п»ї
 Таанышуу жарыясы


  айт маарек болсун!

Айтта артистерге
айылчылап...
Улуу Орозо Айт майрамында биз да эл катары айттадык. Болгондо да жөнөкөй адамдардыкына эмес, эл тааныган белгилүүлөрдүн үйүнө баш бактык. Алардын Айтка болгон даярдыгына сиз да күбө болуңуз.

Азат Дөөткулов:
"Айт майрамынын келишин күтөм"
- Орозо Айт майрамы сиз үчүн кандай майрам?
- Мусулмандардын саналуу гана майрамдары бар да. Ошондуктан эл катары Айттын келишин күтүп, эртең менен туруп Айт намазга барам. Намаздан келгенден кийин биринчи туугандардын үйүн кыдырабыз. Мусулмандарга куран окуп, жакшы тилектерди айтабыз. Жаңы жылды кандай тоссок, Айтка да даярданып, атайын дасторкон жаябыз.

Айчүрөк Иманалиева:
"Орозо Айтты унутуп калыптырмын"
- Айчүрөк эже, Орозо Айт майрамы эмнеси менен өзгөчөлөнүп жатат?
- Башынан эле үйбүлөбүз менен мусулмандарга тиешелүү болгон даталуу күндөрдү жакшы белгилейбиз. Башка жылдардан өзгөчөлүгү - чынында бүгүн Орозо Айт экенин унутуп калыптырмын. Оюмда эч нерсе жок эле бир жума мурун өзүмдүн бий тобумдагы окуучуларыма "Дем алыш күнү да сабак болот. Эс алмай жок" деп эскертип койгом. Анан эртең менен турсам эле уюлдук телефонума смстер келип, чалып куттуктагандар башталды.
- Куттуктоолорго жооп кылып смстерди жазасызбы?
- Таалай мага баасы 20 миң сомго жакын турган сотка белек кылган. Мунун ичинде болгон функциялар бар болуш керек. Бирок өзүм кызыкпагангабы, ишенсең смс жазганды да билбейм. Мага смс жөнөткөндөр кайра жооп жаза албаарымды билишет. Күнүмдүн жарымынан көбү телефон менен сүйлөшүүгө арналат. Анткени көп иштеримди телефон менен бүтүрөм. Уюлдук телефонду ойлоп тапкан адамга дүйнө жүзүндөгү эң жогорку наамды ыйгарат элем.
- Ушунча ишке бел байлап, үй оокаттарына кантип жетишип жатасыз?
- Оой, эмне кылам анан? Кээде жолдошума өзүм жөнүндө "үй шыпырат, идиш жууйт үйдө жалгыз биздин Айша" деп күлүп калам. (Күлүп) Башка түшсө байтал жорго дегендей учурда жорго болуп турган учурум. Албетте тынымсыз иштей берип чарчап, кыйналып калам.
Түштөн кийин тааныштарым үйүңө айттап барабыз дешкенинен жаңы эле редакциядан үйгө чуркап келип, минтип дасторкон жайганга жетиштим.

Сайра Момунбаева:
"Айт күнү көп иш бүтүрдүм"
- Айтка кандай тамак даярдадыңыз?
- Бүгүн эртең менен туруп эле атабыздыкына, андан чыгып эжебиздикине айттап кеттик эле. Түштөн кийин жумушка барып бир көйнөктү тигип бүтүрүп, жаңы эле үйгө кирип олтурам. Айтка деп дымдама жасайын деп жетишпей калдым. Үйгө келсем кызым Бермет палоо басып, сиңдим дасторкон даярдап коюптур. Айттагандардын акыркысы болуп болочоктогу өкүл балабыз Ильяз Андаш келип, Азат атасына жаңылыктардан айтып берип чер жазышып олтурат.


Ильяз: "Айтты өкүл атамдын үйүнөн жыйынтыктадым"
- Ильяз, бүгүн канча үйгө айттадың?
- Эртеден бери төрт үйгө айттаганга жетиштим. Биринчи атамдын байкесинин үйүнө, андан кийин карындашыныкына, дагы бир байкемдикине барып кеч кирип калгандыктан, Азат өкүл атамдын үйү менен жыйынтыктайын дедим.
- Азат байке сенин кандайча өкүл атаң болот?
- Азат атам менен Сайра апамды мурун эле "үйлөнсөм өкүл ата-эне кылам" деп шайлап койгом. Эртеби-кечпи Кудай буюруп үйлөнсөм, өкүл атам, өкүл апам болушат.

Айнура Салахидинова:
"Айттабай үйдө жалгыз олтурам"
- Айнура, бүгүн досторуң менен чогуу болосуңбу?
- Жолукпайбыз го. Анткени дайыма аларды үйгө мен биринчи чакырчумун. Азыр үйдө курулуш иштери жүрүп жаткандыктан жакын досторумду чакыра албай, өзүм да айттабай үйдө жалгыз отурам. Буга чейин милдеттүү түрдө жети үйдү кыдырып, айлам кеткенде кошуналардыкына кирип чыкчумун. Эмнегедир быйыл үй кыдырып айттагым келген жок. Анын үстүнө жакшы эле орозо кармап келатып теңине жеткенде ден соолугума байланыштуу ачып жибердим эле, ошого өзүмдү кичине күнөөлүү сезип турам.


 "Обон" шоу-таймс

"Assol" бут кийимдер үлгүсү жарыкка чыкты
Белгилүү теледива Ассоль Молдокматованын негиздөөсүндө атамекендик "Assol" бренди менен бут кийимдердин 150дөй фасону жарыкка чыкты. Чет өлкөлүк фабрика менен түзүлгөн келишим боюнча чыккан бул бут кийимдер үлгүсүнүн бет ачары эки күн мурун "Ташрабат" соода борборунда болуп өттү. Өзүнүн автордук дизайнын түзүүнү каалаган Ассоль айымга күнү-түнү эскиз чийүүгө туура келген. Келишимде көрсөтүлгөндөй, эми "Assol" бут кийимдер үлгүсү Кыргызстанда эле эмес, бүткүл өлкөдө сатылат.

Самат кызынын тушоосун кести
Орозо Айт майрамынын эртеси ырчы Самат Дөөлөтбаков өзүнүн кичи мекени Токмок шаарында жашаган ата-энесинин үйүндө кызы Аэлинанын тушоосун кести. Бир жашка толгон небересинин туулган күнү менен куттуктап чоң атасы менен чоң апасы тойго кеткен бардык чыгымды өз моюндарына алышкан. Биринчи келип арканды кескен жаш балага бычак менен кошо козу ыйгарышты. Андан сырткары акчалай сыйлык, баалуу белектер келген коноктордун жаш курагына карата тапшырылды.

Булбулдар Москвада болушту
18-сентябрь күнү кыргыз эстрада ырчылары Гүлнур Сатылганова, Жылдыз Осмоналиева жана Чырмаш Төрөбеков Москвада жашаган кыргыздарга атайын концерт тартуулашты. Мындай чоң салтанатты Кыргызстандын Россиядагы элчиси Раимкул Аттокуров уюштуруп, сыйлуу конок катары сиам эгиздер Зита менен Гитаны да чакырышкан. Булбул үндүү ырчылар алыста жүргөн мекендештерге кыргыз жыттанган ырларды тартуулап кайтышты.

Кастингге катышып, Шайырбекке турмушка чык
"Качан үйлөнөсүң?"деген сөздөн тажаган телеалпаруучу Шайырбек Арапов быйыл чындап эле үйлөнөйүн деп чечкен окшойт. Октябрь айына чейин эфирден атайын эс алууга чыгып, үйлөнүүгө кыз тандап жатыптыр. Кантип дебейсизби? 18-22-жаштагы кыздарга кастинг жарыялап! Кастингге катышкан кыздарды тандоо үчүн Шайырбектин эже-жеңелеринин арасынан 10 адам калыстар тобуна шайланыптыр. Талаптарынын эң биринчиси, болочоктогу келинчеги сөзсүз түрдө Ош тараптан болуп, 90-60-90 өлчөмүндөгү фигуранын ээси аталса гана биринчи турдан өтөт экен. Оштук кыздар, сүйүнбөгүлө! Бул биринчи гана туру. Алдыда дагы эки тур бар!...

"Кылмыш-2" монтаждалып жатат
Акыркы убактарда үч айдын ичинде толук метраждуу көркөм фильм тарткан режиссёрлор жаандан кийинки козу карындай эле көбөйдү окшобойбу. Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан "Кылмыш-2"көркөм тасмасы да толук тартылып бүтүп, учурда монтаждоо иши жүрүп жатат. Режиссёр Келсинбектин айтымына караганда, чыныгы жашоо- турмуштан алынган аталган тасманы кудай буюрса жакынкы аралыкта көрүп калат экенбиз.

Айнура Касымова
Бакыт Такиров





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Шайтанга азгырылганыма азыр да өкүнөм"
2-бет
Ильяз Абдыразаков:
"Мени шайтан азгырганына азыр да өкүнөм"

3-бет
Үй-бүлөм - менин байлыгым
4-бет
Сема:
"Жубайымдын толуп кетпешин көзөмөлдөп турам"

5-бет
Кубанычбек Кадыров кол тийбестигинен ажырады
6-бет
Үлпөт тойдун чыгымы канча?
7-бет
Үлпөт тою дүйнө жүзүндө...
8-бет
Айтта артистерге
айылчылап...

9-бет
Сырттан үйгө киргенде эң биринчи эмне кыласыз?
10-бет
Цыгандарды коркуткан төлгөчү Гүлшайыр
11-бет
Эгер сиз ойгонооруңуз менен…
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Спорт
Роберто Баджо

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Айдин Шер
Махабат өмүр көркү











??.??