п»ї
 Таанышуу жарыясы


Роберто
Баджо
Клубдардагы карьерасы:
1982 - 1985 "Виченца" (С1) 36 мелдеште - 13 гол
1985 - 1990 "Фиорентина" 94 мелдеште - 39 гол
1990 - 1995 "Ювентус" 141 мелдеште - 78 гол
1995 - 1997 "Милан" 51 мелдешинде - 12 гол
1997 - 1998 "Болонья" 30 мелдеште - 22 гол
1998 - 2000 "Интер" 41 мелдешинде - 9 гол
2000 - 2003 "Брешиа" 65 мелдешинде - 31 гол атаандаштарынын дарбазасына киргизген.

Сыйлыктары:
Дүйнөлүк Чемпионаттын коло медалы (1990)
Дүйнөлүк Чемпионаттын күмүш медалы (1994)
Мамлекеттик сыйлыгы:
Италия республикасына кылган кызматы үчүн "Кавалер ордени" менен сыйланган.

Титулдары:
Скудетто - 1995 ("Ювентус"), 1996 ("Милан")
Италия Кубогу (1995)
УЕФА Кубогу (1993)
"Алтын топ" (1993)
ФИФАнын ою боюнча жылдын эң мыкты оюнчусу (1993)
Дүйнөнүн Вице-чемпиону (1994)

Робертонун бала чагы
Анын бала чагы Италиянын түндүгүндөгү Кальдоньо деген шаарда өткөн. Роберто өтө тентек болгондуктан, атасы аны үйдөн чыкпасын деп темирдин учтуу, миздүү жагынан эшигинин босогосуна коюп койчу экен. Кичинекей Роберто анын да айласын таап, үйүнүн жанындагы дүкөнгө барып атасынын атына карызга жаздырып резинкадан жасалган топторду ала берчү. Алар менен ойногондон ал аябагандай ырахат алчу. Роберто Баджо сегиз бир тууган жана үй бүлөсүндөгү алтынчы перзент. Кичинекей кезинен эле футболго кызыгуусу пайда болуп, футбол менен машыгууну баштаган. Топтон такыр айрылгысы келчү эмес, уктап жатканда да топту кучактап жатчу. Алгач топтун аркасынан байкелери менен жүгүрүп жүрүп, андан кийин балдардын футбол клубдарында ойной баштаган. Футболдогу карьерасы Роберто 9 жашка чыкканда башталган. Бала кезинде ал топту атаандашынын дарбазасына жакшы киргизчү. 15 жашында "Виченца" клубунун курамында С сериясын ойногон болсо, кийинки жылы чемпионатка катышкан. 1984-85-жылдары оюндарда Роби өзүн абдан жакшы көргөзгөн. 29 мелдеште 12 голду атаандашынын дарбазасына Баджо киргизген. Ошол ийгилик өзүнүн командасынын В сериясына өтүүсүнө жардам берген. Ошол эле жылдын 3-майында Роберто Баджо "Фиорентина" футбол клубу менен келишим түзүп, А сериясын ойной баштайт."Виченцадагыдай" эле "Фиорентинада" дагы машыктыруучулар Баджону көпкө футбол талаасына чыгарышпай жүрүшкөн.

Дүйнөлүк деңгээлдеги футбол жылдызы
Бүгүн Баджо эң мыкты он оюнчунун катарын толуктап келет. Муруңку жүз жылдыктын 80-жылдарында ал көптөгөн кыйынчылыктарды жеңбегенде, дүйно футбол Рафаэлин тааныбай деле калмак. 2002-жылы Италия Баджонун спорттук карьерасы бүттү деп ойлогон. Бирок ошол жайда эле футболист оюнга даяр болгон. Гезиттер жана телевидениелер Робертону Италиянын курама командасына Япониядагы жана Кореядагы боло турган Дүйнөлүк чемпионатка ойной ала тургандыгы тууралуу талкууга өтүшкөн. Джованни Трапатонни 1998-жылы бутун оорутуп алган Робертосуз эле ал чемпионатка катыша алышаарын айткан. Ошентип Роберто төртүнчү дүйнөлүк чемпионатына катыша албай калган. Катыша албай калганына карабастан анын популярдуулугу жоголгон жок.
Анын машыктыруучулар менен болгон мамилеси дайыма эле жакшы боло берген эмес. Бир командада жүрүп экинчи командага кетүүсү дайыма чыр-чатактарды жана сенсацияны туудуруп турчу. Бул оюнчуну улуттук курамага чакыруу же болбосо анын койгон талаптарынан баш тартуу бүткүл Италия эли үчүн бүтпөгөн талкууга айланган. Кээ бир учурларда Баджо жөнүндөгү бүтпөгөн талкуулар өкмөттүк деңгээлдеги талкууга чейин барып турган. Роберто Италиянын масштабында болсо жөн эле эң мыкты он оюнчунун катарын толуктамак эмес.

Баджо "Алтын топтун" ээси
Серия А нын тарыхында "Алтын топту" утуп алган оюнчулардын саны көп болду. Бирок италиялыктардын ичинен төртөө гана лауреат болгон. Алардын бири Омар Сивори болгон. 1969-жылы Джанни Ривера, 1982-жылы Паоло Росси ал эми азыркы учурда Роберто Баджо "Алтын топту" жеңип алган. Бирок бул өтө символикалуу көрүнүш. 1993-жылкы оюндагы трофей чабуулунан кийин италиялыктарга "Алтын топту" берген эмес. Мүмкүн Италиялык талант болгон эмес. Кээ бирөөлөр Баджону жарым коргоочу дешсе, башкалары чабуулчу, ал эми кээ бирлери Алессандро Дель Пьеронун мураскери деп ойлошот. Роберто Баджо - Италиялык футбол курама командасынын легендарлуу оюнчусу. Футболдогу жаңы мезгилди ал кайрадан жөнөкөй "Брешиядан" баштайт. Бирок легендарлуу футболист деген статусунан айрылган жок.




Футболисттин жеке жашоосу

Баджонун жашоосундагы эң идеалдуу аял болуп анын жубайы Андреина эсептелет. Андреина экөөнүн Валентина жана Маттия аттуу кыздары бар. Баджонун айтуусу боюнча ал үй-бүлөлүк очокту абдан баалайт жана үй бүлөсүнө көбүрөөк убакыт бөлүүгө умтулат.
Баджо негизинен ууга кызыгат. Аргентинага же Канадага эс алганы барганда жапайы камандарга жана жапайы өрдөктөргө ууга чыгат. Француз хирургу Жиля Бускени Роберто Баджонун сактоочусу деп аташат. Анткени 1985-жылкы оор жаракаттан кийин Жиля Буске Робертонун кайрадан футболго келүүсүнө жардам берген. Чачындагы чач куйругу ал "Ювентуска" келгенде кошо пайда болгон. Анын чачын мелдештерде ийгилик алып келгендиги үчүн ыйык санашат. 1997-жылы Баджо имиджин өзгөрткөн. Чачын кесип жакшы көргөн туугандарына кичинеден бөлүп берген. Өзүнүн коштошуу мелдешин Баджо 2004-жылы 28-апрелде ойногон. Роберто 40 жашка чыккандагы юбилейинде күйөрмандары менен пикир алмашуу үчүн атайын веб-сайт ачкан.




Дмитрий Чигринский
"Шахтёрдо" эле калмак ЭКЕН
"Барселона" командасынын коргоочусу Дмитрий Чигринский "Шахтёр" клубунан эмне үчүн Каталондук клубка кетээрин айтты.
"Шахтёр мага көп нерсени берди. Күйөрмандарым, командадагы оюнчулар жана жетекчилик менен жакшы мамилемди сактап кала алдым. Бул мен үчүн өтө маанилүү нерсе" Акча эң маанилүү нерсе эмес. Албетте, эгерде "Тимишаоредеги" болуп өткөн Чемпион Лигасында утулуп калбаганда "Шахтёрдо" эле калмакмын"- деп Дмитрий Чигринский массалык маалымат каражаттарына билдирди.

Украиналык бомждор дүйнө чемпионунун титулун жеңип алышты
Украинанын бомждордон турган курама командасы Португалиянын бомждору менен ойноп 5:4 эсебинде украиналыктар, жеңүүчү аталды. Кийинки жылы Украиналык бомждор жеңип алган наамын Рио-де-Жанейро шаарында коргошмокчу. УНИАН билдиргендей, үй-жайы жоктордун арасындагы көчө футболу жетинчи жолу өткөрүлүп жатат. Бул эл аралык долбоор Бириккен Улуттар Уюму тарабынан спорт маселеси боюнча атайын колдоого ээ болуп келет. Эреже боюнча бул мелдешке үй-жайы жоктор, качкындар, алкоголь жана баңги заттан көз каранды адамдар катыша алышат.

Футболист Владимир Габулов кайрадан операция болот
Ушул шейшемби күнү Москванын "Динамо" жана Россиянын курама командасынын дарбазачысы В.Габуловго 3-медициналык институтта алган жаракаты боюнча кайрадан операция жасалат. Ал жаракатты жекшемби күнү Россиянын чемпионатына болгон мелдеште "Спартакка" каршы оюнда алган. Анын айыгып, кайрадан өзүнө келиши үчүн эки айдан кем эмес убакыт керек экен. Бирок мунун бардыгы операциядан көз каранды. Операция канчалык ийгиликтүү болсо, ошончолук футболист тез айыгат.

Лионель Месси өзүнүн футболдук карьерасын
"Барселона" клубунан эле аяктоону каалайт
"Барселонанын" эң мыкты оюнчусу Лионель Месси Каталондук клуб менен келишимди 2016-жылга чейин узартканы үчүн абдан кубанычта экенин билдирди. "Өзүмдү абдан ынтымактуу жана эң жакшы команданын оюнчусу катары сезем. Трофеи чабуулун ушул команда менен жеңүүнү каалайт элем. Өткөн мезгилде биз үч титулду жеңген элек. Мунун бардыгы боюнча мен балдардын жаш клубунда жүргөндө эле кыялданчумун. Мен бул жерде эле калып, футболдук карьерамды "Барселонада" эле бүтүшүн каалайм" - деп билдирди футболист.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Шайтанга азгырылганыма азыр да өкүнөм"
2-бет
Ильяз Абдыразаков:
"Мени шайтан азгырганына азыр да өкүнөм"

3-бет
Үй-бүлөм - менин байлыгым
4-бет
Сема:
"Жубайымдын толуп кетпешин көзөмөлдөп турам"

5-бет
Кубанычбек Кадыров кол тийбестигинен ажырады
6-бет
Үлпөт тойдун чыгымы канча?
7-бет
Үлпөт тою дүйнө жүзүндө...
8-бет
Айтта артистерге
айылчылап...

9-бет
Сырттан үйгө киргенде эң биринчи эмне кыласыз?
10-бет
Цыгандарды коркуткан төлгөчү Гүлшайыр
11-бет
Эгер сиз ойгонооруңуз менен…
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Спорт
Роберто Баджо

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Айдин Шер
Махабат өмүр көркү











??.??