п»ї
 Таанышуу жарыясы


Эгер сиз ойгонооруңуз менен…
Адам уйкудан ойгонгондо дайыма жасай турган көнүмүш бир адаты болот экен. Биздин жеке жашообуздагы кылык-жоругубуздун, мүнөзүбүздүн айрым жактары ошол адатка байланыштуубу, жокпу байкап көрөлү.

Сааттын коңгуроосун токтотуп, көңүлүңүздү ошого бурсаңыз:
Анда мээримдүү үй бүлөнүн эрке кызысыз. Сиз жашоодогу жакшы мүмкүнчүлүктөрдүн болуп турушун сүйөсүз. Анча деле жалкоо эмессиз. Фантазияга байсыз. Бирок күч-кубатыңыз чектелүү.Турмушта чечкиндүү эмессиз, өтүмүңүз да жок. Жаңы идея көтөрүп чыга албайсыз.


Спорт көнүгүүлөрүн жасасаңыз:
Сиз тыкан, шайдоот, бирок, көп сүйлөбөгөн тынч жансыз. Бүгүнкү башталчу күн эс алуубу же жумуш күнүбү сиз үчүн айырмасы жок. Анткени сиздин психологияңыз жана организмиңиз баарына даяр. Сымбатыңызга дайыма кам көрөсүз. Ал тургай жигиттердей болуп кармаган жерден кан чыгарчу күчкө ээ болууга да тымызын даярданасыз. Эркектер сиздин келбетиңизге суктанат. Жашоодо, ашканада, төшөктө мырзалардын тилегениндей айым деп баа беришет.


Күзгүгө карансаңыз:
Сиз өзүңүзгө көп ишене албайсыз. Өзүңүздү өтө көп сындайсыз. Ар бир ирмемге маани бергениңиз чоң ийгиликтерге жетүүңүзгө тоскоол болуп келет. Жасаган жумушуңузга, иштеген кызматыңызга эң эле жоопкерчиликтүү мамиле жасайсыз. Өзүңүз суз, көңүлсүз жүрөсүз. Көңүлдү кытыгылап күлбөгөн, назданып, кылыктанбаган аялга мырзалар көп убакытка кармалбайт. Бир аз ойсокеленип, балыктай туйлап туруңуз.

Кимдир-бирөөгө телефон чалсаңыз:
Сиздин уюштуруучулук жөндөмүңүз абдан күчтүү өнүккөн. Эч качан бош убактыңыз болбойт. Өзгөлөргө убактыңызды араң бөлөсүз. Жумушуңуздун ушунчалык көптүгүнөн түшүңүзгө да бүтпөгөн иштериңиз кирип чыгат. Сиз бардык илимдерге жана маалыматтарга кызыгасыз. Өмүрүн жалаң кызматка же чыгармачылыкка сайып койгон аялзатына эркектер жолобосун эсиңизге түйүп алыңыз.




Асылзааданын беш сапаты
Ата-бабабыз аялзатына өзгөчө көңүл бөлүп, аздектеп келген. Замандын, коомдун талабына ылайык кызга тарбия берилип, аялга багыт көрсүтүү менен сын айтылган. Бүгүнкү күндүн аялзатынын айрым касиеттерине кыскача токтоло кетүүнү эп көрдүк...


Тазалык , жылтылдаган нурлуу көздөр, татынакай жылмаюу, ийкемдүү кыймыл, маралдай керилип басуу-мына ушунун баары аялзатттын баа жеткис байлыгы. Аял жеке жаратылыш тартуулаган артыкчылыктар менен гана толук кандуу асем боло албайт. Табият берген сулуулукка билимди жана жакшы сапаттарды кошуу зарыл. Эгерде сиз адеми болсоңуз бир көргөн адамдын көзү түшүшү мүмкүн. Мамилелеше келгенде билимиңиз жарды, жакшы касиеттерден кур жалак экениңиз билинсе сулуулугуңуз жарты тыйынга арзыбай калат. Сулуулуктан башка максаты жок аял бакыттан кур жалак калаарын эсиңизден чыгарбаңыз.

Сарамжалдуу аял үйдүн кут-берекеси. Сарамжал болуу менен өзүбүздүн, анан өзгөнүн тапканын сыйлай алабыз. Аялдык касиет өзгөчө ашканада сыналат эмеспи. Азык-түлүктөрдү коромжу кылбай, татынакай колдонуу дагы сиздин кандай кожойке экениңизден кабар берет. Биз сараңдык менен сарамжалдуулукту чаташтырбашыбыз керек. Эгерде сиз керектүү буюм алууну көздөсөңүз, аны көп жыл пайдалангыңыз келсе, ичиңизди ачыштырбай туруп кымбатыраагын алганыңыз пайдалуу.

" Таза абийир татынакай жаздык",-деп айткан экен бир даанышманыбыз. Уят, ар-намыс, кадыр-барк, абийир- булар биринен бирин бөлүп алгыс "бир тууган" сапаттар. Адамдын башынан эмнелер гана өтпөйт?.. Ызалануу, таарыныч, жокчулук, жакыныңдан айрылуу сыяктуу түйшүктөргө сан жетпейт да. Көп учурда абийирден кол жууп калуунун башкы себеби жетишсиз турмуш болот. Карыз акча алып, аны кайтара албай калуу, калп айтуу өңдүү терс сапаттар абийирдин биринчи душманы. Демек, бирөөгө көз каранды болбой, жашоонун тың өтүшү дагы адамзатынын жакшы сапатты карманып жүрүшүнө өбөлгө түзөт экен.

Өзүнө анчейин ишенбеген сулуу айымга караганда, өзүнө-өзү ишенген өңү орточо айым башкаларды өзүнө бат тартат. Жүзүңүздөн дайыма күлкү чачырап, жашоонун ар бир ирмеминен рахат алыңыз. Суз болбоңуз. Аялзаты өзүн жагымдуу сезип, жылмайып турса, мырзалардын мырзасын дагы эрип бараткан коргошундай балкытат эмеспи. Сиздин келбетиңизди өзгөлөр кандай таразалап атканы жөнүндө ойлонуп, кысынбаңыз. Биринчи ирээтте өзүңүзгө жагышыңыз керек! Өзүңүздү жылдыздууу, тартымдуу, акылдуу сезүү менен, өзүңүздөн ошондой айымды жарата аласыз.

Дүйнөдө эмне таттуу да, эмне ачуу?- деген суроого: "Тил" деп жооп бериптир, өткөн замандагы бирөө. Эгерде сиз заманбап, өркүндөгөн айым болууну кааласаңыз, сүйлөө маданиятына көңүл бөлүңүз. Сөздүн гүлүн терип, таасын, таттуу сүйлөгөнгө үйрөнүңүз. Бирок, жасалмалуулуктан жана бирөөнү калп мактагандан жаа бою качыңыз. Сөз куржунуңузга уят жаргондорду, "эме, неме" сыяктуу сөздөрдү эч илээштирбеңиз. Мындай сөздөр сиздин келишимдүүлүгүңүзгө доо кетирет. Анан, аялдардын үнүнө да чоң маани берилип келген. Үнүңүздү баркыттай жумшак, же жылаажындай шыңгыр кылып тарбиялап алсаңыз өзүңүзгө да, өзгөгө да жагымдуу болот.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Шайтанга азгырылганыма азыр да өкүнөм"
2-бет
Ильяз Абдыразаков:
"Мени шайтан азгырганына азыр да өкүнөм"

3-бет
Үй-бүлөм - менин байлыгым
4-бет
Сема:
"Жубайымдын толуп кетпешин көзөмөлдөп турам"

5-бет
Кубанычбек Кадыров кол тийбестигинен ажырады
6-бет
Үлпөт тойдун чыгымы канча?
7-бет
Үлпөт тою дүйнө жүзүндө...
8-бет
Айтта артистерге
айылчылап...

9-бет
Сырттан үйгө киргенде эң биринчи эмне кыласыз?
10-бет
Цыгандарды коркуткан төлгөчү Гүлшайыр
11-бет
Эгер сиз ойгонооруңуз менен…
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Спорт
Роберто Баджо

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Айдин Шер
Махабат өмүр көркү











??.??