п»ї
 Таанышуу жарыясы


  плюс

Табигат дарыгери
"Илдетти жараткан Кудай дабасын да кошо жаратат," деп биздин ата-бабаларыбыз айтып кеткендей, оорусаң анын да бир дабасы табылат. Ар кандай оорулардан айыгуу үчүн адам баласы атам замандан бери эле өсүмдүктөрдөн, өсүмдүктөрдүн тамырларынан ар түрдүү дары-дармектерди жасашып, аларды пайдаланып келишет. Айрым оорулардын дабасы болгон элдик медицинадан бир канча рецепттерди сиздерге сунуштайбыз.


Ангинада
Бир кичине лимондун кесиндисин көпкө чейин чайнап туруп, андан кийин бир саат тамак ичпөө керек.
Аралашманын бир бөлүгү алоэнин ширеси болсо, эки бөлүгү бал, үч бөлүгү арак болушу керек. Ушул аралашмадан компресс жасайсыз.
Бир чоң кашык алманын уксусун жарым стакан жылуу сууга аралаштырып, ошону менен күнүгө бир нече ирет (3-5 мүнөттөн) тамакты чайкап туруу зарыл.
Бир тоголок пиязды аллюмин фольгасына салып, духовкада бышырасыз да, пияз жылуу болуп калганда тамактын тушуна таңып коёсуз.
Жаңы капустанын жалбырагын ооруган тамактын тушуна коюп, жалбыракты эки саатта бирден алмаштырып турсаңыз жакшы жыйынтыгын берет.
Бир чай кашык роза гүлүнүн кургатылган жалбырагын бир литр сууга, же болбосо сүткө кошуп, аны кайнатышыңыз керек. 15 мүнөттөн кийин аны менен тамакты чайкооңуз зарыл.

Астмада
Жаңы хрен чөбүн жууп, 150 грамм туурап туруп өтө чоң эмес көлөмдөгү эки лимонду сыгып аралаштырасыз. Эртең менен эрте ачкарын 1 чай кашыктан ичүүңүз керек.
Кашка беденин гүлдөрүнөн демделген чайга бал кошуп ичип жүрүңүз.
Эгер астма оорусу кокусунан кармап калса, бир тоголок музду жутушуңуз керек. Нащатырь спиртин жыттап, буттардын балтырларына горчичник койгонуңуз да туура.
Төрт тоголок пиязды жумшарганга чейин кайнатат. Пияздар жумшаргандан кийин суусун төгүп саласыз да, эртең менен жана кечкисин бир чоң кашыктан ачкарын жеп жүрүүңүз абзел.
Бирдей өлчөмдө болгон семичке майын, балды жана аракты аралаштырасыз да, анын үстүнө горчичникти коюп кармап турушуңуз керек.
Алгач марлиден, кездемеден жана полиэтиленден чыптама даярдап алууңуз керек. Бир литр сууга бир аш кашык тузду кайнатып, кездемеден жасалган чыптаманы туздуу сууга салып, бир нече убакыттан кийин сыгып алышыңыз керек. Марлиден жасалган чыптаманы болсо заарага салып, аны да кайра сыгып алуу керек. Алгач марлиден жасалган чыптаманы, андан соң кездеме чыптаманы, анын үстүнөн полиэтиленден жасалган чыптаманы кийип алышыңыз керек. Бардыгынын үстүнөн синтетика кошулбаган кофта кийип алыңыз. Бутуңузга болсо заарага чыланган байпакты кийип, анын үстүнөн полиэтиленден жана кебезден жасалган байпак кийип алууңуз керек. Мындай ыкманы күнүгө жатаарда жасап, таң аткыча чечпешиңиз керек. Дарылануу курсу негизинен 10 күн. Эгерде дагы деле сакая элек болсоңуз, анда так санда (3,5,7) кайталаганыңыз оң. Курстун жүрүшүндө жуунбай жүрсөңүз жакшы натыйжасын берет.

Аллергияда
Бир кичине кесим лимондун сыгылып алынган ширесин 1-2 чай кашыктан күнүнө 3 маалдан тамак ичээрге 30 мүнөт калганда ичишиңиз керек.
Кургатылган жана майдаланган селдерейдин тамырынан 1-2 чоң кашыкты кайнатылган муздак сууга салып, 2 саатча коюп коюңуз. Даяр болгон аралашманы күнүгө тамак ичээрге 20 мүнөт калганда ичиңиз.
Сырты апапак болгон жумуртканы сууга бышырып алгандан кийин кабыгын аласыз да, кабыктын ичиндеги ак чел кабыгын да жакшылап сыйрып саласыз. Ал жумуртканын кабыгын желдеп турган караңгы жерге кургатасыз. Андан кийин аны менен упа болуп калгычакты майдалайсыз. Бир жашка чейинки наристелерге бир жумуртканын күкүмүнүн үчтөн бир бөлүгүн, 5тен 7 жашка чейинкилерге жартысын, 14төн жогоркуларга толугу менен ичирсе болот. Жумуртканын күкүмүн 3-4 тамчы лимондун ширесине, же лимон кислотасына аралаштырып ичирсеңиз да болот.
Аллергияны айыктырууда эң жакшы дары болуп мумие эсептелет. Мумиени 1литр кайнаган сууга салып ээритишиңиз керек. Эң жакшы мумие сууда бат эле ээрип кетет. Суда мумиенин калдыктары болбошу керек. Муну эртең менен күнүнө бир жолудан ичишиңиз керек. 1 жаштан 3 жашка чейинки балдарга күнүнө 50миллилитрден; мектептин окуучуларына - 70миллилитрден жана чоң адамдарга - 100миллилитрден аралашманы ичириңиз. Аллергия күчтүү кармаган учурда бул ыкманы күнүнө 2 жолу кайталап, бирок берүү дозасын эки эсеге кыскартууңуз зарыл. Денеңиз экзема болгон учурда, ал аралашманы денеңизге сыйпасаңыз болот. Толук дарылоо курсу 20 күнгө созулат.

Ашказан жарасына
Жуулуп-тазаланган картошканы тузсуз сууга эзилгенче кайнатасыз. Суусун төгүп салып, картошканы күнүнө 3 жолудан 1 чай кашыктан жеп турушуңуз керек.
Алгачкы 10 күндүктө чычырканактын майын күнүнө 1 чай кашыктан 3 маал ичип турушуңуз керек. Андан кийин бал, каймак, какао порошогун жана жумуртканы аралаштырып, күндө 3 маал ичип турасыз.
Бака жалбырактын кургатылганын, же болбосо жаңысын 1 литр кайнак сууга салып, ал идиштин оозун жаап коюуңуз керек. Бир сааттан кийин даяр болгон суюктукту нормасы жок иче бересиз.
Эртең менен ачкарын алоэ гүлүнүн ширесин тамак ичээрге 20 мүнөт калганда соруп жүрүшүңүз абзел. Алоэ гүлүн чайнап, ширесин жутуп, ширеси калбай калганда таштап салсаңыз болот. Мындай ыкманы 3 ай токтотпостон кайталап турушуңуз керек. Андан кийин бир айга эс алып, кайра процедураны улантсаңыз болот.
Картошканын жаңы сыгылган жарым стакан ширесине бир чоң кашык балды аралаштырып, күнүнө 2-3 маал ичсеңиз пайдалуу. Мөөнөтү 10 күнгө созулат. Андан соң 10 күн эс аласыз. Эскерте кетсек, февраль айынан кийинки картошканы пайдаланууга болбойт. Анткени бул айларда картошка өзүнүн дарылык касиетин жоготуп, эскирип калат.
Бир стакан жуулуп-тазаланган сулунун данын 1 литр сууга салып, 10-12 саат коюп, 30 мүнөт жай кайнатасыз. Капкагы жабык болушу керек. Кайнатып бүткөндөн кийин дагы 12 саатка коюп коёсуз. Убакыт өткөндөн кийин суудагы дандарды алып салып, калган сууну мурунку деңгээлге жеткириш үчүн, керектүү өлчөмдөгү дистирленген сууну куясыз. Муну күнүнө ачкарын, 3 маал 100-150 граммдан бир ай ичип жүрүшүңүз зарыл.
Тооктун бөтөгөсүнүн ички сары чел кабыкчасын сыйрып алып кургатасыз, кийин аны майдалап порошок кыласыз. Анан бир чай кашык ала гүлдүн (шиповник) мөмөсүнөн жасалган компотко(1 стакан кайнак сууга салып 10 мүнөт кайнатасыз), салып аралаштырасыз да, күнүнө эки ирет тамак ичээрге жакын калганда ичип жүрөсүз.
Ачуу салынган көк чайды күнүгө ичип жүрүүңүз зарыл.
Күнүгө жатаарда 1 стакан кефирди 1 чоң кашык өсүмдүк майына аралаштырып ичсеңиз, жакшы натыйжасын берет. Дарылануу мөөнөтү бир жарым, эки ай.

Төлөбүбү Касымалиева










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
КҮРКҮЛДӨРГӨ МАШИНА САТТЫРЫП АЛГАН ЫРЧЫ КЫЗДАР
2-бет
Айжамал Кабылова:
"Байланган иттей буулугуп турам"

3-бет
Күйөрманын ким канчалык сыйлайт?
4-бет
атактуунун арзуусу
5-бет
Ырчы кыздарга машина сатып бергендер кимдер?
6-бет
Эгер сиздин бизнес ачуу тууралуу оюңуз болсо…
7-бет
Үч күйөөдөн төрөгөн үч баласын кайыр сурап баккан Кундузкан
8-бет
Мирлан Жетигенов:
"Эртең менен турсам эле койнумда..."

9-бет
Розалар качан ачылган?
10-бет
Табигат дарыгери
11-бет
Жакындарын күткөн жалгыз адам…
12-бет
Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок

13-бет
Lady GaGa гермафродитпи?
14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Обон" шоу-таймс










??.??