п»ї

  окумал

Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок
Апал окуп жаткан китебин таштай салып ордунан ыргып туруп ортого түшө калды. Өзү алаңдап коркуп алган. Үпөл болсо чачы жулунуп, эти ооруксунганына ызалана түштүбү, ызырына:
- Сага эмне жок, куюшканга кыпчылып?! Тимеле!.. "Тиреген асманың болсо таштап жибер!" Колуңдан эмне келет экен көрөйүн?! - деп Дарыянын бетин апчып алганга үлгүрдү.
- А-а! - деп оозго алгыс сөздөр менен тилденип, сүйлөнгөн Дарыя жүзүн басып калды.
Көз ачып жумганчалык убакытта болуп өткөн бул көрүнүшкө оозумду ачып эле эмне деп, эмне кылаарымды билбей, аңырайып туруп бердим. Катуу коркконумдан жүрөгүмдүн түрсүлдөй какканы бүт "хатадагыларга" угулуп тургансыды. Күлкан эже болсо чебелектеп Дарыяны колдон тарта керебетине жетеледи. Кейип:
- Килейген эле катындар, кичине бала болуп кеткенсиңерби?! Койгула эми, тигилер укса, - эшик тарапты ээк жаңсай көрсөтүп, - бүт түрмөгө чуу болобуз! Баланчанчы "хатанын" катындары байпактык жип талашып чачташыптыр деген жакшы кеппи?! Кой кокуй, киши укпасын?! Анан калса сен да тимеле каның суюк неме окшойсуң? А дегенде эле чачтан алып?! Токтоорок, сабырдуурак болбосоң мындай жерде өзүңө эле жаман. Көпчүлүктө кимдин оозун ким тыят?! Сүйлөсө сүйлөй берсин деп койбойсуңбу?! Же сага тийишип жатпаса. Эч нерсе боло электе калчылдак болуп калсаң, "срок" алып "зонага" барсаң кантесиң?!
- Жок, анан ушунуку жакшыбы?! Жөндөн-жөн эле Аздекке асылып?! Же бир бул байкуш бирдеме десе экен! Силер болуп калдыңар да, болбосо… Аздек демек тургай "а" деген тамганы айткыс кылып коёт элем! - деди Дарыя Үпөлдү жекире тиктеп. Тырмактын изи түшкөн жүзүнөн кан шүүшүңдөп чыга түшкөнүн көрүп, шашкалактай чүпөрөк суулап суна калдым. Колдорум калтырайт.
- Тигини, тигини! Мени сүйлөткүс кылгыдай сен эмне машаяк болуп кеттиң беле?! Кечээ келе калып эле… Суу кечпеген суук сөзүңдүн калп эле эмне кереги бар?! - Үпөл да тим калбай сүйлөнүп калды.
Бири-бирин жеп-жутуп жиберчидей теше тиктешип, экөө маңдай тескей жайгашкан өз-өз "нараларында" энтиге демдерин жыя албай отурушкандарына өзүмдү күнөөлүү сезип турдум. Анымды байкагандай баятан бери үн дебей олтурган Бегимжан мага көзүн кысып, "көңүлүңө алба" дегендей жылмайып алды да, туруп чай койду. Баарын тегерете тиктеп алып:
- Келгиле, урушту унуталы да, чай ичели. Азамат "жаныңдагы эжелерге салам айт. Оорушпасын, өздөрүн карашсын" деп дагы шоколад түртүптүр. Келгиле, "кел дешели, элдешели, кечиришели" деген ырдай жадырап тамактаналы. Адам тамактанып жатканда өмүр токтоп турат дешет экен. Мен түрмөдөн чыкканча жаштыгым өтпөй, токтоп турсун, - деп ар кайсыларды айтып күлүп да, күлдүрүп да баарыбызды чайга чакырды. Ойдо жок жерден чыр чыгып ошол күнгө да кеч кирди.
Эртеси "гулкага" чыкканда Апал Үпөл үчүн Күлкан эже экөөбүздөн кечирим сурагандай:
- Эми аны түшүнүп койсо болот… Тогуз жылдан "срок" алдык. "Касачка" жаздык, эми "горсуд" кандай карайт, качан карайт бир Кудай билет. Үйдө калган эки кызын сагынып араң эле жүрөт. Күйөөсү да сотубуз болгонго чейин келип, "передача" киргизип жүрүп, тогуз жыл алгандан кийин эле келбей койбодубу. Кыздарын алып "свиданкага" келип кетет го, деп аябай күтүп жүрөт. Анысы жок. Ошого туталанып, өзүн коёрго жер таппай жүргөн неме, жинин жипти шылтоолоп силерден чыгарып алды окшойт. Азыр өкүнүп, өзүнөн-өзү "хатага" батпай, үңкүйүп жатып калды го. Эшикке чыгып аба жутуп кел десем да болбой койду. Жүрөгү да оорукчан эле… - деди аянычтуу үн менен жер тиктей сүйлөп.
- Апал, аны сен айтпасаң деле биз билип-туюп, түшүнүп турабыз. Баарыбыздын эле оюбуз балдарыбызда, үйдөгүлөрдө болуп, капканга түшкөн карышкырдай азуубузду кимге матыраарыбызды билбей олтурбайбызбы. Аял деген шорлуу калк келет экенбиз. Ошончо олтуруп түрлүү тагдырдагы түркүн аялдарды угуп-көрүп келатам го. Кокус эри жазып-тайып кесилип кетсе, байкуш аял иштеп, баласын да багып, үй-оокатын да кылдыратып кылып, күйөөсүнө да көтөрүнүп, ташынып тамак-ашын жеткирип турат. Кыз-уулун сагынды деп кошо жетелей келип жыттатып кетет. Канча жыл болсо, ошончо күтөт. Күндө жол карап, кат жазып, кабар алып баарына түтөт. Жакшы түш көрсө күйөөсүнүн бошонуп чыгышына жооруп, өзүн-өзү сооротуп күн кечирет. Жаштыгы өтөт, өчөт. Ал эми эркек болсо, эмне?! Бүгүн эле "сенсиз күнүм караңгы" деп жалынып жаныңда жүрөт дале, көзүң мындай болду дегиче "аны түкүнчө жыл түрмөдөн күтүп жүрөмбү" деп башка аялдан бактысын издеп жолго түшөт. Беш кол тең эмес дегендей, эркектин баары эле ушундай дей албайм, мыктылары деле бар. А бирок, жогорудагыдай күйөө сөрөйдүн күйүтүнө чыдай албай, темир тор ичинде чөгүп, өзүн-өзү карабай таштап салган аялдар менен туздаш болдум да. Аял киши бузулса бат эле экен. И-ий, кайсы бирин айтайын?! Деги аман-эсен эле чыгып кетсек экен, - Күлкан эже да үшкүрүнө сүйлөп, Апалды далысынан таптап койду.
Мен ойлонуп калдым. Колума тийген эски гезиттин эки барагы да окулбай колуман түштү. Эки эгиз базарда соода-сатык кылып иштешип жүрүп, чоң сумма карыз болушуп, кайтарып бере алышпай "алдамчылык" -166- статья менен олтурганын уккан элем. Апал турмушка такыр чыккан эмес, Үпөлдүн үй-бүлөөсү, эки кызы бар экен. Мен жаңы келген күндөрү бала тууралуу сөз болуп калып, "Аздек, сенин балдарың барбы?" деп сураган Бегимжанга баш чайкап, "чарчап калган" десем, Үпөл аябай кейиштүү көз караш менен мени жал-жал тиктегени эсиме түштү. Көрсө, өзү кыздарын сагынып, куса болуп жүргөн энелик сезими менен менин абалымды түшүнгөндөй карагандагысы тура. Кечээтен бери ага ак да, көк да дебесем, катуу айтты деп ичимден таарыныч кылып жүрсөм, эми ал сезим желдей тарап жок болду да, аны ичимден аяп, жакшы сөз айтып, жубаткым келип турду. "Жаратканым, бир да аялды калтырбай темир каалгаларыңды чоң-чоң ачып, сүйүнүчтүү сыртка чыгып кете турган күндөрүңдү жакындата көр?!" деп кобуранып алып, өзүм чочуп кеттим. Дарыя угуп калды окшойт, мени карап жылмайып алды. "Этап болуп калса берип жиберейин" деп күйөөсүнө кат жазып олтурган. Кийинки күндөрү ушинтип жатсам да, турсам да тиленип, жалынып калдым. Таңга маал "решкага" чыгып алып, айлананы жарык толук каптаганча суранам "эркиндикке эртерээк чыгып кетейин" деп.
***
Мени ал күндөрдүн аралыгында "конвойлор" эки жолу РИИБге алып келип кетишти. Эки жолкусунда тең көзүн жаштап, колуна баштыгын кармап четте жалгыз турган ак жоолукчан апамды көрүп "баа!" деп бакырып ийе жаздап, өзүмдү араң карманып калдым. Арыктап, карый түшкөндөй көрүндү. Көп деле сүйлөштүрүшкөн жок. "Бизди ойлобо, өзүңдү кара, каралдым! Биз эмне, сырттабыз, чогуубуз. Сен болсо… Оюма койсо ошондой эле олтургузгуңар келип жатса, ордуна мен олтурайын дейт элем! Аргам эле жок. Атаң айылдан эртең келет. Кой-союн союп ала келсе, бияктан кийит-кече кылып алып, кайнежеңдин үйүнө чогуу баралы дегенбиз. Кудагый дале ооруканада. Чүрөк экөөбүз эки жолу барсак кайнежең киргизбей, сүйлөбөй да койду, "сотто сүйлөшөбүз" деп. Ооруканадан талашып-тартышпайлы деп кете бердик. Эми астыларына түшүп, үйүнө барып сүйлөшүп, арызыңарды алгыла дейли деп ойлоп жатабыз. Анан ким билет?! Кабыл алышабы, же кууп чыгышабы? Адвокатың да чуркап жүрөт, врачынан ал-акыбалынын оор-жеңилин сурап. Эптеп чыда. Бащыңа ушул күндү жазса көтөрбөскө айлаң канча? Деги ал жердеги аялдар кандай немелер экен? Каратып туруп сабап кетет, сайып кетет, кийимин чечинтип алышат деп эле коркутуп жатышат. Деги сак жата көр!" деген сөзүнө аргасыз жылмайып:
- Апа, ал болбогон эле сөз. Баары эле мага окшош, мендей эле аялдар. Тынч эле олтурам, эч ойлонбогула, - деп үлгүрдүм.
Кайра СИЗОго келаткан жолдо шаардын көчөлөрүн, ары-бери агылып өтүп жатышкан элдерди суктана карап, эркиндиктин кадырын камакка түшкөн адам гана билээрин туйдум. Жүрөгүм ачышып… сайгылашып… сыздап ооруп турду.
Бир күнү таңкы нан менен кошо "В/Х №… Аздешке" деген "малява" алып, жылтыракка бекем чапталып бекитилген катты ары-бери айландыра карап туруп калдым. "Кызык… мага ким жазышы мүмкүн, эгер мен бул жердеги эркектерден эч кимди тааныбасам?!."

(Уландысы бар)





Кошуна кыз
Кумарга батам деп капчыгым каңтарылып…
Айнаштын ар бир кыймылы, деми, жалынып-жалбарганы менин делебемди уламдан-улам козгоп, көзүм караңгылап баратты. Белин катуу имерип өзүмдү көздөй тарттым эле Айнаш акырын онтоп алды. Алгач эриндерибиз бири-бирине кыналышып токтобостон өбүшүп жаттык. Айнаш мени бир заматта эле чечинтип салды. Анын назик колу менин жан жеримди кармаган сайын чыдабай бараттым. Айнаштын алкымынан, кулагынын түбүнөн, моюнунан өөп, мамактарынан алмак-салмак соруп жаттым. Болгон жерин калтырбай өөп, жан жерине жеткенде Айнаштын көзү сүзүлө түштү. Алигим "уясына" киргенде Айнаштын узун тырмактары менин далымды тешип кеткендей болду. Терлер тим эле суудай куюлуп, Айнаштын бетине агып жатты. Айнаш төшөктө абдан жакшы экен. Мен билбеген төшөк ыкмаларын биринин артынан бирин көргөзүп эсимди оодарды. Ошентип биздин ат чабыш жарым саатка созулду. Экөөбүз лаззаттын туу чокусуна жетип эки жакка шалдайып жатып калдык. Ал төшөктө абдан эле наздуу жана адамга ушунчалык ырахат тартуулай алат экен. Төшөк жаатында бир топ тажрыйбасы бар окшойт. Туруп, ваннага ээрчишкен бойдон кирип кеттик. Ал мени самын менен жуундуруп, көбүктү ваннага толтуруп алып аркамды сылап жатты. Торсойгон мамактары менин делебемди кайрадан козгоп кирди. Анын аппак денесине менин денем жабышып кайрадан жармаша калдык. Бирок суунун ичинде башкача болот экен. Экөөбүз жанагыга караганда анча-мынча соолуга түшүптүрбүз. Сууга түшүп бүтүп, уктоочу бөлмөгө кирип кучакташкан бойдон жатып алдык. Мен болсо эртеси эртең менен эрте туруп алып жумушту көздөй бет алдым.
Жумушка барсам жамгыр жаап туруп алып, соода болбогонунан контейнерди жаап салып үйдү көздөй бет алдым. Келсем Айнаш уктап жаткан экен. Кирип барып картошка кууруйун деп жатсам, Айнаш туруп келип, аппак колдору менен мени назик кучактап өөп: "Кечээ сен мага жумуртка кууруп бербедиңби, бүгүн мен сага тамак жасап беришим керек да" деп эркелей картошканы колуман алып аарчый баштады. Кечээ ичкенге экөөбүздүн тең башыбыз сынып ооруп калыптыр. Башың эмнеден ооруса, ошондон айыгат дегендей, мен арак алып келейин деп эшикке чыктым. Чыксам Давлет деген досум жолугуп калды. Ал да ошол үйдүн төртүнчү кабатына жаңы гана көчүп келгенин айтып, божурай кетти. Давлет менен Агрардык академияда бирге окуп, жатаканада үч жылдай бир бөлмөдө чогуу жашаганбыз. Давлет биздин топтун старостасы болчу. Ал абдан жакшы окуган студенттердин бири болгондуктан, ошол эле университетке мугалим кылып алып калышкан эле. Экөөбүз дүкөндөн чыгып, менин квартирама көтөрүлдүк. Давлет менен Айнашты тааныштырып, үчөөбүз чогуу тамактандык. Айнаштын тамагы абдан дамдуу болуптур. Досум экөөбүз көптөн бери жолукпаганга жаңылыктардан сүйлөшүп да, арактан да кичинеден ууртап коюп жаттык. Биз ар несени сүйлөшүп күлүп жатканда Айнаштын чөнтөк телефону шыңгырап, курбу кызы чалып калды. Бизге болсо кудай берди. "Дос кызыңды үйгө чакыр" деп аны тажаттык. Айнаш кайра курбусуна чалды эле анысы "акчам жок" деди окшойт, "такси кармап келе бер, жигиттер акчасын төлөйт" деп калды. Айнаштын курбусу бир сааттан кийин келип калды. Эшикке чыгып таксинин акчасын төлөп, жетинчи кабатка көтөрүлдүк. Зина Айнаштан өткөн татынакай кыз экен. Бою узун, чачтары капкара, кирпик-кашы өзбектердикиндей, өзүнө жарашыктуу кийинип алыптыр. Аны көрүп алып "Барби" куурчагын көргөндөй эле болдум.
- Кана, таанышып алгыла. Бул чүрөктүн аты Зина, менин дос кызым болот. Экөөбүз жатаканада бир бөлмөдө чогуу турабыз, деди Айнаш.
- Менин атым Давлет. Рамистин досу болом.
- Меники болсо Рамис, Айнаштын айылындагы тентек кошунасы болом. Айнаш экөөбүз бир көчөдө жашачубуз.
- Абдан сулуу курбуң бар турбайбы. Кыргыздын кыздарына эч ким тең келе албайт, ээ? Давлет ичиндеги сырын жашырбастан айтып жиберди.
Давлет экөөбүз эшикке чыгып кыздарга таттуу, колбаса, сыр, кола, фанта жана ичкенге арак-шарап алып келдик. Кыздар аракты суу ичкендей эле ичип жатышты. Зина эмчеги көрүнөйүн деген кофта кийип алыптыр, анысы мас болгон сайын ого бетер ылдыйлап, Давлет экөөбүздүн тең делебебизди козгой баштады. Бир топтон кийин кыздар абдан эле мас болуп калышты. Давлет Айнаштын курбусу Зинага, мен болсо Айнашка жабыша баштадым. Экөө болсо ушуну эле күтүп турушкансып, биздин жемпирлерибизди чече башташты. Давлет менен Зинаны конок үйгө калтырып, Айнаш экөөбүз уктоочу бөлмөгө кирип кеттик. Аркы бөлмөдөн Зинанын онтогон үнү угулуп жатты. Керебетке отураарым менен Айнаш мени чечиндирип, чачтарымды сылап, назик колдору менен менин денемди кармалай баштады. Мен да аны чечиндирип, мамактарын эзгилеп кирдим. Экөөбүз көпкө чейин өпкүлөшүп оонап жаттык. Мен болбой калдым. Дароо Айнаштын үстүнө чыксам, кошуна кызга ушу эле жетишпей турган окшойт, "Рамис, болчу батыраак" деп ого бетер онтоп ийди. Мен болсо туруп калган алигимди ыпысык болгон жерге киргизип, бир калыпта тынбай иштей баштадым. Кыймылдаган сайын Айнаш онтоп, менин далымды тытып, жалынып жатып болгон шайымды кетирди. Айнаш бүгүн кечээкиден башкача ыкмаларды көрсөтүп махабаттын туу чокусуна алып барды. Лаззатка баткан жаным эч нерсени билбей уктап калыптырмын. Эртең менен турсам Айнаш менен Зина кетип калышыптыр. Үстөлдүн үстүндө турган ак баракка көз чаптырсам: "Мени издебе! Экөөбүздүн ортобуздагы болгон нерсени унут. Мен сен ойлогондой жакшы кыз эмесмин. Мен өзүмдү сатып жан сактайм. Акча салгычыңдагы акчаңды өзүмдүн иштеген акым үчүн алдым. Кош бол!" деп кат жазып таштап кеткен экен. Акча салгычымды карасам, болгон 400 долларымды алып кетиптир. Давлеттин чөнтөгүн болсо, тиги курбу кызы эчак эле тазалап койгон экен. Ошол окуядан кийин үйүмө кыз алып келбей калдым. Ал эми Айнашка бир жолу "Панфилов" паркынан жолуккам. Курсагы чыккан бир кишини колтуктап алып кетип бараткан экен.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
КҮРКҮЛДӨРГӨ МАШИНА САТТЫРЫП АЛГАН ЫРЧЫ КЫЗДАР
2-бет
Айжамал Кабылова:
"Байланган иттей буулугуп турам"

3-бет
Күйөрманын ким канчалык сыйлайт?
4-бет
атактуунун арзуусу
5-бет
Ырчы кыздарга машина сатып бергендер кимдер?
6-бет
Эгер сиздин бизнес ачуу тууралуу оюңуз болсо…
7-бет
Үч күйөөдөн төрөгөн үч баласын кайыр сурап баккан Кундузкан
8-бет
Мирлан Жетигенов:
"Эртең менен турсам эле койнумда..."

9-бет
Розалар качан ачылган?
10-бет
Табигат дарыгери
11-бет
Жакындарын күткөн жалгыз адам…
12-бет
Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок

13-бет
Lady GaGa гермафродитпи?
14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Обон" шоу-таймс










??.??