п»ї

  кумир менен баарлашуу

Ильяз Абдыразаков:
"Мени шайтан азгырганына азыр да өкүнөм"
Ырчылар менен окурмандарга көпүрө болгон "Кумир менен баарлашуу" рубрикасына ырчы, аранжировщик Ильяз Абдыразаков келип, күйөрмандары менен кызуу баарлашты. Ырчынын талантын баалаган фанаттардын арасында атайын Ысык-Көл абластынан келген кыздар да болду.


Ильяз: "Бейишке кетсем жакшы болмок"
Гүлжан:
- Ильяз байке, концертиңизде кандай жаңылыктар болот?
- Чынын айтсам, башка концерттерден айырмаланып төө минип, асмандан учуп түшөм же болбосо боюм менен тең жылан ороп чыгам дегендей сыйкырлар деле болбойт. Болгону күйөрмандарга отчёт катары жаңы чыгармаларымды арнайм. Казакстандан коноктор келип, сахна жасалгасы өзгөчө даярдалганы менен өзгөчөлөнөт.
- Акчаңыз жок болуп калганда бирөөдөн акча сурагандан намыстанбайсызбы?
- Акчам жок болсо кекиртекти тыйып кукси жейм. Жашоодо аласа- береселер көп эле болот. Көбүнчө мен бирөөдөн эмес, менден акча сурашат. Азыркы учурда тааныштардан алалбай жүргөн аласа акчаларым көп. Атын айтпай эле коёюн, бирөө эки жыл мурун менден карыз алып кеткен. Ошол бойдон бербей жүрөт. Балким гезиттен окуп өзү билип алып келээр.
- Сизди кимдир-бирөөлөр уурдап кетсе эмне кыласыз?
- Биринчи кайсыл жакка уурдап кетишет болду экен? Эгерде бейиш жерге уурдап кетсе жакшы болот эле. Мен да кээде кыялданып олтуруп, бийик тоолор менен курчалган жашыл шиберлүү жайлоого кетип калгым кетет.

Ильяз: "Ош базарда нан саткандан уялбайм"
Жаңыл:
- Эмнеге ата-энеңиз жөнүндө көп сөз кылбайсыз?
- Анда азыр сөз кылып берейин. Атам менен апам экөө тең музыканттар. Ошон үчүн мен да музыканы тандасам керек.
"Ата-энем жөнүндө сөз болсун, алардын да атагын чыгарайын" деп артист болуп кеткем. Биздин үй-бүлөдө жердигине кароо деген жок. Анткени апам түндүктөн, атам түштүктөн болот. Ошко караганда Нарында жашаган таякелеримдикине көп барам. Анткени тоого чыгып, булактын суусун ичип, арыктан суу жыгып келип, огород сугарганда кадимкидей эргүү алам.
- "Ош базарда бир күн кечке нан сатсаң 1000 доллар берем" десе макул болосузбу?
- Мм... Эгерде мага күйөрмандарым жардам берсе балким сатып көрмөкмүн. Анын эмнеси уят болмок эле. Ош базарда нан саткандар деле биздей адамдар да.
- Жаңы үй сатып алдым дедиңиз эле. Көчүп бардыңызбы?
- Ооба. Буга чейин досторум менен батирде жашачумун. Азыр жаңы үйүмө көчүп бардым. Өзүңдүн үйүң баарыбир башкача болот экен. Азыр терезе пардаларды тагып, кичине оокат алып койгом. Негизи мен башка бирөөнүн мончосуна түшкөндү жаман көрөм. Эми мончого барып кыйналбай жаңы үйүмдүн душуна каалашымча түшүүдөмүн.


Иляз: "Операция болсом аранжировкам эмне болот?"
Бегайым:
- Оорунун азабын тартып көрдүңүз беле?
- Менин ашказаным көп ооруйт. Ошого карабай тамактарды тандабай жей берем. Бир жолу "сокур ичеги болгон окшойсуң. Операция жасатыш керек" деп үйдөгүлөр мени болбой ооруканага алып барышкан. Жолдо кетип баратып "Ий, операция болсом жаңы аранжировкам токтоп калабы?" деп ойлонуп коём. Барсак "жөн гана суук тийген" деп кайра кетирип жиберген. Анан сүйүнгөнүмдү сурабагыла...

Ильяз: "Күйөрман кыздардын жигиттеринен корком"
Салия:
- "Ильяздын өзүнүн үнү жок. Компьютер менен жасап коёт экен" деген чынбы?
-Негизи мага айтылган туура сындарды жакшы кабыл алам. Эми буга кандай деп жооп берсем экен? Текстти деле компьютердин жардамы менен терип жатпайбызбы? Ошол сыяктуу эле аранжировкаларды компьютер менен жасайм. Үн жагын алганда ар бир адамда үн болот. Болгону аны жакшы тарбиялап багыш керек деп ойлойм.
- Күйөрман кыздардын жигиттеринен коркпойсузбу?
- Алар мени сабап кетет деп эмес, жакшы мамиледе кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндөр мен үчүн урушуп кетпесе экен деп корком. Анткени кыздар концертке келгенде жакшы көргөн ырчысы катары сүрөткө тартып жатса, жигиттери кызганып мени жаман көрүшөт. Ошондуктан жигиттерге жөн жерден жаман көрүнгөндөн корком.


Ильяз: "Чынгыз Мырзаев менен мушташмакмын"
Жылдыз:
- Сизди шайтан азгырды беле?
- Ооба. Болгондо да катуу азгырган. Ата-энемдин сөзүн укпай, мектептеги окуумду таштап гастролго кетип калганмын. Мектепти аяктабай эрте таштаганыма алигече өкүнөм. Кээде жатып алып ыйлайм. Азыр деле кудайга шүгүр го, бирок ар нерсенин өз убагында болгону жакшы экен. Шайтан азгырган үчүн ушундай жолго барып, тамекини да 6-классымда чегип көргөм. Бирок менин жашоомдо арак чоң таасир бергендиктен, ичкен жокмун. Кудай бизди жаман нерселерден жана шайтан-шабырдан сактасын.
- Ырчылар арасында мелдеш жүрсө, ким менен мушташат элеңиз?
- Мм... Чынгыз Мырзаев менен мушташмакмын. Анын бою узун, меники кыска болуп экөөбүздүн ортобузда сонун мушташ жүрмөк болуш керек. Элестетсеңер, кыска Ильяз узун Чынгызды көтөрүп жыгып жатканын.


Ильяз: "Телефондон бир кызга жалдырагам"
Гүлзина:
- Сага кайсы кесип жакпайт?
- Мен милиция болбой калганыма сүйүнөм. Себеби милиционерлерди жаман көрөм. Жакшы сөз жан эргитет дегендей, алар адамдарды сүйүнтүштүн ордуна уруштурушат го. Ошондуктан артисттин эле жашоосуна туш болгонума ыраазы боло берем.
- Кимдир-бирөөгө жалдырап көрдүң беле?
- Кудай жалдыратпасын деңизчи, жалдыраган учурлар көбүнчө клип тартуу учурунда болот. Бир жолу клипке тартылып жаткан башкы каарман кыз "Бүгүн менин ишим чыгып калды" деп телефон чалып келбей калганын айтканда "Клиптин аягына чейин тартылып койчу?"деп жалдырагам.


Ильяз: "үлпөт той берип үйлөнөм"
Гульбана:
- Кыздардын жердигине карайсыңбы же?..
- Мен бала кезимден бери эле жөнөкөй, ыймандуу кызга үйлөнөм деп тилеп келем. Шаардык же айылдык кыз экени кызыктырбайт. Башында айткандай шайтан азгырып чоң сүйүүгө кабылсам жердигине да карабайм. Тоюмдун бардык чыгымын өзүм көтөрүп, свадьба менен үйлөнгүм келет.
- Сага арналган смстерди окуйсуңбу? "Ильяз мага чалып койчу?"деген номерлерге чалып көрдүң беле?
- Гезиттерге чыккан смстерди окуп турам. Арасында мага арналгандары болсо сүйүнүп дегендей. Албетте жакшы сөздөр кадимкидей стимул берет. Бир жолу бир кыз мага арнап укмуш кылып кат жазыптыр. Анан "чалсам эмне дейт болду экен?"деп "Алло, бул мен Ильяз..."деп баштасам эле "башты оорутпачы, сен Ильяз эмессиң?" деп трубканы коюп койгон. Менден мурда башкалар "Ильязмын" деп тажаткан окшойт. "Кудай жалгасын" деп мен дагы кайра чалган жокмун.

Айнура Касымова
Бакыт Такаиров







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Шайтанга азгырылганыма азыр да өкүнөм"
2-бет
Ильяз Абдыразаков:
"Мени шайтан азгырганына азыр да өкүнөм"

3-бет
Үй-бүлөм - менин байлыгым
4-бет
Сема:
"Жубайымдын толуп кетпешин көзөмөлдөп турам"

5-бет
Кубанычбек Кадыров кол тийбестигинен ажырады
6-бет
Үлпөт тойдун чыгымы канча?
7-бет
Үлпөт тою дүйнө жүзүндө...
8-бет
Айтта артистерге
айылчылап...

9-бет
Сырттан үйгө киргенде эң биринчи эмне кыласыз?
10-бет
Цыгандарды коркуткан төлгөчү Гүлшайыр
11-бет
Эгер сиз ойгонооруңуз менен…
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Спорт
Роберто Баджо

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Айдин Шер
Махабат өмүр көркү











??.??