п»ї

  Атактуунун арзуусу

Опосуз өмүр деген ушул тура… Үчүнчү сентябрь күнү Шамшыбек Өтөбаев менен жолугушканбыз. Ооруканада жатыптыр. Бир саатча маектештик. "Корко тургандай деле эч нерсе жок, колум кичине ооруп жатат"-деген болчу ийнин кармай. Агайды жанынан биринчи жана акыркы көрүшүм ушул болду. Негедир жашоого кумары канбагандай, ичинде не бир аялуу сыры бардай сезилген ошондо. Андан кийин гезитке кетчү материал тууралуу телефондон үч жолу сүйлөштүк. Ушул айдын жетисинде эле кечки саат 20дан 14 мүнөт өткөндө чөнтөк телефон аркылуу кошумча маалымат алган болчумун. Көрсө ошол күндүн эртеси эле… "Макала даяр болгондо мага окутуп кет, ээ?!" деген суранычын да аткарганга үлгүрбөй калдым, аттиң!..

КАТ ЖАЗЧЫ МАГА, БИЛДИРИП АМАН БАРЫҢДЫ…
СЕКЕЛЕК
- Анда айылда жүргөн кезим. Он жети жашта болчумун. Биздин айылда чачы сербеңдеген секелек кыз бар эле. Бош кезинде жанымдан чыкпай, негедир мага ынак болчу. Божурап суроо жаадырса, мен эринбей жооп берчүмүн. Бир күнү Олжобай менен Кишимжанды айтып бериңизчи деп өтүнүп калды. Бу ашыктардын таржымалын апамдан далай уккан элем. Бирине-бири кантип арзып калганын,ошо махабат өлүм менен аяктаганын айттым. Карасам, секелектин көзү жашылданып, кейип алыптыр. "Ой, сага эмне болду? Сени кичинесинтип жүрсөм, чоңоюп калган турбайсыңбы!"-десем чычалап кетти: "Шылдыңдабаңызчы?! Мен он экиден өтүп калбадымбы". Ичимден күлкүм келди. Бирок, ошол күндөн тартып ал жөнүндө олуттуу ойлоно баштадым.

УУЗ СҮЙҮҮ
- Көп өтпөй шаарга окууга келдим. Селкиге айланып бараткан секелекти унутпай жүрөгүм туйлайт. Бөлмөлөш досторума айтпай ичимден сызам. Анын жароокер мүнөзүн, жадыраган көз карашын, тоодо сырдашып олтурган күндөрүбүздү сагынам. Убакыт өтүп окуу менен алаксып кеттим. Аны дагы сегизинчи классты бүтүп, Майлуу-Суудагы мед училищада окуп жатат дешти. Бир таанышымдан мени издеп Фрунзеге келгенин угуп, дарегин алып тердеп-кургап жетип бардым. Мени таппай кетип калганына бир жума болуптур. Шылкыйып кайра тарттым. Ошондон аз өтпөй эле менин классташыма турмушка чыкканы жөнүндө кабар жетти. Ичимден кан өтүп, тагдырга аргасыз көнүп турдум.

АРМАНДУУ АСЫЛКЕЧИМ
- Капыстан кездештик… Ыңгайсыздана түшүп саламдаштым: "Саламатсыңбы? Мен сени адегенде тааныбапмын." "Тааныбаганыңыз жөндүү, өзгөрдүм да"-деди. "Үч балалуу болдум. Күйөөм мени сүйбөсө дагы абдан сыйлачу. Оорунун айынан отуз жети жашында каза болду"-деп сөзүн улады. "Аны уккам. Бирок батага бара алган жокмун. Анын мен
алыста жүргөнүмдө сенин жаштыгыңдан пайдаланып, үйлөнүп алганын кечире албай койдумбу, билбейм". Балбылдаган көздөрүн буруп кетти. "Ал күндөр өттү. Ага сиз капа болбоңуз. Жолдошум сиз менен сыймыктанчу. Сиз жөнүндө эч качан жаман сүйлөгөн эмес. Ырларыңыз телевизордон же радиодон жаңырып калса, "ишиңди токтото туруп ыр угуп ал" деп калчу. Канткен менен жүрөгүмдө сиз бар экениңизди акылдуу жан сезчү. Кээде кызганып да кетээр эле." Көздөрүнүн кычыгында билинер-билинбес, чыгар-чыкпас бир тамчы жаш жашынып турду. Ошондо экөөбүз сүйлөшүп алдык "өткөнгө өкүнбөйлү, экөөбүздүн тең жубайларыбыз жакшы чыгыптыр" деп. Ал менин жүрөгүмдүн түпкүрүндө бугуп жаткан мукам аваз болуп жашап келет. Бул биздин кырктын кырынан ашып кеткендеги кездешүүбүз болчу…

Талашка түшкөн сулуу
- Экинчи курста окуйбуз. Досум бөлмөгө кубанычтуу кирди.
- Билесиңби, мен бүгүн бир кыз көрдүм. Сулуу экен. Бирок тааныша албадым. Сүйлөшпөй койду,-деди. Жаштык оту жалындап турган убак. Биз дагы кызыгып калдык. Ал кыз дүкөнгө практикага келген экен.
Ошентип, 1970 - жылдын 16-май күнү айчырай кыз менен тааныштык. Бирок таанышкан күндөн көп өтпөй эле, "разборкалар" башталып кетти. Анткени сулуу кызга көзү түшүп, үмүтүн үзбөгөндөр көп экен. Ага көмүскө ашык болуп жүргөн достор биригип, Сабираны коргоо милдетин алгандай болдук.
Ошол күндөрү мен достуктун баркын жакшыраак билип калдым. Жаат-жаат болуп беттешүүлөр политехте, мединститутта же Фрунзенин башка жерлеринде болуп жатты. Андай учурларда дайыма менин жанымда досторум болду. Кээ бир күндөрү беттешүүгө эки тараптан элүү-алтымыштай балдар катышчу. Сырттан карап тургандар түшүнчү деле эмес, эмне үчүн мушташып жатканыбызды. Караса баарыбыз тең сопсообуз. Ошентип жүрүп бир жыл өттү.

ЖАЙЛООДОГУ ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙ
- Бир күнү Заир досум сунуш киргизди. "Досум, үйлөнбөйсүңүбү. Сабирага көз артып жүргөндөрдү тынчыттык. Бирок тымызын кызыккандар азыр да көп. Сен окууну бүткүчө деле кайтарып жүргөнгө кудурет жетет дечи. Кенебей жүрүп ала качтырып жиберебизби деп корком"-деп калды. Мен да ойлоно түштүм. Үйдөгүлөр менен сүйлөшүп көрсөм, сүйүнүп макул болушту. Ошентип Нарындын ажарлуу кызын түштүккө алып жөнөп кеттик. Тоюмду жайлоодо, нукура кыргызча өткөрүү менин ыйык тилегим эле. Үйдөгүлөр Айкөл жайлоосун жайлашкан экен. Тулаң чөпкө ыңкыган керилген конушту, жумурткадай аппак боз үйлөрдү көргөндө жашып кеттим. Болочок жарымды ата-энеме алып келе жатканым, тоюбуздун өз тилегенимдей болуп жайлоого туш келиши мени толкундатып жиберди. Эртеси келинчегимдин аруу чыкканына жеңелеримдин кубанганы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ошол айжаркын селки алты баламды тарбиялап өстүргөн өмүрлөшүм Сабира. Кудайга шүгүр, жубайым экөөбүз 37 жыл бактылуу, ары ысык өмүрдү бирге өткөрүп келебиз. Эң алгачкы обонум да жубайыма арналып, "Сага" деген аталыш менен жарыкка чыккан. Алган жарымдын кайын-журтка, мага күйүмдүү, жакшы аялзатынын топурагынан болуп калганына абдан сүйүнөм да…

Афина БАКИРОВА
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Өкмөттүк аппараттын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, "Эркиндик" партиясынын төрагасы, "Таазим сага Кутман жер",
"Алтын тумар", "Атама", "Сага", "Калды эсимде", "Ата журт", "Арноо", "Кат жазчы мага", "Сагынганда бир келээрсиң" өңдүү мыкты обондордун автору
Шамшыбек Өтөбаев
8-сентябрь күнү, 59жаш курагында күтүлбөгөн жерден дүйнөдөн кайтты. Үй-бүлөсүнө, ага-туугандарына, жалпы кыргыз элине аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Бийик таланттын ээси Шамшыбек аганын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун демекчибиз.
"Обон" гезитинин жалпы жамааты





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
ТӨКМӨ АКЫН ЖЕҢИШБЕК ӨМҮРҮНДӨ
АЛМА ЖЕП КӨРГӨН ЭМЕС, МИРЛАН
ЖЕТИГЕНОВ ТАПТАКЫР ЧАЙ ИЧПЕЙТ

2-бет
Айдин Шер:
"Жаанда туруп алып ыйлап жаттым..."

3-бет
ЖАЛАҢ КЫЗДАР ЖАНА МЕН
Үйүңүздөгү бычактарыңыз мокок эмеспи?

4-бет
"Кандай тамак болбосун, баш тарта албайм"
5-бет
Маалымат
6-бет
Саламат плюс
7-бет
КАТ ЖАЗЧЫ МАГА, БИЛДИРИП АМАН БАРЫҢДЫ…
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
"өзүнө эмес, досуна ала качыптыр
11-бет
"Алтын балыктагы" акылсыз кемпир мен болдумбу?..
12-бет
К
ө
з
мончок

13-бет
Дубалга тартылган
сүрөттөр эмнени туюндурат?

14-15-бет
Обон почта










??.??