п»ї

  Сырмаек

Сема:
"Жубайымдын толуп кетпешин көзөмөлдөп турам"
Жаш ырчылардын көч башында тургандардын бири ырчы Семанын акыркы жаңылыктары, жеке жашоосу тууралуу чакан маек назарыңыздарда.

- Сема, жылдыздардын арасынан көптөн бери көрүнбөй калдың. Эмне менен алек болуп, кайда жүрдүң?
- Көрүнбөй калганым туура. Анын себеби үч ай бою Россияны кыдырып жүрдүм.
- Гастроль мененби же башка иштер мененби?
- Бир ок менен эки эмес, бир топ коён атып келдим десем болот. Концерт да койдук, өзүмдүн жеке иштеримди да бүтүрүп келдим. Тактап айтканда, Россияга "Энесай" деген продюсердик борбор ачуу жөнүндө диаспоралар менен сүйлөшүүлөр болду. Андан тышкары жеке өзүм бир коммерция баштаганы жатам. Азыр Кыргызстан кийим тигүү боюнча алдыга чыгып баратпайбы. Баштап жаткан ишим ушуга байланыштуу.
- Үч ай Россияда жүрсөң үй-бүлөң бул жакта калдыбы же алып кеттиң беле?
- Алып кеткен эмесмин, келинчегим эки балам менен үйдө эле калган болчу.
- Сени күйөрмандарыңдын көпчүлүгү бойдок деп билишсе керек. Айрым ырчылардай болуп сен деле үй-бүлөңдү жашырып жүрчү белең?
- Эмнеге жашырмак элем? Үй-бүлөм бар туруп "жок" деп айтканга менин акым жок. Мен үчүн чыгармачылыктан да үй-бүлө биринчи орунда турат. Татынакай келинчегим Чолпон, кызым Аяна, уулум Байэл - булар менин эч нерсеге алмашкыс бактым. Анан кантип жашырайын? Болгону жеке жашоомду чыгармачылыгыма аралаштырганды көп жактыра бербейм.
- Чолпон экөөң кайдан табышып калдыңар эле?
- Мен анда жыйырма жаштагы бала болчумун. Кафеде ырдап иштейм. Бир күнү топ кыздар келип, өздөрүнчө бир жакшылыкты белгилеп отуруп калышты. Кыздарды кыя өтпөгөн мезгилим да, адатымча аларга көз жүгүртсөм, баары пиво ичип жатышат, арасынан бирөөсү эле чай ичип, курбулары бийлесе ал бийлебей өзүнчө эле отурат. Ыймандуу, жакшы кыз экенине көзүм жетип, дароо барып тааныштым. Телефонун алып, эртеси чалып жолугушууга чакырсам, ал да каршы болгон жок. Ошентип жолугушууларыбыз жолугушууга уланып, ортодо сүйүү тутанып дегендей, а сүйүүбүздүн аягы баш кошууга алып келди. Мен жар тандоо жагынан жаңылган эмес экенмин, Чолпон жоош, бир сырдуу, сулуу, келбеттүү, эң негизгиси, мыкты жар, мыкты эне. Нарындын кызы. Мен ага койгон негизги талаптарымдын бири - толуп кетпей, келбетин ушул калыбында сактоо. Бул жагын өзүм көзөмөлдөп турам. Айткандай эле аны көргөн адам эки бала төрөгөн деп ойлобойт.
- Үй-бүлөлүк турмушуңарда түндүк-түштүк маселеси роль ойнойбу?
- Жок, эч кандай мааниси жок. Каяктан болсо да эң негизгиси ал менин табитимдеги, менин көңүлүмдөгү аял. Албетте, кээде тамаша иретинде бул боюнча сөз болуп кетет, аны да мен баштайм. Андай учурда Чолпон акырын гана жылмайып коёт. Бирок анын жылмаюусунда өзүн басынткандык сезилип турат. Ушул нерсе эле мага сабак болот.
- Ырчылардын турмушу баарыбызга эле маалым. Эрте кетип, кеч келген күндөрүңөр көп болсо керек. Ушундай учурларды келинчегиң кандай кабылдайт?
- Туура түшүнөт. Экөөбүздүн ортобузда ишеним чоң. Ошондуктан түнкү саат экиде келемби, үчтө келемби, бир калыпта тосуп алат.
- Балдарың кимге окшош?
- Аяна 4 жашта, Байэл эки жарым жашта. Экөө тең менин көчүрмөм. Айрыкча уулумдан мен дал эле өзүмдү көрөм. Ушундай да окшоштук болот экен деп бир чети таң калам. Экөө тең музыкага жакын. Ырдачу жерден ырдап, бийлечү жерден бийлеп коюшат.
- Үй иштеринде келинчегиңе жардам бересиңби?
- Биз үй-бүлөдө жалаң эркектер болгонубуз менен апам бизди ашканага аралаштырчу эмес. Ошондуктанбы, азыр да ашканага такыр кирбейм. Ашкана кайсы бөлмө экенин билем, андан аркысын билбейм. Чолпон балдар менен айылга кеткен болчу, ишенсең кечээ кумшекердин кайда тураарын билбей койдум. Оштун жигиттери ашканага жакын болот деп коюшат го, бирок, менде андай нерсе жок. Менин оюмча, ар ким өз жумушун билгени жакшы. Бизде ошондой. Чолпон болсо тескерисинче, ушул убакка чейин кайсы азык кайсы жерде сатылаарын билбейт.

Нуриса Баялиева




  Жаңы ысым

Лутфилла:"атымды өзгөртүүнүн кажети жок"
Жаңы чыгып келаткан ырчылардын бири "Ленин Пик" эстрада тобунун жетекчиси Лутфилла Бусурманкул уулу. 1985-жылы 16-июлда
Чоң-Алай районунун Жайылма айылында төрөлгөн. Ош Мамлекеттик Университетинин искусство факультетинин эстрада бөлүмүн аяктаган.

- Лутфилла, калың элдин алдына кандайча чыгып калдың?
- 2004-жылы биринчи жолу ЭлТР коомдук телеканалындагы "Кумар шоу" көрсөтүүсүнө тартылып, "Аллах" аттуу ырымды ырдап чыккам. Чыгармачылыгыма бир жагынан аталган көрсөтүү стимул болсо, экинчиден ал ырымды эл жакшы кабыл алды. Ырларды тандоодо көбүнчө элдик ырларга басым коём. Анткени азыркы чыгып жаткан эстрадалык ырлардын келечеги жок деп ойлойм. Кандай гана ырлар жаралбасын, элдин жүрөгүнө баары бир элдик ырлар жагат эмеспи.
- Чыгармачылыктагы устатың катары кимдерден сабак алдың?
- Чынында мага Гүлшайыр Садыбакасова, Эмил Балтагулов көп жардам беришип, кеңештерин аяшкан жок. Алардын кылган жакшылыктарынын аркасында көп ийгиликтерге жетиштим. Чоң сахнага чыгып, эл аралап ырдап, "Ленин Пик" эстрадалык топ ачканыма да Эмил Балтагулов чоң түрткү болду.
- Ал эмне болгон эстрадалык топ?
- Мен сахнага чыгуу үчүн көп кыйынчылыктарды башымдан өткөрдүм. Анан мендей болуп кыйналган жаш таланттарга жардам берүү максатында 2008-жылы 16-июль өзүмдүн туулган күнүмдө "Линин Пик" эстрадалык тобун ачкам. Алгач топко бир нече балдар-кыздар келишкен. Бирок жаңы топ болгондуктан акчадан бир аз кыйналып, мүнөзүбүз да келишпей койду. Ошентип олтуруп азыр иргелген балдардан Кубат Мурзакулов, Алтынбек Ормотоевдер топтун курамында калышты.
- Өзүңө тиешелүү ырларың болсо керек?
- Өзүмө таандык 13 ырым бар. Анын ичинен "Сырдуу кат", "Ата энем", "Чоң-Алай" деген аталыштагы чыгармаларды эл алдында аткарып жүрөбүз. Агаларыбыз Исрадин Аманбаев, Ибрагим Жунусов, Асылбек Өзүбеков жана Эмил Балтагуловдордун ырларын ырдайбыз. Жакында "Эненин арманы" аттуу дастан түрүндөгү жаңы ыр жаздым. Кудай буюрса сценарийи түзүлүп калды, клип тартайын деп камданып жүрөм.
- Башкалардан өзгөчөлөнгөн ысымың бар экен. Сахнага псевдоним менен чыгайын деген оюң барбы?
- Лутфилла - "Бүт аалам Алланы сүйөт" дегенди билдирет. Куран китептен алып чоң энемдер койгон экен. Жаңы сахнага чыкканда "атымды өзгөртсөмбү?" деп ырчы агаларымдан сурасам "Азан чакырып койгон атыңды өзгөртпөй эле кой. Өзүңдүн өзгөчө ысымың менен эле чык" деп кеңеш беришкен. Ойлоп көрсөм атымды өзгөртүүнүн деле кажети жок экен. Куудул Талант Анарбаев мени Люпиш дей берип, азыр досторумдун баарына Люпиш болуп калгам.
- Кандай максаттарды ишке ашырайын деп жатасың?
- Азыр Кытайда боло турган кыргыз ырларынын сынагына чоң даярдык көрүүдөмүн. Бул сынакка чакыруу алгандан бери бир орунга тура албай, жүрөгүм жарылчудай сүйүнүп жатам. Анткени бир топ эстрада ырчыларынын арасынан мени тандаганы мен үчүн чоң сыймык болду. Кудай буюрса, Кытайга барып келгенден кийин жаңы клиптердин үстүндө иштейбиз.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Шайтанга азгырылганыма азыр да өкүнөм"
2-бет
Ильяз Абдыразаков:
"Мени шайтан азгырганына азыр да өкүнөм"

3-бет
Үй-бүлөм - менин байлыгым
4-бет
Сема:
"Жубайымдын толуп кетпешин көзөмөлдөп турам"

5-бет
Кубанычбек Кадыров кол тийбестигинен ажырады
6-бет
Үлпөт тойдун чыгымы канча?
7-бет
Үлпөт тою дүйнө жүзүндө...
8-бет
Айтта артистерге
айылчылап...

9-бет
Сырттан үйгө киргенде эң биринчи эмне кыласыз?
10-бет
Цыгандарды коркуткан төлгөчү Гүлшайыр
11-бет
Эгер сиз ойгонооруңуз менен…
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Спорт
Роберто Баджо

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Айдин Шер
Махабат өмүр көркү











??.??