п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Жылдыздар турмушунан

Сен ишенбейсиң!..
Туура, кээ бир адамдарда ишене албай турган таң калаарлык көнүмүш адаттары болот эмеспи. Анын сыңарындай мына ушундай жагдайларын айрым белгилүүлөрдөн сураштырып көрдүк. "Кантип эле?" деп мурдуңузду чүйрүбөй, кашкайган чындыгы бар экенине ишене берсеңиз болот.

Эллада
Коңур үндүү жаш ырчы Элладанын "Жульеттадан сүйүүм күчтүү жүз эсе" деген ырын уккан чыгаарсыздар. Мына ушу ырды ийине жеткире ырдаган Эллада тишин таптакыр жуубайт. Тиш жуучу паста эмне эненин азыркыга чейин биле элек. Эч кандай каражат колдонуп көрө элегине карабай тишинин күрүчтөй таза сакталып, отуз эки тишинин бири дагы түшпөгөнүнүн себебин ал алманы көп жеп, айранды көп ичээрине байланыштырды.

Жеңишбек Токтобеков
Ак таңдай акын Жеңишбек элдин баары кызыгып жеген алманы жедесинде жебейт. Кудайга тобоо, даамы дагы кандай экенин ажыратып биле бербейт. Алма жеп жүргөндөрдү көрүп алып: "Тамагынан кантип өтүп атат? Кантип эле жей берет?" деп өзүнчө эле кыжаалаттана берет. Анан да бул сырын жакшы билген тааныштары атайын жинине тийиш үчүн алма сунуп калышат.

Дайыр Исмадияров
Эгерде Дайыр мырза ырчы болбогондо чо-оң манасчы болмок экен. Ал үч жашында эле байкесинен манас айтканды үйрөнүп алган. Кичинекей Дайыр манас атканда үйдөгүлөрү токтото албай айлалары алты кетчү тура. Көрсө, жаш бала берилип кетип өзүнө-өзү ээ боло албай калчу экен. Кадимки манасчылардай көзүн жумуп алып ордунан тура калып, олтура калып айтып ата-энесин таң калтырчу. Байкеси үйрөткөн саптар түгөнүп калса деле калганын өзү оюнан чыгарып, уйкаштырып "токуп" кете берчү экен.

Замира Молдошева
Айымдардын сулуулугуна ар убак кам көрүп, таңдан-кечке талыкпай иштеген Замира Молдошева эмне дейт, ботом? Кызыгы, ал бала кезинен тартып кычыраган кыш болобу, саратан жай болобу өзүнө жагымдуулук тартуулаган муздак гана душка түшөт. Анан да башына жаздык койбой, тептегиз төшөккө жатат экен. Деги мунун кандай сыры бар болду экен?! Же жаштыгы менен сулуулугун ушинтип сактап келатабы?

Жылдыз Тутуева
Күлсө күлкүсү таш жарган Жылдыз эжекебиздин күлгөнүнүн чоо-жайы бар экен да. Себеби күлгөндө жаркылдап көрк берип турган маңдайкы эки тишинде жылдызча формасында жасалган бриллианты бар. Жөн гана кооздук үчүн коюлган бриллианттарды Жылдызга жолдошунун таякеси, белгилүү тиш доктур Нураалы белек катары коюп берген. Мындан бир нече жыл мурун болгон Жылдыздын алгачкы жеке концертине белгилүү себептер менен бара албай калган таяке келинин ушинтип куттуктаптыр.

Алькамил
Атына заты жарашкан Алькамил мырза спортко дагы олуттуу мамиле жасап келгендей. Себеби ал ордунан туруп беш метр аралыкка сиз бир кадам аттагандай эле секирип коё алат. Буга дагы ал көп эмгекти талап кылганын белгилей кетти.

Мирлан Жетигенов
Кыргыз шоу-бизнесинин эң алдыңкы тамашакөйү да, эркектер арасындагы өзгөчөлүү сулуусу да Мирлан Жетигенов эмеспи. Анын отуздан оодарылып калса дагы жүзүнө чийим бырыш албаганынын бир сыры бар. Себеби ырчы таптакыр чай ичпейт. Чай ордуна кефир, айрандарды гана тандап ичет. Ошондуктан жайы-кышы дебей ырчынын муздаткычынан айран үзүлбөйт.

Нена
Чет жактарды түрө кыдырып ырдаган Нена кичине эле колу бошой калса китеп окуганга шашат. Кайда жүрбөсүн сумкасында бир китеп сөзсүз болоорун айтат. Ырчы акыркы үч жыл аралыгында үч жүздөй китеп окуп бүтүрдү. Кантип эле дээрсиз?!. Чындап. Ал "ар түрдүү темадагы китептерди окудум, көп нерсени билүүгө үлгүрдүм" дейт. Азаматсың, албетте көп окусаң көптү билесиң да.

Рахбар Алымкулова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
ТӨКМӨ АКЫН ЖЕҢИШБЕК ӨМҮРҮНДӨ
АЛМА ЖЕП КӨРГӨН ЭМЕС, МИРЛАН
ЖЕТИГЕНОВ ТАПТАКЫР ЧАЙ ИЧПЕЙТ

2-бет
Айдин Шер:
"Жаанда туруп алып ыйлап жаттым..."

3-бет
ЖАЛАҢ КЫЗДАР ЖАНА МЕН
Үйүңүздөгү бычактарыңыз мокок эмеспи?

4-бет
"Кандай тамак болбосун, баш тарта албайм"
5-бет
Маалымат
6-бет
Саламат плюс
7-бет
КАТ ЖАЗЧЫ МАГА, БИЛДИРИП АМАН БАРЫҢДЫ…
8-бет
"Обон" шоу-таймс
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
"өзүнө эмес, досуна ала качыптыр
11-бет
"Алтын балыктагы" акылсыз кемпир мен болдумбу?..
12-бет
К
ө
з
мончок

13-бет
Дубалга тартылган
сүрөттөр эмнени туюндурат?

14-15-бет
Обон почта










??.??