телефондогу сырдашуу

Жакындарын күткөн жалгыз адам…
Адам көңүлүндө эч бирөөгө батынып айта албаган түпөйүл ой жашашы мүмкүн. Бирок, жүрөк өйүп жүргөн ал оюн кимдир бирөөгө айтып, жеңилдеп алгысы келгени менен бетме-бет жолугуу мүшкүл иштей туюлат. Балким, телефондо сүйлөшүү жеңилирээктир…
Андай болсо сизге ушундай мүмкүнчүлүк беребиз. Бизге телефон чалыңыз да, дартыңыздын баарын ортого төгүп, бугуңузду чыгарып алыңыз.

- Мен сиздерге досумдун акыркы өтүнүчү менен кайрылып чалып жатам. Өзү азыр оор абалда ооруканада жатат. Адам болоору же алышкан оору аны алып тынаары белгисиз.
Досум, Канжарбек Муратов он бир жыл мурун Улуттук университетте окуган Казиева Бермет деген Чаектик кыз менен таанышып, экөө сүйлөшүп жүрүшөт. Канжардын ата-энеси автокырсыктан каза болуп, чоң энеси чоңойткон. А бирок эки жыл мурун ал кишинин да көзү өтүп кетти. Ошондо Канжар үй-бүлөдө жалгыз калган.
Досум кызы 5-курсту аяктаган жылы "үйлөнөбүз" деп жүрүшкөнүн билчүмүн. Декабрдын 22синде Бермет туулган күнүн группалаш кыздары менен кафеге барып белгилешип, ал жерден кылмыш чөйрөсүнө байланышы бар жигит Берметти жактырып калат. Кыз Канжар менен катар аны менен да тымызын жолугушуп жүрөт. Берметтин досумдан башка да бирөөсү бар экенин кеч угуп билет. Экөө ошонун айынан катуу уруша кеткенде Бермет Канжарга: "Ал мени өлтүрөм!" деп коркутту. Эгер мен андан кетсем, ал сага да кол салгандан кайра тартпайт. Ошон үчүн мени унут, үмүтүңдү үз. Ансыз да сага айта албай кыйналып жүргөнүмдө ачыкка чыкканыбыз жакшы болду" дептир акыркы жолугушууга келип. Досум ал кызды аябай сүйчү. Экөө жашап жүрүшкөндөрүн да мага кийин айтты. Болбой эле сабагына издеп барып, күтүп жүргөн күндөрдүн биринде Берметтин жаңы жигити машинага салып тоо этектей алып барып, былчылдатып сабап кетишиптир. Бир айча дарыланып араң бутуна турган. "Жан керек болсо Берметти экинчи издебе. Ал меники!" деп кеткен жигитке кекенип, "кой" дегениме болбой кызга бара берчү. Ошондо чаламандын чак түшүндө бутка атып кетишип, ал бутунан сылтып басып калган. Ал тууралуу кылмыш иши козголгону менен аягына чыккан эмес. Ким кылганы ансыз деле түшүнүктүү болгондуктан, досум да чуркаган жок. Кийин Бермет ыйлап, "Экинчи издебечи?! Ал сени өлтүрүп коёт. Менин жалдыраганым үчүн эле аман жашап жүрөсүң. Соо эмессиң деп мага да колу тийди. Аячы?!" деп жалдырап келиптир. Ошондо гана токтолгон. "Ошол келгенинде Берметтин боюнда бар болчу. Кимибизден экенин жүрөгүн оорутпайын деп сурабаганым менен эмнегедир менин баламдай сезим боло берет. Чоң энемдин түшүндө да мен балалуу болуп кириптирмин" дегенинен кагып койгом. А бирок андан бери жылдар жакшы эле өттү. Досум эч үйлөнгөн жок. "Койчу, унутчу ошол кызды. Чындап сүйсө сени каяктагы бир катын-баласы бар эркекке алмаштырмак эмес. Өзү көзүн сүзбөсө топ кыздын арасынан тигинин көзү дал Берметке эмнеге кадалмак эле? Жеңил ойлуу, акчага азгырылган шайкелең неме да. Болбосо… Бала деле сеники эмес, мен билип эле турам. Ал оюңду башыңдан алып ыргыт. Жигиттик кылып эрктүү болуп жаңы жашоо баштачы?!" -деп көңүлүн калтырган сөздөрдү айтып далай жолу сүйлөштүк. Муюбады. "Мен аны сүйөм!" деп кыска эле жооп берип койчу. Эркектей болуп кыз-келин менен ойноп - жүргөнүн да көрбөдүм. Кээде туруп таң калып, кээде кызыктай кыял-жоругуна түшүнбөй жиним келип, сөгүп алган күндөрүм да болду. Бирок кыйбайм. Досум да! "Мен бактылуу болбосом да сен бол" деп мен үйлөнгөн тойдо өзүнүн чогултуп жүргөн акчасын бүт чачкан. Эми өзүңүздөр деле билесиздер да, үй-бүлө күткөн соң колу-бут байланып, баштагыдай бат-бат кезиге албай калдык. Анда-санда туулган күндөрдө гана жолугуша калып бильярд ойноп, пиво ичип, ал-жайыбызды сурашып кетчүбүз. Ал кезде азыркыдай телефон да жок.
Бир күнү эле Канжардын адвокатымын деп үйгө бирөө издеп келиптир. Көрсө… "Баягы бала меники" деп көңүлүнө сактап калган көк неме ичип алып Берметти издеп барат. Кыз мойнуна алып "баланын атасы сенсиң, сен эмессиң" да дебептир. Ыйлап эле туруп берет. Ошондо Канжар түшүнсө керек, бала өзүнүкү экенин. Болгону кыз тигил жарандык никеде жашап жүргөн күйөөсүнөн коркуп айта албай жүргөн окшойт. Бала тойпоңдоп чуркап жүргөн учуру экен. "Ата дечи, мен атаңмын да" деп кучактап өөп жатканымды билем, башкасы эсимде жок дейт. Ошол маалда күйөөсү келип, каракушка чапканда эсин жоготуп койгон экен. Көзүн ачса баягы неме кансырап жерде жатат. Уулун кучактаган Бермет гана "мен… мен аны өлтүрүп алдымбы?" деп бурчта бүрүшүп ыйлап отуруптур. Колунда темир саптуу кара балта. Ошол чуулгандуу иште кылмышты мен кылдым деп досум мойнуна алып, он жылга кесилип кеткен. Түрмөдөгү жашоосун көргөнүм жок, бирок, анда-санда тамак аш киргизип барып калганымда кебетесин карап отурууга жүрөгүм даабай, кеткиче шашчумун. Кылмыш чөйрөсүндө белгилүү болуп келаткан жигитти өлтүргөнү үчүн түрмөдөгү турмушу деле оңойго турбаса керек… Кургак учук да жуктуруп алган экен. Кыскасы, бошонуп сүлдөрү эле чыкты. "Артымда атымды алып жүрөөр тукум калбай калабы? Мен билем, Берметтеги бала меники, тапчы?"деп суранган эле.
Бермет! Учурунда досум үчүн сага катуу тийген сөздөрдү айткан болсом кечир??? Тирүүчүлүктө баары болот тура. Сен деп жашап, жаштыгынан ажыраган Канжар сени түңүлбөй күтүп күн кечирип келет. Өзүң көрүп билген үй-жайын көзүмдүн тирүүсүндө уулума жаздырып берип кетсем болмок деген жакшы ою бар. Мен да досума сөз берип, сени таппай акыры гезитке кайрылууга мажбур болдум. Бермет, Бакай, экөөңөрдү эң жакын адамыңар жалдырап күтүп жатат. Бир жолугуп керээзин угуп кал, кеч болуп кала элегинде. Көптөн көп суранам.
Ш. Талгарт





  окумал

Кыз-жигиттин ыр-чыры
- Оме-ей, бултук. Болду эми бултуйбай?! Ал деген менин классташ кызым да!
- Классташ кыжым да!.. - кыз жигитти эликтей туурап,- классташың болсо ошентип кучактап, так көтөрүп тегеретесиңби? Тим эле көздөрүң жайнап, кубанып да алыптырсың го. Мени көргөндө ушунча сүйүнгөнүңдү көрө элек элем.
- Эмне болуптур эми, мектепти бүткөнү көрүшө элек болчумун. Капыстан кезигип калдык, койчу эми?.. Келчи, өптүрүп койчу, сагынып кеттим аябай. Сабагың бүттүбү? Кеттик анда "Сүйүшкөндөрдүн паркына", - жигит кучагын жая берди эле, кыз колун кага:
- Өптүрбөй эле койдум. Бар ошо мурду бучук, көзү жүлжүйгөн, көмүрдөй кара кызың менен өбүшө бер,- кыз тултуңдай.
- Болду дейм эми! Адамды сабылтып, салбыратканды эле жакшы көрөсүң.Анан да адамды маскаралаганыңды кой, ошондойлорду жинимден жаман көрөм! Жакшынакай эле... Оозу оймоктой, көздөрү жайнаган, кара-тору кыз болуп турат го.
- Эмне-е?! Демек... - кыз туттуга, туталана сөз таппай кызарып-татарып: - Сен!..Сен! Экинчи чалба! Көз-зүмө көрүнбө! Мен дагы муну сүйүп коём! Күтүп коём! Мен келесоо, Азамат чакырганда эле макул боло берсем болмок. Сен үчүн, сен деп "Иляздын" концертинен да калдым.- кыз булкулдай, тепкич ылдый, туфлисинин такасын тык-тык эттире түшүп баратты. Карегинен ылдый сызылып аккан жашын да аарчыбады.
Жигит эмне дээрин билбей, кимдир-бирөөдөн жардам күткөндөй эки жагын каранып алып:
- Э-ээй! Жамка дейм! Жаным десе! Кызганчаагым менин! Бултуйган гана бултук! - жигит шап кармап карылуу кучагына кысып, ай-буйга келтирбей кызды аймалап өпкүлөп кирди. Ач калган немедей ашыга өпкүлөп да, сүйлөп да жатты: -Ту-уй! Ушул кыялың менен мени кууратасың го. Ошону билип туруп эле тузагыңа түшүп бердим ээ. Сүйөм да! ...көз жок деген чын окшойт.
- Турчу нары! Эл эмне дейт. Тигине, группамдын баары карап калды.
Кыз кылыктана каршылык көрсөтүмүш этип, жигитти көкүрөккө акырын түртө чачы-башын оңдоп, таарынычы жазыла электей эрдин чормойто туруп берди. А бирок жүзүнөн, көздөрүнөн жибигендик байкалып, жылмаюу уялаган ууртундагы уячасын бүлкүлдөтүп койду.
- Мени чындап сүйсөң экинчи эч бир кызды кучактап өппөйсүңбү?
- Мм... өппөйм! Кучактабайм дагы. Эми мен өз шартымды коёюнбу?
- Кандай шарт? - кыз кылыя кызыга тиктеп калды.
Жигит маашырлана, маалката көпкө үн катпай күлмүңдөп тиктеп туруп:
- Жайында үйлөнөлү десем, "күз келсин" дебедиң беле? Мына, күз келмек тургай бир айы кетип бара жатат. Биринчи октябрь туулган күнүмдө баш кошолу да, баш-отум менен сендик болоюн. Макулсуңбу? - жигит жалооруй: - Макул деп койчу! Апакай көшөгө ичинде сени менен алышып ойноп, таң атыраарымды элестетип, октябрды саат сайын күтүп келем. Көп күттүрсөң чыдай албайм!!! Эгер жок десең жанагы мурду бучук классташ кызымды...- каткырып күлүп,- тамаша-тамаша, айдын кетигиндей болгон асыл жаным, сен турганда классташ кызым эмес, Камерон Диаска кезиксем да сени алмаштырбай калайын!
Кыз көздөрүн кылгыртып, бактылуу жылмая жигиттин кучагына кыналып "сенин жаныңа жөлөк, өзүңө өбөк болбогондо кимге болом? Сүйөм сени" деген шыбырын жигит угуп чачтарынан шуу-шуу жыттай, көздөрүнөн сүйүп койду.
- Баса, жана Азамат дегендей болдуңбу?
- Ал жөн эле... койдум, койдум...
Жетелеше басып кетишти.

Аздек Намазбекова