"Обон" шоу-таймс

Сыймык 999 сомдук тортту 25 миң сомго сатты

Обончу , аткаруучу Сыймык Бейшекеев 09 сандарынын дал келүүсүн өзгөчө маанайда тосуп алды. Анткени Сыймык мырзанын өзүнүн туулган күнү ушул сандарга туш келсе, чыгармачылыгына жана жубайлык турмушуна быйыл 15 жыл толуптур. Булар эле эмес, уулу Кадырдын тушоо тоюн да кошуп бул күндү ырчы жашоосундагы чоң салтанат катары белгиледи. 10-сентябрь күнү жакшы санаалаштарын, жакын тууган уругун жана сахналаш досторун шаардагы белгилүү ресторандардын бирине чакырып 400 адамдын батасын алды. Көкүрөк күчүгү Кадырдын тушоосун кесүү үчүн чуркагандардын саны көп болгондуктан, кичинекей балдар, орто муун, улуу муун, аялдар, эркектер болуп олтуруп беш топ 15-20дан бөлүнүп чуркашкан. Биринчи келип арканды кескен кичинекей балага велосипед, ал эми чоңдордон үч адамга түстүү телевизор ыйгарышкан. Андан сырткары белгилүүлөрдөн Улукмырза Полотов агайыбыз биринчи келип 5миң сом алса, экинчи келген ырчы Аскат Мусабеков 2 миң сом байге алган. Жаш-кары дебей билек түрүп жан дили менен күшүлдөп чуркашкан коноктордун баары акчалай сыйлык, кызыктыруучу белектерди утуп алышты. Кызык тамашанын баары тойдун аягында башталып, 19 килограммдык 09.09.09 деген жазуусу бар тортту 999 сом менен аукционго коюшуп, Сыймык мырзанын Кадыр аттуу бизнесмен досу аны 25 миң сомго сатып алган. Кошумчаласак, Сыймык мырза уулу Кадырдын атын кең пейил, жөнөкөй, шайыр досу Кадырдын атынан ыйгарган экен. Кызыгы, тушоо тойго чейин жөрмөлөп жүргөн кичинекей Кадыр тушоосу кесилгенден кийин кадам таштап басып калыптыр.




Анжеликанын алып баруучулук таланты ачылды

Ырчы Анжелика чыгармачылыгынан сырткары өзүнө тиешелүү сулуулук салонун иштетип келет. Мына ошол "Айым style" сулуулук салону 12-сентябрда 1 жашка чыгып, ырчы "Ташрабат" соода борборунда "Нилюфер" мода үйү менен биргеликте беп-бекер шоу концерт уюштурду. Концерттин жүрүшүндө Анжеликанын биз билбеген дагы бир таланты ачылып, концертти башынан аягына чейин Бакыт Байсариев менен өзү алып барды. Анжеликанын тыпылдап сүйлөп, элдин көңүлүн көтөргөн алып баруучулук талантына тамшанган көрүүчүлөр ырчынын өз колунан белектерди алып, үйлөрүнө көңүлдүү маанайда кайтышты.


Бир күндө бир уул, бир кыз төрөгөн Назгүл Насиева
Продюсер Назгүл Насиеванын үй-бүлөсү үчүн 14-сентябрь эң ыйык күн катары эсептелинет. Анткени бул күнү уулу Улан 15 жашка толсо, кичүү кызы Айкена 3 жашка чыкты. "Он эки жыл төрөбөй жүрүп, үч жыл мурда дал ушул 14-сентябрь күнү уулумдун туулган күнүндө кыздуу болгонубуз жолдошум экөөбүз үчүн күтүлбөгөн бакыт болгон" деп Назгүл айым болгон сырын төгүп берди. Балдарынын туулган күнүн белгилеген продюсер эми 16-сентябрь Кадыр түнгө даярданып жатат. Себеби бардык продюсерлер Назгүл эжекебиздин үйүнө чогулуп, Кадыр түн тосушат экен.


Ильяз Андаш археолог болобу?
Жаш ырчы Ильяз Андаш Каракол шаарында жашаган ата-энесинин үйүн толук ремонттон өткөрүүдө. Бардык кара жумушту аткарып, чарчоо дегенди билбеген ырчы быйыл үйүнө суу киргизип, 18 метр узундуктагы жер казып жатып өтө эле эски калай тарелкалардын, жыгач кашыктардын бөлүктөрүн таап таң калган. Жерди казган сайын ар кандай буюмдардын калдыгына кабылган Ильяз "алтын таап алсам экен" деп үмүттөнүп, улам иштин кызыгына киргени менен эч кандай алтын табылган эмес.