п»ї
 Таанышуу жарыясы


Обон почта
ОП-85-001. Өмүр гүлү жаш курак,/ Ойноп алгын ар убак./ Сизге каалайм үч тилек:/ Өмүр, бакыт, махабат. Чыңгыз байке, жакшылык жандап кетпесин, жамандык кууп жетпесин. Ишиңизге ийгилик! Күйөрман кызыңыз.
ОП-85-002. Менин саламым Алматыда иштеп жаткан жибек чачтуу кыз Элизага жолдонот.
ОП-85-003. Саламым Астраханда иштеген Гүлжигитке жолдонот. Үйлөндү деп уктум, бактылуу бол. Атыраудан Айпери.
ОП-85-004. Салам Чыңгыз Мырзаев, сиздей таланттуу жанды жарык дүйнөгө алып келген ата-энеңизге рахмат. Баарлашууга бизди чакырыңызчы, сураныч. Күйөрмандарыңыз Райхан, Бурул.
ОП-85-005. Сагынычтуу саламым "Обондун" жалпы жамаатына жана супер смсчи досторума жолдонот. Ади, сага ысык салам. Смсчи досторумдун бардыгы мени унутуп калышты. Жанусь Роза болсо, мен жолугушууга ооруканада жатып бара албай калганыма таарынып жатат. Башка смсчи досторум эмнеге таарынып жатасыңар? Ушул суроого жоопту "Обондун" келерки санынан күтөм. Мен бардыгыңарды жакшы көрөм. Макуся.
ОП-85-006. Жака Жазгүлдү тааныган дагы, тааныбаган дагы ар бир окурмандарга кайрылам: Жаканы жамандагандарды мен да жолуктургам, ишенгем. Бирок силер ишенбегиле. Анткени, чогуу жүргөн беш курбу кызы Жаканы көрө албай жамандап жүрүшөт экен. Жака өзү ушакты укпай, көрүп анан ойлонуп жыйынтык чыгарат. Жака, "Обонго" атыңды, дайыныңды жаз. Жами.
ОП-85-007. "Обон" гезитин ар убак көрктөп, Ильяздын атын жанында алып жүргөн, аны менен бирге өзүнүн атын бүтүн кыргыз элине тааныткан, супер мүнөздүү, жагымдуу үндүү, тамашакөй жана татынакай пери Жака Жазгүлгө салам жолдойм. Жака, сен маршруткада баратканда колумдагы "Обонду" сурап шакылдап аны мактап, номериңди берип эле түшүп кеттиң эле го. Чынын айтсам, мен Ильязды сүйчүмүн, бирок, сенчелик эмес. Өзүм сүйүп турсам да Ильяз менен сени элестетип кыялданчумун. Сени менен байланыша албай жатам, бирок, "Обондон" сени көрүп, бет алдыңа келе албай койдум. Жака, өзүң айткандай, "Обон" менен жашооң кызык эмес беле? Эми кайда кеттиң, бизди да, Ильязды да сагынтып. Сени күткөн толтура курбуларың жана мен бармын. Кайтып келчи! Жами.
ОП-85-008. Ош областынын Каракулжа районундагы Э.Осмонов мектебинин 9-класстарына жана агай-эжейлерге чоң салам. Нурпери.
ОП-85-009. Дина, өтүп кеткен туулган күнүңүз менен! Дүйнөдө эң ыйык ата-эне дегендей, ата-энеңизге күйүмдүү болуңуз. Бакыт каалайм. Урматым менен Нурпери.
ОП-85-010. Менин теңдешсиз асыл кымбат досторум Бактыгүл92, Акпейил, Нуриза, Фея, Каныкей93, Нур Айжан, Ангелина, Жанусь Роза, Мэка, Бийчи кыз Диана, Макуся, Жака Жазгүл жана эң акылдуу, ыймандуу, жөнөкөй, бир туугандай болгон сиңдилерим Айзирек менен Раянага сагынычтуу салам жолдойм. Берекелерим менин, бактылуу болгула! Тилектешиңер Ангел Асем.
ОП-85-011. Сүйүктүү гезитим "Обондун" жалпы жамаатына чын жүрөгүмдөн ыраазычылыгымды билдирем. Иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайм. Ангел Асем.
ОП-85-012. Жалал-Абад шаарындагы Бека, мен сени өлөр-өлгүчө сүйөм. Нура.
ОП-85-013. Ильяз, ишиңе ийгилик! Сага көз тийбесин. Өнөрүң өркүндөй берсин. Алматыдан күйөрманың.
ОП-85-014. "Обондун" көркүн ачкан Ангел Асемге, Татына эжеге салам жолдойм. Татына эже, 0772174905 телефонуна чалып коюңузчу, сиз менен таанышкым келет. Айназик.
ОП-85-015. "Барахолкада" иштеген жездем Нурлан, эжем Гүлбарчынга салам. Ж…
ОП-85-016. Урматтуу Шайырбек Арапов, мен Оштон болом, атым Арууке.
ОП-85-017. Чыңгыз байке, билсеңиз, менде жалгыз жүрөк, ал жүрөк сиз деп согот. Көздөрүм болсо сизди көрүүнү самап турат, кулактарым сизден жылуу сөз күтүп жүрөт. Нурка.
ОП-85-018. Леди Гуличка, эмнеге Амангүлгө асылып алдың? Сен анын кандай кыз экенин билесиңби? Анан гезитке оштуктар жазабы, башкалар жазабы сенин ишиң канча? Амангүл, сен суперсиң? Мисс Икс.
ОП-85-019. Айзирек, сенин сөзүңө толук кошулам. Ушул Табигат сырдуу Алтынай мени да тажатып бүттү. Алтынай, билем, сен жакшы кызсың, бирок, маяк таштап абдан чарчаттың. Катуу тийсе таарынба. Урматым менен Амангүл.
ОП-85-020. Салам Билал козу! Сиздин Айсулуу менен бирге бактылуу болушуңузду каалайм. Сиз менен эч жолугуша албайбыз, аны жакшы билесиз. Мага таарынбаңыз. Сиз менен достук мамиледе болсок жакшы болмок. Сизди жакшы көрүп, сыйлаган досуңуз Амангүл.
ОП-85-021. Фея, сен аябай жакшынакай, акылдуу кыз экенсиң. Сенин смстериңди ырахат алып окуйм. Сага бакыт каалайм. Бар бол! Амангүл.
ОП-85-022. "Барахолкада" иштегендерге жалпы салам. Ишиңиздер ийгиликтүү болуп, эсен-аман ойноп-күлүп жүрө бериңиздер. Жанарбек.
ОП-85-023. Салам Э.Дима, менин да ушу Леди Гуличка менен бетме-бет сүйлөшкүм келет. Аны издеп номерин тапсам, "андай кызды тааныбайбыз" дешти. Сен акылдуу экенсиң, бардык кыздарга акылыңды аябай берип жатасың. Өзүңө кичине алып калсаң жакшы болмок. Леди Гуличканын номерин тапканга жардам берчи?! Амангүл.
ОП-85-024. Мен каршы эмесмин. Канат.
ОП-85-025. Менин саламым 11-катарда отурган Гүлнурага жолдонот. Маанайыңан күлкү кетпесин. Иштерине ийгилик! Ж…
ОП-85-026. Ширин кыз Айка, билесиңби, Султан байкең менен Канат байкеңдин конокко барганга убактылары жок. Андыктан таарынбагын ээ, карындашым?! +770269795ХХ.
ОП-85-027. "Болашактын" 3-4-катарында иштеген Наргиза, мен сени сүйөм. Алик.
ОП-85-028. "Болашактын" 7-8-катарында отургандарга жалпы салам. Жанар.
ОП-85-029. Жигиттер менен таанышкым келет. Динка.
ОП-85-030. Оштуктарга жалпы салам. Элдин алдына чыкпагыла, көз тиет, элдин артында калбагыла, сөз тиет. Элдин ортосунда жадырап-жайнап жүрө бериңиздер. Ойноңуздар, күлүңүздөр, ар дайым аман болуңуздар. Жанар.
ОП-85-031. Аккууну атпа,/ Махабатты сатпа./ Мен сени сүйөм,/ Эч кимге айтпа. Эля.
ОП-85-032. "Обон" гезитинин жалпы жамаатына жана смсчилерине, өзгөчө Феяга салам. Замир.
ОП-85-033. Урматтуу сүйүктүү кумирим Чыңгыз Мырзаев, биринчиден, сага каларым чың ден соолук, чыгармачыгыңа ийгилик, жүрөгүңө ыйман, жан дүйнөңө таза сүйүү. Өзүңдү баалап талантыңа таазим эткен, ырларыңды сүйүп уккан Гүлбайра.
ОП-85-034. Айдин супер ырчы мырза! Сулуулугуна сөз жок! Бейби.
ОП-85-035. Алматыдагы "Новый Болашактын" 11-12-катарынын кыздарына чоң салам. 10-контейнерден Айка.
ОП-85-036. Ильяз Абдыразаков, талантыңызга таазим. Сиздин ар бир ырыңызды сүйүп угам.Чындыгында сиздей талант кылымда бир жаралса керек. Сизди аябай жакшы көрөм. Көптөгөн фанаткаларыңыз ичинде сизди өзгөчө сыйлаган күйөрман карындашыңыз Зуля.
ОП-85-037. "Обондон" тапкан Кызыл-Кыялык досум Наргизага салам жолдойм. Досум, сен бактылуу болосуң. Мен сага ишенем. Сен күчтүүсүң. Досуң Эльвира.
ОП-85-038. Смсчилер, сураныч, мага жардам бергилечи?! Сүйүү деген эмне? Аны кандай сезсе болот? Өмүрдө чын сүйүү бар экенине ишенесиңерби? Амангүл.
ОП-85-039. Караңгыдан көз тапкан, капилеттен сөз тапкан, сөз атасын тааныткан Жээренчедей чечен акебиз Нурмухамед, кандайсыз? Кайда жүрөсүз карындашыңызды сагындырып? Сураныч, окуп калсаңыз 0773788474 номерине байланышып коюңузчу?Урматым менен сизди жакшы көргөн бир кездеги карындашыңыз Ангел Асем.
ОП-85-040. Адам бул дүйнөгө жаралганда эле тили бирге келет тура. Ушул тилибиз кайгырсак кайгыбыз, кубансак кубанычыбыз экен. Тилибиз жаман-жакшы күндө дайыма биргеликте болот. Урматтуу кыргыз элим, сиздерди 23-сентябрь тил майрамы менен куттуктайм. Айзирек.
ОП-85-041. Мен гезит аркылуу жүрөгүмдүн ээсине салам жолдойм. Мен сизди сүйөм, Борон аке! Күнү-түнү оюмдан кетпейсиз. Сизди көргөндө жүзүмдө күлкү пайда болот. Алтышкаңыз Элька.
ОП-85-042. Чыңгыз Мырзаев, сиз супер ди-джей, супер ырчысыз! Жердешиңиз Айпери.
ОП-85-043. Ильяз Абдыразаков, бир жылда 12 ай бою оорубай жүрүшүңүздү, 53 жума жакшылык, 365 күн түгөнгүс бакыт, 8760 саат ийгилик, 525 миң 600 мүнөт сүйүү каалайм. Айжан.
ОП-85-044. Менин саламым жандай көргөн досум Мыкышка жолдонот. Сага кааларым чың ден соолук, узун өмүр, жашоодо өз ордуңду табышыңа тилектешмин, досум. Досуң.
ОП-85-045. Мен Ильяз Абдыразаковду сүйөм да сүйөм! Айпери.
ОП-85-046. Сүйүү деген кандай гана керемет,/ Жомокторго, сыр дүйнөгө жетелейт. Асмандагы бийик турган жылдызын,/ Ал да сүйсө колдогудай сезилет. Зуля.
ОП-85-047. Жүрөктөн чоктой ысып чыккан саламым менин сырдаштарым, жашоомдун маңызына айланган досторум Асем, Каныкей, Айка, Бактыгүл, эжелерим Мека, Гүлшан, Татина жана сиңдим Айзирекке, агам Мухбилбекке жолдонот. Алтындарым, силер бар мен бактылуу, силер бар мен кайгырбайм. Силер айткан ар бир сөз мага күч-кубат берет. Аллахым баарыңарга бактылуулук белегин тартууласын. Жүзүңөрдөн кубаныч гана көрүнсүн. Мен ар дайым силер менен! Акпейил.
ОП-85-048. Саламым жүрөгүмдүн ээси Самарага жолдонот. Жаным, сага тунук сүйүү каалайм. Сүйүктүүң Талант.
ОП-85-049. Казакстандык смсчилерге бир суроо: "Нофелет" деген эмне жана адамдарга кандай жардам берет? Ушул суроого туура жооп бергендерди 99 бирдик күтүп турат. Жоопту +77016256321 номерине жазгыла. Амангүл.
ОП-85-050. ОП-84-035 абоненти, ким болосуз? Рахмат, бар болуңуз! Амангүл.
ОП-85-051. Супер смсчилер менен достошкум келет. Арзыгүл92.
ОП-85-052. 11-катарда отурган Гүлүгө салам жолдойм. Ишиңе ийгилик. Эссен-аман бол. Ж…
ОП-85-053. Билал козу, эмне, ушунчалык эле аброюң бийикпи? Супер смсчи десе эле көтөрүлүп асманга чыгып алыпсың го. Сураныч, бир аз жөнөкөй болчу?! Аллахым да жөнөкөй болгон пендесин сүйөт, эгер билсең. Иним, Аман бол. Душман сүйдүрүп, дос күйдүрүп айтат. Асан кайгы.
ОП-85-054. Саламым ырчы Сүйүн Жусупбаевге жолдонот. Ар дайым бар болуңуз. Жүзүңүздөн күлкү кетпей, көптөгөн ийгиликтерге жетише бериңиз. Сизди терең урматтап фанаткаңыз Гүлү.
ОП-85-055. Булбулдай үнү сайраган "Кыргызстан Обондорунун" жүзү, кыргызымдын сыймыгы болгон таланттуу ырчы Чыңгыз Мырзаевге ысык салам жолдойм. Сени менен "Обон" гезитинен жолугуу мен үчүн чоң бакыт. 07734731ХХ.
ОП-85-056. Самарада свитер саткан Сабира, сени сагындым. Сасыгым, суйкайган сулуум, сенсиз сезимим сыздап, суукта суусадым, саратанда саргайдым. Сени сагынып сүйгөн Самаркандектен студент Сарыбаев Съездбек Сейдакматович.
ОП-85-057. Жалпы Жибек аттуу кзыдарга салам жолдойм. Замир.
ОП-85-058. Күн жашынат, кайра жаңы таң атып,/ Керемет күч сүйүү турат саматып./ Сен бирөөнү сүйдүң бекен билбедим,/ Мага окшоп жүрөгүңдү канатып./ Күүгүм кирет, жылдыз жанат топтошуп,/ Кош жылдызды коём бизге окшотуп./ Кумарланып чаңкап жүрүп өтөйүн,/ Кеткичекти бул дүйнөдөн коштошуп./ Жүрбөсөң да азыр менин жанымда,/ Жашайсың сен жүрөгүмдө, канымда./ Сөз таба албай тил сүйлөөдөн калганча,/ Сүйөм сени көзүм тирүү барында. Фея.
ОП-85-059. Салам казак кызы Амангүл! Казак болуп туруп кыргыз тилинин грамматикасына кызыкканыңыз, кыргыз тилин үйрөнгөнүңүз азыркы учурдагы өзгө тил тургай өзүнүн тилин толук билбеген кээ бир жаштарга үлгү болушу мүмкүн. Сизге узун өмүр, кажыбас кайрат жана дайым ушунуңуздан жазбаңыз дээр элем. Сизди сыйлап Зуля.
ОП-85-060. Мейли күл, мейли мени шылдыңда,/ Сүйөмүн деп күндө айтамын жылдызга./ А сен болсо башканы сүйө бергин,/ Алгач сүйүүм эч өчпөйт болгон сага. Рыся94.
ОП-85-061. Класс жетекчим Фарида эже, сизге кааларым батыраак сакайып кетиңиз. Биз сизди сыйлайбыз. Окуучуңуз Р…
ОП-85-062. "Обондун" супер смсчилери досторум Жана сиңдилерим Айзирек, Жанусь Роза, Ангел Асем, Тахмина, Абда, Замана93, Дамира, Нурзат90, Конжык, Жанна, Табигат сырдуу Алтынай, Фея, Гуля88 жана башкалар, силердин жазган смсиңер жүрөгүмдөн орун алат. Силер болбосоңор гезит бети кызыксыз. Урматым менен казак кызы Амангүл.
ОП-85-063. Панфилов районунун тургундары атам Төлөнбай, апам Салкынайга чоң салам. Ден соолукта бактылуу болуп жашаңыздар. Атыраудан Мирлан.
ОП-85-064. Жаным С…, мен сени сүйгөм, бирок, сенин мындай экениңди билген эмесмин. Кечир, эми сүйө албайм. Бири-бирибизди кыйнабайлычы, ээ?! 07735105ХХ.
ОП-85-065. Супер смсчилер, силерге ак жол! Ишиңер алга жылып, ойлогон максаттарыңарга жеткиле. Рыся94.
ОП-85-066. Куртка айылындагы Байымбет мектебинин жалпы мугалимдерине, окуучуларына ысык салам. Рыся94.
ОП-85-067. Менден жанын аябаган досторум Аймырза, Динара, Калнур, Бактыгүл, Асел, Мээрим, Айзада, Тахмина, Нават жана ошондой эле классташтарыма кааларым сүйгөнүңөргө жетип, алдыдагы экзамендерди жакшы тапшыргыла. Рыся94.
ОП-85-068. "Обондун" супер смсчилери, силер суперсиңер! Гули94.
ОП-85-069. Сизди канчалык жакшы көрөөрүмдү айта албасам да сездире алам го, жалгызым. Неге жүрөгүмдү эзип, жадыраган жүзүмдүн капа тартып, жалгызсырап жүрүшүмдү каалап жатасыз? Сизге эмне болгонун дагы деле түшүнө албадым. Алымчик, өзүңүз ачык айтканды жактырган бир асыл жан элеңиз го. Эмне үчүн мага ачык айта албайсыз? Менден канчалык алыстасаңыз да сизге ушунчалык катуу берилип, сизге болгон тунук сезимим андан бетер күчөп жан-дүйнөмдү кыйнап жиберди. Сизди качандыр бир келет деп үмүтүмдүн шооласын чачыратып, таттуу кыялдарым менен түбөлүк сиз дей берем. Сизге аманчылык тилеп бул дүйнөнүн бактысыз кызы Акпейил.
ОП-85-070. Жүрөгүм сарсанаадан эзилүүдө,/ "Обонум" жол ачса экен кезигүүгө. Айгүл.
ОП-85-071. Айпери, сенин курбуңдун жигити да жинди экен. Курбуңду саткың келбесе тынч кой, убалына каласың. Акдем.
ОП-85-072. "Обондун" супер смсчилери Билал козу, Бека, Нурмухамед, Э.Дима, досторум Асыл, Мурас, Сүйүн, Эшимбетов Бека, Эркем Азамат, Жыргалбек, Куштар, Шергазы, Астанадан Алмаз, Адишов Мирлан, Айбек, Мирлан, Бакы, Каныбек, кыргыздын силердей батыр жигиттери бар болсун! Силерге бакыт каалаган Амангүл.
ОП-85-073. Ысык-Көлдө жашаган апам Сатарова Батмаканга салам жолдойм. 07773436ХХ.
ОП-85-074. Алматылык бизнесмендер, барсыңарбы? Таанышпайлыбы? Оштук бийкеч.
ОП-85-075. Ош шаарындагы Кеңеш айылында жашаган 86-жылкы Жаныбай, сени сүйөм. 07782067ХХ.
ОП-85-076. Гүлназ, мен сени сүйөм, сенчи? +770228318ХХ.
ОП-85-077. Саламатсызбы, менин эң эле сүйүктүү ди-джейим Чыңгыз Мырзаев! "Таң атты. Күн чыкты. Күн менен кошо үн чыкты"-деп таң эрте ар бир адамдын жүзүнө жылмаюу, ырахат тартуулап кыргыз элиме кызмат кылып келесиз. Терең ийилип талантыңызга таазим этем, өзүңүздү инсан катары аябай сыйлайм. Сизге ден соолук, узун өмүр, жүрөгүңүзгө ыйман, Жан дүйнөңүзгө таза сүйүү каалайм. Мен дагы сиздей болуп ди-джей болгум келет. Фан-угарманыңыз Гуля88.
ОП-85-078. Э.Дима, акындыгың жакшы экен, талантың ташкындай берсин. +770246356ХХ.
ОП-85-079. Мени жактырып калган Бекага ысык салам. Рахмат, өзүңүздү көп кыйнабаң. Амангүл.
ОП-85-080. Мага жардам берээр адам барбы? Мен жашоого кызыкпай калдым. Акыркы күндөрү өзүмдү жаман сезип жатам. Жардам бергилечи, сураныч?! Нурзат.
ОП-85-081. Жанымдын жарымы Базарбай, сени сүйөм. Сенин жарың болсом өкүнбөйт элем. Мени таштабачы?! Маймылың.
ОП-85-082. Продюсер, редактор, алып баруучу, дегеле бир канча кесиптин ээси Назгүл Насиевага чоң салам жолдойм. Назгүл Насиева, азаматсыз! Сиздин талантыңызды баалаймын. Сизди жакшы көрүп, өзүнө кумир туткан эрке кыял күйөрманыңыз Меку92.
ОП-85-083. Жанусь Роза жана Леди Гуличканын атынан "Обонго" смс жазган окурман, бетиңе эле айтайын, бети жок адам экенсиң! Эми менин атымды сатып каалашыңча смс жаза бер, жолуң ачык. Эми Жанусь Роза деген атты укпайсың. Супер Жанусь Роза.
ОП-85-084. Назгүл Насиеванын бийиктигин, сулуулугун асмандагы Айга теңейм. Ал эми Айга болсо эч ким жетпейт. Күчтүүлүгү, эрктүүлүгү, тайманбас патриоттуулугу кыргыздын баатыр кызы Жаңыл Мырзага окшош. Меку.
ОП-85-085. Салам Чыңгыз! "Обонго" кош келипсиз! Сизге узун өмүр, ден соолук каалайм. Жолугушууга мени да чакырыңызчы?! Нурия.
ОП-85-086. Чыңгыз, биз жолукчу күн бизди күтүп тээ бийикте тургандыр. Тагдырым мага белек кылып сенин ак сүйүүңдү сунсачы?! Айгүл.
ОП-85-087. Тагдырына таарынгандар бактылуу болбойт. Мен тагдырыма таарынбайм. Нурзат.
ОП-85-088. Ата-энеңизди урматтасаңыз сиз да балдарыңыздан урмат-сый көрөсүз. 07776038ХХ.
ОП-85-089. Омар менен Мирбек Атабековдун күйөрманы Таха95, чын эле Омар менен Мирбектин күйөрманы болсоң мени менен байланыш. Номерим 0557933224. Жанусь Роза.
ОП-85-090. Салам Гүлай, Венера, Гүлзар, Самара, Айпери, Муаззам! Силерди жакшы көрөм деп Нурзат.
ОП-85-091 . Гүлай эже, Куба жездем менен бактылуу болуңуз. Сизди жакшы көрөм. Нурзат.
ОП-85-092. Cупер саламымды "Обондун" супер смсчиси баарыбыздын эң эрке, эң кичинекей сиңдибиз Айзирекке жолдонот. Айзирек, сенин мага жазган смстериң абдан жагат. Сени чын жүрөгүмдөн жакшы көрөм. Мага кылган мамилеңди эч качан унутпайм. Аллахымдын сүйүктүү пендеси, шириним, сага бакыт каалайм. Урматым менен Амангүл.
ОП-85-093. Саламатсызбы, Чыңгыз Мырзаев! Сизге кааларым чың ден соолук, узак өмүр, кажыбас кайрат, арчадай жаштык, музыкадай шаттык. Ойлогон ой-максатыңызга жетип, дүйнөдө өз теңиңизди таап бактылуу болуңуз. Күйөрманыңыз Анара.
ОП-85-094. Бешик-Жон айылынын жалпы жашоочуларына салам жолдоп, жакшылыктарды гана каалайм. Зуля.
ОП-85-095. Продюсер Назгүл Насиева, мен сизди аябай-аябай жакшы көрөм. Назбийке.
ОП-85-096. Жалгыз аалам неге тарсың?/ Жамандык неге барсың?/ Жалгызсырап отурганда,/ Жараткан өзүң жарсың. Зуля.
ОП-85-097. Чаткалдык Сооронбаева Анара, сени жакшы көрөм. Достугубуз түбөлүк болсо деймин. Иштериңе ийгилик, өзүңө бакыт каалаган досуң Маарасул кызы Нурзат.
ОП-85-098. Бишкекте жашап жатышкан Талант, Ринат, Жазгүл, сиздерди жакшы көрөм жана сагындым. Нурзат.
ОП-85-099. Айпери, Айбек менен бактылуу бол. Сени жакшы көрөм. Досуң Нурзат.
ОП-85-100. Чаткалда жашап жатышкан ата-энеме сагынычтуу салам жолдойм.Сиздерди жакшы көрөм. Кызыңар Нура.
ОП-85-101. Алтындай курбум Эма Гузел, мага байланыш. Самара.
ОП-85-102. Саламатсызбы, Чыңгыз байке, иштериңиз, ден соолугуңуз жакшыбы? Үйүңүздөгүлөр тынчпы? Чыңгыз байке, сизге кааларым чың ден соолук, узун өмүр, ишиңизге ийгилик. Коёнектей болгон күйөрманыңыз Айжаңыл.
ОП-85-103. Алтын апам төрөп мени өстүргөн,/ Берекем деп эркелетип көп жүргөн./ Ак жүзүнөн ысык мээрим төгүлгөн,/ Перзенти үчүн түн уйкусу бөлүнгөн. Менин алтын апакем, мен сизди аябай жакшы көрөм жана эч бир жанга теңебейм. Бардык энелерге таазим! Ралия.
ОП-85-104. Салам супер смсчи кыздар! Эй, силер өзү кандай кыздарсыңар? Бири-бириңерди эле "мен сени жакшы көрөм" деп жаза бересиңер. Карасаң жалаң эле кыздар. Балдар аз жазат экен. Баягы эле Амангүл, Айзирек, Айя, Гуля, Зуля, Фея жана башка. Кыздарыбыз аман эле болгула. Кыздар, мунун баары тамаша. Таалай.
ОП-85-105. Арзу, Шайыр, силер менин канн досумсуңар. 07781340ХХ.
ОП-85-106. Жыргатып ширин экен сөздөрүңүз,/ Жүзүмдөй мөлтүрөгөн көздөрүңүз./ Жактырып калган сизди сырдуу кыздын,/ Жамалын жалооруган көрбөдүңүз./ Жүзүңүз ушунчалык сүйкүм экен,/ Жүгүрүп неге мынча күйдүм экен?/ Кечигип эмнеликтен ушунча жыл,/ Кезикпей сиздей жанга жүрдүм экен? Ралия.
ОП-85-107. Өзгөн районундагы Кызыл-Дыйкан айылынын тургундары акам Эркинди жана уками 11-12-октябрь туулган күндөрү менен куттуктайм. Бар болгула, бай болгула. Равшанбек.
ОП-85-108. Менин кеңешчим Куба, кайда жоголдуң? Сен жок кыйналып калдым го. Дамира.
ОП-85-109. Соцфонддо иштеген Дастан, сени Аримаддан башка кыз чын жүрөгүнөн сүйөт. Сен Аримадга ишенбе, ал сенин кадырыңа жетпейт. Тоолик Сынчы.
ОП-85-110. Гүланда, кинодо терс каармандын ролун туура эле аткарыпсың. Анткени турмушта сен бирөөнүн үй-бүлөсүн бузган терс каармансың. +7777289263Х.
ОП-85-111. Кызыл Сарай айылынын тургуну атам Алмазга, апам Сардалга чоң салам. Апа, агыңыз кут болсун! Эч жамандыкты көрбөй, жалаң жакшылыктардын коштоосунда жүрө бериңиз. Силер менин ишенген тоомсуңар. Кызыңар Дамира.
ОП-85-112. Калемдери курчуп жаткан смсчилер Леди Гуличка, казак кызы Амангүл, алга! Дайыма ушунуңардан жазбагыла. Шайыр, өзүңөрдүкүн бербеген кыздардан болуп жүрө бергиле. Айгөлөк.
ОП-85-113. 19га толду менин курагым,/ Сени жаным сүйө турган убагым./ Сүйөсүңбү, сүйбөйсүңбү, билбеймин,/ Жараткандан сүйүшүңдү тилеймин. Ралия.
ОП-85-114. Саламым эң жакшы көргөн Сатишова Айнуска эжеме жолдонот. Эже, 25-сентябрь туулган күнүңүз менен! Сизге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Уул-кызыңыздын бактысына ар дайым бар болуңуз жана эч качан оорубаңыз. Сиңдиңиз.
ОП-85-115. Сүйгөнүм, мен сени 12 ай, 52 жума, 366 күн, 8784 саат чыдап күттүм. Мен сени өлкөдөгү 6 миллион адамдын ичинен бир гана сени сүйүп калдым. Мая.
ОП-85-116. Салам Айпери, курбуң билбесе жабык казан жабык калышы керек. Мисалы, мен үчүн дос кымбат, мен досум үчүн сүйүүдөн кечмекмин. Бул менин оюм. 07776658ХХ.
ОП-85-117. Кантип сүйдүм, бактым сага байланды,/ Эң жөнөкөй жалжал көзүн арбады./ Бирок аттиң, каргыш тийип сүйүүгө,/ Сендик сезим мени кабыл албады./ Сүйүү таптым, бирок, сырын ачпадым,/ Шамын таптым, ширеңкесин таппадым. 07075553ХХ.
ОП-85-118. Отуз-Адырлык Аида, сени 24-сентябрь туулган күнүң менен куттуктайм. Кеңештен досуң Назгүл.
ОП-85-119. "Обон", силердин жамаатыңарга салам, ишиңерге ийгилик. Бийкеч.
ОП-85-120. Гуля88, сенин ырың мага жакты. Экөөбүздүн сүйүүбүз окшош окшойт. Луиза.
ОП-85-121. Суусадым махабаттан чаңкап соолуп,/ Сүйүүнүн тамчы суусу өзүң болуп./ Сүйүү деп алсыраган жүрөгүмө,/ Сүйүүңдөн суранамын берип койчу?! Ралия.
ОП-85-122. Хан Шай, доси, кайда жүрөсүң? Сагындым го. Же байланышпайсың. "Обонду" калтырбай окуп жатам дебедиң беле? Айгөлөк.
ОП-85-123. Жаным Таласка салам. Сени сүйөм, сагындым. Биби.
ОП-85-124. Билесизби, сүйүү кандай экенин,/ Кандай адам сүйгөнүнө жетерин./ Бактылуулар катарына кошулуп,/ Мен да бир күн сүйгөнүмө жетермин. Ралия.
ОП-85-125. Алматыдагы "Алатоо" базарынын 1-катарында турган досубуз Урматты туулган күнү менен куттуктайбыз. Достору.
ОП-85-126. Атам Ардак, жеңем Айгүлгө ысык салам жолдойм. Ар дайым ден соолугуңар чың болуп, ишиңерди ийгилик коштоп, аман болуңуздар. Жаратканым жакшылыгын сиздерден эч качан аябасын. Бегимай.
ОП-85-127. Саламатсызбы Чыңгыз Мырзаев! Чыгармачылыкка кошулгандан бери кыргыз элине жакшы чыгармаларды, жакшы маанайларды тартуулап, талыкпай эгектенип келатканыңызга ар бир күйөрманыңыз сыймыктанып келет. Кыргызымдын нукура жигити деп айтуудан эч жалтанбайм, анткени сиз ушуга татыктуусуз. Жөнөкөй, кичипейил мүнөзүңүз сизди ар дайым алга сүрөп турат. Жакында үй-бүлө курсаңыз бактылуу болуп, мээримдүү балдардын атасы болуңуз. Алган жарыңыз ата-энеңизге ак кызматын талыкпай кылып жүрө беришин каалайм. Ар дайым Алланын сүйгөн пендеси болуп, кайда жүрбөңүз алты саныңыз аман болсун. Күркүрөп келген күз мезгилинде көргөн жанды суктандырган эң таттуу, эң чо-оң кызыл алма жана ааламдагы жыттуу гүл чын жүрөгүмдөн менден белек! 07783248ХХ.
ОП-85-128. Эй, досум, сенин мындай өзгөрүп кетээриңди билбептирмин. Көрсө, акча сенин көзүңдү көр кылып коюптур. Мейли, мени досум дебе, мен ага эч качан таарынбайм. Себеби сенин акча дегенде жанын бере турган досторуң бар эмеспи. Эй, досум, сен байлыкка көөп кеттиңби? Жаман досторуң менен түнкү клубдарга барып арак ичип, сауналарга барып не күнөөгө батканыңды билесиңби? Кел, досум, Кудай жолуна түш. Эгер сен дос болом десең Кудай менен дос бол. Эгер ага ишенсең, ал сага белек берет. Ал - Куран китеп. Аны дос тутуп окусаң, ал да белек берет. Ал оорусаң, кыйналсаң шыпаа болгон аяттар. Таалай.
ОП-85-129. Амангүл, капа болбо, силерди жакшы болушсун деп атам. Э.Дима.
ОП-85-130. Кандайсыңар супер смсчилер, силер Чыңгыз Айтматовдон бир аз каласыңар, бирок, урушсаңар "Акжол", "БЭКтен" айырмаңар жок. Замир.
ОП-85-131. Салам Тынчтык! Мен сени сүйөм. Мага телефон чал. М…
ОП-85-132. Гуля88 эже, сизди 26-сентябрь туулган күнүңүз менен куттуктайм. Алла сизден мээримин аябасын. Ден соолугуңуз чың, өмүрүңүз узун, бактылуу болуңуз. Сизди урматтоо менен сиңдиңиз Мээрим92.
ОП-85-133. Саламатсызбы, Чыңгыз байке! Сизге кааларым узун өмүр, чексиз бакыт, чыгармачылыгыңызга ийгилик. Энеңиздин ак сүтүн канткенде актай алам деп ойлойсуз? Фанаткаңыз Алтынай.
ОП-85-134. Т.Адыранов атындагы орто мектебинин 10-"б" классынын окуучусу Гүлназга ысык салам. Мека.
ОП-85-135. "Темир тордогу үмүт" долбоорунун жетекчиси сулуу, тайманбас, күчтүү кыргызымдын патриотка кызы продюсер Насиева Назгүл эжеге салам жолдойм. Ал эжеге бул дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Назгүл эже, талантыңыз аккан суудай ташкындап, чыгармачылыгыңыздын ийгилиги арта берсин. Күйөрманыңыз Бийкеч.
ОП-85-136. Урматтуу "Обондун" супер смсчилери, сиздерге ысык салам! Досторум Бегимай менен Гүлзинат, силерге өзгөчө салам. Мека.
ОП-85-137. КУУнун ИК-2-09 группасында окуган Айгүл жана Айжанга чоң салам Эльдар.
ОП-85-138. Гуля эжеге жалындуу ысык салам. Сизге узун өмүр, чексиз бакыт каалайм. Ар дайым шайыр жүрүп, жашоонун таттуу балын татыңыз. Оштук сиңдиңиз Арзыш92.
ОП-85-139. Ноокен районунун Рахманжан айылынын тургуну сүйүктүү досум Камбарова Миргүлдү жана аяшым Жоомартты чын жүрөгүмдөн үйлөнүү тою менен куттуктайм. Куш бооңор бек болсун! Бактылуу болгула! Оштон досуң Наргиза.
ОП-85-140. Урматтуу Чыңгыз Мырзаев, "Махабат" компаниясы сизге эскертет: сиздин эсебиңизде сүйүү түгөнүп баратат. Эсебиңизди толтурбасаңыз, сизди "Жөнөкөй сүйүү" тарифинен "Арман" тарифине өткөрүп салабыз. Кошумча маалыматты "Менин көңүлүм" офисинен алышыңыз мүмкүн. Баку.
ОП-85-141. Чыңгыз Мырзаевге: Ырыңды, обонуңду жаттап алдым,/ Үнүңдү жүрөгүмө сактап алдым./ Ырларыңды, обонуңду бул үн менен,/ Жараткан Кудуретке таңыркандым.
ОП-85-142. Салам ыйманга жакын Э.Дима, номериңди "Обонго" калтырчы, сени менен таанышкыбыз келип жатат. Күтөбүз. Луиза, Нурсулуу, Ханай, Асемай.
ОП-85-143. Сыйкырдуу бир күч балээси бар го сыягы,/ Акылым жетпейт, ааламга сыйбайт ыргагы./ Жек көрүп бир күн кетейин десем кайрадан,/ Жылаажын болуп шыңгырайт сүйүү кылдары. Красотка.
ОП-85-144. Биздин достук түбөлүккө өчпөсүн,/ "Титаниктей" көк деңизге чөкпөсүн./ Канча жылдар өтсө дагы арадан,/ Бири-бирибизди унутпайлы эч качан. Айзирек.
ОП-85-145. Т.Адыранов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучуларына чоң салам. Силер суперсиңер! Кукла.
ОП-85-146. Ийилбеген чырпыкты ийдирүүгө болобу? Чын жүрөктөн сүйбөсө, сүйдүрүүгө болобу? 07775094ХХ.
ОП-85-147. Бактымсың, бар жашоомдун байлыгы,/ Сен бар кезде сезбейм эч бир кайгыны./ Сагынамын бир күн эле көрбөсөм,/ Сезимимдин сен дейт ар бир кайрыгы. Зуля.
ОП-85-148. Сүйүктүү ырчым Бактыгүл Бадыева, сизге акылдын уюткусун, очоктун ырыс-кутун, өмүрдүн сулуулугун, сүйүүнүн өчпөстүгүн, тагдырдын кызыл гүлүн чын жүрөгүмдөн каалайм. Чыгармачылыгыңызга албан-албан ийгиликтер! Зуля.
ОП-85-149. Башым жөлөп кучагыңа багынып,/ Баргым келет сен тарапка агыла./ Турмуш, тагдыр сыноосунан тез өтүп,/ Калгым келет түбөлүккө жаныңда. Фея.
ОП-85-150. Назгүл Насиевадай инсан болуп жетилүү үчүн эмне кылуу керек? Канткенде ал эжедей тайманбас, күчтүү, патриот боло алат экенмин, ээ? 07781340ХХ.
ОП-85-151. ОГПИнин Менеджмент факультетинин ББМ-06 группасына супер салам. Айтурган.
ОП-85-152. Досторум Бакытжамал, Кенжегүл, Айнура, Мунисага салам жолдойм. Мен силерди жакшы көрөм. Силердей досторум бар экенине кубанычтамын. 07727950ХХ.
ОП-85-153. Асманда жалгызсырап жылдыз турат,/ Ал дагы карап турат кызды аярлап./ Күтүүдөн саргайыңкы алсыз жүзү,/ Бир гана сүйгөн жарын эңсеп турат. Фея.
ОП-85-154. Т.Адыранов атындагы орто мектебинин окуучуларына жана Гулиге, Мекуга сагынычтуу, оттой ысык, жалындуу салам. Мен силерди жакшы көрөм. Красотка.
ОП-85-155. Ат-Башы районунун Калинин айылынын жашоочуларына жалындуу салам. Красотка.
ОП-85-156. Ала-Бука районундагы Н.Орозалиев мектебинин 2006-жылкы бүтүрүүчүлөрүнө салам жолдойм. Мен силерди сагындым. Кайда болсоңор да ден соолукта аман жүргүлө. Бактылуу болгула.
ОП-85-157. Биринчи саламым жакын досум жана классташым Элзадага, андан кийинки саламым Чынарага жолдонот. Ангелина.
ОП-85-158. Сүйүү деген кызык экен чындыгында,/ Сүйүүсүз өтпөйт экен бул турмуш да./ Сүйүүнүн баркын билген чанда адам бар,/ Даңазалап сүйүүсүн жар салган бар. Красотка.
ОП-85-159. Саламым Ала-Бука районундагы Сарыталаа айылынын тургундары атам Абдысейитке, апам Малюдага, акелерим Сагындык, Токтобекке, эжеме жана үкөлөрүм Райымбек, Мирболот, Айзаткаларга жолдонот. Аларга ден соолук жана иштерине ийгилик каалайм. Мен силерди сагынып-сагынып кеттим. Айтурган.
ОП-85-160. Мени чындап сүйөсүңбү? Эгер берсем жүрөгүмдү, эч түшүрбөй жүрөсүңбү? Кукла.
ОП-85-161. Кукла, Мека, физикадан "5" алгыла. Красотка.
ОП-85-162. Салам Ангел Асем, окууларың кандай? Сага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Эч качан көңүлүң чөкпөсүн деп досуң Ангелина.
ОП-85-163. Супер смсчилер, силерди эне тил майрамы менен куттуктайм. Мен баарыңарды жакшы көрөм. Ангелина.
ОП-85-164. Мээрим, келе жаткан туулган күнүң менен куттуктайм. Айнуска.
ОП-85-165. Салам "Обондун" жалпы жамааты жана супер смсчилери Фея, Ангел Асем, Билал, Мухит, Бактыгүл, Бегимай, Амангүл! Силерге кааларым дүйнөдөгү бардык жакшылыктар. Жаным.
ОП-85-166. Уктай албай оюм санга бөлүнүп,/ Унута албай көзүмдөн жаш төгүлүп… Салта.
ОП-85-167. Чыңгыз Мырзаевге: Үмүтүм сени менен чырмалышкан,/ Сен оорусаң көзүм жашка сууланышкан./ Оо, Чыңгыз, сеникиндей мукам үндү,/ Биринчи жолуктурдум адамзаттан. Айтурган.
ОП-85-168. Жүрөгүмдү ээлеп алды атыңыз,/ Эч түшүнбөйм мага кантип жактыңыз?/ Эч бир жанды мен сүйбөгөн жан элем,/ Жүрөгүмө ачкыч кайдан таптыңыз? Зуля.
ОП-85-169. Жароокер жылмайганың эске түшөт,/ Окуучулук күндөрүмдү эске салсам./ Жылдыздуу жаркыраган бир жан элең,/ Күнөөсүз жүрөгүмдү арбап алган./ Таң эртеден мектепке шашылчумун,/ Сагынып көргүм келип көздөрүңдү./ Класстагы топ кыздардын арасынан,/ Тымызын издечүмүн бир өзүңдү./ Сабакта ойго батып кыялдана,/ Карачумун сен тарапты кайра-кайра./ Жылт этип көздөрүбүз кадалышса,/ Сезимдер пайда болчу бир башкача./ Сагынып ал күндөрдү эске салам,/ Элесиң жүрөгүмдү ээлеп алган./ Жүрөгүмдө аруу, таза, тунук бойдон,/ Сага деген өчпөс болуп сүйүүм калган. ХХ240687ХХ.
ОП-85-170. Жданов айылындагы С.Маматов атындагы орто мектебинин 7-"б" классындагы Мыктыбек, мен сени сүйөм. Багдагүл.
ОП-85-171. Жүрөктөн чыккан ырларымды, асыл сөздөрүмдү бир гана Чыңгыз Мырзаев, сен үчүн арнайм. Айтурган.
ОП-85-172. Досторум Бегимай, Бекинай, кандайсыңар? Козуларым, силерди аябай сагындым. Жашоодо тунук сүйүү, чексиз бакыт каалайм. Окууңарга ийгилик. Оштон досуңар Арзыш92.
ОП-85-173. Ала-Бука районундагы А.Акпаралиев мектебин 2006-жылы бүтүргөн 1988-жылкы классташтарыма жана класс жетекчим Мукарам эжейге салам жолдойм. Мен силерди сагындым. Кайда жүрсөңөр да ден соолукта болуп, бактылуу болгула. Он жыл бою окудук бирге,/ Жети жаштан окшоп эгизге./ Классташтар салкын коштоштук,/ Он бирди бүтөр мезгилде. Оштон классташыңар Айтурган.
ОП-85-174. "Обондун" жалпы жамаатына салам. Калемиңиздер курчуй берсин. Окурманыңыздар Пери.
ОП-85-175. Чыңгыз Мырзаев, каалаймын сага өмүрдүн гүлү, жашоонун нуру болгон ден соолук. Ак жоолукчан айымдын сүйгөн жары, мотурайган бөбөктөрдүн камкор атасы, досторуңдун сыйлуу коногу, ата-энеңдин ардактуу уулу болушуңа тилектешмин. Сени сыйлап фанаткаң Лазат.
ОП-85-176. Чыңгыз, мен кармасам колуңду күн төрөгөн,/ Мен бир өпсөм бетиңден гүл өңдөнгөн./ Таң каламын татына келбетиңе,/ Эне сени кылымда бир төрөгөн! Фанаткаң Лазат.
ОП-85-177. Өзгөн районунун Мырзаке айылында жашаган алтын апам Гүлгаакыга жана бир туугандарым Анарбек, Эдилбекке сагынычтуу салам. Астанадан Пери.
ОП-85-178. Чыңгыз, сага кааларым суудай узун өмүр, кардай аппак көңүл, муңайбас күлкү, темирдей бекем ден соолук, ар дайым ата-энеңдин, элиңдин ардагы болуп жүрө беришиңди каалап Лазат.
ОП-85-179. Кара-Кулжадагы Байтиковдорго салам.
ОП-85-180. Чыңгыз, сага деген сезимим жүрөгүмдө гана сакталат. Жараткандан суранам, балдарым сендей болсун. Сага бакыт, ийгилик каалайм. Сени терең урматтап Махабат.
ОП-85-181. Тура албайт махабатсыз өмүр чиркин,/ Түбөлүк сүйгөнүңө чын берилгин./ Адамзат бул дүйнөгө эки келбейт,/ Өмүрүңдүн ар бир саатын баалай билгин. Зуля.
ОП-85-182. Чыңгыз Мырзаев, сизди Жараткан өзү колдосун. Талантыңызга көз тийбесин. Сиздин ырларыңызды сүйүп угам. Сиз менен таанышканыма аябай кубанычтамын. Бактылуу болуңуз! Күйөрманыңыз.
ОП-85-183. Ата-энени ыйык дешет баалагандар,/ Ата-энеге тең келүүчү кандай жан бар?/ Ак сүтүн, ак эмгегин актай албай,/ Жүрөбүз биз эмнеге элди аралай? Ала-Бука районунун Падек айылынын тургундары атам Смайылов Абдыашымга, апам Дуулатова Гүлнарага чоң салам. Ата, апа, эч качан оорубай, биздин маңдайыбызда жалаң жакшылыктарыбызга күбө болуп жүрө бериңиздер. Оштон кызыңар Бакытжамал.
ОП-85-184. Алтын апа, мен сизди жакшы көрөм. Өмүрүңүз узун болсун. Кызыңыз Махбурат.
ОП-85-185. Менин саламым Чыңгыз Мырзаевге жолдонот. Чыңгыз, мен сизге бардык жакшылыктарды каалайм. Мырзагүл.
ОП-85-186. Чыңгыз Мырзаевге: Тук-тук, сизге смс келди. Эгер сиз бул смсти өчүрүп салсаңыз, анда сиз мени катуу сүйөсүз. Эгер окубай эле кызыл баскычты бассаңыз, анда сиз мени өтө сагынгансыз. Эгер унчукпай койсоңуз, мени өтө көргүңүз келип жатат. Эгер окуп, жиниңиз келсе, анда сиз менсиз жашай албайсыз. Эгер смске жооп жазбасаңыз, мен үчүн жан беришке да даярсыз. Эгер смске жооп жазсаңыз, мени баарынан, керек болсо өзүңүздөн да кызганасыз. Эми сиз бул смсти эмне кыласыз? Оштон Баку.
ОП-85-187. Салам Жанусь Роза! Жанусям, сен капа болбо, биз сени жакшы көрөбүз. Ал смске көңүл бөлбө. Сени сыйлайбыз, сени менен сыймыктанабыз. Аны жазган адам өзү жооп берет. Шириним, капа болбо, сени жакшы көрөм! Амангүл.
ОП-85-188. Мени жактырган Бека, рахмат сизге! Бар болуңуз! Гүлбурак, Бакы, Аскарга салам. Амангүл.
ОП-85-189. Леди Гуличка, сен биринчи ким жазганын билип ал. Аны Жанусь Розанын атынан башка бирөө жазыптыр. Сен күчүңдү гезиттен чыгарбай, ал адамды тап. Аябай жиниме тийип жатасың. Сен урушпаган смсчи калдыбы? Бир оштуктар дедиң, бир мага асылдың, эми эмне керек сага? Местама келчи, сураныч! Ушак айтпай бетме-бет сүйлөшөлү. Коркпо, мен адам жебейм. Амангүл.
ОП-85-190. "Обонго" ким Жанусь Роза болуп жазып жүрөт? Ошол адамдын уяты жок экен. Менин жанусямды капа кылган адамды кармап алсам жаман болот! Амангүл.
ОП-85-191. Э.Дима, сенин кыздар менен ишиң канча? Амангүлдү тынч койчу! Эмнеге баарыңар ага асылып алдыңар? Түшүнбөйм. Мисс Икс.
ОП-85-192. Алматыда иштеген Жанымды тааныгандар болсо Кыргызстандагы номерин берсеңер. Жаным, өзүң окусаң да күтөм. Жеңишбек.
ОП-85-193. Жеңишбек Жумакадыр тамада болуп тойго кызмат кылат. 0555 709797, 0554 779797.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
КҮРКҮЛДӨРГӨ МАШИНА САТТЫРЫП АЛГАН ЫРЧЫ КЫЗДАР
2-бет
Айжамал Кабылова:
"Байланган иттей буулугуп турам"

3-бет
Күйөрманын ким канчалык сыйлайт?
4-бет
атактуунун арзуусу
5-бет
Ырчы кыздарга машина сатып бергендер кимдер?
6-бет
Эгер сиздин бизнес ачуу тууралуу оюңуз болсо…
7-бет
Үч күйөөдөн төрөгөн үч баласын кайыр сурап баккан Кундузкан
8-бет
Мирлан Жетигенов:
"Эртең менен турсам эле койнумда..."

9-бет
Розалар качан ачылган?
10-бет
Табигат дарыгери
11-бет
Жакындарын күткөн жалгыз адам…
12-бет
Аздек Намазбекова
К
ө
з
мончок

13-бет
Lady GaGa гермафродитпи?
14-15-бет
Обон почта
16-бет
"Обон" шоу-таймс










??.??