п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Үй-бүлөм - менин байлыгым

"МАМ-МАМ-МАРИЯГА" ШОРТИГИ ЧОЮЛГАНЧА БИЙЛЕГЕН Съездбек Искеналиев
Бул жолу ырчы Съездбек Искеналиевдин бир туугандары жана апасы көкүрөк күчүгү тууралуу айтып беришти.

Акматова Турдубүбү, апасы:
"Кыздардын көйнөгүн кийгизип койчумун"
- Мен он бир бала таптым. Съезд онунчу балам. 1980-жылы 2-августта Кочкор районундагы төрөтканадан күндүзгү саат төрттөн өткөндө жарыкка келген. Тили чыгып-чыга элек кезинде эле "мен байкушта бай болгону бий жүйөк, эгей болсо менин эки жүйөгүм, бийин сага бейей элем…"-деп эле ырдап басып жүрчү. Жашы беш-алтыдан өткөнчө "р" тамгасына тили келчү эмес. Жакшынакай бала болчу. Курсагы желдеп, суук тийип калбасын деп кыздардын көйнөгүн кийгизип койчумун. Съезд он биринчи болуп төрөлгөн да. Андан

мурунку баламда баатыр эне болуп, алтын медаль алгам. Анан Съезддин сүннөт тоюн берип жатканыбызда ошо онунчу балам сууга агып кетип чарчап калган. Ошондон кийин Съездди сак-сактап эле көзүн карап калдык. Тим эле эрке болуп чоңойду. Эс тартып калганда "сен үйдүн кенжесисиң. Ушул там-таштын ээси сенсиң. Мени сен багып каласың" дечүмүн. Бир жолу жайлоого таежесиникине жиберсем, бети-башы, эрди тамтыгы жок кесилип жетип келиптир. Жүдөгөн. Тоодо мал карап, айылга жашаганга баламдын шыгы жок экенин ошондо баамдагам.

Искеналиева Элмира, эжеси:
"Шортасы чоюлуп калганча бийлеген"
- Кичине кезинде чачы типтик болуп өсчү да. Кайра-кайра чачын сылап эле колу башынан түшчү эмес. Төрт жашында менин үйүмө конокко келген. Анда мен турмуш куруп, очор-бачар болуп калган чагым. Жанагы "Мам-мам-мария" деген ыр бар го. Ошол музыканы коюп койсок, кийимдерин чойгулап кечке "тытып" бийледи. Кечинде карасак, кийип жүргөн шортасы шалбырап чоюлуп калыптыр.

Искеналиева Гулира эжеси:
"Ыңаалаганы ырдагандай болчу"
- Ал төрөлгөндө атабыз терисине батпай сүйүнгөн.Ошондо эле инимдин ыйлаган үнү башка балдардыкынан өзгөчө болчу. Анын ыңаалаганы ырдагандай, обон салгандай сезилчү. Мектепте окуп жүргөн кезинде өзүнө, кийимине жакшы карачу. Бешинчи класста окуп жүргөнүндө бир майрамда бийлеп чыга турган номери бар экен. Өжөрлөнүп атып апамдын бейкасам матасын сурап алып, кайра аны түнү менен тиктиртип, эртеси өзбекче бий бийлеп чыккан. Өзү эң кичүүбүз. Бирок, бир туугандардын башын кошуп, "ынтымактуу, биримдиктүү бололу" деп турат. Ак көңүл, назик, жумшак, боорукер болгону менен чыдамкай, туруктуу, тыкан сапаттары бар. Кыялына төп келтирип, ачык түстө кийингенди жактырат.

Искеналиева Бурул, эжеси:
"Съезд мага кайни болуп…"
- Съезд кичинекейинде биз кыңылдап жүргөн ырларды үч-төрт жолу укканда жаттап алып, кайра ырдап берчү.Тентектиги жок, ыйлабаган, тынч бала эле. Үйдүн бурчуна чүкөлөрүн , кыздардын идиш-аяк оюнчуктарын тыпыйтып тизип алып ойной турган адаты бар болчу. Биз, кыздары, апам менен сырдашып олтуруп калсак, жаныбыздан чыкчу эмес. Кокус бизден капаланып, кайгылуу окуя жөнүндө сүйлөшкөнүбүздү укса, кошо ыйлап-сыктап коюп уга берчү. Мүнөзү кыздыкындай болчу да. Өңү да кызга окшош болгондуктан, үйгө келген коноктор "ананайын, жакшынакай кыз экен"- деп жакшы көрүп калышчу. Бир жолу Съезд шаарга келди. Тогуз жашта болчу. Мен үйгө ремонт кылып жаткам. Тамак жасаганга убактым жетпегендиктен, Съезд тамак жасайт, экөөбүз тамактанабыз. Орусча билбесе да "дай хлеб" деген сөздү жаттап алып, эшикке чыгып жыйырма тыйынга нан сатып келет. Ошо жылы мен институтту жаңы бүтүп, турмушка чыга элек болчумун. Бир жигит жанымды койбой ээрчип жүрдү. Айлам кетип, Съездге: "сен мага кайнинин ролун аткарып бер"- дедим. "Кантип?" дейт. "Ал келгенде жеңелеп эле сүйлөй бер" дедим. Айткандай эле баягы жигит келди. Иним "жеңе, эмне кылайын? Жеңе, тигини кылайынбы?" деп, тыпылдап кайни боло калды. Тиги таң калып көпкө карап турду да басып кетти. Андан кийин кайрылып келген жок. Ошентип, инимдин жардамы менен бир баш оорудан кутулгам.

Жаркынай, жубайы:
"Съезд экөөбүз бир күндө, бир саатта төрөлгөнбүз"
- Кызыбыз Даткайым төрөлгөндө үйдү жаңы сатып алып, ремонттотуп жатканбыз. Мен усталарга тамак жасайм, кир жууйм, баланы караганга убактым жетпейт. Ошондо мага жолдошум жардамга келчү. Бир күнү "Жанна, мунуң сийип койду"-деди. "Сен которуп койчу, менин колум муздак"- десем, "дагы эмне кылайын?"-деп какшыктай тамашалады. Кийин кантип көнүп кеткенин өзү да билбей калды окшойт.
Жаңы үйлөнгөн кезибизде бир кыздан кат келген. "Ошол эженин ордуна сиздин аялыңыз мен болуп калсам кана?!"-деп арман кылыптыр. Ал өңдүү сезимин билдирген каттар, же күйөрмандарынан ар кандай белектер көп болот деңизчи. Мен анын баарын боло турган нерсе, мыйзам ченемдүү көрүнүш деп түшүнөм. Каттардын, белектердин бирин да жоготпой сактайм. Анткени алар Съезддин архиви. Кийин биз улгайган кезде табылгыс эстелик болот. Мага көңүл бурганы жөнүндө айтсам, майрам күндөрү көбүнчө концерттен бошобогондуктан, мени алдын-ала куттуктайт. Мен гүлдөрдү ушунча жакшы көрөм. Атайын алган букет гүл эмес, жерде өсүп турган кичинекей байчечек, кызгалдакты үзүп берсе да сүйүнүп калам. Жан дүйнөм чыгармачылыкка жакын. Съездбек экөөбүз бир күндө, бир саатта туулганбыз. Ал төрттөн эки мүнөт өткөндө, мен төрттөн төрт же алты мүнөт өткөндө курсактан чыгыптырбыз. Бирок, айырмабыз алты жаш.




Съездбек :
"Таенемдин сүзмөсүн жарып…"
- Мен бала кезимде эң эле эрке болгом. Ошондон уламбы, азыр бирөө мени ашыкча эркелетсе, жиним келип кетет.Өзүм эркелеткенди жакшы көрөм. Чектен ашып кичи пейил боло берүү да жакпайт. Бой көтөрүү туура эмес, бирок, өзүңдүн ордуңду билип жүрсөң, байкоосуз шагыңды бирөөгө сындыртып алуудан алыс болосуң. Жакшы менен жамандын айырмасын биле элек балалык кез кандай сонун. Ошол кездеги баео бир окуяны эстеп жатам. Күн чыгып калыптыр. Мен уйкулуу көздөрүмдүн бирин ачып, бирин жумуп жуунганга келдим. Эки көзүмдү ушалаа-ап, жүлжүйүп турсам дал маңдайымда таенем жаңы куюп койгон сүзмө ача баканда илинип туруптур. Тим эле тарсаят. Тамчылары тыпылдап тамып жатыптыр. Ошол тысырайган сүзмөнү жаргым келип, колум кычышып кетсе болобу. Эки жагымды карап, акырын басып барып устараны алып келдим. Буйдамга келтирбей тилип жиберсем, сүзмө "шалп" этип жерге жайылып жатып калды. Таенеме " мышык тытып кетиптир"-деп, каратып туруп калп айтып салдым.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Шайтанга азгырылганыма азыр да өкүнөм"
2-бет
Ильяз Абдыразаков:
"Мени шайтан азгырганына азыр да өкүнөм"

3-бет
Үй-бүлөм - менин байлыгым
4-бет
Сема:
"Жубайымдын толуп кетпешин көзөмөлдөп турам"

5-бет
Кубанычбек Кадыров кол тийбестигинен ажырады
6-бет
Үлпөт тойдун чыгымы канча?
7-бет
Үлпөт тою дүйнө жүзүндө...
8-бет
Айтта артистерге
айылчылап...

9-бет
Сырттан үйгө киргенде эң биринчи эмне кыласыз?
10-бет
Цыгандарды коркуткан төлгөчү Гүлшайыр
11-бет
Эгер сиз ойгонооруңуз менен…
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Спорт
Роберто Баджо

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Айдин Шер
Махабат өмүр көркү











??.??