан эле. Аны текшерип, кыскача сурактан кийин коё беришкен. Грузиянын "закондогу уурусу" эмне максат менен Кыргызстанга келгенин МИД жарыя кылган жок.

Электрошок колдонгон уурулар
Жалал-Абад шаарынын тургуну 34 жаштагы Б. Молдошев милицияга арызы менен кайрылган. Түнкү саат он экилерде белгисиз бирөө артынан келип электоршок колдонуп кымбат-баадагы уюлдук телефонун уурдап кеткен. Милиция кызматкерлери дароо изилдешип, жергиликтүү тургундар 1989-жылы туулган А.Ы.ны, 1990-жылкы И.А.ны кармашкан. Алардын жанында уурулукка колдонгон курал табылган.

Казакстанда 370 килограмм баңгизат менен кыргыз жараны кармалды
Казакстандын Жамбыл облусунун Татты айылында марихуана менен кыргыз жараны кармалды. Баңгизаттын көлөмү 370 килограммды түздү. Баңгизат менен кармалган адам марихунаны Кыргызстанга алып келмек. Учурда тергөө иштери башталып, айыпталуучу сурак берип жатат.

"Intel"дин вице-президенти кызматын бошотуп берет
"Intel"компаниясынын вице-президенти Патрик Гелсингер жумуш ордун таштайт. Отуз жыл иштеп, компанияга кыйла салымын кошкон вице-президент EMC корпорациясында карьерасын улантат. Ал жерге Патрик президент болуп орношмой болуптур. "Intel"дин кызматкерлери Патрик Гелсингердин бул кадамын журналисттерге түшүндүрүүдөн баш тартышты.

Саяно-Шушенскидеги жарылган ГЭСтин себеби аныкталды
17-августта Саяно-Шушенскидеги авариянын жыйынтыгында 74 адам көз жумуп, бир аял дайын оту менен жоголгон. Авариянын эмне себептен келип чыкканын адистер далилдешти. Гидроагрегаттын жетишпестиги, коргоочу система жакшы иштебегендиктен келип чыккан. Куруучулар азыр авария болгон жерди тазалап, кайра куруу иштерине киришишти. ГЭСти мурдагы калыбына келтириш үчүн бир нече жыл убакыт жана бир топ каражат сарпталат.

Перм крайында вертолёт авария болду
Перм районунда Луговск айылынан алыс эмес жерде верталёт аварияга учурады. Жыйынтыгында эки адам каза болду. Анын бирөө катардагы эле пассажир болсо, экинчиси учкуч болчу. Учурда кырсык эмнеден келип чыкканы такталууда. Ал эми бир топ бийиктиктен кулаган вертолёт жарактан чыккан.

Орусиянын президенти Түркмөнстанга иш сапары менен барды
Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухаммедовдун жолугушуусунда табигый газ тармагындагы кызматташтык тууралуу сөз болду. Серепчилердин баамында, Медведев түркмөн көгүлтүр отун кайра жолго коюу аракетин көздөйт. Орус лидеринин жардамчысы Сергей Приходко "Ашхабаддын стратегиялык ниетин, алдыдагы планын,Орусия ал планда кандай орунда экенин билүү орусиялык тарап үчүн өтө маанилүү" деп билдирди.

Ооганстандык журналисттерэмнеге нааразы?
9-сентябрь күнү Ооганстандын түндүк тарабында барымтага алынган америкалык журналист Стивен Фореллди куткарып алуу операциясы ийгиликтүү ишке ашып, бирок ал жердеги атышуудан ооган журналисти Султан Мунади, бир британ офицери - бардыгы болуп төрт киши набыт болгон. Ошондон бери кесиптешинин өлүмүнө кайгырган ооган журналисттери өлкөнүн ар башка жерлеринде нааразычылык акцияларын өткөрүп жатышат. Алар айрыкча маркум Мунадинин сөөгү атышуу болгон жерде ташталганын айыпташып, окуянын терең иликтөөгө алынышын талап кылышууда.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
ТӨКМӨ АКЫН ЖЕҢИШБЕК ӨМҮРҮНДӨ
АЛМА ЖЕП КӨРГӨН ЭМЕС, МИРЛАН
ЖЕТИГЕНОВ ТАПТАКЫР ЧАЙ ИЧПЕЙТ

2-бет
Айдин Шер:
"Жаанда туруп алып ыйлап жаттым..."

3-бет
ЖАЛАҢ КЫЗДАР ЖАНА МЕН
Үйүңүздөгү бычактарыңыз мокок эмеспи?

4-бет
"Кандай тамак болбосун, баш тарта албайм"
5-бет
Маалымат
6-бет
Саламат плюс
7-бет
КАТ ЖАЗЧЫ МАГА, БИЛДИРИП АМАН БАРЫҢДЫ…
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
"өзүнө эмес, досуна ала качыптыр
11-бет
"Алтын балыктагы" акылсыз кемпир мен болдумбу?..
12-бет
К
ө
з
мончок

13-бет
Дубалга тартылган
сүрөттөр эмнени туюндурат?

14-15-бет
Обон почта










??.??