Атактуулар ааламы

Lady GaGa гермафродитпи?
Популярдуу ырчы Леди ГаГа жаңыдан тааныла баштаса да, ал тууралуу толгон-токой ушактар калың элдин арасына шамалдай жайылды. Ал ушактардын арасында Леди ГаГа гермафродит деген сөздөр да бар. Ырчынын өмүр таржымалы сиздин назарыңызда.

Атактуулукка алгачкы кадам
Леди ГаГанын толук аты-жөнү Стефани Джоанн Германотта. Ырчы 1986-жылы 20-мартта Нью-Йоркто төрөлүп, Манхэттенде чоңойгон. Кичинекей кезинен Майкл Джексондун ырларын ырахаттануу менен угуп, артынан туурап ырдаган ГаГа төрт жашынан баштап өз алдынча фортепианодо ойногонду өздөштүргөн. Өспүрүм кезинде биринчи ырын жазып, он төрт жашка чыкканда Нью-Йорктогу "Bitter End" тобуна кошулуп ырдаганга өтөт. 2007-жылы ырчы көзгө көрүнүп популярдуу боло баштаганда "Interscope" компаниясынын жетекчиси, ырчы жана композитор Эйкон Леди ГаГа менен келишим түзүп иштей баштайт. 2008-жылы 22-октябрда чыккан "Poker Face" деген ыры Швециянын хит парадында үчүнчү, Жаңы Зеландия, Канада, Австарлиядан биринчи орунга чыккан.

Леди ГаГа: "Ооба, мен гермафродитмин"
Жакында эле Британияда өткөн фестивалда Леди ГаГа сахнага жамбаштап жатып алып ырдаган. Сахнадан секирип түшөөрдө кыска көйнөгү көтөрүлүп, журналисттердин көзүнө көйнөктүн астындагы таңкалычтуу нерсе урунган. Көрсө, Леди ГаГа гермафродит экен. Ырчы көйнөгүн бат эле оңдоп-түзөгөнү менен ыкчам фотокабарчылар аны сүрөткө тартканга үлгүрүшкөн. Гриммдөөчү бөлмөдөн ырчы көпкө чыкпай жатып акырында эшиктин алдына үйүлгөн журналисттерден оңой менен кутулбасын түшүнгөн окшойт, өзү чыгып интервью берген.
"Ооба, мен гермафродитмин. Мен бул нерседен уялбайм, эч кимге жар салып сүйүнчүлөбөйм дагы. Болгону табият мени ушундай кылып жаратып койгонуна мен күнөөлүү эмесмин. Менде аялдын да, эркектин да жыныс органы бар. Анын эмнеси таң калычтуу? Эгер мен белгилүү жылдыз болбогондо менин жыныс мүчөлөрүмө эч ким көңүл бурмак эмес. Өз денесинен уялгандарга мен түшүнбөйм?!" деген жообун берген. Бул окуя мындан 40 жыл мурда Джим Моррисон менен болгон көрүнүштү эске салат. Ал 1969-жылы концерт берип жатып шымынын сыдырмасын чечип, жыныс мүчөсүн элдердин баарына көрсөткөндөй түр жасаган. Концертте мектеп окуучулары катышкандыктан, Моррисонду жоопко тартышып, түрмөгө камашкан. Ал эми ГаГанын бул кылыгын ким кандай түшүнөт, азырынча белгисиз.

ГаГа дагы жалгыз калды
Америкалык 31 жаштагы жеке ишкер Спиди менен Леди ГаГанын мамилеси 2008-жылдын башынан ушул күнгө чейин уланып келген. Бирок сүйүктүүсүнүн жогорудагы жоругунан кийин, андан сырткары өзүн коштоп жүргөн жигиттердин бирөө менен өбүшүп жатканын өз көзү менен көргөндө мамилесин токтотууну туура көргөн. Ушул жылы жайында Гавай аралдарына сүйгөнү менен эс алууга Спиди мүлкүнүн жарымын коротсо, ушул жылдын башында ири ишканасын жыйыштырып коюп, Леди ГаГа менен чогуу гастролдорго барып анын жан сакчысына айланган. 23 жаштагы поп-жылдыздын төшөк маселесинде эч кимди ылгабай өзүн коштоп жүргөн жигиттер менен өтө жакын мамиледе экенин өзү деле танбайт. "Спиди баарынан да саткындарды жаман көрөт. Ансыз деле ГаГа үчүн ал көп нерседен кур калды. Ири ишканасын таштады. Менин оюмча, мындай курмандыктарга Леди ГаГа татыксыз болчу" дейт Спидинин жакын досу Стиф.
Өз кезегинде ГаГа журналисттерге берген интервьюсунда эми жеке жашоосун жыйыштырып, чыгармачылык менен гана алектенем деген кыскача оюн билдирген. Эркектер тууралуу айта турган болсок, ГаГага Британиялык мырзалар эле жагат, алардын акцентине, сүйлөө маданиятына өзгөчө көңүл бурат экен. Башына бир эле жолу чындап сүйүү келген, ал мырзасы ырчылыкта таштап үйдө отур деген талапты койгондон кийин сүйүүсүнөн көңүлү муздаган.

Өзү тууралуу
Италиялык үй-бүлөдө чоңойгон ГаГа бой тарткандан кийин өзүн-өзү багам деп кафелерден официантка болуп иштеп, стрип залдарда бийлеп акча тапканга өткөн. Атасынын чоң жеке ишканасы болгону менен ата-энеси салган акчаны кайра өздөрүнө почта менен салып жиберчү. Атасы анын бул кылыгын ээн баштык катары кабыл алганы менен кийинчирээк ГаГа баңги зат колдонуп, атасынын оозун чындап ачырган. Баңги затты 2007-жылдан бери колдонуп, таштаганына бир жыл да боло элек экен. "Баңги зат колдонгонго кандай ырахат алаарымды сөз менен сүрөттөп айткым келбей турат, балким башкаларга терс таасирин тийгизип калышы мүмкүн. Ал эми стриптиздин кандай сонун искусство экенин сүрөттөп айтып бергенден тажабайм. Бир жолу мен бийлеп жатканда атам издеп келип, мени таң калып тиктеп турган турпаты өмүр бою эсимде калса керек. Бирок мени катуу урушпаганы менен анын көзүнөн нааразычылыкты, таарынычты окугам. Ошондон кийин бийди таштаганга аргасыз болдум" дейт ырчы. Эң кичүү сиңдисин аябай жакшы көрөт. Ата-энеси менен тил табышып азыр мамилеси бир калыпка түшүптүр. Ырчылык менен эле жанын багып келет. Жакында радиодо эки саат ди-джей болгону үчүн ага 20 миң доллар төлөп беришкен. Акча чогултуп ачык түстөгү темир тулпар сатып алгысы келээрин баса белгилейт. Чоң апасы азиз болсо да ГаГага "мен сени дайыма жылаңач жүргөнүңдү түшүмдө көрөм" деп келет. Чынында ГаГа өзү табиятынан жарым жылаңач кийингенди жактырат. Кокус көчөдөн кетип бара жатып келишимдүү денени көрсө, сөзсүз кайрылып карап тамшанып калмай адаты бар.

ГаГанын келечеги кең ырчы
Көптөгөн музыка сынчылардын айтымында, ГаГа келечеги кең ырчылардан болот. Ал тургай убагы келгенде Мадоннадан да ашышы мүмкүн. "Бул кыз биздин доордун ырчысы, азыр элге ушундай үн, келбет, талант керек" дешет сынчылар. Бул ойго Мадонна да кошулат. Ал ГаГанын талантына таазим кылып, кымбат баадагы микрофон белек кылган деген сөздөр айтып келет. 2008-жылдын аягында ГаГаны Кристина Агилера менен алмаштыргандар көп болгон. Ырчы кыз Агилерага өтө окшош экенин байкаган кабарчылар Кристинанын өзүнүн пикирин сурашканда, ГаГа деген ырчыны өмүрүндө укпаганын, ал эркек же кыз экенин билбей турганын айткан.
ГаГа Рианнага жигити Крис Браун жөнүндө ыр жазып бергенден кийин экөө жакын курбуларга айланган. Рианнанын жигити Крис ага кол көтөргөнү үчүн беш жылга эркинен ажыратылганын көпчүлүк билсе керек. Ал эми шоу-бизнестеги эң биринчи душманы Бейонс болуп саналат.

А. Сабырова