п»ї

  үлпөт

Үлпөт тойдун чыгымы канча?

Күз мезгилинде үлпөт тойлор башталып, бир топ жаштар жаңы жашоо башташат. Убакыттын өтүшү менен үйлөнүү той да кымбат шаан-шөкөттөрдүн катарына кирүүдө. Болочоктогу колуктуларга, жаш жубайларга жардам болсун деген ниетте үлпөт тойуна канча чыгым кетээрин изилдеп, бааларын тактап чыктык.


Үлпөт көйнөк
Сатып алуу 7000 сомдон - 39000 сомго чейин болсо, убактылуу прокатка алганга 8000 миң сомдон - 15000 сомго чейин.
Көйнөккө тагылуучу фата - 150 сомдон 6000 сомго чейин. Кол кап 350 сомдон 900 сомго чейин, ал эми көйнөккө ылайыкталган жасалгалар 500 сомдон 7000 сомго чейин. Көйнөккө жарашыктуу бут кийимдердин баасы - 350 сомдон жогору карай. Көйнөктү ижарага алгандарга айрым дүкөндөрдө жасалгалары, гүлдөрү, фатаны атайын арзандатылган баада беришет.

Нике шакек
Нике шакектин алтындан жасалгандары көлөмүнө, салмагына жараша болот. Орточо жоондуктагы шакектердин бирөө 2000 сом, түгөйү менен 4000 сомго алууга болот. Ичке шакектердин бирөө 1000 сом, түгөйү менен 200 сом турат. Нике шакектердин ичине жубайлардын аттарын жаздырыш үчүн атайын чеберлердин кызматына кайрылуу керек. Даяр сатып барган шакекке атыңызды жаздырууга 700 сомдон 1000 сомго чейин акча төлөйсүз.

Лимузин
Лимузиндин жалдаш үчүн бир-бир жарым ай мурун кезекке туруш керек. Жөн эле шаардын ичин кыдырып чыкканга бир саатына 150 доллар акы алышат. Ал эми шаардын четине чыга турган болсоңуз, ар бир километрине 1 доллардан төлөйсүз. Лимузинди эгерде айдоочу өзү кооздой турган болсо 500 сомдон 800 сомго чейин акча алат. Ал эми атайын унааларды кооздой турган фирмалардын кызматынан пайдалангыңыз келсе 3000 сомдон 8000 сомго чейин акча төлөйсүз.

Гүл
Эгерде гүлдү көйнөк менен алсаңыз 300 сомдон 700 сомго чейин алууга мүмкүн. Ал эми жандуу гүлдөр менен букет жасаткыңыз келсе бир тал розаны 50 сомдон сатып алып, жасаткан эмгегине 200 сом төлөш керек. Адатта бир букетти 9 тал роза менен жасашат. Ошондо жандуу бир букет гүлдүн баасы 650 сомдон жогору.

Сүрөтчү
Тойго сүрөтчү жалдаш үчүн бир күн кечке иштешип 2000 сом акча алышат. Ал эми операторлор сапаты мыкты кымбат-баадагы камералар менен тартышса 4000 сом акы алышат, ал эми катардагы камералар менен тарткандар 2000 сом төлөп берүү керек.

Көгүчкөндөр
Жаштардын көбү эркиндиктин символу болгон көгүчкөндү колго алып асманга учургандан ырахат алышат эмеспи. Көгүчкөндөрдү асманга учуруш үчүн бирөөсүн 500 сомго, экөөнү 1000 сомго сатып аласыз.




Үйлөнүү тоюндагы ырым-жырымдар

Той болоор күнү жаан же кар жааса бакытка алып келет.

Тойдон кийин күйөөсү колуктусун колуна көтөрүп киргени оң, колуктуну колго көтөрүп, бардык жаман нерселерден сактай алат.

Үйдүн же ЗАГСтын босогосун түгөйлөрдүн кимиси биринчи аттаса, кийин үй-бүлөдө ошол башчы болот.

Келечекте үйдө көп уруш- талаш болбош үчүн колукту күйөөсүнүн үйүнө кирээрде айнек табак сындырып, экөө жердеги табактын сыныктарын аттап өтүшөт.

Эгерде колукту өзүнүн артынан эжеси же сиңидиси турмушка чыгуусун кааласа, чыгып бара жатканда дасторкондун учун өзүн көздөй тартып коюшу керек.

Фата, гүл, бут кийим сатып алгандан кайрып берген акчаны көпкө чейин коротпой сактап, бөлөк бирөө албагыдай жерге катып койгон оң. Себеби, акча канчалык узак сакталса, үйдө ошончолук береке көп болот деген ишеним бар.

Турмушка чыгаарда сөзсүз башы туюк, жабык бут кийим кийиңиз, анткени согончогуңуз, бутуңуздун башы жабык бут кийим келечекте сизге бакыт алып келет.

Бут кийимдин такасы үлпөт күнү сынып калса, жашоодо жубайлар "аксап" жүрүп өтүшөт.

Көйнөк канчалык узун болсо, никеңиз, бактылуу жашооңуз ошончолук узакка созулат.

Үлпөт көйнөгүңүздү бутуңуздан эмес, башыңыздан кийиңиз.

Жаш жубайлар акча менен нанга муктаж болбош үчүн бут кийимдерине бирден тыйын, бирден буудайдын данын салып коюшат.

Нике шакегиңизди башкалар тагынып көгөнгө эч качан бербеңиз, шакекти берген тагдырыңызды бергенге барабар.

Үлпөт күнү нике шакектен башка шакек тагынбай эле коюңуз. Ата-энелердин нике шакегин тагынган жубайлар алардын тагдырын кайталашат.

Жолдошу нике шакекти колуктуга тагаары менен бош калган идишти колукту албашы керек. Бул жумушту бойдок курбулары аткарганы туура.

Шакек тагаарда кокус аны жерге түшүрүп алса, жубайлардын ортосунда бири-биринин көзүнө чөп салуу болот.

Нике шакектердин экөөнү тең күйөөсү бир күндө, бир жерден алганы оң. Нике шакек колго канчалык тыгызыраак тагылса, үй-бүлөлүк жашоо ошончолук бекем болот.

ЗАГСка кирип бараткан жубайлардын алдынан бир дагы адам кесе өтпөш керек.

Фата кыска, жарашыксыз болсо, төрөлгөн балдар оорукчан болуп калышы мүмкүн.

Көпкө чейин башыңыздан бактылуу турмуш кечирем десеңиз, сатып алган үлпөт көйнөгүңүздү эч кимге сатпаңыз.

Үлпөт тойго бермет жасалга тагынса, колукту көз жашын көп төгөт.

Колукту көйнөгүн кийип алып кайра-кайра күзгүгө каранса, майда, жагымсыз окуялар турмушта көп болот.

Колуктуну ата-энесинин үйүнөн алып кетип жатканда күйөөсү эч убакта артын кылчайып карабашы керек.

Тойго келген коноктор кара көйнөк кийбеши зарыл.

ЗАГСка бараарда кыз-күйөө бир конфетти бөлүп жешсе, жашоосу таттуу болот.

Жаш жубайларга бычак, вилка, саат белек кылган болбойт. Мындай белектер үй-бүлөлүк жашоосунун ынтымагын кетирет. Болбой эле бирөө-жарым ушундай белектерди алып келсе ырым кылып акча берип коюңуз.

Бактылуу турмуш кечирүүнү кааласаңыз, биринчи түнү башыңызга күзгү жаздап жатыңыз.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Шайтанга азгырылганыма азыр да өкүнөм"
2-бет
Ильяз Абдыразаков:
"Мени шайтан азгырганына азыр да өкүнөм"

3-бет
Үй-бүлөм - менин байлыгым
4-бет
Сема:
"Жубайымдын толуп кетпешин көзөмөлдөп турам"

5-бет
Кубанычбек Кадыров кол тийбестигинен ажырады
6-бет
Үлпөт тойдун чыгымы канча?
7-бет
Үлпөт тою дүйнө жүзүндө...
8-бет
Айтта артистерге
айылчылап...

9-бет
Сырттан үйгө киргенде эң биринчи эмне кыласыз?
10-бет
Цыгандарды коркуткан төлгөчү Гүлшайыр
11-бет
Эгер сиз ойгонооруңуз менен…
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Спорт
Роберто Баджо

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Айдин Шер
Махабат өмүр көркү











??.??