п»ї

Үлпөт тою дүйнө жүзүндө...

Месопатамиде никелешүү учурунда күйөө болчу бала күбөлөрдүн көзүнчө аялынын бетин калкалап, "менин колуктум болду" деген сөздү бир нече ирет кайталайт. Мындай салт көбүнчө жетиле элек кыздар турмушка чыкканда колдонулат.


Өлгөн адам менен никеге туруу салты Кытайда ушул күнгө чейин колдонулуп келет. Бул үйлөнүү тойду кытайлыктар "тозоктогу баш кошуу" же болбосо "арбак менен үйлөнүү" деп аташат.



Раундда таңкалыштуу салт бар. Түгөйлөр үйлөнүү тоюнда бири-бирин жек көрүшү керек. Нике кыйылгандан кийин жаңы колукту күйөөсүнүн үйүнө барып, күйөөсү аны болушунча сабап, аялы коргонуп ага кол көтөрүп, тытмалаганга өтөт. Түгөйлөрдүн бул жоругу бир айга чейин созулушу мүмкүн. Жек көрүүлөрү тарагандан кийин экөө элдешип, бирге түтүн булатканга өтүшөт.



Японияда колукту ак кимоно кийиши керек. Чакырылган коноктордун баары кызыл түстөгү кийимге басым жазашса, жубайлар өмүр бою башынан бактылуу турмуш кечирет, деген ырымдары бар. Ал эми сыя көк түстөгү кийим кийген түгөйлөрдүн жашоосу тез эле ыдырайт деген түшүнүктө болушкан.



Англияда колукту колуна кооздолгон така тагынып чыгышы керек. Ал эми жаңы бут кийимдин ордуна жыртылып, тамтыгы калбай калган бут кийим кийишет. Бут кийим канчалык эски болсо, жашоосу ошончолук жакшы болот экен.



Испанияда колуктунун колунда сөзсүз апельсин дарагынын жалбырагы же апельсиндин кабыгы болушу зарыл. Анткени, Испанияда апельсин жаштыктын, сулуулуктун символу болуп эсептелет.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Шайтанга азгырылганыма азыр да өкүнөм"
2-бет
Ильяз Абдыразаков:
"Мени шайтан азгырганына азыр да өкүнөм"

3-бет
Үй-бүлөм - менин байлыгым
4-бет
Сема:
"Жубайымдын толуп кетпешин көзөмөлдөп турам"

5-бет
Кубанычбек Кадыров кол тийбестигинен ажырады
6-бет
Үлпөт тойдун чыгымы канча?
7-бет
Үлпөт тою дүйнө жүзүндө...
8-бет
Айтта артистерге
айылчылап...

9-бет
Сырттан үйгө киргенде эң биринчи эмне кыласыз?
10-бет
Цыгандарды коркуткан төлгөчү Гүлшайыр
11-бет
Эгер сиз ойгонооруңуз менен…
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Спорт
Роберто Баджо

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Айдин Шер
Махабат өмүр көркү











??.??