п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  обон-собол

Сырттан үйгө киргенде эң биринчи эмне кыласыз?
"Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?"дегендей, башкаларга байкалбаган, бирок күн сайын кайталанган адаттар көп эле болот эмеспи. Бул жолу сахна адамдары үйдүн босогосун жаңы аттаганда кандай адаттарды жасашаарын мындайча билдиришти.

Гүлзинат Суранчиева:
- Ий, кызык экен. Чын эле эмне кылам? Мм... сыртта баарыбир жаман-жуман аура көп болот да. Ошондуктан дайыма ырым кылып үйгө оң бутум менен аттап кирем. Кирээрим менен сумкамды илип, диванга башымды жөлөп олтуруп калган адатым бар. Анан сиңдиме "чай кой" деп буйрук берем.

Нурдөөлөт Копоев:
- Үйгө кирээрим менен бутумду чечпей туруп өтүк майды алам да, бут кийимимди кремдеп кирем. Күн болобу, түн болобу босогону аттаганда ушул адатымды калтыра албай койдум. Бирок менин бут кийимимди тазалап койгонум өзүмө эле жеңил болот. Шашылыш бир жакка чыгып баратканда тазалап олтурбай, дароо кийип кетип калам.

Кенже Дүйшеева:
- Кирип бутумду чечип эле тамак ичкен столдун үстүндөгү жер- жемиш салынган идиштен жүзүм алып жеген адатым бар. Жүзүмдү колума алып үйдүн ичин кыдырып жегенди жакшы көрөм. Эгерде бөлмөлөрдүн ичи жыйналуу эмес болсо, ачуум келип кетет. Ачуумду таратыш үчүн да жүзүм жейм. Гүлшайыр эже менин мындай адатым бар экенин билип алганбы, үйгө дайыма 2-3 килограмм жүзүм алып келип коёт. Башкаларга окшоп үйгө келээрим менен кийим алмаштырбай, көпкө чейин ошол кийимим менен жүрө берем.

Динара Акулова:
- Үйгө киргенде эле бутумду чечип, чачымды тарайм. Анан беш мүнөттөй эс алып жатканды жакшы көрөм. Бир топ убакыт өткөндөн кийин тамак жасап, үй жыйнаганга өтөм.

Сапар Сопубеков:
- Шашылыш жумуш менен жүрүп үйгө беш мүнөткө кирип калсам да дароо телевизорду коём. Анткени кичине болсо да диванга чалкалап жатканды жакшы көрөм. Ал эми үйгө түндө келип калсам эч нерсе кылбастан биринчи эле тишимди жууп, анан уйкуга кетем.

Элмара Турсуналиева:
- Мен үйгө келгенде балам дайыма короодо ойноп жүргөн болот. Аны менен кучакташып көрүшөм. Анан үйгө кирип эле сумкамды ыргытып, дароо муздаткычты ачып карайм. Ошол учурда эч нерсе жебесем да муздаткычта ичкенге кандай суусундук, жегенге эмне бар экенине көз жүгүртүп коём.

Бек Борбиев:
- Эң биринчи үйгө киргенде эле кичинекей кызым Айдеминин бетинен өөп, эркелетип көтөрөм. Анткени кызым дайыма менин алдымдан тосуп чыгат. Анан кызым экөөбүз чогуу олтуруп апасы даярдап койгон тамактан жеп, чай ичебиз.


Назира Жетигенова
- (Күлүп) Эмне кылмак элем? Бутту чечем да. Сырттан дайыма эле чарчап келесиң. Ошондуктан үйгө кирээрим менен чечинип, төшөктүн ичине кирип кетем. Бир аз эс алып уктап алгандан кийин гана үй иштерин жасайм.

Нуриса Абасова:
- Эшиктен кирээрим менен эле дароо жарыкты күйгүзөм. Анткени сырттан келгенде үйдүн ичи көзгө караңгы көрүнөт го. Андан кийин кийимдеримди алмаштырам. Диванга олтуруп алып таттууларды жеп телевизор көргөн да менин күндө колдонулган адатым.


Замир
Арыкбаев:
- Дароо эле төркү үйгө кирип капчыгымды, машинамдын ачкычын шкафтын үстүнө коём. Кийимдеримди чечпей туруп дайыма биринчи колумду жууйм. Антпесе, өзүмдөн-өзүм жүдөй берем.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Шайтанга азгырылганыма азыр да өкүнөм"
2-бет
Ильяз Абдыразаков:
"Мени шайтан азгырганына азыр да өкүнөм"

3-бет
Үй-бүлөм - менин байлыгым
4-бет
Сема:
"Жубайымдын толуп кетпешин көзөмөлдөп турам"

5-бет
Кубанычбек Кадыров кол тийбестигинен ажырады
6-бет
Үлпөт тойдун чыгымы канча?
7-бет
Үлпөт тою дүйнө жүзүндө...
8-бет
Айтта артистерге
айылчылап...

9-бет
Сырттан үйгө киргенде эң биринчи эмне кыласыз?
10-бет
Цыгандарды коркуткан төлгөчү Гүлшайыр
11-бет
Эгер сиз ойгонооруңуз менен…
12-бет
Аздек Намазбекова
13-бет
Спорт
Роберто Баджо

14-15-бет
Обон почта
16-бет
Айдин Шер
Махабат өмүр көркү











??.??