п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Саламат плюс

Эмчек оорусу
эмнеге көбөйдү?
Бардык эле аялзатынын сулуулугун, көркөмдүгүн чагылдырган кош эмчекти кимдер гана суктанып карашпайт. А бирок бүгүнкү күндө сүт безинин зилдеме шишиги, эмчек оорусунун рагы айымдар арасында эң көп тараган опурталдуу оору болуп саналат. Көпчүлүк айымдар эмчек оорусуна чалдыкканда тиешелүү адистерге өз убагында кайрылып, кош эмчектерин көрсөткөндөн уялышат. Анын натыйжасында Кудай берген сулуулуктан ажырап, атүгүл өмүрү менен кош айтышып калгандардын саны күн санап өсүп баратканы өкүнүчтүү. Бул туурасында Улуттук онкология борборунун маммолог врачы Абдыразаков Бапан Абдыразаковичтен төмөндөгүдөй маалыматтарды ала алдык.

Эмчектин рак оорусу жашарды
- Азыр аялдардын эмчек оорусунун рагы биринчи орунга чыкты. Илгери карыгандардын оорусу, төрөгөн аялдардын эмчек оорусу дечү элек, азыр оору жашарды. Башкача айтканда, төрөй элек 20 жаштагы жаш кыздардан 50-60 жашка чейинкилер бул ооруга чалдыгып жатышат. Экологиянын бузулушунанбы, негедир баштагыга караганда оорунун белгилери да өзгөрдү. Азыркы күндө эмчек оорусунун рагынын пайда болушуна ушул гана себеп болду деп айтыш кыйын. Азыр билинип билинбей көбү аборт жасатышат, бала кезинде эмчекке жаракат алышат, организмге суук тийгизишет. Ошондой эле бул тукум куучулуктан да болушу мүмкүн.

Ооруну айымдар өздөрү күчөтүп жиберишет
- Рак оорусу оорутпай жүрүп пайда болот. Шишик пайда болгон күндө ал ракпы, рак эмеспи аны врач өзү аныктайт. Ошондуктан өз учурунда маани берип, маммологдорго кайрылуу керек. Рактын төрт баскычы бар. 1-2-баскычтарын химия терапиясы, гормон терапиясы, токко кактоо мүмкүнчүлүктөрү менен дарыласа болот. Ал эми 3-4-баскычтарына операция жасалат. Бирок толугу менен айыктырып алабыз деп кепилдик бере албайбыз. Акыркы баскычтары менен кайрылгандарды карабай койсок өмүрлөрүнө коркунуч туулат. Эгер оорулуунун 7-8-айлык өмүрү калса, биз алардын өмүрүн 7-8-жылга узартып бералабыз. Азыр биз колдон келишинче эмчек рак оорусу менен күрөшүп жатабыз. Кыргыздарда "бычак тийсе өнөкөт болуп калат. Операция жасатпай эле дарылат"деген эски түшүнүк али да колдонулуп келгени өкүнүчтүү. Ошондуктан алдын ала дарылангандан көрө алдын ала коркушуп, убагында кайрылышпай ооруну өздөрү күчөтүп жиберишет.

Бычактан корккон айымдар табыптарга жөнөшөт
- Жаш кыздарбы же аялдар болобу рактын эч кандай айырмасы жок. Анткени шишик деген шишик. Оору күчөй электе жарым сааттык кичи операция жасап прафилактика жүргүзүп койсок оору күчөбөйт. Азыр табыптар көбөйүп кетишпедиби. Бычактан корккон айымдар дароо эле кыргызча деп аларды көздөй жөнөшөт. Табыптар убактылуу дарыламыш эткени менен оору билинбей күчөй берет. Кыздар бала кезинде катуу жыгылып, эмчегине жаракат алса, кийин чоңойгондо таасирин сөзсүз тийгизет. Анткени жыгылганда сестенип калган жери эзилип калат. Эгерде айымга рак деген диагноз коюлса, анын боюнда канча айлык бала болсо да аны алдырышыбыз керек. Себеби гормондор организмде ойноп ооруну күчөтүп жиберет да, кийин ал тез эле көз жумат. Ошондуктан эгер айым эмчек рагы болгонун билсе, боюна болтурбаганга аракет кылыш керек.

Эмчек оорусу Ысык-Көл, Чүй областтарында көп кездешет
- Буга чейин эмчек оорулары европалыктарда көп кездешкен. Азыр бизде салыштырмалуу Ысык-Көл, Чүй областарынан көбүрөөк кайрылышууда. Андан сырткары атайын биздин онкологиялык борборго Тажикстан, Казакстан, Россия өлкөлөрүнөн келишет. Бейтаптарды кабыл алуу жаз, күз мезгилинде көп болот. Анткени жай айларында көр оокат, эс алуу деп жүрүшөт. Айымдар Ысык-Көлгө эс алууга бараардын алдында маммологдорго кайрылышса дейт элем. Анткени Ысык-Көл бийик тоолуу жер, радиация көп болгондуктан, күнгө күйгөндө да таасир берет. Анан август айынын аягында ооруну күчөтүп келишет. Айыл жергесинде атайын маммолог врачтар жок болгондуктан, аларды гинеколог врачтар текшерүүгө акылуу.

Үй шартында ооруну аныктаса болот
- Үй шартында айымдар өздөрүн-өздөрү текшерсе болот. Ар бир айым күзгүнүн алдына туруп сол колун өйдө көтөрүп, оң колу менен сол эмчегин акырын манжалары менен сыйпалап безди, шишикти тапса болот. Кайра оң колун көтөрүп сол колу менен оң эмчегин сыйпаласа катуу шишик өзү эле байкалат. Анан үрпүн акырын сыкса кичине суюктук бөлүнүп чыгышы мүмкүн.Теринин өзгөрүшүн баамдаса да мурункудан башкача болуп көрүнөт. Бул учурда дароо врачка кайрылуу керек. Ал эми бир эмчеги чоң, экинчиси кичине болгон түзүлүш коркунучтуу эмес. Ал учурда эмчектин формасы этек кирдин келиши менен байланыштуу болот.

Эненин сүтү микробдор үчүн бешбармак
- Рак эмес ооруларды, шишиктерди алгач лабороторияга жиберебиз. Ошого жараша диогноз коюлат. Эне балага эмчек эмизгенде туура эмизиш керек. Бизде көпчүлүк энелер балдарын убагы менен эмизбейт. Ал учурда бала эмчекти жакшы соро албай, калып калган сүт бир жерге уюп эмчек ириңдеп кетет. Эненин сүтү микробдор үчүн бешбармак болот. Башкача айтканда, пайда болгон безди эмчектин сүтү бат чоңойтот. Үй шартында эмчекке бал сүйкөп компресс жасаган бирине жакса, бирине жакпайт. Акыркы убакта кытайлар "Элдик медицина" деп ар кандай дарылар менен ооруларды дарылашууда. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып "Өзүңөргө тиешелүү суук тийүү, нерв оорулары сыяктууларды дарылай бергиле. Ал эми бизге тиешелүү болгон онкология ооруларына тийишпей эле койгулачы" деп айтат элем.

Эркектер да эмчек оорусуна чалдыгат
- Эркектерде да эмчек оорусу кездешет. Аялдардын миңи рак менен ооруса, эркектерде бир-экөө гана ооруйт. Эркектердин деле эмчек ооруларынын белгилери аялдардыкындай шишип, катуу болуп калат. Бирок эркектер көп кайрылбаганы менен кийинчэрээк алардын оорусу оорлошуп баратат. Анткени эркектердин эмчек ткандары кичинекей болгондуктан, шишикке орун жок болот. Шишик кайда бараарын билбей эмчек тушка жайылып кетет.
13-14-жаштагы балдардын эмчектери өскөндө ата-энелер аны сыгып салышат. Албетте, мындай көрүнүш кийин тескери таасирин тийгизет.

Операция десе врачтардын колу кычышкандай кабыл алышат
- Мындан алты ай мурун эмчек оорусу менен бир айым кайрылган. Кичи операция кылабыз десек: "Бычак тийсе болбойт экен. Операция кылдырбайм" деп кетип калган эле. Андай учурда оорулууларды мажбурлай албайбыз. Кийин анын оорусу 3-баскыч болуп күчөп кеткен. Эми биз ал келинге кандай жардам берээрибиз кудайдын колунда. Көбү биз айтып түшүндүргөнүбүзгө карабай кетип калышат да, кайра бизге доомат коюшат. Операция десе эле врачтардын колу кычышып жаткандай кабыл алышат. Бирок акыркы убакта "Мончого барганда катуу шишик пайда болгонун байкадым" деп өз убагында кайрылып тургандары да жок эмес.
Атайын маммолог врачка кайрылгандан кийин Маммология борборунда дарыланып, операция болгон бейтаптарга да кайрылдык.

Гүлнура Бапиева:
"Сол эмчегимди толугу менен алып салды"
- Күйөөм экөөбүз Россияда иштечүбүз. Анан төртүнчү балам боюма болуп калды. Көп өтпөй сол эмчегиме кичинекей без пайда болду. Баламды төрөгөндөн кийин без акырындап чоңоё баштады. Кийин жанына дагы бирөө пайда болду. Ал учурда врачтарга кайрылган жокмун, эмчектин бездери го деп ойлогом. Экөө чоңоюп олтуруп бири-бирине жабышып калды. Россиядан келгенден кийин катуу оорутуп, жүрөгүм сыгылып, муздак суу, ысык суу ичкенде зырп-зырп этип чыдатпай баштады. Жолдошума кеңешип врачтарга кайрылдык. Биринчи кичинекей операция жасашып безди алышты. Өтүшүп кеткен эмчек оорусу болуп, кечээ күнү сол эмчегимди толугу менен алып салды. Бир эмчегимден айрылганым менен мага жашоо керек да. Азыр оң эмчегим менен калдым. Бирок дагы төрөгөнгө мүмкүнчүлүгүм бар экен. Ошентип 40 жашымда төртүнчү баламды төрөп, билбестиктен ооруну күчөтүп жибердим. Гезитиңерден пайдаланып жаш келин, кыздарга айтаарым, кичинекей без пайда болгондо эле дарыгерлерге кайрылгыла демекчимин.
Ал эми Элвира аттуу айым өзүнүн оорусу жөнүндө айтып берип "Мени сүрөткө тартпай эле койгулачы. Жакын туугандарым гана билет. Эмчегимди алдырганымды досторум, тааныштарым билбей эле койсунчу"деп сүрөткө түшүп берүүдөн баш тартты.

Бейтап, Элвира Боталиева:

"Оору күчөп кеткенде төрөгөнгө болбойт экен"
- Мен 36 жаштамын. Ооруганыма төрт жыл болду. Өзүм эле шишиктин пайда болгонун байкагам. Ошол учурда суюктук да чыгып жаткан. Төрт жылдан бери дарылансам дагы минтип оң эмчегимден айрылып калганыма таң калам. Бара-бара буту- колумдун муундары, моюнум ооруп, оң колум жакшы кыймылдабай калган эле. "Төрөсөң баары кетип, жакшы болуп каласың" деп тааныш-билиштерим айтып калышчу. Бирок тескерисинче барган сайын күчөдү.Оору күчөп кеткенде төрөгөнгө болбойт экен. Үч айлык баламды боюмдан алдырдым. Операция болгондон кийин өзүмдү жеңил сезип, оң колум кыймылдап калды. Биздин ден-соолугубуз үчүн күрөшкөн Маммология борборунун врачтарына ыраазычылык билдирем.
Кайсыл жериң ооруса жаның ошол жерде. Мен бул материалды даярдап жатып аялзатынын чыдамкайлыгына дагы бир жолу ынандым. Өз учурунда ооруга маани берип, ден-соолукту сактап калуу ар бир адамдын колунда эмеспи.
Айнура Касымова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
ТӨКМӨ АКЫН ЖЕҢИШБЕК ӨМҮРҮНДӨ
АЛМА ЖЕП КӨРГӨН ЭМЕС, МИРЛАН
ЖЕТИГЕНОВ ТАПТАКЫР ЧАЙ ИЧПЕЙТ

2-бет
Айдин Шер:
"Жаанда туруп алып ыйлап жаттым..."

3-бет
ЖАЛАҢ КЫЗДАР ЖАНА МЕН
Үйүңүздөгү бычактарыңыз мокок эмеспи?

4-бет
"Кандай тамак болбосун, баш тарта албайм"
5-бет
Маалымат
6-бет
Саламат плюс
7-бет
КАТ ЖАЗЧЫ МАГА, БИЛДИРИП АМАН БАРЫҢДЫ…
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
"өзүнө эмес, досуна ала качыптыр
11-бет
"Алтын балыктагы" акылсыз кемпир мен болдумбу?..
12-бет
К
ө
з
мончок

13-бет
Дубалга тартылган
сүрөттөр эмнени туюндурат?

14-15-бет
Обон почта










??.??