п»ї
 Таанышуу жарыясы


Обон почта
ОП-84-001. Cүйүктүү ырчым Даниель, иштериңе ийгилик, бар бол. Girl.
ОП-84-002. Дос - бул кайгы-кубанычыңда шерик, ооруганыңда дарыгериң, ал эми азап башыңда турганда сенден азапты алууга даяр жакын адамың. Эгер ушундай адамың, досуң болсо,сен аябай байсың. Эч убакта андай досту капалантпа. Менде да ушундай достор бар, мен алар менен сыймыктанам. Достор, баарыңарга чыныгы достук каалайм. Зуля.
ОП-84-003. Султан Садыралиевдин администратору Канат Сатыбалдиев, сизден сураныч, Султан экөөңүздөрдү конокко чакырсам келе аласыздарбы? Сизди урматтаган Айка.
ОП-84-004. Кумирлерим Султан С., Мирбек И., Ильяз А., Ислам А., Бактыгүл Б., мен силерди сүйөм. Силер суперсиңер! 07776658ХХ.
ОП-84-005. Чыныгы сүйүү эң эле аз кездешет, ал эми чыныгы достук андан да аз экен. Дос болом деп дароо убада бербе, бир жыл сынап, анан достош деген сөз да азыр төгүнгө чыгып калды көрүнөт. Сегиз жылдан бери ишеничтүү, боорукер жакыным деген досумдун артымдан сөз кылып жүргөнүн эми гана билип отурам. Баарыңыздарга чыныгы достукту каалайм. Калтырбай окуп жүргөн эски окурманыңыздар Г…
ОП-84-006. Автан, Кыргызстанды сагынып, араң жүргөндө кыйнабачы, жаным. Элдер бул жактан акча, байлык тапса, мен сени таптым го. +792608706ХХ.
ОП-84-007. Чымкент шаарындагы "Бекжан" базарынын 2-кабатында соода кылган досторум Перизат жана Элнурага чоң салам. Алматыдан Кани.
ОП-84-008. Оштук Айсулуунун тааныштары, айтып койгулачы?! 89058579230 номерине байланышсын.
ОП-84-009. "Бекжан" базарындагыларга салам. 2-кабаттагылар, соодаңар ураган боло берсин. Миң доллар акча сурап жаткан адамга бербегиле. Кутуруп кетет. Анда биз баарыбыз банкрот болобуз го? +777709407ХХ.
ОП-84-010. Сиңдим Самараны 17-сентябрь туулган күнү менен куттуктайм. Бактылуу кыз бол. Мунара-Муся.
ОП-84-011. Ардагым, аз да болсо арнаймын сага ушул ырымды,/ Эгер окуп жатсаң, укчу менин сырымды./ Өзүңдү
ОП-84-012. Ысымы Даниэль аттуу жигиттер менен таанышам. Дилназ.
ОП-84-013. Жалпы жумгалдыктарга салам. Бар болгула, бай болгула. Касиеттүү Жумгалым менен сыймыктанам. Анткени Жумгал менин мекеним. Мунара-Муся.
ОП-84-014. 0773086324 абоненти, мени тынч койчу, суранам. Тажадым сенден. Айтар сөзүң болсо айтчы, угайын. Болбосо маяк бергениңди токтот. Бир күндө 40 жолу маяк бересиң, 40 жолу чалам, албайсың. Ушул адамдыкка жатабы? 3 айдан бери ушул ишти кыласың, же кыларга башка ишиң жокпу? Билал козу.
ОП-84-015. Адыр-адыр тоолордон, Айгыр минип биз келдик,/ Бирдиктерди аябай,/ "Обонго" биз туш келдик. Беби.
ОП-84-016. Кадыр түн тоскондор - эң бактылуулар. Себеби бул түндө 83 жылдын сообу берилет экен. Бар болгула баарыңар. Фея.
ОП-84-017. Ала-Бука районунун Көксерек айылындагы Сагын аке, сизди аябай сагындым, качан келесиз? Сизди чыдамсыздык менен күтүп жаткан Жаныңыз.
ОП-84-018. Досторум Бакыга, Элдиярга чоң салам. Мен силерди жакшы көрөм.
ОП-84-019. Дос, аяш жүрөбү? Капа болбо, эртең сүйлөшөбүз. Биз ушундай намаз окуп масала айтып тособуз. Кыздар жүрөбү? Менден салам айтып кой. Силерди сагындым. Мм-ммахх! Алтышкам менин. 07731918ХХ.
ОП-84-020. Жаңы чыгып жаткан ырлардын аранжировкасы жакшы болсо эле "аа, муну Ильяз жасаган экен" деп коём. Супер аранжировщик Ильяз Абдыразаков, бар болуңуз. Фея.
ОП-84-021. Аллах Таала куранда: "Кадыр түн - миң айдан да жакшы түн. Бул түн - таң атканча сак-саламаттыктын түнү" деп айткан. Ардактуу Аллахтын сүйүктүү пенделери, Кадыр түнүңүздөр куттуу болсун, ылайым Аллахым кылган күнөөлөрүбүздү кечирсин. Урматыбыз менен тилектешиңиздер Каныкей93, Ангел Асем.
ОП-84-022. Карааның көрсөтпөйсүң көчөңдөн өтсөм,/ Келбейсиң зарыгып мен сени күтсөм./ Өзүңдү окшоштурам Ай бетин карап,/ Сүйүүмдү арнайын өзүңдү көрсөм.
ОП-84-023. Жаңы-Арыктагы Галя чоң энеме, эжем Жамиля, сиздерге ден соолук, узун өмүр каалайм. Чымкенттен небереңер Перизат.
ОП-84-024. Салам Жанна! Амангүлдүн каерин сүйдүң? Мени унутуп калган окшойсуң э? Эгер мени сыйласаң кабарлаш. Рината.
ОП-84-025. Кыргызымдын сыймыгы, жылдын мыкты ырчысы, алдыдагы "Алтын комуздун" ээси, сахнанын эркеси Ильяз Абдыразаков, эч качан азаптарга малынбаңыз, муздак түндү жамынбаңыз. Сизди колдогон артыңызда 5 миллион кыргыз бар экенин унутпаңыз. Фея.
ОП-84-026. Калдымбы жүрөгүңө такыр батпай,/ Кабарың айтсаң боло жалдыратпай./ Үмүтүм дале болсо жанып турат,/ Даракта жалгыз калган жалбырактай. Асел.
ОП-84-027. Ильяз, сен башка ырчыларга окшобойсуң. Жаш болсоң да продюсери жок иштеп жатасың. Концертиңе Кайрат Нуртас келеби?
ОП-84-028. Акын кыз Мээрим эжеге, Кишимжан эжеге, Алтынай92, Гүлчебер, Нуриза алтын кыз, Гүлзина92, Назик, баарыңарга ысык салам. Ошондой эле Фанклубка жана Замклубга да салам. "Манас FMдин" жалпы угармандарына ийгилик каалайм. Ди-джейлер Айбек байке, Шаризат эженин булбулдай үнү эч качан өчпөсүн. Шума kg.
ОП-84-029. Жарыгым Исакулов Турусбек, жашоо канчалык татаал болуп мени көп нерседен чектесе да сизге деген сүйүүмдү эч чектей албайт. Сиз үчүн бардык азапка чыдап, сүйүүбүздүн жеңишин күтүп келем. Ушул кусалуу күндөр артта калып, экөөбүздүн кучагыбыз бакытка, сизге окшош бөбөктөргө толооруна ишенем. Сүйгөнүңүз Гүлзада.
ОП-84-030. Табигат сырдуу Алтынай, сизге бир нерсени айткым келди, туура кабыл алыңыз: Сиздин супер смсчи экениңизди билет элем. Сизде дагы бир талант бар турбайбы. Ал - жанды койбой маяк таштоо. Ошондуктан сизге дагы бир "супер маякчы" деген наам ыйгардым. Куттуу болсун! Сизге кааларым кечке маяк таштабай, аз да болсо маданияттуу болсоңуз. Айзирек.
ОП-84-031. "Арал" базарынын 2-катарында иштеген Автандилге салам. Мен сени сүйөм. Айя.
ОП-84-032. Достор, мага жардам бергилечи, аябай кыйналдым. Жакын курбумдун жигитин жактырып калдым. Курбум билбейт, жигити билет. Эмне кылам? Айпери.
ОП-84-033. Урматтуу "Обондун" окурмандары, супер смсчилери жана "Обондун" босогосун жаңыдан аттап жаткан жаңы смсчилер, сиздерди ар бир аткан таң кубанычка толгон кучагына кысып, бактылуу көз ирмемдерди тартуу кылып, ар убак жашоо керемет экенин даңазалап жүрө бергиле демекчимин. Гуля88.
ОП-84-034. "Обондун" кайсы окурманы менен таанышпайын, алардын дээрлик бары адегенде эле Хан-Шай эжени сурашат. Хан-Шай "Обондун" супер смсчиси эле, азыр кайда экен? Эмнеге "Обондун" көркүн чыгарып жагымдуу смстерин жазбай калды деп жатышат. Хан-Шай эже, чынында эле сиздин балдай таттуу сөздөрүңүздү сагындык. Сүйүктүүбүз "Обонду" унутпай жазып туруңуз. Урматым менен Ангел Асем.
ОП-84-035. Таалай, мен сени чын дилимден, чын жүрөгүмдөн сүйөм. Алтының Марал.
ОП-84-036. Салам алейкум ыймандуу, акылдуу кыз Бегимай92, каалооңо рахмат. Менин номерим 0772602351. Смс жазсаң болот. Гуля88.
ОП-84-037. Амангүл эже, сиз суперсиз. Ар дайым бар болуңуз.
ОП-84-038. Чыгыш ханышасы Неля эжеге чоң салам. Нурэл чоңоюп жатабы? Таха95.
ОП-84-039. Саламым супер ырчы мырзалар Омарга жана Мирбек Атабековго жолдонот. Таха95.
ОП-84-040. Көргүм келип сагынып, ойлоп жүрөм,/ Сени эстеп кээде ыйлап, кээде күлөм./ Сүйсөм да ашыктыгым айта албаймын,/ Себеби менден жашсың, аны билем./ Ай ушул бир гана жаш өкүнүчтүү,/ Жүрөгүм сен деп согот өтө күчтүү./ Сүйүүбү же жөнөкөй көрүнүшпү,/ Аттиң ай, биле албадым өңбү, түшпү./ Жаным деген сөзүң жашап жүрөгүмдө,/ Элесиң өчпөй келет карегимде./ Атыңды миң кайталап жүрөгүмдө,/ Айт, сенде же мендеби күнөө кимде? Алматыдан Айя.
ОП-84-041. Сага кылынган жакшылыкты унутпа, а өзүң жасаган жакшылыкты унут. Зуля.
ОП-84-042. Ильяз, орозо кармасаң орозоң кабыл болсун. Бул дүйнөдөн эмнени сурансаң, ошого жетишиңди каалайм. Бактылуу бол. Айзада.
ОП-84-043. Чыңгыз Мырзаев, сиздей таланттуу инсандар Кыргызстанда көбөйө берсин. Булбулдай үнүңүз эч качан өчпөсүн, бактылуу болуң. Оштук карындашыңыз.
ОП-84-044. Иляьз байке, менин түшүмө көп киресиз. Мүмкүн сизди көп эстегенден болсо керек. Таң эрте туруп сиз менен жолуксам экен деп тилек кылдым. Сиз менен "Обон" гезитинен жолугуу мен үчүн чоң бакыт. 05528933ХХ.
ОП-84-045. Ильяз аке, сизге ушундай талантты берген Аллага чексиз мактоолор болсун. Сизди ушул даражага жеткирип чоңойткон апаңызга чо-оң рахмат. Апаңыздын, биздин бактыбызга бар болуңуз. Жердешиңиз.
ОП-84-046. Сүйүүнү байкадыңбы, сүрү бардай,/ Ак сүйүү кээде болот набат, балдай./ Бир эле азабына чадабасаң,/ Бул сүйүүң эч аталбайт башкалардай./ Чын сүйүү баарыбызга жөлөк болсун,/ Жүрөктөр капаланбай зирек болсун. Зуля.
ОП-84-047. Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон айылындагы №7 мектептин 10-"б" классындагы супер достор, окууларыңарга ийгилик. Зуля.
ОП-84-048. Бишкек шаарында окуп жаткан досум Жазгүлгө ийгилик каалайм. Дос, сени жакшы көрөм. Мага смс жазып тур. Зуля.
ОП-84-049. Ар бир таңдын атышын көрүп, күндүн батканына күбө болуп жатканыбыздын өзү эле бакыт эмеспи. Акылкүрөңчач.
ОП-84-050. Таалайчигим, келчи тезирээк, сенсиз өткөн күндөрүм мага азап болуп жатат. Өзүңдү этияттап жүр, шириниңе керексиң. Марал.
ОП-84-051. Арабаевдин 2-курсунун ПА-4-08де окуган группалаштарыма салам. Чынара.
ОП-84-052. Жалпы кыргызстандыктарга чоң салам айтам. Келе жаткан Орозо айтыңыздар менен! Супер смсчилер, бар болгула. Замир.
ОП-84-053. Суусуз дарак бүр албайт,/ Сүйүүсүз адам жүрө албайт./ Сүйгөнүм менен бир жүрсөм,/ Кээ бирөө аны көрө албайт. Зуля.
ОП-84-054. Сүйүктүү байкем Замир жана досу Мырзага салам жолдойм. Бар болгула, аман болгула, бактылуу болгула. Карындашыңар Гуля.
ОП-84-055. Арпа заводдо иштеп жаткан эжелерим Айнура, Салта, байкелерим Ади, Рыся, Эрланга чоң салам. Ишиңерге ийгилик, аман болгула. Гүлкайыр.
ОП-84-056. Сүйгүм келет, чын жүрөктөн берилип,/ Сүйгүм келет сүйүктүүмдү эзилип./ Ушинтип кээде батам ой көлүнө,/ Куру кыял үмүттөргө жетеленип. Сырдуу кыз.
ОП-84-057. Салам достор, Кадыр түндү кандай тостуңар? Гузел.
ОП-84-058. Фея, сен суперсиң. Мен сени жакшы көрөм. Ангелина.
ОП-84-059. "Обондун" супер смсчилери, баарыңарга кааларым ачык асман, бакубат жашоо. Ангелина.
ОП-84-060. Ильяз, сенин эртеңки өтө турган концертиңе ийгилик каалайм. Өзүң жакшы адамсың, концертиң супер аншлаг менен өтө деген ниеттемин. Алдыга койгон ой-максаттарыңа жет, жашоонун жакшы гана көз ирмемдерин өткөр. Жаратканым жакшылыгын сенден аябасын. Жүрөгүңө өчпөс сүйүү каалайм. Мартышка.
ОП-84-061. Менин саламым эң биринчи алтындай болгон курбум Жийдегүлгө жолдонот. Каалай берсе каалоо көп демекчи, эң биринчи байлык ден соолугуң чың болсун. Келечекте ата-энең, кыргыз эли сыймыктанган кыздардан бол. Сүйгөнүң сага сүйрөлүп жетсин. Сенин сулуулугуңа дүйнө эли суктансын. Досуң Ангелина.
ОП-84-062. Т.Адыранов мектебинин окуучуларына, өзгөчө 9-"а" классына чоң салам. Баарыңарга кааларым чексиз бакыт, узун өмүр, бакубат жашоо. Ар бириңер келечекте бир кесиптин ээси болуп, Кыргызстандын өнүгүшүнө өз салымыңарды кошкула. Келечек өз колубузда. Андыктан Кыргызстандын жаштары, алга! Элмира.
ОП-84-063. Сүйүктүү ырчым Мирбек Иманбековго салам жолдойм. Ар дайым баскан жолуң гүлгө толсун, күйөрмандарың сансыз болсун, жүрөгүңдө орун бирөө болсун, ал орундун ханбийкеси мен болоюн. 07703227ХХ.
ОП-84-064. Сагынычтан саргайган үмүттүн сары жалбырагы,/ Саргайса да үзүлбөйт көрүнөт го сыягы./ Арадан сегиз жыл өтсө да сен мен үчүн С…н дале баягы,/ Өтсүн мейли арадан он жыл дейли,/ Ошондо да сен жөнүндө түгөнбөс сүйүү баяны. Гуля88.
ОП-84-065. Өзгөн районунун Кызыл-Дыйкан айылындагы 89-жылкы Алиса, сиз менен дос болгум келет. Оштон Анара.
ОП-84-066. Назгүл Насиева, сиз суперсиз! Сизди көрсөм асмандагы Айды көргөндөй боломун. 07781340ХХ.
ОП-84-067. Ильяз аке, концертиңизге ийгилик. Группалаштарым концертиңизге жөнөп жатышат. Менин да баргым келет, бирок… Суранам, мага эки билет бериңизчи, эжекем менен барып келейин. Үмүттүн шооласы үзүлбөйт экен, чыдамсыздык менен күтөм. 0770615746.
ОП-84-068. Ильяз Абдыразаков менен бир клипке тартылгым бар, эгер Ильяз макул болсо. Чопа.
ОП-84-069. Бул дүйнөдө бүт баары жалган. Намыс деген эмне экенин унутуп койгонбуз. Кайдагы бир кагаз үчүн эмнени гана кылбайбыз: бири-бирибизди сатып, анан калса байлык, бийлик деген балээге белчебизден батып, адамгерчилик деген сапаттан эбак айрылганбыз. Адам баласы неге мынча ач көз болобуз? Эч түшүнбөйм. Акча, бийлик десе дал сөөктү эңсеп шилекейи куюлган иттен айырмасы жок болуп калат. Бирок бул жалган жашоодо эч нерсеге ишенбейм. Бир гана таза сүйүүгө ишнем. Ал калпты билбейт. Жүрөк эмнени, кимди эңсесе, так ошол аруу таза сезимге гана баш ийип, туура жол көрсөтүп берет.
ОП-84-070. Жашоомдун жарыгы, жан дүйнөмдүн жалгызы, жанымдын жартысы, ааламда алмаштыргыс бактым Таалай, сени сүйөм. Сени сагынган Марал.
ОП-84-071. Салам Нур-Айжан, кичинекей болсоң да биз сени абдан сагындык. Таир.
ОП-84-072. Берип койчу жүрөгүңдүн ачкычын, / Ал кулпуну жалгыз өзүм ачайын./ Жүрөгүңдө түбөлүккө бекинип,/ Өмүр бою кеткис болуп жашайын. Марселя.
ОП-84-073. "Обондун" супер смсчиси Ангел Асемге салам. Келечекте Кыргыстандын желегин желбиреткен, атагың алыска кеткен таланттуу кыздардан бол. Ангелина.
ОП-84-074. Көздөн мөлтүр жаш аксын, бирок, кубанычтан, жакын адамдарыбыз менен ажырашалы, бирок, убактылуу, мейли, акчабыздан айрылалы, бирок, акылыбыздан эч качан айрылбайлычы, туугандар! Гуля88.
ОП-84-075. Ханзадаларга арнап ырдаган, бир маалда жөнөкөй жигит болуп кеткен, Кыргызстандын супер ырчысы Султан Садыралиевге жалындуу ысык салам. Иштериңизге ийгилик, узак өмүр. Дайыма кыргыздын жүзү болуп жүрө бериңиз. Терең урматым менен Айзирек.
ОП-84-076. Астанада окуп кетишкен менин эң жакын курбуларым Айжан, Жазгүлгө сагынычтуу салам. Жандарым, силерди сагындым. Эля Ангел.
ОП-84-077. Куршабдык Мунарды издейм. Ал бир жыл мурун Екатеринбургга кеткен. Алгач байланышып турчубуз, кийин телефонун жоготуп алдым. Мунар, мен сени аябай сагындым. Алтышкаң.
ОП-84-078. Менин атымдан смс жазган Жанусь Роза, жазган смсиң маанисиз жана мен ал сөздү биринчи жолу угуп жатам. Менден коркпосоң да Кудайдан корксоң боло. Сага менден муштумдай ысык салам. 05579332ХХ.
ОП-84-079. Самара, сени сагындым. Номериңди калтыр. ЭмаГ.
ОП-84-080. Канат Кадыров, сиздин үнүңүз абдан жагат. Сиз менен таанышкым келет. Салтуш.
ОП-84-081. Отуз Адырдагы атам Тагай, апам Манзура, иним Дамирге чоң салам жолдойм жана жалгыз сиңдим Мединени 2 жашка толушу менен куттуктайм. Тараздагы эжем Жылдызга да салам жолдойм. Ишине ийгилик, бардык жакшылыктарды каалайм. Мен силерди жакшы көрөм. Отузадырдан кызыңар Кундуз.
ОП-84-082 . "Бекжан" базарында иштеген Сырдуу жигит, чын атың ким? "Самалдын" сырдуу сулуулары.
ОП-84-083. Урматтуу ОП-83179 абоненти, менин смстерим менен ишиң канча? Жайнап кетсе окубай эле койбойсуңбу? Эмнеге көралбайсыңар мени, эч түшүнбөйм. "Обон" баарыбыздын гезитибиз, билип кой, дос. Амангүл.
ОП-84-084. Ошто окуп жаткан досторум Төлөш, Адил, Улан жана башка дос балдарыма салам. +770243126ХХ.
ОП-84-085. Кадырлуу досторум Айжан, Ангел Асем, мен силерди терең сыйлайм жана сагындым. Эмнеге байланышпай жатасыңар? Силерден смс күтөм. Дамира.
ОП-84-086. Казак кызы Амангүл эже, атыңызга затыңыз жарашып аман болуп, каткырып күлүп жүрө бериңиз. Урматым менен эркеңиз Дамир.
ОП-84-087. Саламатсызбы Султан Садыралиев, сизге кааларым чың ден соолук, узун өмүр, чыгармачылык ийгилик. Сиздин "Жүрөгүм" аттуу ырыңызды сүйөм. Астанадан "сары ангелек" деп сиз атап кеткен кыз Ангел.
ОП-84-088. Достор, азыр демократия. Ар адам өзү каалаган жеринде жашап, өзү каалаган тилинде сүйлөп, каалаган гезитин окуйт. Менин тамырымда казактын каны акса да тилим, жүрөгүм кыргызга жакын. Казак кызы Амангүл.
ОП-84-089. Арзуу90, кайда жоголдуң? Маймылым, сени аябай сагындым. Бир смс жазып койсоң болот го, эркем? Жаным, мага таарынба. Амангүл.
ОП-84-090. Фея, мага байланышпайсыңбы? Менин номерим +77016256321. Амангүл.
ОП-84-091. Ноокат районунун 80 жылдыгы менен куттуктайм. Ноокаттык Жаку.
ОП-84-092. Ильяз Абдыразаков, дайыма дүйнөң кенен, жүзүң жарык болсун. Өнүгүп-өсө бер. Элдин жүрөгүнөн түнөк таап жүрө бер. Айсулуу.
ОП-84-093. Мени 15-сентябрь туулган күнүм менен куттуктап койгулачы?! Дина.
ОП-84-094. Урматтуу Ханафиева Марияш Бахтияровна, мама, сизди 20-сентябрь бул ажайып дүйнөгө келген күнүңүз менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Сизге зор ден соолук, бакыт каалайм. Биздин бактыбызга аман болуңуз. Мен сизди жакшы көрөм. Сүйүктүү кызыңыз Амангүл.
ОП-84-095. "Болашактын" 1-катарында 107-контейнерде иштеп жаткан досум Абдага чоң салам. Сенин ушундай жакшынакай адам экениңди билген эмесмин. Сени менен жолугушуп, кандай экениңди билдим, берекем. Кыргыздын сендей кыздары көбөйө берсин. Чын жүрөгүмдөн сага бакыт каалайм. Досяң Амангүл.
ОП-84-096. Ассалом алейкум долондук баатыр эне, ден соолугуңуз, иштериңиз жакшыбы? Сиздин смсиңизди окуп, ырахат алып отурам. Ооба, мен сөз берем, башкасын өзү билет да. Ушул Леди Гуличка аркылуу таанышып алдык го, а? Номериңизди бериң мага, өзүм бирдик салып турам. Эч оорубаңыз. Казак кызы Амангүл.
ОП-84-097. Кушу Сынчы, сенин кыздарды сындап жазганыңа кошулам. Бирок жүрөккө амир жок дегенди билесиңби? Сен чын сүйүүгө кабыла элек экенсиң. Жаку.
ОП-84-098. Саламыбыз Алматыда иштеген досубуз Уланга жолдонот. Улан, сени 24-сентябрь туулган күнүң менен куттуктайбыз. Аяш менен бактылуу бол деп досторуң Бекболот, Максат, Мусурманкул, Эралы, Женалы, Кутман, Медер, Алтын, Ислам, Данияр, Элдияр.
ОП-84-099. Жанусь Розага: Ыйлабасын эч убакта жүрөгүң,/ Жылдыздардан сага салам жиберди./ Бүгүн түндө таттуу, ширин түш көр деп.
ОП-84-100. Жанымка жана Элька, келгиле, достошобуз. Казак кызы Амангүл.
ОП-84-101. Кыргыз тилин үйрөтөм деген "кыргыз жигити" Эшимбетов Бекага салам. Мен үчүн убакыт таппай жүрөсүзбү? Казак кызы Амангүл.
ОП-84-102. Чексиз ыраазычылыгымды мага аябай жакын мамиледе болгон Айзирек, Жанусь Роза, Ангел Асем, Жанна, Конжык, Тахмина, Дамира, Замана93, Нурзат90, Адишов Мирлан, Эшимбетов Бека, Билал козу, Куштар, Шергаазы, Долондук батыр эне, Москвадан Асыл, Табигат сырдуу Алтынай, Фея, Азаматка билдирем. Силерди аябай сыйлаган казак кызы Амангүл.
ОП-84-103. Конжык, дося, мен го жүрөм "Обондо". Сени сагындым, Конжыгым! Туулган күнүңө албетте барам, эч ойлонбо, эркем! Амангүл.
ОП-84-104. Обондун "акындары" супер! Эң сонун ыр саптары "Обондо". Супер смсчилер, артка кылчайбай, бир гана алга! Амангүл.
ОП-84-105. Назгүл Насиевага: Мактоо сизге жарашат,/ Кары-жаш дебей баары сизди баалашат./ Көптөгөн фанаттарыңыз,/ Сиз менен баарлашсам деп самашат. 07781340ХХ.
ОП-84-106. "Обондон" тапкан ажарлуу, сулуу эжем Гуля88ге чо-оң салам жолдойм. Окууңузга ийгилик. Сиңдиңиз Арзы92.
ОП-84-107. Бардык мусулмандарга салам жолдойм. Кармаган орозоңор кабыл болсун. Ника.
ОП-84-108. Азиз байке, Азат байке, мен силерди абдан сагындым. Мен силерди чексиз жакшы көрөм жана сыйлайм. Кызыңар Kg-Наргиза93.
ОП-84-109. Ажарлуу, сулуу продюсер Назгүл Насиевага: Көргөндө көз уялат,/ Анын сулуу жүзүнөн./ Укканда кулак сүйүнөт,/ Анын ширин сөзүнөн./ Назгүл эже, ар дайым аман болуңуз, чыгармачылык ишиңиз өркүндөй берсин. 07781340ХХ.
ОП-84-110. Жыргалдуу замандын жылдыздуу, сулуу, патриот, күчтүү кызы Назгүл Насиевага эрктүү замандын эрке кызынан салам. Арзыш92.
ОП-84-111. Ильяз байке, сиз мага абдан жагасыз. Сиз менен жолугайын дедим эле, тилекке каршы, алыс жактамын. Сизге кааларым кең келечек, чыгармачылык ийгилик. Ар дайым бар болуңуз. Москвага качан келесиз? Күйөрманыңыз.
ОП-84-112. Таланттуу, патриот, кыргыздын эң сулуу жигити Чыңгыз Мырзаевге чоң салам. Булбулдай болгон үнүңүзгө көз тийбесин,сиздей жигиттер Кыргызстанда көбөйө берсин. Күйөрманыңыз.
ОП-84-113. Жаным Эрлан, мен сени сүйөм. Жаным, кызыңды, келинчегиңди жеңил ойлуу кыздарга алмашытрбачы?! Кийин кеч болуп калат, түшүнчү?! К.Ш.
ОП-84-114. Мен Назгүл Насиеваны кумир тутамын. Кудай буюрса кесибим андай даражага жетпесе да ошол инсандай күчтүү, сулуу, патриот болушту каалайм жана ошол максатыма жетемин. 07781340ХХ.
ОП-84-115. Чыңгыз Мырзаев, супер ырчы жигит турбайсыңбы? Сүйлөгөнүңдү айтпай эле коёюн. 07722644ХХ.
ОП-84-116. Айя, көп жүрөгүңдү оорутпай мени менен байланыш. Күтөм. Замир.
ОП-84-117. Амансыздарбы, замандаштар! Жараткан Теңирибиз ыйык Орозо айын пенделерине ырайым кылып бергендиги үчүн баарыбыз бирге ушу лайды урматташыбыз керек. ФАБС.
ОП-84-118. Бардык окурмандарга ысык салам. Өзгөчө Алайкуунун Коо-чатылыктарына. Айбек.
ОП-84-119. Тагдырымды тобокелге салайын,/ Тартпай артка татаал жакка барайын./ Тайгалансам жөлөп коёр махабат,/ Таш да болсо жүрөк гүлүн табайын. 07722644ХХ.
ОП-84-120. Оо, Кудай, неге мени жаратты экен, жакшы көргөн эжемди неге тарынттым экен? Эмне кылсам таарынычын жаза алам? Мен ал эжемди аябай жакшы көрөм. Мекуля.
ОП-84-121. "Обондун" көркүн ачкан досторума, окурмандарга, смсчилер Айгөлөк, Айзирек, Ангел-Асем, Бакай, Бактыгүл92, Мухит, Эркин Жана башка досторума супер салам. Өнөрүңөр өркүндөп, калемиңер курчуй берсин. Силерди жакшы көргөн досуңар Жанусь Роза.
ОП-84-122. БГУнун биринчи курсунда окуган досум Бегимай, сага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Бактылуу бол, сүйгөнүңө жет. Досуң Арзы92.
ОП-84-123. Бишкекте окуп жаткан досторум Бегимай, Бекинай, окууларыңарга ийгилик, өзүңөргө ден соолук каалайм. Силерди жакшы көрөм. Оштон досуңар Арзыш.
ОП-84-124. Продюсер Назгүл Насиевага арналат: Кара көзүңүз, ширин сөзүңүз,/ Мага жагасыз өзүңүз./ Чийилген сиздин кашыңыз,/ Кундуздай болгон чачыңыз. Назгүл эже, бактылуу болуң, айдай чырайыңыздан эч качан жылмаюу кетпесин. Сизди абдан жакшы көргөн күйөрманыңыз Арзыгүл.
ОП-84-125. Кара-Кулжалык Жылдыз, номериңди жоготуп алдым, мени менен байла
ОП-84-126. Назгүл эже, сиз жылдыздардын эң мыктысы, эң күчтүүсү, эң сулуусусуз. Күйөрманыңыз Назбийке.
ОП-84-127. "Обондун" мыкты смсчилери Нурмухаммед, Э.Дима, Бегимай92, Жаным, Эмма Гузел, Абдаш Али, сиздерге узак өмүр каалайм. Эгер мүмкүнчүлүгүңүздөр болсо байланышып же смс жазып коюңуздарчы, сураныч. Номерим: 0554543211. Сиздерди терең урматтап Айзирек.
ОП-84-128. Досум Фея, кандайсың? Жакшы жүрөсүңбү? Менин жок болгонумдун себеби, телефонумду жоготуп койгом. Мен да сени сагындым. Сени сыйлаган досуң Нуриза.
ОП-84-129. Э.Дима жаман акылдуу бала экен да. Чындап ишенгиле сөзүмө. Я…
ОП-84-130. Кыргыз элимдин Айт майрамы куттуу болсун! Беки.
ОП-84-131. Досум Ырысбекти өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктайм. Атыраудан досу.
ОП-84-132. Дина, туулган күнүң менен! Бактылуу болуп өмүр сүр. Э.Дима.
ОП-84-133. Мен кыргыз болуп Кыргызстанда жашаганыма жана кыргыз кызы деп аталганыма чексиз бактылуумун. Бактылуу кыз Оштон Кенже.
ОП-84-134. Жаным Таалай, сенин элесиң дайыма менин көз алдымда. Мага "мени күт, таштап кетпе" деп кайра-кайра айтып кеттиң. Сенин келишиңди чыдамсыздык менен күтөм. Сени сүйүп калганым үчүн эч качан өкүнбөйм. Менин жашоомо жаралган жалгыз адам сенсиң! Менин сезимдерим сага азгырылып калган. Көздөрүм сени гана издейт. Сени сагынган алтының Марал.
ОП-84-135. Бакыт деген эмне? Дүңгүрөгөн атакпы же болбосо манчыркаган мансаппы? Атагы жок, мансабы жок биз бактыбыздан кол жууп калдыкпы? Бакыт.
ОП-84-136. Салам Леди Гуличка, Сенден сураныч, Амангүлдү жайына койчу?! Ал кызды сен көрбөдүң да, билбейсиң. Амангүлдү жактырып калган Бека.
ОП-84-137. Алматыда иштеген досум Уланды 24-сентябрь туулган күнү менен куттуктайм. Улан, сага чың ден соолук, узун өмүр каалайм. Аяш менен бактылуу бол деп досуң.
ОП-84-138. Урматтуу Айя, сени таштап кеткенсип сүйүү жөнүндө лирикаларды жакшы жазат экенсиң, сүйүүгө жакын экенсиң. Эми сага кеңеш берейин: мындан ары сүйүүнү сүйбөй, сүйдүрүп алсаң. Э.Дима.
ОП-84-139. Айылда жашап жаткан жаныма салам. Сени сагындым. Сени сүйгөн жана урматтаган жаның Б…л.
ОП-84-140. Өзгөн районундагы Куршаб айылында жашап жаткан атам Калмамат, апам Минавар, силерди аябай сагындым. Силер менин эч нерсеге алмаштыргыс асыл адамдарымсыңар. Алматыдан кызыңар Бактыгүл.
ОП-84-141. "Бекжан" базарында иштеген Сырдуу жигит, атың ким? +770295647ХХ.
ОП-84-142. Өзгөн районунун Кремль айылында жашап жаткан Адилет укама салам. +770261800ХХ.
ОП-84-143. Өзгөн районунун Кызыл-Дыйкан айылындагы 89-жылкы Алиса эже, сиз менен дос болгум келет. Мая.
ОП-84-144. Эң мыкты акем Уланды 28-сентябрь келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Карындашы Эля92.
ОП-84-145. Азыркы жаш ырчылар, силер Айчүрөк Иманалиева, Саламат Садыкова, Омар, Нена, Гүлзинат, Жанеталарга окшоп чет элге Кыргызстанды качан таанытасыңар? Бирөөнү туурап ырдап коюш баарыбыздын эле колубуздан келет. Силерден сураныч, бирөөнү туурабай, көчүрбөй ырдагылачы?! Москвадан Кимбайке.
ОП-84-146. Мени тааныгандарга салам. Жылдыз Адеми.
ОП-84-147. Айт майрамыңар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ылайым Алла Тала силерден эч качан ырыскысын аябасын. "Обондун" эң популярдуу, кадырман смсчилеринин катарында жүрө бергиле. Урматым менен Гузель.
ОП-84-148. "Адеми" тобунун эң татынакай кыздары Айгерим, Назик, Гүлзина, Айзада, Эркингүл, Канышайга чоң салам жолдойм. Силер Нарын районунун Учкун айылынын супер сулууларысыңар. Жылдыз Адеми.
ОП-84-149. Намыз+Жылдыз=Love.
ОП-84-150. Жандай көргөн алтын мамам Венерага салам жолдойм. Бар болуңуз, оорубаңыз. 07777835ХХ.
ОП-84-151. №69 супер мектептин 8-"в" классына салам. Жакшы окугула. Классташыңар Таха.
ОП-84-152. Кандайсыңар смсчилер? Баарыңар бактылуу болгула. Силер менен таанышып, дос болгусу келген Толгонай-89.
ОП-84-153. Бек Борбиев супер жана легенда, лидер. Бекжан.
ОП-84-154. 204-цехтеги эжелерге чоң салам. Иштериңерге ийгилик, орозоңор кабыл болсун. 07737873ХХ.
ОП-84-155. Саламым алыскы Алабука районуна караштуу Падек айылындагы атам Абдыашымга, апам Гүлнарага, акем Бабаравшанга, инилерим Батырбек, Баямандарга салам жолдоп, айт майрамы менен куттуктайм. Ата, апа, биздин бактыбызга эч качан оорубаңыздар. Мен сиздерди аябай жкшы көрөм. Кызыңар.
ОП-84-156. Фея, сен суперсиң, ушунуңдан жазба. Досуң Элнура.
ОП-84-157. Ильяз Абдыразаковго арналат: Сен жылдыздын жылдызы,/ Ай-ааламдын нур уулу./ Сага арнап ыр жазган,/ Алабуканын бир кызы. Күйөрманың.
ОП-84-158. Элдияр, айт майрамың менен. Сага бакыт, ден соолук, түбөлүк сүйүү каалайм. 07727950ХХ.
ОП-84-159. Досторум Нури, Айту, айт майрамыңар менен. Силерге бакыт, ден соолук, түбөлүк сүйүү каалайм. Силерди жакшы көрөм. 07727950ХХ.
ОП-84-160. Оштуктарга жана Казакстанда жүргөн жигиттерге салам. Оштон Толгонай-89.
ОП-84-161. Алматынын "Кулагер" базарында иштеген эжем Гулипага жана Перизатка салам жолдойм. Соодаңар боло берсин. Чымкенттен сиңдиңер Гүлбурак.
ОП-84-162. Ильяз, биз сени абдан жакшы көрөбүз. Сенин ачык мүнөз, тамашакөй, адамгерчиликтүү, бой көтөрбөгөн, акылдуу жигит экениңди билем. Сага өмүр, бакты, ден соолук тилейм. Сага айтаарым, эң биринчиден сүйүүгө туруктуу болчу?! Сени сыйлап, урматтаган Мартышка.
ОП-84-163. Чалынып бул күндөрдөн чарчап турсаң,/ аккуу болуп сени карай күндө учсам./ Кысмакмын кучагымдан чыкпас кылып,/ Мени самап, мени гана сүйүп турсаң. Таалай, сени сүйүп, сагынып алтының Марал.
ОП-84-164. Менин саламым Нышанов (Манас) мектебинин 10-"б" классында окуган жакны курбум Элмирага жолдонот. Көп ойлоно бербегин. Сени сагынып курбуң Гүлбурак.
ОП-84-165. Надым шаарында иштеп жаткан акем Жыргалбекке салам жолдойм. Сизге ар дайым ден соолук, бакыт каалайм. Чымкенттен карындашңыз Элнура.
ОП-84-166. Леди Гуличка менен Амангүл, экөөңөрдүн кызыгы жок смсиңер "Обонго" толуп кетти. Алматыда болсоңор өзүңөр бетме-бет сүйлөшүп алгыла. Чымкенттен Э.Дима.
ОП-84-167. Леди Гуличка, "Обонго" оштуктар жазабы же жазбайбы сага айырмасы канча? Сен оштуктарга сөз тийгизип жинине тийбегин. Бөлүнгөндү бөрү жейт. Астанадан оштук кыз Фарида.
ОП-84-168. Жанусь Роза, абалыңа ченеп иш кыл. Жолуксам тытмакмын сени. Леди Гуличка.
ОП-84-169. Долондогу эне, биз да урушканга Орозо айын тандаптырбыз. Сиздей энебиз айтып жатса кантип урушабыз? Сизге бактылуу карылык! Леди Гуличка.
ОП-84-170. Айтыңыздар менен! Кудайым баарыбызга ыйман берсин! Бардык жандарга береке берсин! Жакшылык ар дайым баарыбызды курчап жүрсүн! Леди Гуличка.
ОП-84-171. Ош шаарында Кирпичныйда жашаган досторум Айданага, Гуляга жана жалпы кошуналарга салам жолдойм. Айдана, Гуля, окууңарга ийгилик каалайм. Силерди сагынып Чымкенттен досуңар Гүлбурак.
ОП-84-172. Э.Дима, анын баары тамаша, таарынба. Астанадан Гүлзина.
ОП-84-173. Амангүл эже, сиз суперсиз! Сизге эч ким жетпейт, бар болуңуз. Сиздей эжем барына мен сыймыктанам. +770274404ХХ.
ОП-84-174. Ошто окуп жаткан бөлөлөрүм Рысбек менен Авазбекке өзгөчө салам. Жакшы окугула. Силерди сагынып Чымкенттен бөлөңөр Перизат.
ОП-84-175. Назгүл Насиеванын күйөрмандары, алга! Мен силер менен! 07781340ХХ.
ОП-84-176. Салам алейкум кыргыз калкы! Кармаган орозоңор кабыл болсун. Бизге Аллах тынччылыгын берсин. Совет.
ОП-84-177. Менин корккон нерсем - жакын, өзүм жакшы көргөн адамдарымды капа кылып алуу. Ошондой эле алардын ишеничинен чыгып калуу эле. Ушул нерсе эми башыма түштү. "Баары жайында" дегени менен мени жек көрүп калды ал. Жараткан неге мени жалгыз кылып жаратты? Эгер менин да эжелерим болсо жакшы болмок эле.
ОП-84-178. Султан, мен да сага окшоп жалгыздыкка көнө албай катуу кыйналдым. 07722773ХХ.
ОП-84-179. Нарындын Учкун айылындагы Эшпай Токсобаев атындагы орто мектептин 11-"б" жана 11-"а" класстарына салам жолдойм. Ак жол силерге, классташтар! Таалайбекова Жылдыз.
ОП-84-180. Куса болом жаным сени сагынып,/ Ак сүйүүгө чексиз калдым багынып./ Көргүм келет Айдай тунук жүзүңдү,/ Ар убакта жан эркем деп кайрылып. Марал.
ОП-84-181. Жакты мага сүйлөгөнүң, күлгөнүң,/ Жакты мага бир мүнөздө жүргөнүң./ Сүйүп калдым аз убактын ичинде,/ Кечирип кой катуу тийсе сөздөрүм. Айзирек.
ОП-84-182. Баарыңардын айтыңар маарек болсун, замандаштар! Фея.
ОП-84-183. Каракулжалык Жылдыз, номериңди жоготуп алдым, мени менен байланышчы?! Айбек89.
ОП-84-184. Биздин вице-президент Жолоев Зайырбекке салам 05598888ХХ.
ОП-84-185. Бакытка балким жетээрмин, өзүңө бакыт тилөө менен өкүнүп балким өтөөрмүн. Сен сыяктуу өчөшүп, бактысыз болуп кетээрмин. Гули.
ОП-84-186. Кыргызымдын кыздары, ар-намыстуу бололучу?! Беш кол тең эмес деңизчи, бирок, намыссыз кыргыз кыздары тууралуу укканда зээниң ушунчалык кейийт. Менин пикириме кошулбагандарды да түшүнөм, бул менин жекече гана оюм. Жаратканым баарыбыздан ыйманын, жакшылыгын аябасын. Зуля.
ОП-84-187. Т.Адыранов мектебинин жалпы окуучуларына, өзгөчө 9-"а" классына салам. Мен баарыңарды жакшы көрөм. Айтаарым, ынтымактуу бололучу. Окуучулук кез кандай сонун! Бул дүйнөдө мындай кызык күн жок деп ойлойм. Ангелина.
ОП-84-188 . Кичинекей эркебиз, эрмегибиз, сүйүктүү инибиз Адилет, 28-сентябрь туулган күнүң менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Шириним, өмүрүң узун болуп, ата-энеңдин үмүтүн актаган, кыргыз элинин керегине жараган уулдардан бол. Мектепти "5ке" аяктап, ата-энебизди азыркыдай кубантып жүрө бер. Эжең Зуля.
ОП-84-189. 2005-жылы "Хит-парад" телеберүүсүнөн өзгөчө жүзү менен "Таластык кыз" деп ырдап чыккан жигит жүрөгүмдү арбап алган. Урматтуу Иманбеков Мирбек ага, бул дүйнө ушунчалык чоң жана кооз, жашоо деген керемет, бирок, сизчелик эмес, сизди адамдардын баары жакшы көрөт, бирок, менчелик эмес. "СССР".
ОП-84-190. Жаныш, мен сени сүйөм, суранам, бактым болчу?! А…а.
ОП-84-191. Жумгал районунун Кызарт айылына салам. Папам Исаков Марат, мамам Субанова Рыскүл, Айжана, Айдарга салам жолдойм. Бар болгула. Кызыңар Айзада.
ОП-84-192. Жаман адам көмүр сыяктуу. Сени кара көө кылат. Зуля.
ОП-84-193. Мирбек Иманбеков байке, сагынып күтүп сизди,/ Жүрөгүм эңсейт менин./ Түшүнчү махабаттын,/ Сагыныч сезимдерин. "СССР".
ОП-84-194. Амансыздарбы замандаштар? Жараткан теңирибиз Ыйык орозо айын пенделерине ырайым кылып бергендиги үчүн баарыбыз бирге ушул айды урматташыбыз керек. "ФАБС".
ОП-84-195. Урматтуу досум Айнусканын 28-сентябрь туулган күнү менен куттуктайм. Досу.
ОП-84-196. Кыргыз элим, жалпы мусулман калкы, баарыңыздардын айтыңыздар маарек болсун! Сиздерди урматтаган кызыздар Элмира.
ОП-84-197. Ноокаттагы У.Салиева мектебиме, мугалимдериме, Калия, Арзыкан, эжекелериме, классташтарыма, жандай жакын досторум Феруза, Гуля, Дамира, Асель, Макбуба, Жылдыз жана башкаларга сагынычтуу салам. Айтыңар маарек болсун. Оштон Алина.
ОП-84-198. Менин саламым алтындай болгон сиңдим Назирага жолдонот. Сага кааларым узун өмүр, чексиз бакыт. Окууларыңды жалаң "5ке" оку. Келечекте кыргыздын атын алыска жеткирген чыгаан кыздардан бол. Сени жакшы көргөн эжең Ангелина.
ОП-84-199. Айпери+Кайрат, Ильяз+Алина супер кыз-жигиттер! Д…а.
ОП-84-200. Каракулжадагы Б.Бегиевде окуп жаткан 11-"б" класстын кыздарына жана балдарына салам жолдойм. Э…э.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Шайтанга азгырылганыма азыр да өкүнөм"
2-бет
Ильяз Абдыразаков:
"Мени шайтан азгырганына азыр да өкүнөм"

3-бет
Үй-бүлөм - менин байлыгым
4-бет
Сема:
"Жубайымдын толуп кетпешин көзөмөлдөп турам"

5-бет
Кубанычбек Кадыров кол тийбестигинен ажырады
6-бет
Үлпөт тойдун чыгымы канча?
7-бет
Үлпөт тою дүйнө жүзүндө...
8-бет
Айтта артистерге
айылчылап...

9-бет
Сырттан үйгө киргенде эң биринчи эмне кыласыз?
10-бет
Цыгандарды коркуткан төлгөчү Гүлшайыр
11-бет
Эгер сиз ойгонооруңуз менен…
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Спорт
Роберто Баджо

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Айдин Шер
Махабат өмүр көркү











??.??