классташ

Цыгандарды коркуткан төлгөчү Гүлшайыр
Ар бир адамдын балалыгы кызыктуу окуялар менен коштолот эмеспи. "Классташ" рубрикасынын бул жолку коногу айтылуу "Кыз-Бурак" тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын бирге окуган классташтары Турдукулов Мамашарип жана Камалова Сардал болушуп, Гүлшайыр эженин кылык-жоруктарынан айтып беришти.

Мамашарип Турдукулов:
"Гүлшайыр эркектер менен футбол ойночу"
- Классташым Гүлшайырдын атасы менен апасы мектепте башталгыч класстарга сабак берчү. Ата-энесинен алган жакшы тарбиядан улам көп ийгиликтерге жетишип олтурат десем жаңылышпайм. Эми Гүлшайырдын бала кездеги кылыктарынан эстесем, өзү кыз болсо да кыздардай болуп назданган жок. Ал кезде кыздар шым кийет деген түшүнүк жок эле. А Гүлшайыр эркекче шымданып алып бизге кошулуп футбол ойноп кетчү. Гүлшайыр экөөбүз бир партада олтурчубуз. Анын короосунда жер-жемиштер көп өскөндүктөн, алма, өрүк, алмурут алып келип мага биринчи берет эле. Анан коңгуроо маалында бардык классташтарга таратып, калганын чоң класстарга 10 тыйындан сатчу. Үйүндө бир туугандардын эң улуусу болгондуктан, сырткы жумуштарды да өзү жасап, бөбөктөрүнүн баарын карап ошондо эле соодага, бизнеске жакын болчу.

Сардал Камалова:
Энергия тартуулаган Гүлшайыр
- Гүлшайыр экөөбүз эс тарткандан бери ажырабай чогуу жүрөбүз. Классташ, дос эле эмес, азыркыга чейин үй-бүлөлүк катышта болуп, бир туугандай эле болуп калдык. Гүлшайырдын кылык-жоругун айтып түгөтө албайсың. Анткени, атына заты жарашып, укмуштуудай шайыр,тың, шок кыз болчу. Кайгырып өлөйүн деп калган адамдын кабак-кашын ачып күлдүрүп, турган жеринен ыр чыгарып обон жазып салаар эле. Жүргөн-турганы менен кадимкидей адамга энергия тартуулачу. Спорттобу, сабактабы, музыкадабы Гүлшайырдын үнү эле жаңырып чыгаар эле. Мугалимдердин ордун басып, лидер болгонду жактырчу.

Гүлшайыр эшек минип ээлиргенде
- Биз ал кезде Ноокатка барып тамеки жулуп, аны тизчү элек. Бийик өскөн тамекилердин арасында эшектер көп жүрчү. Бир күнү Гүлшайыр бир эшекти кармап алып жайдак бойдон үстүнө минип алып чаап жүрөт. Кыздардын баары тамекилерибизди таштап "Ай, Гүлшайыр, сага эмне болду?"десек, "Артымдан чуркагыла, азыр силер да эшек минесиңер. Болгула, болгула дейм" деген сайын биз да аны ээрчип чуркап алганбыз. Анан колун сунуп "Кел, мага өңөрүл" деп бирөөбүздү учкаштырып "Калганыңар эшектерди тандап мингиле" деп буйрук берсе, Гүлшайырдан эмнебиз кем деп аны туурап эшек минип кеткенибизди карабайсыңбы!..

Трактористтердин жүрөгүнүн үшүн алчу
- Гүлшайыр керек болсо айылдагы жүк ташыган машина, тракторлорду айдап кетчү. Тамеки үзүп жүргөндө трактористтер "Араңарда Гүлшайыр жокпу?" деп сурап, анан тракторлорун токтотчу. Анткени, талаада токтоп турган трактордун жанын койбой заңкылдаган бойдон тополоң салып айдап кетчү. Көчөдө балдар топ-топ болуп тизилип тура беришчү. Биз кыздар менен чогулуп келатып алардын тийише турганын сезип, "тийишсе эмне кылабыз?"деп ойлонгончо Гүлшайыр аларга өзү биринчи тийишип, бир заматта жолду бошоттуруп койчу.

Сүйүшкөн жаштарды ажыратчу
- Гүлшайыр мектепте кыз-жигит болуп балдар менен сүйлөшкөн жок. Өзү эркектей болуп жүрсө кайдан? Бирок аны да сүйгөн жигиттердин саны көп болчу. Кат жазышып, сүйүүлөрүн билдирели деп жакшы эле чымырканып келишет да, кайра Гүлшайырдын сүрүнөн коркуп жанына даап бара алышчу эмес. Өзү жигит менен сүйлөшпөгөнү аз келгенсип, башка кыздарды да сүйлөштүрчү эмес. Жигит менен жүргөн кыздарды тизмелеп алып, кыздар жыйналышына салып уят кылчу. Ал кезде тартип катуу болгону менен сүйүү бар эле да. Ошентип жүрүп жакшынакай жүргөн кыздарды сүйгөндөрүнөн ажыратчу.

Цыгандарды кубалап...
- Ошентип шаан-шөкөт, тополоң кылып жүрүп мектепти аяктадык. Шаарга жаңы келип студенттердин катарына кошулдук. Бир күнү аянтта кетип баратсак, эки цыган алдыбыздан чыгып: "Силерге төлгө ачып берели" деп менин узун өрүлгөн чачымды бирөөсү колуна ороп кирсе жүрөгүм түшүп калды. Мен эмне кылаарымды билбей турсам Гүлшайыр жини келип: "Мен силерден жакшы төлгө ачам. Кеткиле бул жерден" деп кыйкырды эле экөө көздөрүн алайтып кетип калышты. "Сен цыгандарды да ордуна коёсуң, ээ досум" деп каткырган бойдон жетелешип кетип калдык.

Бутун сындырып, врачка догурунган
- Бир күнү дагы шоктугун баштап окуу жайдын 3 -кабатынын терезесинен секирип кетсе болобу! Секирип баратып "бутумдун учу менен түшсөм эч нерсе болбойм" деп ойлонгонун кийин өзү айтып жатпайбы. Анан буту сынып бир жыл ооруканага жатып чыкты. Кайра "женпеддин" музыка бөлүмүнө тапшырып, "спортко катышууга болбойт" деген справкасы бар экенине карабай көгөрүп жатып баскетбол боюнча мелдештерге катышып алчу. Анан буту кыйшык бүтүп калды. Эркинин күчтүүлүгүн карабайсыңбы, кайра врачына барып, "менин бутум кыйшык болуп калды, түздөп бергиле" деп догурунуп жатып сөөгүн сындыртып, кайра түздөтүп алган. Эжекеңердин кылбаганы жок эле. Гүлшайыр жоктон бар кылган ушунчалык башкача таланттуу инсан. Бир орунга турбаган Гүлшайырдын атаандашы да жок эле.




  Мектеп шиңгилдери

Айгерим Расул кызы:
"Тешиктен батпай кармалып калдым"
- Мен 1-классымда Мукаш Абдыраев атындагы музыкалык мектепте жатаканага жатып окучумун. Үйгө көнүп калгангабы, бат-баттан эле курсагым ача берчү. Бир күнү түнкү саат он экилерде ойгонуп алып таптакыр уктай албай койдум. Анан курбуларымды ойготуп үч кыз ашканага ууруга кирмей болдук. Анткени ашкананын эшигинде тамак берчү көзөнөгү бар болчу. Эшиктин түбүнө отургучтарды коюп, көзөнөкчөдөн акырын ашканага кирдик. Кудай мындайды бербеспи, чоң мискейлерге куюлган суюк тамактардын түрүнөн тандап улам бир чөмүчтөн ичип коёбуз. Бир маалда берки кыздын бирөөсү чөмүчтү мискейге тийгизип алып "каңк" деген үн чыкты. Ары жакта ашпозчу эже уктап жаткан экен, "ай, бул ким?"деп тура калса болобу? Жүрөгүм оозума тыгылды. Берки эки кыз болсо көзөнөкчөдөн чыкканга жетишип, мен байкуш чыга албай кармалып калдым. Ашпозчу эже уйкулуу көзү менен мени карап "Кызым, чычкандай калдыратып ууруга кирбей жөн эле тамак жейм деп сурабайсыңбы?"деп мага чоң чыныга тамак куюп, "Бул тамакты ич да, уйкуну бузбай кет" деп жаман көзү менен жекире тиктеп караганы эч эсимден кетпейт.


Жеңишбек Айтиев:
"Мугалим эжей экөөбүздүн ууру кылганыбызды эч ким билбей калган"
- Төртүнчү класс болчумун. Дене тарбия сабагында классташтарымдын баары бөлүнүп алып футбол, кызыл желек, баскетбол ойноп жатышкан. Сабакты жаш практикант эже өтүп жаткандыктан тоготпой качып кетип, акырын кыздар кийинген бөлмөгө кирип бардым. Дайыма бир кызыбыз сумкасына алма салып келээрин билчүмүн. Анын сумкасын оодарсам кып-кызыл алма бар экен. Жыргап ширесин чыгара тиштеп жатсам жаныма практикант эже келип калды. Чочуп кетип ичимден "азыр өлдүм" деп турсам "Дагы алма бар бекен? Карасаң батыраак" деп жатпайбы?Көрсө өзү да алма жегиси келгенби же курсагы ачканбы кыскасы, эшикти кайтарып турду. Мен болсо жанталашып бардык сумкаларды аңтарып биринен нан, экинчисинен курут, пирожки, калгандарынан самсы, конфет таап чыктым. Көшүлдөп тердеп алгам. Табылгамдын тең жарымын эжейге берип, калганын өзүм жеп курсакты кампайткам. Ошентип мугалим эжей экөөбүздүн уурулугубузду эч ким билбей калган.

Айнура Касымова