п»ї

Айдин Шер
Махабат өмүр көркү
Сөзү: Кудрет Тайчабаровдуку,
Обону: Эрнест Жоошевдики
Жолугуп махабаттын даамын татсаң,
Жүрөгүң үмүт кылат.
Жалгыздык кучагына азыр батсаң,
Жан шерик күтүп турат.
Кайырма:
Жүрөк үнү да жалгыз болбойт,
Сүйүп жүргөн адам алсыз болбойт.
Сезимдин оту куйкаласа,
Жалган дүйнө сага даамсыз болбойт.

Өмүрүң көрккө келет жолун улап,
Махабат жандап турса.
Сүйүүгө жүргүн дайым кол булгалап,
Тагдырың калчап турса.

Турмушуң сызык болот,
Ар кандай кызык болот.
Махабат коштоп турса,
өзүңдү алдабагын,
Тагдырды кармабагын,
Сүйүү келсе.

Махабат өмүр көркү.
Жүрөгүң сыздап ооруп жатса,
Чыдагын сен ансыз болбойт.

Омар
Жан тумарым
Сөзү: Кундуз Качкынбаеваныкы,
Обону: Ильяз Абдыразаковдуку
Арман күүсүн чалып,
Ак булутту жарып,
Келбес сапарга аттандың.
Жанбай өчтү жарык,
Жалында мен калып,
Жазганы бул жараткандын.
Ишене албай көпкө,
Ичим жалын өрткө,
Туталанып баратканмын.
Жашын көлдөй төккөн,
Жараланып чөккөн жан тумарым.
Кайырма:
Кайдасың сен асыл эркем,
Жүрөк жарып дүйнө салып,
Кете бердиң.
Кыйналдым мен сагынтып сен,
Дарманым жок жанымда жок,
Жашап келем.

Эки дүйнө изи кезиктирет бизди,
Элес болуп түштө гана.
Жашоо токтоп калды,
Айла табаар барбы,
Кайрып берээр ушул жанды.
Тагдыр жолум тайды,
Тушап мени алды,
Таалайыма тузак салды,
Ташбоор экен баары,
Талкалап салды.
Көңүл калды.

Купон менен арзан баада билет ал!

Эгерде сиз "Обон" гезитинен ушул купонду кыркып алып, Тарых музейинин кассасына алып барсаңыз "Жыйырманчы жаз" көркөм тасмасына 10% га арзандатылган билет аласыз!

Сурап билүү телефону: 0(705) 202-909




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Шайтанга азгырылганыма азыр да өкүнөм"
2-бет
Ильяз Абдыразаков:
"Мени шайтан азгырганына азыр да өкүнөм"

3-бет
Үй-бүлөм - менин байлыгым
4-бет
Сема:
"Жубайымдын толуп кетпешин көзөмөлдөп турам"

5-бет
Кубанычбек Кадыров кол тийбестигинен ажырады
6-бет
Үлпөт тойдун чыгымы канча?
7-бет
Үлпөт тою дүйнө жүзүндө...
8-бет
Айтта артистерге
айылчылап...

9-бет
Сырттан үйгө киргенде эң биринчи эмне кыласыз?
10-бет
Цыгандарды коркуткан төлгөчү Гүлшайыр
11-бет
Эгер сиз ойгонооруңуз менен…
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Спорт
Роберто Баджо

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Айдин Шер
Махабат өмүр көркү











??.??